АЛЕКС: «УЛУТУМ ОРУС БОЛСО ДА, ӨЗҮМДҮ КЫРГЫЗМЫН ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

Кыргыз тилин өз тилинен таза сүйлөп,
бул тилде ырдаганын уккандар Алекстин орус улутунан экенине ишене беришпейт. Болгондо да патриоттук темадагы ырларга басым жасаган бул жигит 1984-жылы 30-июлда Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. Бир үйдүн жалгыз баласы. Үйбүлөлүү

– Алекс, өзүңдүн улутуң орус болсо, анан кантип кыргыздардын арасына, болгондо да таза кыргыздардын мекени болгон Алайга туш болуп калдың эле?
– Менин чоң атам балдар үйүндө чоңоюп, бой жеткенде тагдыр аны эмнегедир ошол жакка айдап барган экен. Деревянченко деген фамилияны да чоң атама балдар үйүндөгү тарбиячылар ыйгарышыптыр. Ошентип, менин мекеним Алай районунун Гүлчө айылы болуп калган. Менин ушул убакка чейинки өмүрүм бүт ушул айылда өттү.
– Балалыгыңды кантип эскересиң?
– Менин балалыгым өтө оор шартта өттү. Апам мен эки жашымда эле о дүйнөгө кете бериптир. Азыр элес-булас эсимде калган. Менден кичүү карындашым болгон экен, ал дагы бир жашка жетпей чарчап калыптыр. Ошентип, бир үйдө атам экөөбүз гана калдык. Апам каза болгон соң атам эмнегедир төшөк жаңырткан жок. Мени кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип аябай жакшы карады. Бирок, тагдырдын башка салганынан качып кутула албайт экенсиң, он жашка келгенимде атамдан да түбөлүккө ажырап, томолой жетим болуп кала бердим.
– Сен жөлөк кылчу башка тууган-уругуң бар беле?
– Менин пешенеме Кудайым тууган-уруктан да жазбаптыр. Атамдын инилери бар, бирок, алар да бир шор пешенелер. Өздөрүнүн жашоолорун өздөрү араң кыбыратып жүрүшөт. Анан мага жардам бермек кайда? Ошто таенем, таежелерим бар. Бирок, алар жөнүндө сөз кылгым да келбейт. Таенем башка жээн-неберелерин багат да, мага чоочун катары карайт. Алардан мен бир тыйынчалык да жакшылык көргөн жокмун.
– Анан кимдин колунда калдың? Кичинекей баланын бир үйдө жалгыз калып, оокат кылышы мүмкүн эмес да?
– Атамдын Россиянын Саратов шаарында Володя деген жакын досу бар эле. Анын баласы жок болгондуктан, атамдын көзү тирүү кезинде эле келип, мени атама көрсөтпөй алып кетип калган. Ал жакта эки жылдай жүргөндөн кийин атам барып кайра алып келе берген. Ошол аяш атам мен жалгыз калганда кайрадан Кыргызстанга келип, алып кетейин дегенде мен көшөрүп такыр болбой койгом. Ошентип, бир үйдө жалгыз кала бергем. Өзүм тамак кылып, нан жасап, алтургай бакчадагы жашылча-жемиштерден өзүм варенье жасачумун. Кийин мага жардам бергиси келдиби, айылыбыздагы Мухамеджан деген наабайчы өзбек байке мени өзүнө тартып, жардамчы кылып алды. Бара-бара камыр кылганды, анан нан жапканды үйрөтүп, мени өзүндөй наабайчы кылып чыгарды. Он беш жашка чыкканда болсо устачылыкты үйрөнүп алып, айылдагы үйлөргө евроремонт жасап акча тапканга өттүм. Бул ишке өткөн соң жашоом кадимкидей оңолуп, бир айда он миң-он беш миң сом таап койчумун. Мына ушинтип эле оокат кылчумун. “Башка түшсө, байтал – жорго” демекчи, турмуш адамды бардык нерсеге үйрөтүп коёт экен.
– Ырга кызыгууң ушул убактарда эле башталды беле?
– Өзү менин ар нерсеге урунуп, аралаша бермей адатым бар. Ушул адатымча, бир күнү негедир гитара ойногум келди. Анан гитаранын кылын бир жерден, өзүн бир жерден чогултуп, өзүм курап чыктым. Гитара даяр болгон соң түнү бою уктабай жүрүп, бат эле өз алдымча үйрөнүп алдым. Ушундан кийин гана ыр чыгарууга өттүм. Ырларымдын алгачкысы азыр ырдалып жүргөн “Махабатым” аттуу ырым болду.
– Бул ырыңды башыңа келген сүйүүдөн улам жараттың беле?
– Он беш жашымда кайдагы сүйүү? Дегеле мен келинчегиме жолукканга чейин сүйүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Айылда мени кыздар орус деп тоготушчу эмес. Ал эми ырымды “мага да сүйүү келсе экен” деп кыялданып, элестетип гана жараткам. Ушул ырдан соң чыгармачылыкка болгон кызыгуум андан бетер артып, театрга иштөөгө да түрткү болгон.
– Театрда да иштедиң беле?
– Бир күнү мектеп окуучуларына бакта гитара чертип берип отурсам, айылдык театрдын директору жолдон өтүп баратып мени өзүнө чакырып калды. Аны ээрчип кабинетине барсам: “Сен наабайчы эмес, театрда актёр болуп иштей турган бала экенсиң. Кааласаң жумушка алайын, иште”,- деп сунуш киргизип калды. Дароо эле макул болуп, ошол күндөн баштап театр кызматкери болуп калгам. Ал жакта эки спектаклде ойноп, кароо-сынактарда мактоо сөздөргө, алкыштарга арзып жүрдүм. Бирок, бул жакта маяна өтө эле аз болгондуктан, эки жылдан ашык иштей алган жокмун. Анын үстүнө, эбепке себеп болуп конкурска катышып калып, Ош шаарына кетип калгам.
– Ал кандай конкурс эле?
– Ошто “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу конкурс болуп, “орус бала кыргызча ырдайт” деп угуп калышканбы, конкурска катышуу боюнча чакыруу жиберишиптир. Ал жакка “Кыргыз жери” аттуу патриоттук ырымды даярдап барып, биринчи орунду алып келгем. Ал жактан биринчи орунду алганыма кубанычым койнума батпай сүйүнүп келсем, үйдөгү өмүр бою жыйнаган оокаттарымдын бирин калтырбай уурдап кетишиптир. Кошуналарымдан сурасам эч кимиси билбейт экен. Ушундан соң досумдун чакыруусу менен Оштогу айтылуу үч кабаттуу боз үйдүн жанындагы кафеге музыкалык аппаратура орнотуп, ырдап иштеп калдым. Келинчегим Чынара менен да дал ушул жерден таанышкам.
– Кандайча таанышып калдың эле?
– Бир күнү жумуш маалында топ кыздар кафеге келип отуруп калышты. Арасында бирөөсүнө көзүм түшүп калып, таанышсам, дал мен күтүп жүргөндөй кыз экен. Жөнөкөй, турмушта мен сыяктуу көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүр. Ошол күндөн тартып экөөбүз бат-бат жолугушуп, мамилебиз жакындашып кетти. Анан бири-бирибизди сынашып бир топ убакыт жүргөн соң үйлөнүп алдык.
– Сен башынан эле кыргыз аял алам деп ойлочу белең?
– Ооба, орус кыз алам деген оюма да келген эмес. Башынан эле кыялданганым ушундай болчу.
– Чынара тараптагылар сени улуту башка деп үйлөнүүңөргө каршы болушкан жокпу?
– Алар деле сураштырып-териштиришсе керек. Анан ичпеген, чекпеген, жаман адаттары жок мусулман бала экенимди билишкен соң макул болушкан. Азыр Кудайга шүгүр, бактылуу жашап жатабыз. Күзүндө чоң үйлөнүү тоюбузду беребиз деген пландарыбыз бар.
– Мусулман динин качан кабыл алдың эле?
– Менин атам мусулман болчу. Ал мени 8-9 жашымдан баштап намаз окуганга, мечитке барганга үйрөткөн. Ошондон бери намазымды үзбөй окуп келатам.
– Мусулманчылыкта денеге так түшүргөн күнөө иш делет эмеспи. Сени денеңе татуировка тарттырууга кызыгып жатат деп уктук эле.
– Силердин гезитиңерге чыккан татуировкачы эмне үчүн мени «татуировка тарттырганга кызыгып жатат» деп айтканына түшүнбөй калдым. Же башка Алекс менен алмаштырып алганбы, билбейм. Мен ал байкени тааныйм, бирок, экөөбүз татуировка жөнүндө такыр сүйлөшкөн эмеспиз. Мен мылтык такаса да тату жасатмак эмесмин. Бул – мусулманчылыкта өтө чоң күнөө. Мен мындайларга кызыкпайм.
– Алекс, сени Ошто иштеп жүргөн жериңден Бишкекке кайсы тагдыр айдап келип, сага жардам берип жүргөн Ассоль Молдокматовага кандайча жолугуп калдың?
– Бишкекке келишиме Эстебес деген музыкант байке себепчи болгон. Ошто мен иштеген кафеге барып, мага көңүл буруп калыптыр. Экөөбүз таанышкан соң ал мага: “Алекс, сен борборго барсаң, талантың ачылат” деп калды. Менин бул жакка келүү оюмда жок болчу. Анткени, Бишкекти көрбөсөм, бул жакта бир таанышым жок болсо кантип оокат кылмакмын. Бирок, Эстебес байке Бишкекке келген соң “тез кел, мен сага иш таап койдум, жашай турган жериң даяр” деп күн сайын телефон чала баштады. Көп көңүлдөнбөсөм да тобокелге салып келе бергеним жакшы болгон экен. Кафеден иш таап, жашаганга өзү жашаган квартиранын бир бөлмөсүн даярдап коюптур. Эстебес байкеге азыр кантип ыраазычылыгымды билдиришимди да билбейм.
Ассоль эжеге болсо атайын барып өзүм жолуккам. “Жаш таланттарды колдоп, жардам берет” дегенди угуп, издеп барсам, алгач тапкан жокмун. Күн сайын бара бердим, бара бердим, акыры жолуктум. Ал-жайымды түшүндүрүп айтсам көңүл коюп угуп отурду да, жардам берүүгө макулдугун берди. Ошондон бери мага бир тууганындай кам көрүп, чыгармачылык жактан жардам берип келет. Негизи эле мага өмүрүмдө башка эле адамдар жардам берип келе жатышат. Туугандарымдан албаган колдоону атам тааныбаган адамдардан алып келе жатам. Алардын мага кылган жакшылыгын Кудай сөзсүз түрдө кайтараарына ишенем.
– Жакында эле пластикалык операция жасаттың эле. Азыр баары өз ордуна түшүп калдыбы?
– Ооба, азыр жакшы. Мурдагыга караганда жеңил дем алып, бир топ өзүмдү жакшы сезип калдым. Мурунума операция жасатпаганымда бара-бара ырдай албай калмакмын. Ассоль эженин бул жакшылыгын да өмүр бою унутпасам керек.
– Ырларыңдын арасында орусчалары да барбы?
– Орусча ыр деле жазам. Бирок, аларым азыр жарыкка чыга элек. А негизи, мен орусчага караганда кыргызчаны эркин сүйлөп, ырды да кыргыз тилинде жакшы жазам. “Орусча жакшы билбейм” десем, көпчүлүк ишенбей, атүгүл күлүшөт. Улутум орус болгону менен мен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.
– Алпаруучулук жактан да өзүңдү сынап жаттың эле...
– “Мекеним – Кыргызстан” аттуу теледолбоорду алып бара баштаганыма аз эле болду. Бул – Кыргызстанда жашаган башка улуттардын каада-салттары, жашоо-тиричилиги жөнүндөгү теледолбоор. Бул жумуш мен үчүн көп кыйынчылык туудурган жок. Ал эми ишимдин сапатын эл өзү баалап, сындап алаар.
– Азыр Гүлчөдөгү үйүңдө ким жашайт?
– Агам бар дебедимби. “Ушул үйдү сатасыңбы, эмне кылсаң да оокатыңды өткөр” деп агама берип койгом. Менин азыр эч нерсем жок. Бирок, келечектен үмүт кылып жашап келем. Пейилиңди түз койсоң, Кудай берет. Ошентип, азыр Кудайга гана ишенип, Кудайга жалынып жашап жаткан убагым.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан