Назира Айтбекова: «ҮЙ, МАШИНА АЛЫП БЕРЕМ, ТӨРӨП ЭЛЕ БЕРСЕҢ БОЛДУ» ДЕГЕНДЕР ДА БАР»

Чукугандай сөз тапкан таланты менен жаштар арасында популярдуулукка жети­-ше алган алпаруучу Назира Айтбекованы тааныбагандар аз болсо керек. Дал ушул 22 жаштагы булбулдай сайраган көлдүк кызыбыз теледен кет-кенден бери эмне кылып, эмне менен алпурушуп жүргөндүгү, кандай жаңылыктардын ээси болуп жаткандыгы тууралуу кайрылган окурмандарыбыз көп болууда. Ошондон улам «Хит-параддын» экс-алпаруучусу, апасынын жалгыз эрке кызы Назира Айтбекова менен маектешкен элек.

– Назира, сенин “Хит-параддан” кеткендигиңди элдер “күйөөгө чыкты” деген сөзгө байланыштырышууда.
– Туура айтасың, элдин көбү ушинтип ойлоп алышыптыр. “Күйөөгө чыктың беле?” деген суроо менен өзүмө да кайрылгандар көп болду. Өткөндө бир аяш апамдыкына конокко барганмын. Үйгө кирип “кандайсыз?” деп учурашсам, аяш апам: “Ай, күйөөң кана?”- дейт. Мен чочуп кетип: “Кайсы күйөө?”- десем, ал: “Ой, сен Кубаныч Сатаевге күйөөгө тийип, ал сени көгала кылып сабап, “Хит-параддан” чыгарып алган турбайбы. Биз ушинтип уктук”,- дейт. Бир эсе таңкалып, бир эсе көзүмдөн жаш чыкканча күлдүм. Ошондон кийин Кубаныч байкени көргөн сайын “эл го экөөбүздү үйлөндүрүптүр, эми мени качан аласыз?” деп тамашага салмай адат таптым. Балким, элдер мени алпаруучу Нурзат Токтосунова менен алмаштырып жатышса керек. Анткени, Нурзат жакында эле турмушка чыкпады беле.
– Күйөөгө чыкпасаң, анда “Хит-параддан” кетүүңдүн себебин кандайча түшүндүрөсүң?
– Кыргыздарда “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, менин “Хит-параддан” кеткениме тиешеси бар адамды өз абийирине койдум. Андайлар мени “өчүрөбүз” дешсе да, Кудай берген талантты өчүрүү мүмкүн эместигин билишпейт го. Мен мындай бут тосууларга чөкпөймүн, тескерисинче, менин такшалышыма чоң сабак болот. Анткени, мени апам “таш менен урганды аш менен ур” деп тарбиялаган. Анан да “суу ичкен кудугуңа түкүрбө” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Ошондуктан, жамандыр-жакшыдыр кыргыз телевидениеси аркылуу элге таанылдым. Ыраазычылыктан башка эч нерсе айталбаймын. Азыр дагы деле болсо алпаруучулук талантымды өстүрүү максатында абройлуу адистерден сабак алып жатам. Концерт, кечелерди алпарып, дале эл адына чыгуудамын. Андан сырткары, учурда Эл аралык Ата- түрк Алатоо университетинин котормо бөлүмүндө 5-курсту аяктап жаткандыгыма байланыштуу дипломдук иш жазып жаткан убагым. Ал эми менин теледен чыкпай калганыма күйөрмандарым эч өкүнбөй эле коюшса болот. Анткени, мен кыргыз телевиденисинде мындан да жакшы көрсөтүүлөрдү алпарып, буюрса, элиме өмүр бою кызмат кылам деген тилегим бар.
– Түз эфирди алпаруу оңой эмес да, эфирде сүйлөй турган сөздө­рүң­дү алгач жазып алчу белең?
– Алгач кыйынчылыктар болбой койгон жок. Ал кезде “Хит-парадды” Алексей экөөбүз алып барчубуз, кантсе да мага караганда бир топ тажрыйбалуу да. Мен анын артынан чуркап “кел, сен ырчы жөнүндө сүйлө, мен ыры жөнүндө сүйлөйүн” деп өзүмө план түзүп, даярданчумун. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, жакшы эле такшалып калдым. Анын үстүнө, түз эфирди алпаруу оңой-олтоң иш эмес, кээде сөзүңдөн жаңылып калсаң, кээде туура эмес күлүп аласың. Ал эми акыркы кездерде такшалып калгандыгымдан, түз эфирдин башталаарына 5-10 мүнөт калганда келип, кимдер кайсы ырлары менен чыгаарын билип алып эле телеге чыкчу болгом. Динара эже “эмне деп сүйлөйсүң?” десе, мен “даярмын” деп айтчу элем. Эфир деген ушунчалык мен үчүн кумар болуп калгандыктан, куюлушуп эле сөздөр чыга берчү. Кээде ушундан улам токтоно албай калган учурларым болгонун жашырбаймын. Эфирде сүйлөөгө бир аз чек коюлат, а концерт алып барганда сахнада жөн эле сууда сүзгөн балыктай гана эркин сүзөм. Ошондо өзүмө аябай чоң рахат алып, жеңилдеп калам.
– Назира, сенин чечендигиңден улам “төрөл­гөн­дө эле сүйлөп төрөл­сө керек” деген ой кетет.
– Кичинекейимде, тескерисинче, аябай жоош болуп, бар же жок экендигим деле билинчү эмес экен. Анан ошол ачылбаган, жоош, түнт мүнөзүм менен 4-класска чейин окудум. Кыздар-балдардан таяк жеп, ыйлап эле жүрчү элем. Андан кийин кайдан-жайдан мага тил бүтүп, элдин сазайын берчү болдум. Мугалимдер: “Ай,сайраган Айтбекова, тилиңди төөнөгүч менен төөнөп эле койсо...”- деп урушуп, тартипсиздигимдин айынан апамды мектепке чакырта беришээр эле. Эжейлерим чыгып кетишээри менен аларды куду өзүндөй кылып туурап, классташтарымды күлдүрчүмүн. Ошол убактан ушул кезге чейин сайрап келе жатам. Алгач мектепке, анан университетке, азыр болсо жалпы журтка алпаруучу болуп таанылган кезим.
– Анда талантың да сага «тил бүткөн» соң ачыла баштаса керек?
– Ооба, ошондон кийин аңгеме, ыр жазып, алтургай актрисалык да өнөрүм ачыла баштаган. Эң алгач 5-класста жазган “Айгеримдин көз жашы” деген аңгемем газетага жарыяланган. Ал эми образ жаратууда 10-класста биринчи жолу мектептин сахнасында Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасында Оңолкандын ролун аткардым. Ал ролду ойноп жатканда алдыңкы орунда отурган айылдын кемпирлери менин “келинди башынан кармаш керек” деген сөздөрүмдү угушуп, “ии-ий, туура айтасың” деп алкагандары эсимде. Андан кийин республика боюнча өткөн фестивалга Балыкчынын маданият үйүнүн өнөрпоздору менен катышкам. Ошондо Балыкчы шаары 1-орунду алып, мен “Алтын аяк” драмасында уюн жоготкон кемпирдин ролун жакшы ойногондугум үчүн диплом менен сыйлангам. Алпаруучулук боюнча эң биринчи жолу 10-класста “Сулуулар конкурсун” алпардым. Менин алгачкы чоң ийгиликтеримдин башаты ушинтип жаралган.
– Кемпирди жакшы туураганга жакын болгондугуңдун себептери эмнеде?
– 9 жашыма чейин чоң апамдын колунда өстүм. Андан кийин таене, таятамдын колунда чоңойдум. Ошондуктанбы, картаң кемпир-чалдардын сүйлөгөнү, кыймыл-аракети эмнегедир мага жомоктой сезиле берет. Айылга барганда жолдон карыларды көрүп калсам токтоп, алар менен маектешип, жаштыгын эстетип көп сүйлөшөм.
– Мектепте активист болсоң сабактарды да жакшы окусаң керек.
– Ооба, мектепти жалаң “5” деген баа менен аяктадым. Айрыкча кыргыз тили, адабиятын жакшы окучумун. 10-класста экенимде кыргыз тили, адабиятынан олимпиадага катышып, республика боюнча биринчиликти алгам. Мындай ийгилигим үчүн 10-классты бү­түп, 11-классты окубай эле эч кандай сынаксыз Ататүрк университетине кабыл алынгам. Андан кийин университетте да жакшы окудум, группанын старостасы элем. Университетте ырдап, алпаруучу болуп да, кыскасы, активистка болуп жүрдүм. 2-курста Түркияга барып келдим. Ал жакка барган учурда чачым тиземден ылдый болгондуктан, түрктөрдүн караганы эле мен. Баары: “Чачыңды кантип жууйсуң?”- деп сурай беришчү. Бул суроодон тажаганда: “Чачымды кир жуучу машинага салып коём”,- деп жооп берчүмүн. Түркияга барганда көз тийдиби, ким билет, ал жактан келгенден кийин аябай катуу ооруп, 7 ай төшөктө жатып калдым. Андан да чачымдын түшкөнүн кантесиң, жаткан жаздыгыма жөн эле төгүлүп калчу да. Арыктаганымды айтпа, 53 килограмм элем, 38 килограмм болуп калганмын. Ооруп жатсам да, агайлардын өтүнүчү боюнча бир кечени алпарып берген элем. Баарынан кызыгы, ошондо сахнага чыгып, кадимкидей айыгып калгам. Ошондо мен жалаң сахна, күйөрман, эл үчүн жаралган жан окшоймун деп ойлоп калган элем. “Хит-парадга” чачым узун болгону менен суюк кезинде келдим. Анан эмне кылып жасалгалаарымды билбей, айласыздан кыркканга туура келген. Азыр кайра чачымды өстүрүп жатам.
– Чач өстүргөнүңө эмне түрт­кү болгон?
– Менин чачым апамдыкын тарткан. Апам күзгүнүн тушуна барып, чачын алдына түшүрүп алып тараса, көзүмө ушунчалык периштедей көрүнчү. Аябай суктанчумун, анан чачымды кеспеймин деп өзүмө-өзүм сөз берген элем. Апама Кудай сулуулукту, акылдуулукту, мээримдүүлүктү, кыскасы, аялзатына тиешелүү бардык сапаттарды берген. Апамдан ушундай жакшы сапаттарды өзүмө алганга аракет кылам. Досум да, сырдашым да, сынчым да – апам. Өзү консерваторияны бүткөн. Учурда Бишкектеги №8-музыкалык мектепте комуз сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Комузда аябай жакшы ойнойт. Таланттуу, бирок, таланты ачылбаган бойдон калган. Ошондуктан, апам жетпеген бийиктиктерге мен жетсем экен деймин.
– Учурда сага жөлөк болгон жигитиң барбы? Ушул тууралуу айтып берчи?!
– Мен апамдын курсагындагы кезимде эле баары мени эркек деп кү­түшчү экен. “Кыз болуп төрөлсөң деле эркек баладай мамиле кылчумун”,- дейт апам. Өзүм да жалаң балдар менен согушмай, машина айдамай ойночумун. Ошондон улам болсо керек, кыздарга жакын эмесмин. Ушул кезге чейин балдар менен достошуп жүрүп, жигитти деле ойлобоптурмун. Көрсө, жигит күткөн жакшы нерсе турбайбы. Учурда жигитим бар, ал азыр чет жакта билим алууда. Келечектен көптү үмүттөн­дүргөн, акылдуу, билимдүү көлдүк жигит. Буюрса, окуусун аяктап келген соң эки жылдан кийин баш кошобуз деп жатабыз.
– Андан башка да артыңдан ээрчиген күйөрман жигиттериң көп болсо керек?
– Көп, анын үстүнө, кичине таанымал болуп калсаң эле “дос бололу” дегендер, чындап сүйүү­сүн арнагандар чыгат экен. Элге таанымал эле кишилерден “үй алып берем, машина сатып берем, төрөп эле бер” дегендери да болбой койгон жок. Бассам-турсам Кудайдан ыйманым менен күйөөгө тийсем экен деп тилеймин.
– Алпаруучулар тойлордо тамада болушчу эле.
– 3-4 жолу той башкарып көрдүм, колумдан келе турган иш экен. Бирок, концерт алып барганга караганда той башкаруу бир топ кыйыныраак экен. Ар бир адамдын өзүнө жараша мамиле жасоо, ар кандай кырдаалдан чыгып кетүү керек дегендей... Кыскасы, алпаруучу психолог болушу зарыл. Бирок, абалды туура баамдай алсаң, тойду кынтыксыз башкара алууга жетесиң.
– Жана өзүң айткандай ырдоо өнөрүң да бар тура. Анда эмнеге ырдап чыкпайсың?
– Ооба, жакшы эле ырдайм, балким, келечекте мени күйөрмандарым сахнадан ырчы катары да көрүп калуулары мүмкүн. Андан сырткары, ушунчалык киного тартылып, элиме артисттик да өнөрүмдү көрсөткүм келет.
– Киного тартылууну сунуштап, бирок, «терс каармандын ролун ойно» десе макул болот белең?
– “Министирдин кызынын махабаты” деген кинонун кастингине барып өтүп кеткем. Сценарийди окуп чыкканымдан соң режиссёр: “Ролуңду аткарып көрсөтсөң”,- деп суранды. Терс каарман Зинанын ролу болгондуктан, колуна героин сайынып алып, жарым жылаңач жатып алып, уят сөздөр­дү сүйлөгөн жерлерин аткарып бердим. Режиссёр: “Жакшы ойнойт экенсиң, биз сени Зинанын ролуна бекитебиз”,- деди. Мен ойлонуп көрүп, баш тарттым. Анткени, мындай көрүнүш кыргыздын менталитетине туура келбейт. Эл туура эмес ойлоп калышы мүмкүн. Эгер «куу, бузукулардын ролун ойно» десе аткарат болчумун.
– Сен качандыр бир кезде өз кесибиң менен иштеймин деп ойлойсуңбу? Анткени, өз кесибиң менен иштесең көбүрөөк акча тапканга болот болуш керек.
– Билбейм, балким, иштеп калаармын. Азырынча менин көкүрөгүм, каалоом акча эмес, жалаң гана чыгармачылык жакка тартат. Чыгармачылыктан сырткары, өзүм кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Баса, бир жаңылык, бир түрк билим берүү мекемесинин 15 жылдыгына карата өткөрүлгөн спорт жана маданият конкурсунун сыйлык тапшыруу аземин алпардым. Түркиядан келген меймандар алпаруучулук чеберчилигимди жактырышып, эмдиги жылы ушул маалда Түркияда өтүүчү дүйнөлүк таланттардын катышуусунда өтө турган чоң салтанатты Түркиянын тандалган алпаруучулары менен түркчө алпаруума жолдомо беришти.

Маектешкен Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан