2006-жылдын эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчысы Мирбек Иманбеков: «АЗЫР АЙГҮЛДӨЙ ЖАКЫН АДАМЫМ ЖОК»

Лариса, 19 жашта, Бишкек:
– Мирбек, саламатсыңбы? Мен сени менен сүйлөшүп жатканым үчүн чексиз кубанычтамын.
– Рахмат, мен да кубанычтамын. Суроо берейин дедиңиз беле?
– Эркектердин ортосунда чыныгы достук бар деп эсептейсиңби?
– Албетте, бар.
– Бар болсо силер Султан, Акбар, Чыңгыз төртөөңөр эмне үчүн алыс­тап кеттиңер? «Ант беришкен кан достордонбуз» деп жүрчү эмес белеңер?
– Төртөөбүздүн кан достордон болгонубуз чын. Жатаканада чогуу жашап жүргөн кезибизде түнү менен уктабай төртөөбүз сүйлөшүп, акырында “кандай күнгө туш болсок да достугубузду бузбайбыз” деп бири-бирибизге убада беришкенбиз. Тилекке каршы, убакыт өткөн соң биздин андагы антыбыз унутулуп, ортодо анча-мынча жаракалар пайда боло баштады.
– Демек, алар менен азыр мамилең жакшы эмес экен да?
– Ошондой деп койсом да болот.

Уксамай, 15 жашта, Бишкек:
– Концертиңизде эмне үчүн атаңызды эмес, апаңызды сахнага алып чыккансыз?
– Мен атамды мурдагы концертиме чакыргам, бул концертиме да чакырып жатам. Бирок, атам дайыма эле келе албай калат. Анткени, айылда мал-жанды караган да, короо-жайды караган да атам. Биз, бир туугандар ар кайсы жакка тарап кетип, азыр айылда атам, апам неберелери менен эле калышкан. Ошондуктан, атам үйдөн чыкса эле тиричилик токтоп калчудай болот. Бул концертиме келсе, сөзсүз сахнага алып чыгам.
– Бир миллион долларыңыз болсо эмнеге жумшамак элеңиз?
– Эң биринчи эле мечит салдырмакмын. Андан кийин өнүккөн өлкөлөрдөгү клубдардай аябай чоң клуб салдырмакмын. Андан ашканын өзүмө жумшайт элем.
– Өзү­ңүз­гө эмне сатып алат элеңиз?
– Аларды ай­та берсе көп. Андан көрө санабай эле коёюн. Кыскасы, жетишпеген нерселеримдин баарын сатып алмакмын.
– Акыркы жолу “сүйөм” деп кимге айттыңыз эле?
– “Жакшы көрөм” дешим мүмкүн, бирок, “сүйөм” деп ушул убакка чейин эч кимге айта элекмин. “Жакшы көрөм” деп качан айтканым да эсимде жок. Кыязы, өтө эле көп кызга айтып койсом керек.

Гүлнара, 16 жашта, Бишкек:
– Сиз менен сүрөткө түшкөн күйөр­ман кыздарыңызды кийин көрсөңүз тааныйсызбы?
– Бир жолу түшкөнүн тааныбайм. Күйөрман кыздарымдын ичинде мен кайсы концертке катышпайын, концерттен кийин сөзсүз сүрөткө түшүп кеткендери бар. Ошолорду кийин көрсөм да таанып калам.
– Машина айдаганды качан үй­рөнгөнсүз?
– Мен биринчи машина айдаганды эмес, трактор айдаганды үйрөнгөм. Анда мектепте 2-3-класстарда окучумун. Ар кайсы жерде топ-топ болуп үйүлгөн куурайларды агам прицепке ыргытканда мен тракторду жылдырып жүрүп отурчумун. Агама жардам бер­чү менден башка эч ким жок болуп калгандыктан, трактор айдаганды мага үй­рөтүп койгон. Кичинекей болгондугумдан, рулду катуу кучактап, туруп алып айдачумун. А машинаны болсо 9-10-класстарда окуп жүргөндө айдадым окшойт. Аны да агам машинасын токтотуп коюп үйгө кирип кеткенде уурдап минип жүрүп үйрөнүп кеткем.
– Азыркыңыз биринчи машинаңызбы?
– Ооба, биринчи машинам.

Эля, Бишкек:
– «Урмат Усеновду өкүл ата кылам» деп жүрөт экенсиң? Эмне үчүн?
– Урмат Усеновду мен адам катары катуу сыйлайм. Ал өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигит. Ага биринчи жолу жолукканым да такыр эсимден кетпейт. Ал кезде Урмат бир топ эле таанылып калган болчу. Мен болсом ырдап чыгуу­га далалаттанып жүргө­нүм менен атым чыга элек кезим. Телевидениеге барсам, Урмат да ошол жакта жүрүптүр. Алгач “жанына барсамбы, барбасамбы” деп бир азга тартынып турдум да, тобокелге салып жанына барып учурашып, өзүмдү тааныштыра кеттим. Көңүл коюп угуп турду да, шашпай мени менен сүйлө­шүп, шоу-бизнестин анча-мынча сырларын айтып берген эле. Ошол күндөн ушул күнгө чейин менин көкү­рөгүмдө Урматка болгон жылуу сезим жашап келет. Ошондуктан, “үйлөн­гөндө мен сени өкүл ата кылам” деп дайыма айтып жү­рөм.
– Апаңды качан келиндүү кылайын деп жатасың?
– Кудай буюрган күнү. Менден улуу үйлөнө элек бир байкем бар. Ошол үйлөнмөйүнчө үйлөнбөйм го.
– Популярдуу боло элек кездеги Мирбек менен азыркы Мирбектин кандай айырмасы бар?
– Мурунку Мирбек баёо, эч нерсе менен иши жок болчу. Анан да курсагы тоюп, уйкусу канса болду эле. Азыр болсо “заманың бөрү болсо бөрү бол” дегендей, чөйрөсүнө карап бир аз куулукка, тырышчаактыкка, көп уктабаганга үйрөнгөн.
– Медер Осмоналиевдин концертинде Кайрат Примбердиевден кат берип жибергем. Алдыңыз беле?
– Жок, алган эмесмин. Кайрат өзү чөнтөгүнө салып алса керек.

Гүлнара, 16 жашта, Бишкек:
– Таластыктар бешбармакты жакшы көрүшөт эмеспи. Сиз да жакшы көрө­сүзбү?
– Менин эң жакшы көргөн тамагым бешбармак да. Эжемдер үйгө келип калышса дароо эле бешбармак жасатып жейм. Бирок, азыр бешбармак жей элегиме бир айдай болуп калды. Кафеден жейм, бирок, алар баары бир үйдүкүнө окшобойт.
– Эгерде бешбармак жасай албаган кызды сүйүп калсаңыз эмне кылат элеңиз?
– Адамдын колунан келбеген эч нерсе болбойт. Баарын үйрөнсө болот. Жасай албаса үйрөнмөк. Сүйүүгө бешбармакты алмаштырган болбойт го...

Айнура, 21 жашта, Бишкек:
– Азыр шаарда ким менен турасың?
– Ирлан Таалайбеков, дагы бир иним болуп турабыз.
– Квартираны ижарага алыппы же өзүңөрдүн үйүңөрдөбү?
– Квартирада турабыз.
– Квартирага канча төлөйсү­ңөр?
– 130 доллар төлөйм. Бир бөлмөлүү.
– Аны ортодон чыгарып төлө­бөйсү­ңөрбү?
– Жок, мен өзүм эле төлөйм.
– Үй жумуштарын өзүңөр жасайсыңарбы?
– Үй жумуштарына мага кол тийгиздиришпейт. Үй шыпырайын деп эми эле шыпыргыны кармасам: “Жөн эле кой, өзүбүз кылабыз”,- деп эки иним эле баарын кылып коюшат. Тамакты да ошолор жасашат. Бирок, биз эжемдер келгенде гана жакшы тамак жасатып жебесек, рожки басып, жумуртка кууруп эле жей беребиз. Анан көбүнчө кафеден тамактанабыз. А кирлеримди өзүм жууйм. Кир кийимдерим көбөйүп, топтолуп кете турган болсо, мага жакын жашаган эжеме алып барып берем.

Зарылкан, 13 жашта, Бишкек:
– Үйдүн канчанчы баласысыз?
– Он бир бир туугандын онунчусумун. Менден кичүү бир карындашым бар.
– Кичүү бала болсоңуз айылга кетет турбайсызбы. Анда чыгармачылыгыңыз эмне болот?
– Биз байкем экөөбүз өз ара келишим түзүп алганбыз. Келишимибиз боюнча ал үйлөнсө айылда ата-энемдин жанында болуп турат. Мен шаарда жашап турам. Анан кийин-кийин балким, өзүм барам.
– Күйөрмандарыңыздан алган эң кымбат белегиңиз эмне болгон?
– Мен күйөрмандарымдан алган белектерди мунусу арзан, мунусу кымбат деп бөлбөйм. Мен үчүн алардын баары эле кымбат. Ошентсе да бир күйөр­манымдын Кааба таштын сүрөтү бар чоң картинасын өзгөчө баалайм.

Динара, 22 жашта, Токмок:
– Бир туугандарыңдын кимисине өзгөчө жакынсың?
– Башка бир туугандарыма караганда эң кичүү карындашым Айгүл менен өзгөчө жакын болчумун. Экөөбүз удаа болгонгобу, бири-бирибизден сырларыбызды жашырчу эмеспиз. Айгүл жакында эле турмушка чыккан. Турмушка чыккандан кийин мурдагыдай сырдаша албай калат экенсиң. Азыр сырымды бө­лүшчү Айгүлдөй жакын адамым жок. Башка бир туугандарыма сырымды айт­пайм.
– Популярдуулугуңду бат эле бүтүп калат деп коркпойсуңбу?
– Чынын айтсам, корком. Азыр кадам сайын көрө албастар чыгат. Эми Кудай деп популярдуулугубуз бүткөнгө чейин ырдап туралы.
– Элүү жашка чыкканыңда да ырдайсыңбы?
– Менин оюма койсо токсон жашка чыкканда да ырдагым келет. Тилекке каршы, бардык нерсенин чеги болот эмеспи. Ал эми элүүгө чыкканда ырдаймынбы, ырдабаймынбы, аны убакыт көрсөтөт.

Жамийла, 20 жашта, Бишкек:
– Сенде жумшак оюнчуктардын чоң коллекциясы болсо керек?
– Күйөрмандарым берген жумшак оюнчуктарым аябай көп. Алардын кичинекейинен баштап өзүмдөй болгон чоңуна чейин үйгө тизип сактап койгом.
– Өзүңдөй болгонун ким берди эле?
– Ал мамалак оюнчукту Оштон бир күйөрман кызым берген.
– Ырчылар сүйлөшкөн кызын эмне үчүн публикадан жашырышат? Сенин деле сүйлөшкөн кызың бар турбайбы?
– Менин сүйлөшкөн кызым азырынча жок. “Эл оозунда элек жок” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, көчөгө чыгып бир кыз менен басып койсоң эле балээге каласың. Балким, ал менин эжемдир, балким, карындашымдыр. Аны менен эч ким эсептешпейт.
– Мен шаарда машина айдап жүрөм. Жакында эле светофорго токтоп турсам, сенин машинаң жаныма келип токтоп калды. Машинаңды бир кыз айдап алыптыр, сен болсо жанында отуруптурсуң. Ал кыз ким эле?
– Ал менин таежемдин кызы. Учурда автомектепте окугандыктан, машина айдаган ага укмуш кызык сезилет. Мени көргөндө эле “машинаңды айдап келейинчи?!” деп дароо эле жармашат. Анан жок дей албай, машинамды ага берип коём да, өзүм жанына отуруп алам.

Диана, 21 жашта, Бишкек:
– Мирбек, сексопатологдун кызматынан пайдаландың беле?
– Кудай сактасын. Менде ал жагынан маселе жарала элек.
– Сексуалдуусуңбу?
– Айта албайм. Ал жагынан кыздар жакшы сынашчу эмес беле?..
– Эң катуу мас болгонуң качан болгон?
– Эсимде жок. Менимче, популярдуулукка жете элегимде жатаканада кайсы бир майрамда болсо керек эле. Азыр менин ар бир кадамым текшерүүдө. Белгилүү күндөрдө анча-мынча татып койгонум болбосо, мас болгонго чейин ичпейм.

Нургиза, 15 жашта, Бишкек:
– Биринчи жолу автограф бергениңизди эстей аласызбы?
– Кайсы концертте бергеним эсимде жок, бирок, аябай сүрдөп, ручка кармаган колум аз-маз калтырап, эмне деп жазаарымды билбей туруп калганым эсимде. Албетте, кубаныч сезими да болгон. Өзүм ушундай сезимдерден чыга албай турсам сахналаш досторум да: “Оо, автограф бергенге жарап калгансың го?”- деп андан бетер сүрдө­түш­көн эле.
– Тилиңиз кайсы сөздөн чыкты эле?
– Билбейт экенмин. Аны апамдан сураш керек.

Айпери, 14 жашта, Бишкек:
– Үйбүлөңүздөн кимге окшошсуз?
– Өңүм апама, мүнөзүм атама окшош. Биз үйбүлөдө жети эркек, төрт кызбыз. Эмнегедир эркектер апама окшошпуз, кыздар атама окшоп калышкан.

Фатима, 20 жашта, Бишкек:
– Эмне үчүн ырчы жигиттер кыздарды ыйлатканды жакшы көрү­шөт?
– Ушул суроону кайра өзүңүзгө берейин: эмне үчүн ыйлайсыңар? Биз деле кадимкидей эле жигиттерденбиз. Мен бир да адамдын көз жашынын төгүлүшүн каалабайм. Кыздар, дегеле адамдар кубанычтан гана ыйлашса экен дейм.
– Эмне үчүн үйүңө телефон чалсам жок дедиртип кача бересиң?
– Мен үйдө жок болгондо чалсаңыз керек.
– Эмне, күнү-түнү үйүңдө болбойсуңбу?
– Күндүзү көбүнчө болбойм, түнү болсо уктайм да.
– Бүгүн телефон чалам, трубкага келип койчу?
– Макул. Атыңыз Фатимабы? Бүгүн кечинде чалсаңыз сүй­лө­шөбүз.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан