Эдил Эркинбаев: «ТООКТОРГО КОНЦЕРТ КОЙЧУМУН»

Эдилдин ди-джей кезиндеги жагымдуу үнү кулактарынан кетпей, бир угууга зар болуп жүргөн радио угармандар көп болсо керек. Анткени, анын угармандарынан алыстап, башка чөйрөгө кеткенине бир топ убакыт болуп калды. Демек, бир аз да болсо Эдил жө­нүндөгү маалыматка чаңкап турган анын күйөр­ман­дары чекеден табылат. Андай болсо төмөнкү маекке назар салыңыз.

Эдил Эркинбаев 1983-жылы 6-августта Каракол шаарында туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Бойдок.

– Эдил, сен ди-джей болуп эмгектенип, өзүңдүн жагымдуу коңур үнүң менен көп кыздардын жүрөгүнө бүлүк салдың эле. Күйөрмандарыңды сагынтып кайда, эмне иш кылып жүрөсүң деги?
– Күйөрмандарым билгендей, ди-джейликти таштаганыма бир жылдай убакыт болуп калды. Атамдын фирмасы бар. Учурда ошол фирманын иштери менен алектенип жүрөм. Кээде Бишкекте болсом, көпчүлүк учурда Көлдө ата-энемдин кашындамын. Досторумдун чакыруусу менен чет өлкөгө кеткенге да көп эле мүмкүн­чү­лүк түзүлөт. Бирок, ата-энем, бир туугандарымдын маңдайында көбү­рөөк болуп, алардын азыркыдай бактылуу учурун коё бергим келбейт.
– Сенин радиодон кеткениңди ар ким ар кандайча божомолдоп жүрү­шөт. Айрымдар «жамааты менен урушуп кеткен» деп да айтышат экен...
– Мен да ушундай сөздөрдү угуп калам. Бирок, эч кандай уруш-талашы жок эле өз каалоом менен кеткем. Кетишимдин негизги себеби, бир орунда тура бербей, жаңычылыкка умтулуу, жаңы чөйрөгө аралашып, көп кырдуу жашообуздун дагы бир ашуусун багынткым келди. Мен бул чечимди кетишимден жарым жыл мурун кабыл алгам. Бирок, кесиптештерим «дагы бир аз иште, балким, оюң өзгөрүп кетээр» дешкендиктен, дагы жарым жыл иштедим. Ошентсе да баары бир ке­түүгө туура келди. «Кыргызстан Обондорунун» жамааты менен азыр да мамилем жакын. Жакшылыгыбызды тең бөлүшүп, бир туугандай ынтымагыбыз жакшы.
– Негизи, радиого иштөө укугуна кандайча ээ болуп калдың эле?
– Мен анда Президенттин алдындагы башкаруу академиясында 3-курста окучумун. Бир күнү бир досум: «Кыргызстан Обондору» ди-джейликке кастинг жарыялап жатыптыр. Жүрү, барып катышып көрөлү» деп келип калыптыр. Мен болсо көбүн эсе орус тилинде сүйлөп, чет элдик аткаруучулардын ырларын жактырып уккандыктан, кыргыз тилинде ди-джей болууга такыр кызыккан эмесмин. Досумду «койчу, мен барбайм» деп жолго салганмын. Бир аз күн өткөн соң баягы досум: «Жүр­чү эми, барып келели, кастинг бүтүп кала элегинде» деп кайра келиптир. Досумдун көңү­лүн карап бардым. Ошентип, сыноодон досум эмес, мен өтүп кетип жатпаймынбы. Досум бир топко чейин эмнегедир мага таарынып жүрдү . Мен болсо жумушка киргеним менен ата-энемдин каршылыгына кабылдым. «Өзүң­дүн жакшынакай окууң турса ди-джей болуп эмне кыласың? Иштебе» дей башташты. Мен «макул» деп коюп иштей бердим. Алар да алгач иштеп жатканымды билишкен жок, анткени, Караколдо «Кыргызстан Обондору» тартпайт да. Кийинчерээк шаарда жашап, радиону уккан тааныш - туугандардан мен жөнүндө жакшы пикирлерди угушуп, көнүп калышыптыр.
– Иштеп жүргөнүңдө сенин үнүңө арбалган күйөрман кыздарың көп болсо керек эле?
– Бар болчу. Ал күйөр­ман­да­рымдын айрымдары менен алиге чейин мамилемди үзө элекмин. Башкалардан өзгөчө мамиле жасаган күйөр­мандарым да бар эле. Менден жашы улуураак бир күйөрманым «Чексиз сүйүүм менен «Кыргызстан Обондорунун» мырзасына» деген жазуулары бар ар кандай белектерди алып келип мага бер­чү. Мен болсо белектеги жазууну окуп, «ал эже мени кантип сүй­сүн? Анын үстүнө жашы да улуу болсо...» деп эле анын берген белектерин бизде иштеген байкелерге алып барып бере берчүмүн. Кийин ал кызды ала качып кетишиптир. Бирок, ал кыз экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле болбосо да, күйөөсү кызганып жатып экөө ажырашып кетишкен экен. Бир топ убакыт өткөн соң баягы күйөр­маным баласын көтөрүп мага келген. «Биз күйөөм экөөбүз тең кара торубуз, бирок, балабыз сары болуп сага окшошуп калды деп күлөт. Кызганыч акыры бизди ажыраштырды» дегенде аябай өзүмдү жаман сездим. Азыр ал эже менен жакшы достук мамиледебиз. Дагы бир күйөрман кызым мен Назира менен эфирди алпарсам эле эртеси телефон чалып, аны коркутчу экен. Кыскасы, андай күйөрмандарым көп эле болчу.
– Иштеп жүргөнүңдөгү эсте калган окуяларыңдан айтып берсең?
– Бир жолу «Арзуу» программасында эки жаштын бактысыз сүйүүсү тууралуу баянды окуп, баш каармандардын атын Канат жана Мира деп оюмдан чыгарып эле өзгөртүп койгон элем. Көрсө, биздин жашоодо чын эле Канат менен Мира деген башка сүйүшкөн бактылуулар бар экен. Программа чыккан соң жакында үйлөнүүнү пландап жатышкан бул жаштар келип чыр чыгарганы эсимден кетпейт. Катты көрсө­түп жатып араң жоошутканбыз.
– Эми сенин ырчылык өнөрүңө кайрылсак. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп ырчылыгыңды ди-джейлик менен эриш-аркак эле алып кеттиң беле?
– Ошондой болду. Иштеп жүргөндө «Гүлүм, ай» деген алгачкы ырымды жаздыргам. Андан кийинкилерине «Сен менин бакытымсың», «Күнүм болчу» аттуу ырларым кирет. Негизи, менин ырчылыкка кызыгып кетишиме профессор Улукмырза Полотовдун чоң салымы бар. Мен радиого жаңыдан ишке орношкондо үнүм жакшы болгону менен дикциям жакшы эмес болчу. Дикциямды оңдоо максатында кесиптештеримдин кеңеши менен Улукмырза Полотовдон вокалдан сабак алууга баргам. Улукмырза агай менин үнүмдү угуп: «Сенин үнүң жакшы экен, окууңду да, жумушуңду да таштап, консерваторияга тапшыр. Ырчы болосуң» дей баштады. Мен алгач агайдын сүрүнөн коркуп эч нерсе дей албай жүрө бердим. Ал мени фольклор ырчысы кылгысы келчү. Кийин гана консерваторияга тапшыра албасымды айтсам, анда филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыруумду сунуш кылды. Ошентип, агайдын сунушу менен филармониядагы студиядан окугам.
– Ырчылыкка кичине кезиңен бери кызыгасыңбы же сенин ырчы болуп калышыңа жалгыз гана Улукмырза Полотов «күнөө­лүүбү»?
– Албетте, Улукмырза агай түрткү болду. Баарынан да агайымдын мага баласындай кылган мамилесин, ак ниети менен жардам, жол көр­сөт­­көнүн баалап, чексиз ыраазычылыгымды билдирип келем. Ырчылыкка кичине кезимден эле кызыкчумун. Кошунанын балдарын жерге кыдырата отургузуп коюп, өзүм гараждын башына чыгып ырдап, балдарды кол чаптырчумун. Ал эле эмес, тооккананын алдына барып тоокторго «концерт койгонум» такыр эсимден кетпейт. Мен ырдаганда тооктор баштарын бийик көтөрүп, угуп жаткандай болуп туруп калышканы мага кызык кө­рүнүп, кайра-кайра ырдай берчү элем. Менин мындай талантымды биринчилерден болуп мектепте музыкадан сабак берген Мая эжеке байкап, ар кандай майда кароо-сынактарда ырдатып койчу.
– Үйбүлөдө сенден башка дагы кимдин музыкага шыгы бар?
– Эч кимдин. Атам геолог, апам болсо врач. Үйбүлөдө биз беш бир тууганбыз. Агам, эжем, иним, карындашым бар. Алардын бири да ырга кызыкпаганы менен менин эң биринчи күйөрмандарым десем туура болот. Мени алга сүрөп, дем-күч берген ушул асыл адамдар. Дагы бир нерсени айта кетпесем болбос, чоң атамдын атасы Көл өрөөнүндө таанымал Айтыбар чечен болгон экен. Комузун көтөрүп, аш-тойлордо ырдап, эл батасын алган инсан экен. Балким, ал кишинин бир нерсеси мага жуккандыр. Ким билет...
– Беш жыл окуп билим алган кесибиң менен иштейин деген да оюң барбы?
– Мен кесибим боюнча менеджермин. Азыр магистратурада окуйм. Бирок, магистратураны бүткөндөн кийин деле дипломум сандыкка түшөт окшойт. Бирөөгө баш ийип иштөөнү каалабайм, өзүмө-өзүм кожоюн болгум келет.
– Анда бул окууга өз каалооң менен окубагансың го?
– Антсем да болот. Кичинемде мен негедир доктур, мугалим же милиционер болгум келчү. Башкача айтканда, эл менен иштесем деген тилегим бар эле. Мектепти аяктап, чоң шаарга өзүм жалгыз келгеним эсимде. Биринчи мед­академияга тапшырып, контракт бө­лүмүнө өткөм. Ал жылы эжем да медакадемиянын контракт бөлү­мүндө окучу. Ошондуктан, ата-энемди кыйнабайын деп азыркы окуума барып тапшырып алгам.
– Үйлөнө элексиңби?
– Жок, жакынкы үч жылда үйлөнбөйм го. Болочокто мага жар боло турган кыз үч жылдан кийин окуусун аяктайт, ошондо үйлөнөм.
– Ал кыз жөнүндө кененирээк билсек болобу?
– Ал кыз медакадемияда окуйт. Андан башка эч нерсе айта албайм.
– Күйөрман кыздарың сенин машинаңдын кандай маркада экенине да кызыгышса керек...
– Былтыр туулган кү­нүм­дө атам «Мерседес-220» маркасындагы машина сатып берген. Атам мурун: «Сага кандай машина сатып берейин?» десе мен жөн эле «Мерседес» деп койчумун. Анымды атам чын көрүп алып туулган күнүмдө мени ушул машина менен кубандырган.
– Эми алдыда кандай пландарың бар? Өз кесибиң боюнча иштебегенден кийин ырчылыкка баш-отуң менен киришээрсиң?
– Мен күнүмдүк ырчы эмес, салмактуу, түбөлүк­түү ырчы болууну каалайм. Азыр ошол сапаттуу ырчы болуп чыгууга аракет кылып жаткан учурум. Калганын убакыт көр­сөтөөр.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан