2006-жылдын имиджи Урмат Усенов: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ТҮЙШҮГҮНӨ ЧЫДАБАЙ КӨЗҮМӨ ЖАШ ТЕГЕРЕНГЕН»

Бактыгүл, 18 жашта, Бишкек:– Урмат байке, сизге «Мачо» деген кличканы ким койгон?
– Жакшы эсимде жок. Менимче, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Арстанбек Абдыманов койсо керек эле. Себеби, эң биринчи бул кличкамды өзүм радиодон Арстандын оозунан уккам.
– Бул кличкаңыздан тажаган жоксузбу?
– Буга көп деле маани бербейм. Мени такыр атымдан айтпай, такай «Мачо» деп кайрылышкан досторум да бар. Сема, Неля сыяктуу андай досторума өзүм да көнүп калдым. «Мачо» дешсе, «ов» деп коём.
– Буга чейин да кличкаңыз бар бе­ле?
– Буга чейинки кличкам «Жазгы жамгыр» болчу. Мени алиге чейин «Жазгы жамгыр» дегендер да бар.

Айзат, 22 жашта, Бишкек:
– Сакалыңызды өзүңүз аласызбы?
– Өзүм эле алам. Бир гана жолу концерттин алдында стилист Замира Молдошева өзгөчө формага салып берген. Өзгөчө дегеним, ээгимдин үстүндө ромбик түрүндөгү сакалым бар болчу.
– Сакалыңызды өстүрүп жүрүү сиздин стилиңизби же күн сайын сакал алгандан эринип өстүрүп аласызбы?
– Сакал алгандан эринбейм. Күн алыс алып турам. Сакал өстүрүү – сүрөтчү­лөрдүн стилине таандык көрү­нүш. Мен да сүрөтчү эмесминби. Негедир кичинекей кезимде эле «чоңойсом сакалымды өстүрөм» деп ойлой бер­чүмүн.
– Узун кылып өстүрүп алган артыңыздагы бир тутам чачыңыз мага аябай жакчу. Эмне үчүн кыркып салдыңыз?
– Ал чачты мен бир айлык убакытка гана койгон болчумун. Кичинекей чач болсо да аны өзүнчө күтүш керек экен. Стилистим ар качан түздөп берип турчу. Ушинтип атайын убакыт бөлүп күткөндөн тажап, күзгүгө каранып туруп өзүм эле кыркып салдым.

Мээрим, 16 жашта:
– Кайсы дене мүчөңүз өзү­ңүз­гө жакпайт?
– Кудай берген мүчө келбетиме көп деле нааразычылыгым жок. Кээде гана боюм дагы беш сантиметрге узунураак болсо деп ойлоп коём.
– Шаарда сиздин эки үйүңүз бар деп уккам. Ошол чынбы?
– Мен учурда эки үйдө жашайм. Бирок, экөө тең өзүмө таандык эмес.

Астра, 28 жашта:
– Урмат, жаш ырчылардын эң улуусу сен экенсиң. Ырчы инилериң сенден кеңеш сурашабы?
– Ооба, айрыкча Султан, Мирбек сыяктуу инилерим чыгармачылык боюнча болобу, жеке турмушу боюнча болобу, ар кандай суроолор боюнча мага кайрылышат. Мисалы, Султан жаңы ыр жаздырганда «кандай болуптур?» деп сөзсүз мага угузат. Ошондой эле бирөө менен карама-каршылык болуп калса ошол абалдан кантип чыгуу тууралуу кеңеш сурап келишет. Инилеримдин мени сыйлап келгендерине ыраазы болуп, билген кеп-кеңешимди аябай берем.

Лира, 26 жашта:
– Сенин сүрөт тартканыңды теледен көргөм. Сүрөт тарт­канды кайдан үйрөнгөнсүң?
– Сүрөт тартууга кичине кезимден баштап эле шыгым бар болчу. Үйдө бош барак калтырчу эмесмин. Ошол шыгымды байкашкан ата-энем 4-классымдан баштап эле Бишкектеги көркөм сүрөт интернатына берип коюшкан. Сүрөтчүлүк – бул менин бир кесибим.
– Азыр деле сүрөт тартып турасызбы?
– Албетте. Көпкө чейин сүрөт тартпай калсам өзүмчө эле бук болуп кетем. Башыма бир идея келе калса эле отура калып сүрөт тартууга киришем. Буга чейин тарткан сүрөттөрүмдүн баарын чогултуп койгом. Келечекте өзүмдүн сүрөттөрүмдөн турган галереямды ачсам деген тилегим бар.

Жийде, 20 жашта, Бишкек:
– «Махабатым» деген ырыңызга тартылган клиптеги кыз менен сиздин ортоңузда ысык мамиле бар деп угабыз. Ошол чынбы же жөн эле ушакпы?
– Жөн гана ушак. Анткени, ал кызды эртең клип тартылат деген күнү Ассоль Молдокматова «ушул кыз менен тартыласың» деп тааныштырган. Ошонун эртеси клипке Боомдо чогуу тартылдык, анын эртеси болсо ателде тартылдык. Ошондон бери ал кызды көрө элекмин.

Асан, 21 жашта, Бишкек:
– Канча жашыңыздан бери машина айдайсыз?
– Эң биринчи «Ауди 80» маркасындагы машинамды сатып алганда 20 жашта болчумун.
– Бирөө сатып берди беле же өзүңүзбү?
– Мен студент кезимден баштап эле иштеп, акча тапчумун. Машинаны да өз эмгегим менен тапкан акчама сатып алгам.
– Азыркы машинаңыз канчанчысы?
– Бул төртүнчү машинам.
– Машинаңыз оңдоодо болуп калса эмне менен жүрө­сүз?
– Такси менен жүрөм. Кышында машинам бир айдай оңдоодо туруп калды. Ошондо аябай жүдө­дүм. Такси чакырсам мен жашаган район борбордо эмес болгондуктан, таксилер да эрте дегенде жарым саатта келишет. Ошондо машинамдын кадыры аябай билинген.

Наргиза, 18 жашта, Бишкек:
– Фанатка кыздарыңыздын кызыктуу жоруктарынан айтып бериңизчи?!
– Бир жолу Балыкчыга концерт коюп барсак, концерттен кийин бир кыз келип колума альбом карматты. Альбомду өзү кулпу менен жабыла тургандай кылып жасап коюптур. Үйгө алып келип альбом­ду ачкыч менен ачып, шашпай отуруп окусам, анда өзүнчө эле бир чоң чыгарма жазылыптыр. Тактап айтсам, ал кыз өзүнүн кыялындагы ойлорунун баарын ошол альбомго түшүр­гөн экен. Баяндалган окуянын негизги каармандары ал кыз экөөбүз экенбиз. Экөөбүздүн кантип таанышканыбыздан баштап балалуу болгонго чейин кыялданып жазыптыр. «Супер-Инфого» чыккан менин бардык сүрөттөрүмдү чаптап, астына ошого жараша комментарий да жазып коюптур. Анан да «үйлөнүү тоюбузга» өзү чакыруу баракчаларын жасаганы кызык болуптур. Ал альбом менин архивимдеги эң кызыктуу жана баалуу буюмдардан болуп калды.

Зуура, 27 жашта, Талас:
– Айылдын жумуштарын жасай аласыңбы? Мисалы, чөп чаап, мал тейлеп дегендей...
– Мен айылыма барган сайын атам күн сайын эртең менен эрте тургузуп, милдеттүү түрдө жумуштарды жасатып турат. Кыязы, биротоло шаардык болуп, айылдын турмушунан алыстап кетпесин дейт окшойт. Атамдын тапшырмасы менен кадимкидей мал чыгарам, чөп чабам. Кыскасы, айылда эркекке тиешелүү кандай жумуштар болсо баарын жасайм.
– Айылда жашай алмак белең?
– Айылга көпкө чыдай албайм. Сагынычым тараган соң жүдөп кетем. Бирок, ата-энем «айылда жаша» дешсе баш тарта алмак эмесмин. Анткен менен алар деле «сен айылга жашай албайсың» деп айтып калышат.

Шайырбек, 30 жашта, Бишкек:
– Урмат, чыгармачылыктын түй­шүгүнөн тажаган учурларың болду беле?
– Кээ бирлер ырчыларды жыргал турмушта жашап жатышат деп ойлошот. Атүгүл «сенде кандай проблема болмок эле?» деп койгондо өчөсүң. Чындыгында ырчылык – эң түйшүктүү кесип. Бул кесиптин түйшүгүнө кабылып, көзүмө жаш тегеренген учурлар болгон. Андай учурда баарына кол шилтеп басып кеткиң келет. Кайра эле баштаган ишимдин өтөсүнө чыгып көнгөн жаным чыгармачылыкты да жарым-жартылай кылып таштап коюуга жүрөгүм даабайт. Шоу-бизнес деген өтө кир чөйрө. Ушак-айың, кеп-сөз такай ээрчип жүрөт. Ушундан улам мен моралдык жактан катуу кыйналам. «Сен минтип коюптурсуң», «ба­ланчага түкүнчө дептирсиң» деген сөздөр кишини жөн эле эзип жиберет. Мен башынан ушак сөзгө аралашып көргөн жан эмесмин. Ал эми шоу-бизнесте аралашпаганга аргаң жок экен. Канчалык оор болсо да уккан ушактарыңды териштиргенге туура келет. Териштирбей эле коёюн десең, дагы бирөөгө жаман көрүнгөнү турасың. Апам да «балам, кыйналып кетсең ушунуңду таштап эле койчу?!» деп көп айтат. Бирок, таштай да албайт экенсиң.

Жыпара, 33 жашта, Бишкек:
– Урмат, менин билген маалыматым боюнча, сен мектепти алтын медаль, жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктаптырсың. Ушундай билимиң менен ырчы болуп жүргөнүңө өкүнбөйсүңбү? Чыгармачылыгыңа алаксыбаганыңда, балким, сенден башка мыкты адис чыкмак?
– Ооба, сиз айтмакчы, чын эле өкүнүчтүү. Бирок, мен өз кесибимди биротоло таштаган жокмун да. Кызыл дипломдун чаң басып керекке жарабай калып калганы болбойт го. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде мени окуткан мугалимдерим азыр деле чакырышат. «Бизге келип иште, жардам беребиз» деген сунуштар дагы деле күчүндө. Чыгармачылыкта дагы эки жыл иштеп, өзүм­дүн атым өчсө да ырларым өчпөгү­дөй кылып кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салымымды кошсом деген тилегим бар. Ошондо гана шоу-бизнестен кетип, өз адистигим боюнча иштей баштайм.
– Мен сенин башка жаш ырчыларга караганда сөзмөр экениңди байкайм. Публика үчүн сөзмөрлүккө атайын даярданасыңбы же өзүңдүн болгонуң ушулбу?
– Өзүмдүн болгонум ушул. Мен мектепке бара элек кезимде чоң энем колтугуна кысып отуруп: «Менин балам чоңойгондо Чыңгыз болот» дей берчү. Чыңгыз Айтматовдун айылы биздин айылга жакын. Ошондуктан, чоң энемдер ал киши менен чексиз сыймыктанышчу. Чоң энемдин ошол сөзү кулагыма катуу сиңген экен, кичинекей кезимден эле Чыңгыз Айтматовдун китептерин жана башка чет элдик жазуучулардын китептерин көп окучумун. 4-5-класстарымда жазган чакан аңгемелерим, ырларым бар. Сиз байкаган менин сөзмөр­лү­гүм жаш кезимден баш­тап китепти көп окуганымдан болсо керек.

Тумара, 24 жашта, Бишкек:
– Мага «Тумар кыз» деген ырыңыз ушунчалык жагат. Ушул ырыңыз жаңырганда мага арнап ырдап жатканыңыздай жүрөгүм толкуп угам. Деги бул ырды кимге арнадыңыз эле?
– Чындыгында эле «Тумар кызды» жаратып жатканда мага өзгөчө бир эргүү келген. Менин жашоомдо жүрөгүмө жакын бир адам пайда болуп, ушундай бакытка туш болгонума жетине албай турганымда кандайдыр бир кайрыктар көөдөнүмдү кытыгылап, оргуштап сыртка чыккан. Анан сөзүнө обону шайкеш келген бул ырды «Тумар кыз» деп атадым. Минтип атаганымдын себеби, адамда бир гана тумар болот эмеспи. Ошондой эле бир адам бирөөнү гана сүйүш керек. Ушундай максатта мен ырымда кызды тумарга салыштыргам.
– Ошол тумарга салыштырган кызыңыздын атын айта аласызбы?
– Жок, айта албайм. Бул жашыруун сыр.

Асел, 19 жашта, Бишкек:
– Ырларыңыз көбүнчө кандай учурларда жаралат?
– Машина айдап баратканда жаралат. Себеби, күнүмдүн 60 пайызы рулда өтөт. Анын үстүнө, рулда жүргөндө көбүнчө жалгыз болуп, мага эч ким тоскоол болбойт. Оюма бир кайрыктар келе калса машинанын терезелерин жаба салып кыйкырып-кыйкырып ырдап алам да, гитарага жеткиче ошол кайрыктарды ичимден кайталап жүрө берем. Анан гитарага дароо түшүрөм.

Эрик, 25 жашта, Ош:
– Күндөлүк кийимдериңдин эң кымбаты канча турат?
– Эң кымбаты эсимде жок, бирок, эң арзаны миң сом турат.
– Дайыма бир фирманын кийимдерин кийесиңби?
– Жок, сапаттуусуна жана жарашыктуусуна карап эле ар кайсы фирманыкын кие берем. Белгилүү фирмалардын кийимдерин кийгенди жаман көрөм. Анан да башка бирөөнүн меникине окшош кийим кийип жүр­гөнүн көр­сөм, ошол кийимимди кийбей коймой адатым бар. Бул адатым кичинекей кезимден эле бар болчу. Бир жылдары «Адидас», «Монтана» деген жазуулары бар спорттук кийимдер мода болгондо биздин класстагы балдар бири калбай ошондой кийим кийишкенде да жалгыз мен кийбей койгом.
– Балдар менен мушташа аласыңбы?
– Жаш кезде далай жолу эле мушташканбыз. Мен көбүнчө намыс үчүн мушташам. Акыркы жолу студент кезимде бир досума болушуп мушташып, токмок жеп, баарыбыз ар кайсы жерибизден жаракат алганбыз.
– Спорт менен машыгасыңбы?
– Атайын бир түрү менен машыкпасам да өзүмдүн сергектигим үчүн спорт залдарына барып турам. Спорт оюндарынын ичинен футболго аябай кызыгам. Ар жекшемби сайын досторум менен аянтчага барып, футбол ойноп турам.

Айжамал, 18 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл Бадыева экөөңүздөрдүн ортоңуздарда сүйүү мамилеси бар экен...
– Аны ким айтып жүрөт силерге?
– Экөөңүздөрдүн чогуу жүргөнүңүздөрдү биз көп көрөбүз го?
– Кесиптеш болгон соң жүрө беребиз да. Мен Бактыгүл менен эле эмес, Неля менен да, Айя менен да чогуу жүрө берем. Силер жөн гана ушак угуп алсаңар керек.

Мээрим, 14 жашта, Бишкек:
– Урмат байке, менин папам азыркы жаш ырчыларды лампочкага теңейт.
– Күйүп калат деппи?
– Ооба.
– Папаңыздын оюна каршылык көрсөтө албайм. Эми лампочка болсок да көбү­рөөк­кө чыдай турган сапаттуу лампочка болсок деп жакшы эле аракет кылып жатабыз...

Асел, 17 жашта, Бишкек:
– Февраль айында кар көчкүдө калып калганыңызда эң биринчи эмне жөнүндө ойлодуңуз эле?
– Эң биринчи эле оюма түшкөн – бул ата-энем болду. Анткени, аларды көптөн бери көрө элек болчумун. Анын үстүнө, жолдо кетип баратканымды телефон аркылуу кабарлап койгон элем. Сарсанаа болуп ойлоно беришип денсоолуктарынан жабыркап калышпаса экен деген ой башымдан кетпей койду. Экинчиден, албетте, «ушинтип эле туулган жериме жетпей эки тоонун ортосунда ажалга туш боломбу?» деп өзүм жөнүндө ойлодум.

Динара, 22 жашта, Каракол:
– Продюсериңиз Ассоль Молдокматованын жумушу аябай көп болсо керек. Анан сизге кенен эле убакыт бөлөбү?
– Анын чын эле жумуштары көп. Ошентсе да Ассоль Молдокматова убактысын так жана туура бөлүштүрөт. Мага күн сайын жумуш убактысы бүткөн соң эки сааттай убакыт бөлөт. Мен ага барганда суроолорумду даярдап, атүгүл жазып алып барам. Ошол убакыт аралыгында менин суроолорумду карап чыгып, чечкенге жетишебиз.
– Ал сиздин жеке жашооңузга да кийлигишеби?
– Жок, кийлигишпейт. Экөөбүз чыгармачылыкта гана иштешебиз. Чыгармачылыкка тиешелүү кандай гана маселе болбосун, ал билип турууга тийиш.

Даярдаган Азиза Сатибекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан