ЫРЫСКЕЛДИ ОСМОНКУЛОВ: АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАРДЫН 90-95 ПАЙЫЗЫ «САМОПАЛ»

– Ырыскелди байке, сизди концерттерден көптөн бери көрбөй калдык. Эмне иш менен алектенип жүрөсүз?
– Туура айтасың, мен азыр айрым эле чоң концерттерге чыгып койгонум болбосо, концертке деле көп катышпай калдым. Бирок, жаш таланттардын келечегине кам көрүп жүрөм. Башкача айтканда, алар үчүн “Эстрада профи” деп аталган бекер студия ачып, студиябыз бүгүн-эртең ишке киришкени турат. Ал жакка жөн гана музыкага кызыккандар эмес, чыныгы таланттуумун дегендер келип ырларын жаздырып, иштей беришсе болот. Бир тыйын төлөбөй эле каалагандай кылып ырын жаздырышат, ыр даяр болгон соң композитор, музыканттардын курамынан түзүлгөн атайын комиссия карап чыгабыз да, ыр комиссиядан өтсө элге жайылтабыз, болбосо, жарабай кала берет.
– Студияңыздын аты эмнени түшүндүрөт?
– “Эстрада” деген сөздүн дагы бир мааниси “сахна” дегенди түшүндүрөт. Биздин максат – сахнанын чыныгы профессионалдарын тарбиялап чыгаруу. Андыктан, студиянын атын “Эстрада профи” деп өзүм койдум. Мындан эстрадалык болобу, фольклордук болобу, ар кандай жанрдагы ырларды жаздыра алышат.
– Студияны ачканга каражатты өз чөнтөгүңүздөн жумшадыңызбы?
– Жок, мага студия ачуу идеясы келгенден кийин демөөрчү издей баштагам. Анан бул оюмду айтып “Газпромнефть Азиянын” директоруна кирсем, оюмду түшүнүп, акчалай жактан колдоп берүүгө макулдугун билдирди. Ошентип, көп өтпөй эле 7,5 миң долларга аппаратура сатып берди.
– Студия ачуудагы сиздин кызыкчылыгыңыз эмнеде?
– Бул коммерциялык студия эмес. Мындан мага бир тыйын да пайда түшпөйт. Жөн гана жаштарга жардам көрсө­түү­нү чечтим.
– Сиздин шоу-бизнестин азыркы абалына нааразычылыгыңыз бар экен...
– Мен чындыкты айтып коюп балээге калбадымбы. Азыр биздеги жаш ырчылардын 90-95 пайызы “самопал” ырчылар. Мен кыргыз эстрадасынын деңгээлин көтө­рөйүн деген ой менен эле ошолорго бир аз сын айтып койсом, мени “башкаларды көрө албайсың” деп жатышпайбы. Мен жада калса “кө­рө албайт” деген сөздү түшүн­бөйм. Мен мындай нерседен алыс чөй­рө­дө тарбиялангам. Мен аларды көрө албасам студия ачмак эмесмин да. Ачсам да үйүмдүн бир бөл­мөсүн студия кылып алып, “өзүм иштейм” деп ошол жерде отура бермекмин.
– Эмне деп сын айттыңыз эле?
– “Азыркы ырчылардын көпчү­лүгү профессионалдуу эмес. Репертуарды тандаганды билишпейт, сөзү менен обону шайкеш келбесе да ырдай беришет. Бизди чакыргыла, атайын көркөм кеңеш түзүп, жардам берели” дегем. Ошентип, чындыкты айтып коюп жаман көрүнбөдүмбү. Буюрса, жакында биздин студиядан ырлар жазылат, ошондо угармандар өздөрү салыштырып көрүшөт.
– Чыныгы таланты бар деп кайсы ырчыларды айта аласыз?
– Ырас, таланттуу балдарыбыз да аз эмес. Мисалы, Мирбек Атабековду, Султан Садыралиевди, Ильяз Абдыразаковду, Артык менен Сапарды чыныгы таланттуулар деп эсептейм. Мен таланттууларды көргөндө тескерисинче, жыргайм да. Мына, “Дельмар” тобунун солисти Азат “Новая волна” конкурсуна катышууга аракет кылып жатыптыр. Аны угуп алып Азаттын өзүнө да: “Азат, кандай маселе болсо тартынбай айт. Жардам беребиз” дедим. Мен мындайларга мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче жардам көрсөтөм. Анан эмне эле “көрө албайсың” деп жатышат, билбейм.
– Ассоль Молдокматова экөө­ңүздөрдүн ортоңуздарда келишпестик болуп жатат деп уктук. Ал эмнеден келип чыкты эле?
– Ал боюнча эч нерсе айта албайм.
– Чыгармачылыктан башка да жумушуңуз барбы? Азыр жалгыз гана чыгармачылдык менен жан багуу оңой эмес болсо керек?
– Кандайдыр бир бизнес ачыш керек эле деген оюм бар. Азыр капиталисттик заман да. Бирок, азырынча чыгармачылык менен эле жан багып келатабыз. Кудайга шүгүр, ошол жетип жатат. Чоң-чоң тойлорго, ар кандай акцияларга чакырышат. Андан тышкары, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокалдан сабак берип иштейм. Бул жерде иштегениме жарым жылдай болуп калды.
– Жаңы ырларыңыз да жаралып жатабы?
– Жакында 3-компакт-дискимди чыгарууга даярданып жатам. Буга чейин “Ай баратат” жана “Спящая красавица” аттуу эки альбомум чыккан. Бул экөөнөн айырмаланып, жаңы альбомума жалаң өзүмдүн ырларым кирет.
– Ырыскелди байке, ырчы катары качантан баштап тааныла баштадыңыз эле?
– 1981-82-жылдары “Аракет” деген ансамблде Жылдыз Осмоналиева, Светлана Назаренко, Аслан Исабаевдер болуп чогуу иштеп калдык. Ошондон баштап ырчы катары тааныла баштагам. А негизи, чоң сахнага 4-классымдан баштап эле чоң ырчылар менен чыкчумун. Анткени, мени 1-классымда эле М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке берип салышкан.
– Демек, сиздин ырчы болуп калыптанышыңызга кенедей кезиңизден музыкалык билим ала баштаганыңыз өз таасирин тийгизген экен да?
– Балким. Ыраматылык өзүмдөн улуу Анара эжемдин менин музыкага болгон шыгымды байкап, Абдраевге ээрчитип келгени азыр да элес-булас эсимде. Андан кийин Күрөңкеевден, андан соң Консерваториядан билим алдым. Мына ушул алган билимдеримдин баары биригип келип менин азыр­кыдай деңгээлдеги ырчы болушума таасирин тийгизди.
– Ырчылык каныңызда да бар болсо керек?
– Негизи, мен дыйкандын үйбү­лө­­сүнөн эле чыккам. Бирок, апам кошокчу болгон. Атам да аккордеонун асынып алып эле көчөнү айланып ырдап жүрө берчү экен. Анысын мен көргөн эмесмин, көр­гөн-билгендер алиге чейин айтып калышат. Бир туугандарымдан бол­со бир эжем азыр оркестрде скрипкада ойноп Германияда иштейт. Каза болуп калган эжем хордун дирижёру эле. Башка бир туугандарымдын да ырга шыктуулары бар, бирок, ар башка кесиптерде иштешет.
– Музыкага болгон кызыгуу уул-кызыңызга да өткөндүр?
– Кызымда талант бар. Бирок, анын искусствого аралашышына такыр каршы болдум.
– Эмнеге?
– Азыр заман башка. Биздин убагыбызда жакшы заман болчу. Ошондуктан, менин артист болушума эч ким каршы болгон эмес. Анын үстүнө, кыз балага артист болгон көп деле жараша бербейт. Анын да өзүнө жараша оорчулугу болот.
– Балдарыңыз канчага чыгып калышты?
– Уулум 19да, кызым 18де. Уулум үйлөнүп, бизди келиндүү кылган.
– Светлана Назаренко менен мамилеңиз жакшыбы?
– Жакшы достордонбуз. Бир топ жыл чогуу иштешип калбадыкпы. Азыр да сүйлөшүп турабыз. Бирок, Ноорузга карата келгенде көрө албай калдым. Анткени, мен анда Ошто болчумун.
– Сизди да башка өнүккөн өлкөгө чакырса үйбүлөңүз менен көчүп кетүүгө даяр белеңиз?
– Мени Казакстанга бир эмес, бир нече жолу чакырышкан. Бирок, мен кыргыз элимдин патриотумун. Андыктан, бардык чакыруулардан баш тартканмын.
– Жеке концертиңизди берейин деген пландарыңыз барбы?
– Мен эптеп эле акча үчүн концерт бергим келбейт. Концерт берсем өтө сапаттуу кылып уюштурушум керек. А андай концертке каражатты аябай сарпташ керек экени баарына эле маалым. Демөөр­чүлөр чыгып калса концерт берем деген оюм бар. Антсе да азырынча жакынкы пландарымда жок.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан