Шайырбек Арапов: «СҮЙҮҮДӨН КӨҢҮЛҮМ КАТУУ КАЛГАН»

Балким, сиз ар аптанын дүйшөмбүсүн чыдамсыздык менен күтүп, бул жигитти көрүү үчүн уктабай отураарсыз. «Бул жигит» дегенибиз – «Ыр майрам» телеберүүсүнүн алпаруучусу Шайырбек Арапов. Ал 1982-жылы Ноокат районунун Төөлөс айылында туулган. Төрт бир туугандын улуусу. Кесиби боюнча юрист. Бойдок.

– Шайырбек, телеге чыгып, атың элге таанылганына канча болду?
– Туура бир жыл болду. Былтыр июнь айынын ортолорунда келип, ошондон бери “Ыр майрам” телеберүүсүн алпарып келе жатам.
– Кичинекей кезиңде ушундай белгилүү алпаруучу болом деп ойлочу белең?
– Минтип кыялданганым эле болбосо, элге белгилүү алпаруучу болом деп ойлогон эмесмин. Орустардан Валдис Пельшти кумир тутчумун. Ал кезде орусчаны кыйратып билбесем да, билген сөздөрүмдү орусча, калганын кыргызча сүйлөп, күзгүгө карап алып өзүм менен өзүм “Угадай мелодию” ойной берчүмүн. Мындан тышкары, Мыктыбек Арстанбектин “Жалаң кыздар жана мен” берүүсүн жакшы көрчүмүн. Мектепте кандай гана маданий иш-чара болбосун, мен алып баруучу болчумун. Андан тышкары ырдын, бийдин акесин таанытчумун.
– Анда сен көп кырдуу талант турбайсыңбы?
– 1-класска жаңы эле киргенде класс жетекчи эжекем менде анча-мынча чымын бар экенин байкап калып, ошондон баштап мага ырдаганды, бийлегенди үйрөтө баштаган. Ошол эженин таасири менен 1-класстан 11-класска чейин мектеп сахнасынан түшкөн жокмун. Бирок, бир эле ырды, Бек Борбиевдин “Сүйүү балы” деген ырын эле ырдай берчүмүн. Бир гана жолу Ош шаарынын үч миң жылдыгына арналган областтык кароодо сөзүн өзүм жазган ыр менен катышып, 2-орунду алып келгем.
– Өзүң ыр жазасыңбы?
– Мектепте окуп жүргөндө жалпы 160тай ыр жазгам. Ал ырларым бир чоң дептерде азыр да сакталып турат. Кээде зериккенде дептеримди барактап окуп коём. Алардын көпчүлүгү турмуш жөнүндөгү философиялык ырлар. Сүйүү темасындагы ырларым аз.
– Анда сүйүүгө кезиккен эмессиң го?
– Сүйүүгө деле кезиккем. Болгондо да 5-класста окуп жатканымда классташ кызымды жакшы көрүп калгам. Экөөбүз мектептин багында жанаша отуруп алып далай жолу сырдаштык го. Анда эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүз деле азыр эсимде жок. Бирок, экөөбүз­дүн мамилебиз 10-классты бүткөнгө чейин уланды. 11-класста ал башка мектепке которулуп кеткенден кийин мамилебиз үзүлдү. Азыр анын үйбүлө­сү, балдары бар.
– Жогорку билимди кайсы жактан алдың эле?
– Журналистика бөлүмүнө тапшырып, тилекке каршы, өтпөй калгам. Анан дароо эле бул кесипке аябай кызыкдар болбосом да Юридикалык академияга тапшыргам. Анткени, ошол кезде юрфак, экономфак дегендер аябай барктуу болуп, бул окууда окуган өзүнчө эле “авторитет” эле. Ошентип, бул окуу жайда беш жыл окуп, юрист болуп чыккам.
– Өз кесибиңе шоу-бизнестин эч кандай жакындыгы жок турбайбы. Анда шоу-бизнес чөйрөсү­нө сени кайсы тагдыр туш кылды?
– Юридикалык академияны бүткөн соң өзүмдүн кесибиме байланышы бар жерде азыраак иштедим. Бир күнү КТРдеги “Мекен чегинде” деген программага алпаруучулукка конкурс жарыяланганын угуп, барып катышкам. Катышсам дароо эле өткөрүштү. Сүйүнүп сыртка чыгып, азыркы мен иштеген “Жаштар” студиясына да конкурс жарыяланып жатканын угуп калдым. Музыкалуу программа болгондуктан, мага ушул жак жакын сезилип, токтоосуз эле бул жакка кирип кеттим. Мени сынашкан соң: “Сен көңүл ачуучу программаларга жарабайсың. Көрүнүшүң аябай эле олуттуу экен”,- деп чыгарып жиберишкен. Маанайым чөгүп чыгып баратсам режиссёр Бекбол Кылычбеков менен Артык, Сапардын продюсери Дана эже токтотуп, продюсерге “жакшылап сынап көргүлө” деп дагы бир жолу сунуштап калышты. Алардын сунушу менен продюсердин сынынан кайра-кайра өткөнүмдөн кийин гана мени жумушка кабыл алышты. Кызыгы, конкурстан өткөнүмдүн эртеси эле “Ыр майрамдын” алгачкы съёмкасына тартылгам. Эфирден бергенче шашканымчы. Күткөн күнүм келсе, саат 11 болбойт. Досторумдун, тааныштарымдын баарына: “Мени бүгүн эфирден көргүлө”,- деп айтып койгом да. Эфир бүтөөрү менен куттуктап чалгандардан телефонум тынган эмес.
– Биринчи көргөнүңдө өзүңдөн кемчилик таптың беле?
– Албетте, бир аз сүрдөптүрмүн. Андан тышкары көзүмдү такыр ирмебегенимди байкадым. Ушул кемчилигимди кийин жоюуга аракет кылгам. Бирок, баары бир калып калган. Азыр деле көзүмдү аз ирмейм.
– Сенин шоу-бизнеске өтүп кеткениңе ата-энеңдин көз карашы кандай болду?
– Бир чети таңкалышты, бир чети жактырышкан жок. Клипке тартылганымды көрүп, андан бетер шок болушту.
– Кайсы клипке тартылдың эле?
– Артык менен Сапардын “Атага кат” ырынын клибиндеги атасын таштап кеткен баланын ролун мен аткаргам да. Бирок, ошол мен экенимди көбү билишпейт. Ал эле эмес, өзүм менен эле иштеген балдар да жакында билишип, таңкалышпадыбы.
– Чын эле сага окшобойт ал. Анан ошондой жаман баланын образын берүүдө кыйналган жоксуңбу?
– Менде актёрлук чеберчилик такыр жок да. Айрым жерлеринде аткара албай кыйналдым. Атасы ооруп жатканда баласын милициялар алып кетип калган жери бар эмеспи. Сценарий боюнча ошол жеринде бала да ыйлап, атасы менен коштошуш керек болчу. Бирок, мен канчалык аракет кылсам да такыр ыйлай албай, сценарийдин ошол жерин өзгөрткөнгө туура келген. Анан отунду таштап салган эпизодун тартууда жинимди келтире албай кыйналгам. Андан башка жерлеринде жаман баланын образын жакшы эле жараттым. Жакында ушул клиптин уландысын тартып бүттүк. Мен анда жакшы болуп калам.
– “Атага катта” сенин колуңа кишен салышат эмеспи. Ал эми кишен кийгенди жаман ырым катары кабыл алышат го?
– Жаман ырым катары кабыл алышат, бирок, мен буга көп деле маани бербептирмин. Кудай сактасын, биз юрфакта окуп, практикада жүргөндө деле бири-бирибиздин колдорубузга кишен салыша берчүбүз.
– Дагы клиптерге тартылууга сунуштар түшүп жатабы?
– Түшүп жатат. Бирок, мага алардын сценарийлери жаккан жок. Баары эле сүйүү жөнүндө экен. Мен өзүм сүйүүдөн жабыркап калгангабы, сүйүү жөнүн­дөгү клиптерге тартылгым келбейт.
– Сүйүүдөн эмне болуп жабыркадың эле?
– Студент кезимде чыныгы сүйүүгө кабылгам. Арзып калган бийкечим менин сүйүүмдү кабыл алып, экөөбүз сегиз айдай мамиле түзүп жүргөнбүз. Бирок, түшүнбөстүктөрдүн айынан сүйүүбүз талкаланып кеткен. Тагыраак айтканда, ал мени чеги жок эле кызгана берчү.
– Азыр сүйлөшкөн кызың барбы?
– Сүйүүдөн ошондон кийин көңүлүм катуу калыптыр. Азыр көңүлүмө жагып, дос катары жүргөн бир кыз бар. Бирок, экөөбүз кыз-жигит катары мамиле түзө элекпиз.
– Ал сени күйөрмандарыңдан кызганбайбы?
– Азырынча экөөбүздүн мамилебиз бири-бирибизди кызгана тургандай деңгээлге жете элек. Ошентсе да кызганбайт го деп ойлойм. Ии, баса, мен жакында силердин “Фотороман” рубрикаңарга чыккандан бери телефонум тына элек. Аны көпчүлүгү жөн гана сценарий экенин билишпей, чыныгы менин башымдан өткөн окуя деп ойлошот экен. Гезит чыккан күндөн баштап “эмне, сенин кызың ошолбу?” деп телефон чалгандар көбөйдү. Атүгүл айрым досторум: “Сен башка кызды жакшы көрчү эмес белең? Эмне жаңы кызың жөнүндө бизге айткан жоксуң?”,- деп тажатышты. Башкалар го башкалар, үйдөгүлөргө эле эки күн түшүндүрдүм окшойт.
– Сен радиодо ди-джейлик да кылып жатпайсыңбы. Өзүңө теледе иштеген көбүрөөк жагабы же радиодобу?
– Теледе ар бир сөзүңдү ойлонуп сүйлөшүң керек. А радио түз эфир болгондуктан, эркин сүйлөй бересиң. Мага эки жумушум бирдей эле жагат, бирок, радиодо иштөө жеңилирээк.
– Түз эфирде жаңылган учурларың болобу?
– Албетте, жаңылуу болбой койбойт. Түз эфирдин бир жакшы жери, жаңылсаң, кайра оңдоп кете аласың. Мен өтө катуу деле жаңылбайм. Жаңы иштей баштаганда “студияда сиздер менен Шайырбек Арапов” деп айтып жибергем. Негизи, мен радиого Шайырбек Ысакжан деген ат менен чыгам. Ысакжан – менин атамдын аты.
– Эки жерден тапкан акчаң өз жашооңо жетеби же булардан тышкары башка бизнесиң да барбы?
– Жетет, башка бизнесим деле жок. Эгер жетпесе, ата-энемден, байкемден жардам алам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан