2006-жылдын мыкты үнү Мирбек Атабеков: «ТАЛАСТЫК ЭМЕСМИНБИ, КЭЭДЕ МАКТАНЫП КОЁМ»

Айжамал, 18 жашта, Бишкек:
– Мирбек, сиздин жаңы чыккан «Алтын апа» аттуу ырыңыз бизге абдан жакты. Чоң энеңизге арнап жаздыңыз беле?
– Ооба, бул менин чоң энеме арналган ыр. Мен өзүм чоң энемдин колунда өскөм да. Мени аябай эркелетип, башка неберелерине караганда жакшы көрчү. Кичине кезибизде байкемдин балдарынан катып мага конфет берээр эле. Өткөн жылдын декабрь айында жетимиш жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Ырды угуп тууган-уруктары, балдары эстеп жүрөлү деп «Алтын апаны» чыгардым.

Салтанат, 15 жашта, Каракол:
– Гороскоп боюнча кимсиз?
– Арстанмын.
– Гороскопко ишенесизби?
– Мурун көбүрөөк ишенип, гороскопторду окуй берчүмүн. Азыр негедир ишенбей калгам.
– Шоу-бизнесте сизди эмне нааразы кылат?
– Шоу-бизнесте мени нааразы кылган нерселер бар. Жөнөкөй эле мисал, ырчыларды ылгабай эле акча үчүн «ырдайт элем» дегендин баарын чыгара беришет. Мындан башкалары да бар. Бирок, аларды айткым келбейт. Кемчиликтер, нааразычылыктар болбой, баары эле жакшы боло берсе да болбой калат.

Амина, 18 жашта, Бишкек:
– Азыркыдай пикеттердин сиздердин чыгармачылыгыңыздарга таасири тийбейби?
– Тиет. Айрыкча концерт коё тургандарга терс таасири тийип калат. Мен дагы апрель айынын аягында боло турган жеке концертиме даярданып жаттым эле, эмне болуп кетээр экен деп бир аз чочулап турам.

Кундуз, 17 жашта, Бишкек:
– «Не моя» деген ырыңыз кимге арналган?
– Бул ырдын сөзү да, обону да меники эмес, Дастан Жакен деген кыздыкы. Менин репертуарымдагы ырлардан жалгыз гана ушул ыр менин калемиме таандык эмес экенин баса белгилеп кетким келет. Ушул себептүү ырдын кимге багышталганынан кабарым жок экен. Биринчи жеке концертиме карата ырды шашылыш түрдө жаздырганбыз. Анын азыркыдай хит болуп кетээрин анда эч ким деле билген эмес. Шашылыш жазылгандыктанбы, алгач өзүмө кемчиликтери көптөй сезиле берчү. Азыр кулагым көнүп калды.

Нурила, 14 жашта, Бишкек:
– Мен сизди 1-апрель күнү бир кафеден көргөм. Кафелерге көп барасызбы?
– Ооба, дал ошол 1-апрель күнү өзүбүзчө бир аз майрамдык кече уюштурганбыз. Анткени, ал күнү продюсерим Канат Култаев экөөбүздүн иштеше баштаганыбызга туура бир жыл толуп, ошону белгилегенбиз. Бирок, сиз ойлогондой мен кафелерге көп деле бара бербейм. Досторумдун жакшылыктарында эле чогулуп калбасак, шылтоосу жок эле кафеге барбайм. Анда да эч кандай спирт ичимдигисиз эле көңүл ачып отурабыз. Ал күнү ичимдиксиз отурганыбызды өзүңөр деле байкасаңар керек.

Чынара, 18 жашта, Бишкек:
– «Алтын апага» клип тарттырасызбы?
– Бул ырга клип тарттырбайм. Анткени, бул ырды жогоруда айтып кеткендей, жөн гана тууган-урук апамды эстеп жүр­сүн деген максат менен чыгаргам. Бул ырдын артынан акча табайын деген ойдон алысмын.

Жанара, 19 жашта, Бишкек:
– Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Атам мен кичинекей кезимде каза болуп калган. Мен үч бир туугандын ортончусумун. Учурда Бишкек шаарында апам, агам жана карындашым болуп турабыз. Апам иштебейт, үйдө. Биз үчөөбүз тең студентпиз, ошол эле убакта сабактан сырткары иштейбиз.
– «МТВ» каналынан «Не моя» деген ырыңыз тынбай кетип жатпайбы. Ушуга кандайча мүмкүнчүлүк алдыңыз?
– «МТВ» каналынын аябай талабы күч­түү. Ушуну билип башка клиптеримди «МТВге» жакындаткан да эмесмин. «Не моянын» сөзү, обону, клиби бири-бирине төп келгендиктен, балким, өтүп кетет деп ойлоп, продюсеримдин сунушу боюнча алпарып таштап койгонбуз. Айтканыбыздай эле кабыл алыныптыр. Укканда Канат байке экөөбүз аябай сүйүнгөн­бүз.

Акена, 17 жашта, Бишкек:
– Мектепте кандай окудуңуз эле?
– Ар кандай окугам. 5-6-класстарга чейин жалаң «5ке» окудум. 6-классты бүтүп шаарга келгенимде менин деңгээлим үчүн шаардын мектептери күчтүү­лүк кылдыбы, бир аз начарлай түш­түм. Музыкага кызыга баштаганымда ого бетер сабакка көңүл бурбай калдым. Кийин 9-класска келгенимде гана туугандар чогулуп алышып: «Кой, эми адам болушуң керек. Жакшы оку...» деген сыяктуу сөздөрүн айтышкан. Алардын акылы менен сабакка болгон мамилемди оңдоп, 10-11-класстарды жакшы баалар менен аяктадым.
– Машинаңыз барбы?
– Жок, мен эмнегедир машина айдаганга кызыкпайм. Шаардын көчөлө­рүн­дөгү баш-аламан жүргөн машиналарды көрүп алып өзүмчө эле жүдөй берем. Эл аралап жөө жүргөндү жактырам.

Эрмек, 22 жашта, Бишкек:
– Мирбек, кө­бүнчө транспорттун кайсы түрү менен жүрөсүң?
– Шашпасам маршрутка менен жүр­гөндү жакшы көрөм. Тилекке каршы, мен көбүнчө шашып жүрөм. Ошондуктан, такси менен жүргөнгө туура келет.
– Такай такси менен жүрсөң ак­чаң түтөбү?
– Айрыкча ушул күндөрү концерт жакындаганына байланыштуу иш чачтан көп. Тигил жакка барыш керек, бул жакка барыш керек дегендей. Чынын айтсам, азыр тапканымдын баары эле таксиге кетип жатат.
– Маршруткада жүргөндөн уялбайсыңбы?
– Жок, тескерисинче, мага жагат. Жөнөкөйлүктү жактырам.
– Маршруткада ар кандай кызыктуу окуяларга туш болсоң керек?
– Андай учурлар да болот. Бир жолу ырчы кыз Раллия экөөбүз чогуу баратып, менин сунушум менен маршруткага түшүп калдык. Түшөөрүбүз менен Раллия үнүн катуу чыгарып: «Сени гана, сени гана...» деп ырдап жатпайбы. Элдердин көңүлү бизге бурулуп, мени таанып калышты. Айрымдары келип автограф алганга үлгүрүштү.

Асел, 18 жашта, Бостери:
– Жомоктогудай алтын балык кармап алсаңыз кандай байлык сурайт элеңиз?
– Мен негизи эле бардык нерсеге өзүмдүн маңдай-терим менен жетишким келет. Оңой жол менен табылган нерсе баары бир буюрбайт. Ошондуктан, алтын балык кармап алсам эч нерсе сурабай эле балыкты коё бермекмин.

Бейшенбүбү, 48 жашта, Бишкек:
– Мирбек балам, сенин ырдаганың мага эле эмес, көптөргө жагат болуш керек. Сенин ырларыңды угуп отуруп эл аралык конкурстарга барса кыргыз элинин намысын коргоп келгенге жарайт деп ойлой берем. Продюсериң да мыкты жигит экен. Эми экөөңөр жакшылап даярданып, «Новая волна» деген конкурс­ка катышууга аракет кылып көр­бөй­сүңөрбү?
– Рахмат, эже. «Новая волнага» катышуу биздин да оюбузда бар. Бул жылы ал конкурстун талаптары, эрежелери тууралуу толук маалымат алып, катышууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине көзү­бүз жетти. Буюрса, кийинки жылдан баштап катуу даярдана баштайбыз. Анан сиз айткандай катышып, балким, жакшы орунга илинип калаарбыз.

Алина, 13 жашта, Бишкек:
– Мирбек байке, эмне үчүн мынчалык сулуусуз?
– Мен сулуумунбу? Мындай сөздү сенден биринчи жолу угуп жатам. Мени көпчүлүгү «сулуу эмессиң» деп айтышчу. Рахмат, коплиментиңе. Сенден бул сөздү уккандан кийин өзүмдү бир топ сулуу сезип калбадымбы!

Гүлзат, 17 жашта, Чолпоната:
– Сүйүүгө жолуктуңуз беле?
– 9-класста окуп жатканымда өзүм менен тең бир кызды сүйүп калгам. Бирок, өзүнө барып айта албай, сыртынан гана акмалап бир жыл жүрдүм. Алыстан эле бир көрүп коюу мен үчүн чоң бакыт болчу. Каникул болгондо көрбөй калып аябай кыйналчумун. 10-класска келгенимде батынып барып сүйүүмдү билдирсем, туура эле кабыл алды. Бирок, ошондон көп өтпөй эле колледжге кетип калды. Анан көрбөй калып азапты жедим го. Ошентип, бара-бара көнө баштадым да, кийин ал сезим биротоло өчүп калды. Азыр ойлосом ал сезим сүйүү деле эмес экен.
– Учурда жүрөгүңүздү ээлеген кыз барбы?
– Жок, азыр ырларымды, сахнаны, күйөр­мандарымды сүйүп жүрөм.
– Сахнадан кетем дегениңдин себеби эмнеде эле?
– Мага негизи башынан эле ар кандай сунуштар түшүп келген. Бирок, мен алардын бирин да кабыл алган эмесмин. Акыркы жолу аябай кирешелүү сунуш түшүп калганына байланыштуу ойлонууга убакыт сурагам. Бул убакыт аралыгында жак­шылап ойлонуп, улуулардын, продюсеримдин кеп-кеңешин угуп, бул жакта эле калууну чечтим. Канат байке экөөбүз­дүн эки жылдык келишимибиз бар. Ошол келишим бүткүчө эч кандай өзгөрүү болбойт, а келишим бүткөн соң дагы көрө жа­таарбыз...

Азада, 21 жашта, Бишкек:
– Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапатыңыз кайсы?
– Жаккан сапатым – ак көңүл­дүү­лүгүм. Эч кимдин көңүлүн калтыра албайм. Ал эми жакпаган сапатым – мактанчаактыгым. Таластык эмесминби, кээде анча-мынча мактанып жибермейим бар.

Айсалкын, 14 жашта, Бишкек:
– Кан досуңуз барбы?
– Тимур, Асыл, Тилек, Аман деген кан досторум бар. Тимур менен Асыл – чыгармачылыкка эч кандай тиешеси жок досторум. Ал эми Тилек, Аман менен чогуу иштейбиз. Бул досторум менен кандай гана кыйынчылык болобу, жакшылык болобу, баарын тең бөлүшөм.

Феруза, 31 жашта, Бишкек:
– «Алтын апа» ырыңды арнаган чоң апаң сенин чыгармачылыгыңды колдочу беле?
– Ооба, колдочу. «Хит-парадга» чыкканымда үйдө отуруп алып: «Ай, телефон чалгыла» деп жанында отургандардын айласын кетирчү экен. Мени телевизордон көрүп калса жан-алы калбай сүйүнчү. Концертиме да келген. Ошондо башка ырчылар чыкканда кыздар кыйкырышса: «Ай, эмне эле болуп жатасыңар? Тынч отурбайсыңарбы? Кыйкырбагыла!» деп жанындагы кыздарды тыйып отуруптур. Мен чыксам: «Кол чапкыла, колдогула» деп баягы кыздарды үгүттөп, өзү да аябай кол чапканын эжемдер айтышса алиге чейин күлөбүз.
– Чоң апаңызды жаштык кылып капалантып койгон жок белеңиз?
– Мен чоң апамды ушунчалык жакшы көргөндүгүмдөн, мүмкүн болушунча капалантпаганга аракет кылчумун. Бир гана өкүнгөнүм – ал акыркы сапарга узаганда жанында болбой калдым. Өлөөрүнө аз калганда телефон чалып: «Келип кетчи» деген болчу. Менин колум бошобой, бүгүн барам, эртең барам деп жүрүп убакыт өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Бир күнү эле жумушта жүрсөм бирөө: «Чоң апаң ооруп жатат» деп телефон чалып жатпайбы. Мен баргыча аркы дүйнөгө узап кетиптир.

Руслан, 24 жашта, Бишкек:
– Мирбек, сен студент эмессиңби. Сабакка барып, кадимкидей окуйсуңбу же сессияңды тааныш аркылуу бүтүрөсүңбү?
– Ооба, мен Улуттук университеттин экономика факультетинде 3-курста окуйм. Такыр барбай койсоң окуудан айдалбайсыңбы. Ошондуктан, бир жумада бир барып мугалимдерге көз көрсөтүп турам.
– Мугалимдер сага ырчы катары мамиле кылышабы же студент катарыбы?
– Студент катары эле мамиле кылышат. Бирок, көпчүлүк мугалимдер мени жакшы көрүшөт. Бир жолу бир мугалим: «Ошол бала менин сабагыма кирсинчи» деп атайын чакыртып жибериптир. Сабагына көптөн бери кире элек болчумун. Урушат го деп кирсем: «Атабеков, менин кызым сени аябай жакшы көрөт. Плакатыңа кызыма автограф коюп алып келип берчи?!» деп жатпайбы. Эртеси сүрөттөрүмдү автографтары менен алпарып бергем.

Роза, 21 жашта, Бишкек:
– Мирбек, сени бир кафеде ырдайт деп уктум. Ошол чынбы?
– Ооба, мен кечки саат 7ден түнкү 12ге чейин шаардагы бир ресторанда иштейм. Ал жакта көбүнчө англисче, орусча ырларды ырдайбыз.
– Күйөрмандарың жумушуңа чейин издеп барган учурлары кездешеби?
– Андай учурлар дээрлик болбойт. Анткени, мен иштеген жерге көбүнчө чет мамлекеттиктер, орус улутундагылар барышат. Алар мени Мирбек Атабеков катары эмес, жөн гана ресторан ырчысы катары таанышат.
– Жумушуң кеч бүтсө кеч жатып, эртең менен да кеч турсаң керек?
– Жумуштан үйгө келген соң уктайын десем такыр уйкум келбейт. Ошондуктан, түнкү саат 3-4төргө чейин кино көрүп, анан уктайм. Эртеси болсо саат 12де турам.
– Күн сайын иштейсиңби?
– Ооба, мен бир күн ырдабасам жинди болуп кетем.
– Продюсериң менен урушуп кеткен убактарың да болобу?
– Болот. Көбүнчө ал чакырган убактан уктап калып кечигип калганда анын жини келип, экөөбүз урушуп кетебиз.

Бактыгүл, 28 жашта, Бишкек:
– Мирбек, улуу муундагы ырчылардын көпчү­лүгү сени башкалардан бөлүп карашып, жакшы баа беришет экен. Чын эле сен өзүңдү биринчимин деп эсептейсиңби?
– Мен улуу муундагы ырчылардын баарын сыйлайм. Көргөн жерде кимиси болбосун ийилип учурашып, ар дайым: «Сиздерге рахмат, сиздер болбосоңуздар, биз болбойт элек» деп ыраазычылыгымды билдирип жүрөм. Ушул себептен да алардын мага ойлору түз болсо керек. Ал эми өзүм «мен биринчимин» деп төшүмдү каккылаганды жаман көрөм. Бирок, мен өзүмө ишенем.
– Жакында болчу концертиңдин кандай өзгөчө­лүктөрү болот?
– Концерттик программанын 80 пайызы жаңы болот. Ошондой эле жаңы формалар, жаңы имидж... Концертиме көп деле ырчылар катышпайт. Жеке концертим болгондуктан, негизинен, өзүмдүн аткаруумдагы ырлар басымдуулук кылмакчы. Кыскасы, элге колдон келишинче жакшы маанай тартуулаганга аракет кылам. Мен элди сагындым. Мени да күйөр­мандарым сагынса керек деп ойлойм.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан