Камчыбек Сарыбаев: «АЛМАНЫН БИР ДААНАСЫН 150 СОМДОН САТКАМ»

«Дем» театрынын «Акшоола» балдар ансамблиндеги «эң кичинекей» эрке бала, «Делбирим» тобунун «Ай, жездесиндеги» жезде, бир нече кыргыз фильмдериндеги каарман Камчыбек Сарыбаев өзүнүн оригиналдуулугу менен бир көргөн адамдын эсинде сакталып калат. Камчыбек 1978-жылы 7-февралда Тоң районунун Аксай айылында төрөлгөн. Үйбүлөлүү. Келечекте дагы көптөгөн кыргыз фильмдеринде ролдорду жаратуу – бул актёрдун изги тилеги. Ал эми биздин төмөнкү макалабыздан Камчыбектин ушул убакка чейинки басып өткөн жолу менен тааныша аласыздар.

– Камчы, сени актёрлук кесипке кандай тагдыр айдап келди эле?
– Кичинекей кезимде эле өзүм теңдүү балдар «чоңойгондо учкуч болом», «космонавт болом» дешсе, мен «артист болом» дечүмүн. Ал кезде менде актёр деген түшүнүк жок болчу. Өзүм айткандай, артисттигимдин белгиси мектепке бара элек чыт курсак кезимде эле байкала баштаган экен. Чоң атам кайсы жакка барса, өзү менен кошо мени да ээрчитип алчу. Анан көп элдин көзүнчө: «Кана, балам, манас айтып койчу?!» дегенде эле жеңди чыканакка чейин, шымды тизеге чейин түрүнүп туруп көздү жумуп манас айтып кирчүмүн. Ал манасымдын аягы ашата сөгүнгөн сөздөр менен бүтүп калчу. Мага манастын мындай «түрүн» кой жайып жүргөн маалда Жамаке аяш атам үйрөткөн. Чоң атам досторунун көңүлүн көтө­рөйүн десе керек, мени ушинтип барган жерден сөзсүз манас айттырчу эле.
– Кичинекейиңде тентек, эрке бала болсоң керек?
– Тентек болгондо да ашыкча тентек элем. Чоң атам мени аябай эле эркелетип өстүрдү. Кандай тентектик кылсам да жаман айтчу эмес. Менин тентектигимдин айынан биздин көчөдөн эшекчен абышкалар өтчү эмес. Үйдө атамдар жумушка кетээри менен узун чыбыкты алып, дарбазадан көчөнү шыкаалап тураар элем. Эшек минген абышканы көр­сөм эле артынан жетип барып колумдагы чыбыгым менен эшекти чукулап, көчөнүн аягына чейин чуркатып барчумун. Мага ошол кезде эшектин мөңкүп чуркаганы, абышканын коркуп мени сөгүп кыйкырганы кызык көрүнчү тура. Бир жолу ушинтип эшекти чукулай коём деп бир чал жыгылып, колу сынып калган. Колун байлап алып чоң атама арызданып келиптир. Мен болсом коркуп, чөптүн арасында жатам. Колу сынган абышканын арызданганын уккан чоң атам: «Мейли эми, бала да, кел, андан көрө муну алып жибер» деп жүз грамм куюп берип кетирип жиберген.
– Тентектиктин го сазайын бериптирсиң, мектепке окуганда маданий иш-чараларга да катышчу белең?
– Балабакчада эле ырдачумун. А мектепке окуганда болсо райондук балдар ансамблинде ырдачумун. Репертуарымда төрт ырым бар болчу. Кандай гана маданий иш-чара болбосун, ошол төрт ырымды ырдап эле чыгып калчу элем. Ошентип, артист болом деген оюмдан кайтпай жүргөн күндөрүмдүн биринде айылыбызга аскер кийимин кийген бирөө келип калды. Анын формасын көрүп эле кызыгып кеттим да, «мен да военный болом» дей баштадым. Ошол кызыгуум тарабай, 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына өткөм. Ал жер­де да үйлөмө аспапта ойночумун. Бирок, Суворовду аягына чейин окуган жокмун. Атам ооруп калып, эки жыл окуган соң айылга кетип калдым.
– Демек, аскер адамы болуп калышыңа аз эле калган турбайбы?
– Ооба, аз жерден аскер адамы болбой калгам. Бирок, актёрлукка окуганга чейин да башымдан көп нерселер өткөн. Мектепти бүткөн соң эки жыл айылда жөн эле жүрүп калдым. Бир күнү апама: «Апа, элдин баары эле шаарга кетип жатышат. Мен деле шаарга барып оокат кылып көрөйүн­чү?!»- десем апам макул болду. Анан он ящиктей алма алдым да, мен да шаарды көздөй жөнөдүм. Анымды тез эле сатып акча жасап алдым да, кийинки жылы бир амал ойлоп таптым. Бир күнү бир алманы колума алып жейин десем, «С» деген тамганын изи түшүп калыптыр. Көрсө, алмага жалбырак жармашып калып, жалбыракты С формасында курт жеп койгон экен, ал аарчысам да кетпей койду. Ушул жерден башыма бир идея келе түштү. Жай айында алмалар көк болуп турган маалда лейкопластырга «С новым годом!» деп кыркып жазып, эринбей алмаларга бирден жармаштырып чыктым. Күз келгенде лейкопластырды сыйрып салсам, мен ойлогондой эле алмага «С новым годом!» деп жазылып калыптыр. Ал алмаларымды эки ящикке салып алып, Жаңы Жылдын алдында Ортосай базарында бир даанасын 70-100 сомдон саттым. Өзгөчө алмага кызыккандар көбөйүп, акыркыларын 150 сомго чейин көтөрүп жибердим. Ошентип, бир топ акча жасап алдым. Акчамдын көпчүлүгүн айылга жибердим, калганына өзүмө курама-курама булгаары куртка менен бир шым сатып алдым да, шаарда калып калдым. Ал кезде байкем 38-маршруттагы автобусту айдачу. Байкемдин сунушу менен мен ошол автобуска кондуктор болуп ишке кирип алдым. Бир күнү автобустан эки студент балага жолугуп калдым. Студенттик билеттеринде «Искусство институту. Актёр бөлүмү» деп жазылып туруптур. Мен ал кезде актёрлукту башка өлкөдөн гана окуп келет деп ойлочумун. «Эмне, бизден да актёрлукту окуганга болобу?»- десем, алар: «Болбой анан. Окуйм десең бул жерге бар»,- дешип окуу жайдын дарегин беришти. Ал жигиттердин бири «Орок-Балка» тобундагы Айылчы Орозалиев болчу. Ошентип, ал жылы Искусство институтуна тапшыргам.
– «Кыргызстан Обондорунан» да Камчыбек Соодагер деген ат менен чыгып жүрчү эмес белең?
– Ооба, окууну бүтүп, куудулдар театрында иштеп жүргөн кезде «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Тынчтыкбек Кожобеков Түркияга кетип, ордуна өздөрү мени сунуштап калышты. Анткени, ага чейин эле үндөрүмдү жаздырып, радионун жарыяларын окуп берип жүрчүмүн. Соодагер менин төртүнчү атам. Радиого ушул ат менен чыгып, бир жыл иштедим.
– Драма театрына кандайча келип калдың эле?
– «Кыргызстан Обондорунда» иштеп жүрсөм, режиссёр Замир агай барып калып: «Сен бул жерде иштесең өчөсүң, драма театрына кир»,- деп алып келген. Театрга жумушка кириш үчүн күн сайын барып алып, ар бир спектаклдин репетициясын көрчү элем. Ошол эле убакта Улуттук китепканага барып, актёрлук, театр, сахна жөнүндөгү ар кандай китептерди окуп жетишчүмүн. Баса, бир жолу китепканада эстен кеткис бир окуя болгон. Кытайдан чыккан бир туфлим бар болчу. Ошол туфлини кийип алып китепканага баратып, тепкичке бутумду уруп алдым. Учунун гана эптеп илинип калганы болбосо, туфлимдин таманы дээрлик түшүп калса болобу?! Басканга такыр мүмкүн эмес. Эмне кылсам деп ойлонуп турдум да, жанымдагы плейерди басып, наушникти кулагыма салып алып жер менен жылып бийлеп жөнөдүм. Китеп окуп отургандардын баары түшүнбөй мени карашат. Китеп заказ берсем «15 мүнөт­төн кийин кел» деди. Эми он кадам алыста турган столго жетип отуруш кыйын болду. Бир аз ойлонуп туруп, «келесоо болгонго жараша биротоло келесоо болоюн» деп, кайра жанагыдай болуп артым менен жылып бийлеп жөнөдүм. Бир маалда китебим да келди. Кайра бийлеп барып алып келип алдым. Эртең менен барган боюнча элдин кеткенин күтүп кечке чейин отурдум. Курсагымдын ачканын айтпа. Ага карабай китепти кайра-кайра окуп отура бердим. Качан гана коңгуроо болуп, элдин баары кеткенде барып китепканачы эжеден скотч сурап, туфлимди скотчтоп алып анан кеткем. Балким, ошондо туфлимдин таманы түшпө­гөндө ошол китеп анчалык эсимде калбаса керек эле, кайра-кайра окуп отуруп алиге чейин эсимде сакталып калган.
– Канча киного тартылдың?
– Баш-аягы беш-алты фильмге тартылдым окшойт. Бирок, фильмге тартылсам эле жалаң терс каармандын ролун аткарып калам да, рекламалык роликтерге тамак жеп тартылып калам. «Боз салкын» фильмине тартылаарда Эрнест Абдыжапаровго: «Эрнест байке, мага жакшыраак роль бериңизчи, болбосо дайым эле терс роль туш болуп калат»,- десем, ал: «Өзүңдүн кебетең бул болсо, анан сага терс каармандын ролу жарашат да»,- деп жатпайбы. Бир жолу кафелдин рекламасына тартылып жатып жети порция лагман жегем. Дублдар туура эмес болуп калып улам эле жедиришет. Акыркы жетинчи порцияны жегенде өзүм да чыдабай калгам, съёмка да бүткөн. «Аршанга» тартылганда болсо колумдагы кумура көптөн бери иштетилбей, ичин чаң басып калыптыр. Капкагын ачып, оозума жакындатсам ичиндеги чаң оозума кирип кетип жатпайбы. Оозумдагы чаңды аарчысам, жарманы аарчыгандай болуп ошол боюнча тартылып калган.
– Келинчегиң сенин кесибиңе туура эле көз караштабы?
– Келинчегим Элнура мени туура эле түшүнөт. Себеби, ал өзү да актёрлукту окуп баштаган. 1-курста окуп жатканда эле экөөбүз үйлөнүп, ошол бойдон окуусун улантпай калды.
– Экөөңөрдүн үйлөнүү тоюңар кыргызча тартипте өткөн экен. Бул кимдин идеясы эле?
– Өзүмдүн идеям болчу. Башынан эле тоюмду кыргызча өткөрүүнү тилек кылчумун. Тойдо өзүм кыргыз оймо-чиймелери тартылган баатыр кийимин, Элнура шөкүлө менен узун кыргыз көйнөгүн кийген. Экөөбүздүн досторубузга да ушундай кийинүүнү сунуш кылганбыз. Ал эле эмес, музыкалары да кыргызча болуп, тоюбуз комуз күүлөрү менен башталган. Ат болсо Бакыт үйүнө ат менен эле бармакпыз. Шаарда аттын болбой калганы өкүнүчтүү болгон.
– Баса, жакында болуп өт­көн концертиң кандай болду?Өткөн жолку интервьюңда үйүңдө турган бирөөнүн акчасын уурдап кетишкени жөнүндө айтпадың беле? Концертиңден ошол акчаң чыктыбы?
– Концертим кудайга шүгүр болду. Билинбегени менен бир топ эле күйөрмандарым бар экен. Билеттин акчаларын чогулта элекмин. Чогултсам, буюрса, уурдалган акчам чыгып, ээсине берип кутулам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан