Айжан Акылбекова: «ӨЗҮМ КАТЫШКАН ФИЛЬМ БАШТАЛГАНДА БАШКА БӨЛМӨГҮ ЧЫГА КАЧАМ»

Айжан Акылбекова 1983-жылы 23-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ата-энесинин жалгыз кызы. Учурда Кыргыз Мамлекеттик Драма Театрында эмгектенет. Үйбүлөлүү. Бир уулдун энеси.

– Айжан, сенин актрисалык кесипке багыт алышыңа кайсы фильм өз таасирин тийгизди деп ойлойсуң?
– Менин бир таңкалыштуу жерим бар. Кандай гана фильм болбосун, аны көргөн соң бат эле унутуп калам. Бир жумадан кийин ошол фильм жөнүн­дө сөз болсо, «мен бул фильмди көр­гөн эмесмин» деп жеңип кетишим мүмкүн. Мен бул кесипке өзүмдүн балалык кыялым аркылуу жетиштим десем болот. Анткени, кичине кезимде сулуу аял болгум келчү. Эмнегедир актрисалар гана сулуу болот деген түшүнүк жашачу балалык сезимимде. Чоңойгон сайын мына ушул түшүнүк өзгөрмөк түгүл тескерисинче, күчөй берди.
– Актриса болуп, максатыңа жетишиңе ата-энең каршы болушкан жок беле?
– Менин атам да, апам да орган адамдары. Алардын искусствого такыр тиешеси жок болгондуктан, караманча каршы чыгышкан. Атам го алгач каршы болгону менен кийин «өзүң бил» дегенчелик кылып көп киришпей калган. Бирок, апам катуу каршы болгон.
– Эгер алар каршы болушса актёрлук билим алганга кантип жетиштиң эле?
– Актёрлукка окутпоонун амалын кылып, апам мени мектепти бүтөөрүм менен өзү иштеген орган жагына жумушка киргизип койду. Кылмышкерлерди издөө боюнча инспектордун жардамчысы болуп жарым жылдай иштедим. Түрмөдөн чыгып келгендерге паспорт берүү бөлүмүндө иштегендигимден, жумушум бир топ эле кызыктуу болчу. Ошентсе да өз каалоом менен иштебегенден кийин көнө албай койдум. Жөн эле мени кыйнап жатканы үчүн апама таарынып, «өз алдымча иштеп, акча табам» деп кафеге официант болуп ишке орношуп алдым. Айтканымды бербей: «Же актриса болом, болбосо окубайм. Өмүр бою ушинтип официант болуп жүрө берем...» деп коркутуп отуруп, бир жылдан соң Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун актёрлук бөлүмүнө тапшырып алгам.
– Азыркы ийгиликтериңди кө­рүп эми унчукпай калышкандыр?
– Башында апам: «Жакшы аткара албаптырсың, бул жери минтип калыптыр, тигил жери тигинтип калыптыр» деп эле аткарган ролдорумдан кынтык таап турчу. Кийин үч-төрт ролумдан кийин «ии, эми окшошо баштаптыр» деп жоошуй баштады. Бирок, апамдын, атүгүл башка туугандарымдын да азыркыга чейин менин кесибиме көңүлдөрү толбой келишет. «Болду эми, жаштыгың бүттү, балким, башка кесипке өтөөр­сүң» деп айтып калышат.
– Демек, башка кесипке өтүү тууралуу да оюң барбы?
– Жок, биротоло өтүп кете албайм. Ошентсе да кошумча башка тармактан билим алып коюуга каршы эмесмин. Эртеби-кечпи убактысы келгенде окуп алам деген оюм бар.
– Кинодо алгачкы жолу кайсы ролду жараткансың?
– «Экөө» аттуу фильмде негизги каармандын ролун ойногом. Бирок, ал ролум өзүмө жакпайт. Кемчиликтерим көп. Албетте, биринчи эле курсту бүтсөм, тажрыйбам жок болсо. Азыр ойлосом, ошол кезде мага «сен азырынча мындай роль ойногонго даяр эмессиң, дагы такшалышың керек» деп акыл айтып койгон эч ким болбоптур. Эмне үчүн дал мага ойнотуп коюшкандарына өзүм да түшүн­бөйм. А мен эмне, каалоом ашып-ташып турган убагым, ойно дешсе ойной бергем да.
– Өзүңө өзгөчө жаккан ролуң кайсы?
– Көргөндөр билишет, мен «Апамдын махабаты» телесериалында Жибектин эки түрдүү образын жараткам. Жибектин айылдагы кезин аткарганым өзүмө жагат. Кайсы бир деңгээлде мен өзүм да ошол каарманыма окшоп кетем. Мисалы, Жибектин айтканынан кайтпаган көктүгү, өзүмчүл­дүгү менде да бар экенин моюнума алам.
– Ролду кандай талаптар менен тандайсың?
– Мен ушул убакка чейин спектаклдерди кошпогондо сегиз кыргыз фильмине катышыптырмын. Бирок, ушулардын дээрлик баарын студент кезимде ойногом. А студент кезиңде роль тандоого укугуң аз болот. Дипломуң жок, толук кандуу актриса болбогонуңдан кийин өзүң­дүн талабыңды коё албайсың. Айтсаң да «макул» деп коюшуп кайра эле өздөрүнүкүн аткарта беришет. Ошондуктан, мен да талап коё алчу эмесмин. Азыр болсо диплом алгам. Эми киного тартылсам ролду өзүм тандап, өз талабымды айтканга укугум бар деп ойлойм.
– Сен кыргыздын аты тарыхта калган сулуусу Таттыбүбү Турсунбаеванын жээни экениңди айрымдар билишсе, айрымдар билишпейт. Сурайын дегеним, сен таежеңди кумир тутсаң керек?
– Таттыбүбү Турсунбаева менин апамдын бир тууган эжеси. Кызы Асел Эшимбекова менен азыр тууганчылык тыгыз катышыбыз бар. Бирок, мен эмнегедир Таттыбүбү эжемди кумир тутуп, ошондой актриса болсом деп деле ойлогон эмесмин. Тескерисинче, туугандарым мага ага карата тескери үгүт жүр­гү­зүп коюшкан. «Актриса болгон Таттыбүбү Турсунбаева эмнеге жетишти? Асел Эшимбекова эмнеге жетишти? Демек, алар эч нерсеге жетише албагандан кийин сен жөн эле унчукпай отур» деп бул кесиптин терс жактарын көбүрөөк мээме сиңиришкен.
– Айжан, сен чыгармачылык жолуңда ар кандай каармандын, ошол эле убакта жеңил ойлуу кыздын образын ачып берген учурларың бар. Ушундай учурларда ата-энеңе катуу тийбейби?
– Ата-эне болгон соң балким, чын эле катуу тийер. Биз үйдө эч качан менин чыгармачылыгым жөнүндө, аткарган ролдорум жөнүндө сөз кылып, талкуу жүргүзбөйбүз. Ошондой эле өзүм катышкан фильмдерди да ата-энем менен чогуу отуруп көргөн эмесмин. Мен эмнегедир алардан уяла берем. Ошондуктан, мен катышкан фильм башталганда эле каналды башка жакка которуп салам же башка бөлмөгө чыга качам. Ошентип качып отуруп «Апамдын махабатынын» да көп серияларын өзүм көрбөй калгам.
– Ушундай эле ролдоруңа жолдошуң кандай көз карашта?
– Ал менин чыгармачылыксыз жашай албашымды жакшы түшүнөт. Анын үстүнө, андай фильмдерге тартылганымда мен ал адамдын бул дүйнөдө бар экенин да билчү эмесмин. Азыр ойносом анда кызганганга, каршы болгонго негиз болмок. Бирок, азыр өзүм деле андай ролдорду ойногум келбей калган. Күйөр­ман­дарым өздөрү деле түшүнүшсө керек, балалуу, күйөөлүү аялга бардык эле ролдор жараша бербесин.
– Сенин чоң бизнесмендин жубайы экениң көпчүлүккө маалым. Анан аз гана маяналуу театрда иштеп жатканың айрымдарга табышмак болсо керек.
– Мен материалдык жактан эч нерседен кем эмесмин. Ал эми театрда маяна үчүн иштебейм. Жумушумду жан-дилим менен сүйгөндүгүмдөн, үйдө отура албай койдум. Театрга аябай көнүп алыптырмын. Уулум Бакай бир жаш боло электе эле бала багуучу алып, өзүм жумушка чыгып кеттим. Буга жолдошум да каршы болгон жок.
– Бала тарбиялоо менен жумушту эриш-аркак алып кетүүгө убактыңды кандайча пландаштырдың?
– Мен турмушка чыкканымдан кийин үйбүлөнү биринчи планга коюп койдум. Ошондуктан, аттуу-баштуу адамдар сунуш кылган көптөгөн чоң долбоорлордон баш тартып койгом. Мындай сунуштар мага балам төрт айлык кезинен баштап эле түшө баштаган эле. Бирок, ал кезде менин шартым жок болчу. Азырынча жумушка да, үйгө көңүл бурганга убактым кенен жетип жатат. Кийинчерээк фильмге тартылуу же дагы башка долбоорго сунуш түшүп калса, ага да убакыт табылат деп ойлойм.
– Анда маегиңе рахмат, тилеген тилегиңе жет.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан