«2006-жылдын супер телеалпаруучусу» НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА: «БРАВОДОН ӨЗҮМДҮ КӨРБӨЙ КАЛГАНДА ЫЗА БОЛДУМ»

Махабат, 17 жашта, Бишкек:
– Нурзат эже, жакшы теле­ал­паруучу болуш үчүн таланттуу болуш керекпи же сулуубу?
– Телеалпаруучулуктун талабы боюнча таланттуу да, сулуу да болуш керек. Кастингге келген жүзүндө бир кемчилиги жок чүрөктөй кыздарды көргөм, бирок, сүйлөтө келсең ойду-тоону сүйлө­шөт. Тили буудай кууруган, бирок, өңү серт кыздар да бар. Тилекке каршы, булар да телеалпаруучу боло алышпайт.
– Өзүңүздүн оюңуз боюнча сизде талант көбүрөөкпү же сулуулукпу?
– Мен ушул убакка чейин өзүмдү сулуумун деп эсептеген эмесмин. Бирок, талантым бар деп ойлочумун. Жакындан бери башкалардын “сулуусуң” деген сөздөрүн көп укчу болдум. Демек, сулуу да окшойм.

Жылдыз, 20 жашта, Айдаркен:
– “Бравого” жаңыдан кел­ге­ни­ңизде “Браводон” эч качан кетпейм” деп интервью берген элеңиз. Бирок, мындан да кетип калдыңыз. Биз аябай кайгырдык. Анткени, сизди үйбү­лөбүз менен жакшы көрчүбүз.
– Ошентип интервью берген кезимде эч жакка кетпейм деп ойлочумун. Эми деле кетким келген эмес. Бирок, шартка байланыштуу кетүүгө туура келип калды. Ансыз деле алты айдан бери жума сайын каттап отуруп кыйналып кеттим. Эми Алматыга кетсек андан бетер кыйын болуп калат экен. Менин келээр күнүм жу­манын ортосу болуп калгандыктан, жолдошумдун да жума сайын мени алып келип турганга шарты жок. Өзүмдү жалгыз жөнөтүп койгонго жүрөгү чыдабайт. Ал эми “эки жумада бир келип турайын” десем, жетекчилик кабыл алган жок. Ошентип, “Браводон” кеткенге туура келди. Бирок, кайгырбай эле койсоңуз болот, эми деле аптанын жума күндөрү “Кош өнөр” деген телекөрсөтүү менен эфирге чыгып турам. Бул телекөрсөтүү түз эфир эмес, ошондуктан, бир айда бир жолу гана келип, 4-5 жуманыкына бир тартылып кетип турам.

Чынара, 17 жашта, Бишкек:
– “Бравону” өзүңүз чыкпай калгандан бери көрүп жатасызбы?
– Ооба, калтырбай көрүп жатам.
– Бизге сиздин ордуңуз аңырайып билинип калды. Сизге кандай сезилип жатат? Эфирден өзүңүздү көргөндө жаман болгон чыгаарсыз?
– Албетте, жаман болдум. Биринчи эфирди көргөндө кандайдыр бир кызганыч, ыза сезимимди ээлеп алды. Мени кармап калган эле нерсе “мен деле эфирге чыгам да” деген ой болду. Жогоруда айтылган жаңы долбоор болбогондо эмне болуп кетээримди өзүм да элестете албайм. Бирок, мага Элнура менен Эрмектин алпаргандары жакты. “Үч адамдан көрө эки адам алпарган эфирге жакшы жарашат экен” деп ойлоп калдым. Мурда мени Элнуранын тааныштары “көп сүйлөп, Элнурага сөз бербейт” деп жаман көрүшчү экен. Айткандай эле мен кеткенден кийин Элнура көп сүйлөй баштады, Эрмек да ачылгандай сезилди. Ошентсе да менин кеткеним Элнура менен Эрмекке өкүнүчтүү болуп жатат.

Айбек, 22 жашта, Бишкек:
– Нурзат, майрамдарда кандай белек алганды жактырасың?
– Алтын жасалгаларды алганды жакшы көрөм.
– 8-Мартта жолдошуң эмне белек кылды?
– Акыркы маркадагы “крутой” сот­ка белек кылды. Мурдагы соткам жөнөкөйүрөөк болчу. Жолдошумдун бул белеги аябай жагып, кубанып калдым.

Улан, 11 жашта, Бишкек:
– Нурзат эже, уулдуу болгуңуз келеби?
– Ооба, болгондо да эгиз уулдуу болгум келет.
– Уул төрөсөңүз атын ким коё­суз?
– Кыздуу болсок Анэт коёбуз деп ойлоп койгонбуз. Себеби, өкүл атабыздын Жанэт аттуу аябай сулуу кызы бар. Ошого атын уйкаштырып Анэт койгубуз келген. Бирок, болочок уулубузга ат коё элекпиз.
– Улан коюңузчу?
– Макул, Улан коёюн.

Рахманкул, 28 жашта, Бишкек:
– Нурзат, ичиңде эч кимге айтпаган сырың барбы?
– Бар.
– Ошол сырыңды мага айтчы?!
– Айтсам сыр болбой калбайбы.
– Жолдошуң Бакыт сени өмүр бою баркыңды билип, чаң жугузбай багып өтөт деп ишенесиңби?
– Албетте, ишенем. Экөөбүз бири-бирибизге ишенген үчүн үйлөндүк да.
– Аны сен сүйөсүңбү? Кайсы сапаттары жагат?
– Сүйөм. Бакыттын акылдуулугун, түшүнүктүүлүгүн, билимдүүлүгүн баалайм. Анан да обу жок кызгана бербеген жакшы сапаты бар.
– Эгер ал бир нече жылдан кийин жумушсуз калып, сени бакканга кудурети жетпей калса эмне кылат элең?
– Кудай анын бетин ары кылсын, кокусунан ошондой болуп калса да аны таштабайм. “Эмне болгон күндө да таштабайм” деп мен Бакыттын өзүнө да сөз бергем. Кептин баары акчада эмес да.

Зуура, 30 жашта, Бишкек:
– Шаардын шартынан айылдын шартына көнүп калдыңбы?
– Алгач көнө албай кыйналдым. Үшүп, такыр ысыбай койдум. Анын үстүнө, Кочкордо шамал эле боло берет экен. Кара шамал мени жү­дөтүп жиберди.
– Айылда абысындарың менен теңме-тең эле жумуш жасайсыңбы же алар сени шаардык дешип жумуш жасоо жагынан “жеңилдик” беришеби?
– Бизде абысындардын арасында атаандашмай деген жок. Кимибиздин колубузга эмне тийсе кыла беребиз. Мен да халат кийип, жоолук салынып алып, кадимкидей эле айылдык келиндердин жумушун жасайм. Тамак жасайм, кир жууйм, уй саайм, камыр жууруйм. Башында мени жумуш кыла албайт деп ойлошсо керек. Камыр жууруп жатсам кайненем келип: “Апей, сен камыр жууруганды билесиңби?” деп аябай таңкалды. Бул жумуштар менин айылда жасап эле жүргөн жумуштарым да.
– Жүгүнүп жатасыңбы?
– Кочкордо көп жүгүнүшпөйт экен. Мен күн сайын жүгүнөм. “Жүгүнбөй эле кой” дешти эле, бирок, мен анте алган жокмун. Бул нерсе менин каныма сиңип калган. Мен эмес, менин апам 68 жашта болсо да, ушул күнгө чейин жүгүнөт.
– Сендей жылдыз келини менен бүткүл айыл сыймыктанса керек?
– Ошондой го. Сүрөткө түш­көнү, автограф алганы келген окуучу кыздар көп болот. Кошуна эже да: “Кызым сени аңдып дарбазаңдын тү­бүн­дө эле отурат. Же сен дарбазадан сыртка чыксаңчы...” деп калат. Жакында эле мектепте өткөн бир конкурска мени калыс кылып чакырышыптыр. Атайын машина жиберишип, тимеле салтанат менен тосуп алышты.

Жоомарт, 25 жашта, Бишкек:
– Нурзат, менин билишимче, жолдошуң Алматыда иштейт. Өзүңөр жаш жубайлардан болсоңор, анан экөөңөрдүн эки жакта жүргөнүңөргө өзүң кандай карайсың?
– Бакыт Алматыда иштегени менен үч-төрт күндө эле келе берет. Экөөбүз ашып кетсе беш күн көрүшпөй калабыз. Бир чети ушул деле жакшы экен. Сагынышып, бири-бирибизге болгон сүйүүбүз андан бетер күчөгөнсүйт.
– Жума сайын Кочкордон Бишкекке такси менен келесиңби?
– Бакыттын Максат деген досу Кочкордон Бишкекке такси айдайт. Жума сайын Максат алып келип турат. Шаар­га келгенден кийин да салонго алпарат, эфир бүткөн соң үйгө жеткирет, анан эртеси кайра Кочкорго алып кетет. Бакыт ага мени катуу дайындаган.
– Бакыттын өзүнүн машинасы барбы?
– Ооба, «Ауди» маркасындагы машинасы бар.

Эркин, 29 жашта, Бишкек:
– Алматыга кетсең үйдө бекер отура албасаң керек. Эмне жумуш менен алектенесиң?
– Ал жактан өз адистигим боюнча түрк фирмасынан жумуш сүйлөшүп койгонбуз. Барып эле жумушка кирип кетем. Андан тышкары, атайын сабак алып, казак тилин үйрөнсөм деген оюм бар.
– Качан көчүп кетесиңер?
– Мен паспорт иштери бүтпөй, бул жакта жүрөм. Буюрса, бир жумадан соң паспортумду бүтүрүп, анан биротоло кетем.
– Анан биротоло Алматынын тургундары болуп каласыңарбы?
– Ал жакта убактылуу иштейбиз. Бакыт – үйүнөн эң кичүүсү. Ошондуктан, эртеби-кечпи, баары бир айылга барып жашаганга туура келет.
– Негизи, жолдошуңдун кесиби ким? Алматыда эмне иш кылат?
– Бакыт – компьютерщик. Англис ти­линде, түрк, орус жана казак тилдеринде эркин сүйлөй алат. Учурда Алматыда архитектор болуп иштейт.

Медина, 12 жашта, Бишкек:
– «Бравого» кийип чыгуучу кийимдер өзүңүздүкүбү же телевидениеден берилеби?
– Кийимдер өзүбүздүкү, ал эми чач жасалгабыз, макияжыбыз салондон акысыз жасалат.
– Анда сизге жума сайын жа­ңы кийим сатып алууга туура келет экен да?
– Жок, жума сайын деле сатып албайм. Буга чейинки кийимдеримди деле кийе берем. Кээде эжемдин же курбумдун кийимин кийген учурларым да бар.
– Үйбүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Ата-энем Түп районунун Ичкесуу айылында жашашат. Атам 72, апам 68 жашта. Мен сегиз бир туугандын эң ки­чүүсүмүн.

Зарылкан, 13 жашта, Бишкек:
– Бала кезиңизде ким бол­гу­ңуз келчү?
– Мен бала кезимде да, чоңойгон кезимде да мугалим болгум келчү. Бир туруп диктор болууга да кызыгып кетчүмүн. Акыры минтип телеалпаруучу болуп калдым.
– Телеалпаруучу болгонуңузга ата-энеңиз каршы эмеспи?
– Башында бир топ эле каршы болушту. Менин “Хит-параддан” кеткенимдин да бир себеби ошол болду. Азыр болсо каршы болбой калышты.

Мелис, 13 жашта, Нарын:
– Нурзат деп атыңызды ким койгон?
– Негизи, менин атымды Жайлоогүл коймой болушкан экен. Анткени, жайлоодо төрөлүптүрмүн. Анан Гуля деген таежем: “Койгула, азыр башка заман, мындай аттарды коюшпайт. Нурзат коё­лу” деп ата-энемди араң көндүрүп, Нурзат коюшуптур.

Максат, 23 жашта, Жалалабат:
– Турмушка чыкканыңа өкүнбөй­сүңбү? Балким, ушунун айынан чыгармачылыгың аксап жаткандыр?
– “Дандын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө” дейт го. Анын сыңарындай, бүгүн болбосо эртең турмушка чыкмакмын да. Андыктан, өкүнбөйм. Эгер Бакыт мени эч жакка чыгарбай үйгө отургузуп койсо, чыгармачылыгым аксап, ошондо өкүн­мөк­мүн.

Азема, 18 жашта, Бишкек:
– Назира Айтбекова менен сиздин мамилеңиз начар деп уктук. Ушул чынбы?
– Укканыма караганда, анын ичинде мага болгон таарынычы бар экен. Бирок, эмнеге таарынганын билген жокмун. Менин болсо ага оюм түз эле. Экөөбүз тең көлдүкпүз, бир окуу жайдан билим алганбыз. Ал тургай студент убагыбызда тажрыйба алмашууга Түркияга да чогуу барып, бир айдай чогуу жашаганбыз. Мен ага сиңдимдей эле мамиле кылам.

Асел, 16 жашта, Бишкек:
– Балалык сүйүү­ңүз­дү кимге арнадыңыз эле?
– Мектепте окуп жүр­гөн кезимде өзүмдөн кичүү бир баланы жак­шы көрүп калгам. Бирок, өзүнө айта алчу эмесмин. Ал райондун борборунда окучу да, биздин айылга чоң атасыныкына тез-тез келип турчу. 8-класста окуп жүр­гөндө эле ма­шина айдап жүрчү. Ошонусуна кызыктымбы, билбейм, кыскасы, аны жакшы көрүп калгам. Биздин мектепке келгенде алыстан караанын көрүп калсам эле сумкамды кучактап алып үйгө качып кетчүмүн. Кийин шаарга келген соң ал мага сүйүүсүн арнады, бирок, мен кабыл албай койдум. Себеби, мен­деги ал сезим жөн гана балалык сүйүү болуп чыкты.

Перизат, 21 жашта, Кочкор:
– Нурзат эже, мен сиздин күйөр­маныңыз болом. Сизге атайын төрт сап ыр жаздым эле. Ошону айтып берип койсом:
Ысыккөлдүн аккуусу кол
жетпеген,
Кочкорго келин болуп буюруп
келген.
Кармашкан колдоруңар
үзүлбө­сүн,
Татынакай, сүйүктүү менин
жеңем.
“Жеңем” деп энчилеп алганымдын себеби, мен Кочкордун кызы болом. Сиз Кочкорго келин болуп калганыңызга мен аябай сыймыктанам. Бактылуу болуңуз.
– Рахмат!

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан