Кубаныч Сатаев: «АТАМ ТИРҮҮ БОЛГОНДО МЕН БАШКА АДАМ БОЛМОКМУН»

Атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып ырдап жүргөн Кубаныч Сатаев баарына белгилүү болгондой, залкар ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу. Ал 1981-жылы 24-ноябрда Бакайата районунун Боотерек айылында туулган. Үч бир туугандын улуусу.

– Кубаныч, кыргыздын залкар таланты Чубак Сатаевдин туягы эмессиңби. Айтайын дегеним, сен төрөлгөндө эле ырчы болуп төрөл­сөң керек?
– Айта албайм. Анткени, мен кичине кезимде өтө жоош, тартынчаак бала болчумун. Үйгө чоң таланттар көп бараар эле. Ошондо алар: “Кана, азамат бала болгон турбайсыңбы, атаңдын ырларынан ырдап койчу?!” дешсе жер карап эле уяла берчүмүн. Мага караганда кичүү иним “шустрый” болгондуктан, атамдын шылдырагын ала калып менин ордума ырдап кирчү. Бирок, бара-бара мен да көнө баштадым. Үйгө келген артисттер менен сүйлөшүп, алардын аспаптарын алып ойногонго аракет кылчумун. Ошентип жүрүп кийинчерээк атамдын ырларын ырдап, ар кандай конкурс-фестивалдарга катышууга жарап калдым.
– Атаң менен гастролдорго чыккан учурларың да болдубу?
– Атамдын “Арманы” популярдуулуктун туу чокусуна чыгып турган маалда атам, байкем Кушчубек Сатаев жана мен болуп Ошко гастролго барганбыз. Ошондо Рыспай Абдыкадыровдун үйүнө барып конок болгонубуз такыр эсимден кетпейт. Кетээрде өзүнүн аккордеонун атама белекке берген эле. Кийин атамдан ал аккордеон мага калды. Азыр сувенир катары үйдө сакталып турат.
– Атаң сенин чыгармачыл адам болушуңду каалачу беле?
– Жок, атам “сен артист болбойсуң” дечү эле. Мен кичинемде аз сүйлөп, мүнөзүм кырс болгондуктанбы, «аскер адамы болосуң» дей берчү. Суворов атындагы аскердик окуу жайга тапшыртам деп көп айтчу. Бирок, тилегине жетпей, мен 5-класста окуп жатканда көз жумуп кетти. Атам тирүү болгондо балким, мен такыр чыгармачылыктан алыс адам болуп калмакмын.
– Эмне үчүн артист болушуңду каалачу эмес?
– Атам эле эмес, үйдөгүлөрдүн баары бул кесиптин ээси болушумду каалашчу эмес. Анткени, бул татаал кесиптин түйшүгүн биздин үйбүлө сезип калышты да. Мен чоң энем менен чоң атамдын колунда өскөм. Алар ырчылык дегенди тим эле мокочо элестетишчү. Апам дегеле бул кесип жөнүндө уккусу келчү эмес. Анткени, атам бир жылдап деле үйг&11257; келбей гастролдоп жүрө берчү экен да, ушунун айынан үйдөн ырк кетип, апам кетип калганга чейин барыптыр. Ушулардын баары мени чыгармачылыктан алыс болушума таасирин тийгиздиби, билбейм, өзүм деле ырчы болууну каалачу эмесмин. Тынч эле столдо отуруп, туруктуу бир жумушта иштегим келчү. Ошондон улам мектепти бүткөн соң Искусство институтунун телеоператордук жагына тапшыргам. Алгач өз окуумду окуп жакшы эле жүрдүм, кийин 3-курска барганда жатаканада жашаган балдардын комуз, аккордеон ойногонун көрүп эле мен да кызыгып кетсем болобу. Аккордеондун улам татаал баскычтарын үйрөнүп отуруп акырында такыр колумдан тү­шүрбөй калдым. Ушул күндөн баштап өз кесибиме болгон кызыгуум акырындап тарай баштады.
– Музыкага өтө кызыгып кетип өз кесибиңди таштап койгон жоксуңбу?
– Таштаган жокмун, бирок, 3-курсту бүткөндөн кийин филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып көрүүнү туура көр­дүм. Бирок, ал жылы студияга өтүү бактысы мага буюрбаган экен, кулатып коюшту. Эми ойлосом ал кезде чын эле менин слухум начар экен эле. Мен болсо жаштык кылып мугалимдерди кү­нөө­лөп жү­рүп­­түрмүн. Ошондо аккордеонумду асынып алып кабинеттен көзүм­дүн жашын агызып ыйлап чыкканым эсимде. Ушундан кийин катуу намыстанып, кийинки жылы кайрадан тапшыруу үчүн күнү-тү­нү аккордеонду колумдан түшүрбөй репетиция кылып ырдаганым ырдаган эле. Кошуналарым тажашканда: “Болдучу, бизге тынчтык бересиңби?” деп эшикти такылдатып келишчү.
– Мындай тынымсыз репетицияңдын кийинки жылы пайдасы тийдиби?
– Тилекке каршы, кийинки жылы да тийген жок. “Эми өтсөм керек” деген жакшы оюмду таш каап, анда да экинчи турдан кулап калдым. Мында да былтыркыдай ызамды ыйдан чыгарган боюнча жолума түштүм.
– Эми студиядан да көңүлүң калып калса керек?
– Алгач көңүлүм калган. Ал жылы оператордук окуумду да аяктап калгам да, “болду, Таласка кетем” деп кийимдеримди салыштыра баштадым. Чемоданымды көтөрүп алып автовокзалга жөнөп жатсам бир досум келип: “Куба, опера-балет театрында да студияга кабыл алып жатышыптыр, ошол жакка барып көрбөйсүңбү?!” деп калды. Мен дароо эле жөнөдүм. Барсам чын эле кабыл алып жатышкан экен, дагы бир жолу өзүмдү сынап көрөйүн деп тапшырсам, Кудай жалгап өтүп кеттим. Ошентип, опера-балет театрынын эки жылдык студиясында окуп калгам.
– Сенде чыгармачылыкка олуттуу киришүү качантан башталды?
– Студияны бүткөн соң мени тагдыр кайрадан Таласка айдады. Ал жакта телевидениеде редактор болуп бир жыл иштедим. Ошол эле учурда жумуштан кийин кафеде да ырдап жүрдүм. Анан акыркы убактарда ар кимден: “Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Шаарга барып ырда. Атаңдын жолун улантышың керек” деген сыяктуу сөздөрдү көп укчу болдум. Ошол сөздөр катуу таасир этип кеттиби, бир күнү эле тура калып шаарга баса бердим. Эч кимге айткан да жокмун. Жада калса жумушумдагылар да билбей калышты.
– Анан келээриң менен эле ырдап кирдиңби?
– Кайдан? Бир топ кыйналдым. Бир кафеге кирип алып, көпкө чейин чоң сахнага чыга албай ошол кафеде иштеп жүрдүм. Биринчи жолу Канат Култаевге барганым эсимден кетпейт. “Мага продюсер болбойсузбу?!” десем ал: “Менин азыр убактым жок. Темир менен иштешип жатам. Мирбек деген баланы жаңы алдым. Ушул экөөнөн менин убактым артпайт. Эртерээк келгениңде мен сени алмакмын. Сен продюсерсиз эле өзүң аракет кылсаң, чыгып кетесиң” деген. Ушул сөздөр мага кандайдыр бир дем-күч бергендей болуп, өзүмө ишенип калдым. Тапкан акчамды кашыктап чогултуп жүрүп алгачкы ырым “Түштүк кызынын” аранжировкасын жаздыргам.
– Биринчи ырың жарыкка чыкканда өзгөчө кубансаң керек эле?
– Атамдын өзүнүн аткаруусундагы “Түштүк кызы” дискте сакталуу болчу. Ошону Ильяс Абдыразаковго алпарып берсем ал ойлонуп отуруп менин аранжировкама ошондон кесип алып кошуп коюуну туура көрүптүр. Мен ырдаган “Түштүк кызынын” башындагы аккордеон ойнолгон жери атамдын өзүнүн ойногону. Үйгө алып келип угуп, ушунчалык жактырдым. Ал эле эмес, кубанычтан ыйлагым келди. Ошондон бери азыр кандай ыр жаздырбайын даяр болгондо тим эле өзүм балалуу болгондой кубанам.
– “Түштүк кызынын” клибине эмне үчүн Назира Айтбекованы тандап алдың эле?
– Биз Назира экөөбүз мурун эле тааныш болчубуз. Бирок, аны клипке тартууну Мырза Айдаралиев сунуш кылган. “Ушул кыздын артисттик чеберчилиги жакшы, ушуну тарталы” дегенде мен макул болгом.
– Назира экөө­ңөрдүн ортоңордо сүйүү мамилеси бар дегендер да бар экен...
– Ооба, эмнегедир ошентип ойлошот экен. Жакында Таласка гастролго барып келдим. Ал жактан да тааныштар жолугушуп: “Сен Назирага үй­лөнүп алган турбайсыңбы” дегендер болду.
– Негизи, сүйлөшкөн кызың барбы?
– Азырынча жок.
– Кубаныч, башында сенин ырдаганыңа каршы болгон үйбү­лөңдүн сен популярдуу болгондон кийин көз караштары өзгөрдүбү?
– Чоң энем жакында гана: “Эми ырдайм деп ушул жолго түшүп калыптырсың. Аракетиңдин үзүрүн көрүп, ойлогон оюңа жет” деп батасын берди. Калгандары да моюн сунуп калышты.
– Башка бир туугандарың да ырдашабы?
– Үйдөн улуусу мен. Менден кийинки иним автокырсыктан көз жумган. Кичүү иним болсо башында ырдаганга кызыгып жүрчү. Азыр беш маал намаз окуп, мусулманчылыкка берилип кеткен. Ислам боюнча ырдаганга болбойт экен. Ошондуктан, азыр ырды таштап койгон. Ал эми атамдын жолун жолдогон бир тууган иниси Кушчубек Сатаев болду. Азыр экөөбүз “Чубак” тобун алып жүрөбүз.
– Атаңдын ырлары азыр сенин наамыңдабы?
– Ооба, юридикалык жактан менин наамыма өткөн.
– Анда бул ырларды ырдагысы келгендер сенден уруксат сураш керек экен да?
– Мага минтип кайрылгандар көп болот. Айрыкча жаш ырчылар көп кайрылышат. Бирок, мен алардын көпчүлүгүнө тескери жообумду берем. Атамдын ырларын кор тутуп, буздургум келбейт. Ылайыгы келгенине берем. Мисалы, жакында эле Кутман Жолдошов бир ырын сурады эле, бердим.
– Атаңдын атын пайдаланган учурларың болду беле?
– Мен өзүм “мен Чубактын баласымын” деп төшүмдү каккылабайм. Бирок, атамдын мен тааныбаган эле күйөрмандары “сен Чубактын уулу турбайсыңбы” деп өздөрү келишип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ал тургай акчалай жардам көрсөткөндөр да жок эмес. Мирлан деген таксист байке бар. Аны менен кокусунан таанышып калсам, атамдын убагындагы күчтүү күйөрманы экен. Азыр да катташып, жакын мамиледебиз. “Түштүк кызынын” клибин тартуу учурунда таксиси менен бизди ташыган жакшылыгын эч унутпайм.
– Артист достору да сага колдоо көрсөтүшөбү?
– Ырчы досторунан материалдык колдоо көрбөсөм да моралдык жактан колдоо алып келем.
– Азыр апаң айылдабы же шаарда сени мененби?
– Апам медсестра болуп иштеп, учурда айылда иним экөө турушат.
– Гастролго барганда өзүңдүн айылыңа да бардыңбы?
– Бардым, аябай жакшы кабыл алышты.
– Гастролдон таап келген акчаңды эмнеге коротоюн деп жатасың?
– Гастролдон 5 миң доллардай акча менен келдик. Кушчубек байкем “машина алып берейинби?” деди эле макул болгон жокмун. Андан көрө ушул акчага ырларды жаздырып, клип тарттырып чыгармачылыкка жумшайын дедим.
– Дагы каякка гастролго чыгууну пландаштырып жатасың?
– Эми “Түштүк кызы” деген концерт менен Ошко баралы деп жатабыз. Буюрса, эми оштук туугандарды кубандырабыз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан