2006-жылдын супер ди-джейи Чыңгыз Мырзаев: «УШУЛ УБАККА ЧЕЙИН ӨБҮШҮП КӨРӨ ЭЛЕКМИН»

Нурбек, 16 жашта, Бишкек:
– Чыңгыз аттуулар атактуу болушат эмеспи. Атыңызды Чыңгыз деп ким койгон?
– Атымды ата-энем эле койгон. Өздөрү “чоң атаңдын уруксаты жок эле коюп алганбыз” деп тамашалап айтып калышат. Адамдар ар бир кадамын жакшы ниет менен жасайт эмеспи. Ошондуктан, мен төрөлгөндө “Чыңгыздай залкар адам болсун” деген тилекте коюшса керек. Чыңгыз Айтматовдой болуш кыйын. Албетте, ал агайыбызды сыйлайбыз, урматтайбыз. Бирок, колдон келишинче адам болгонго аракет кылып жатам.
– “Бир тууган” деген ырыңыздын клибиндеги кыргызды алыска тааныткан атактуу кикбоксчу Канат Сыдыгалиев менен кандай туугандыгыңыз бар деп сурайын дедим эле. Анан клиптегилер ата-энеңизби?
– Чынын айтканда, Канат байке менен тууганчылыгыбыз жок. Бирок, ушул клиптен кийин бир туугандай болуп калдык, буга аябай кубанычтамын. Канат байке да спорт жаатында элибиздин туусун көтөрүп, көп жеңиштерге жетишкен чыгаан жигит. Клиптегилер менин ата-энем. Көзү бакырайган кичинекей кыз менин эң кичинекей карындашым.

Жибекгүл, 18 жашта, Бишкек:
– Чыңгыз байке, саламатсызбы? Мен сизди аябай жакшы көрөм.
– Рахмат, мен да сиздей карындаштарымдын барына кубанычтамын. Сурооңузду бере берсеңиз болот.
– Динге болгон көз карашыңыз кандай, намазга жыгыласызбы?
– Альхамдулилла, баарыбыз мусулманбыз, келме келтирип жүрөм. Намаз окугандарга аябай жакшы көз караштамын. Убагында беш убак намаз окучумун. Убактым жетишпей калганда эртең мененки багымдатты окуп жүрдүм. Кудай өзү кечирсин, азыр шайтан минип, окубай калдым. Буюрса, окуймун деген ниетим бар. Жума намазга барып турам. Ар дайым парздарды аткарганга аракет кылам, орозо кармап, зекет берип дегендей.
– Ырчы катары “ырчылар тозокко түшөт” дегендерге эмне деп жооп берет элеңиз?
– Ар кимге жараткан ар түрдүү талант менен ырыскы берет экен. Мага ырчылыкты бериптир, ага өкүн­бөйм. Ким билет, ырчылар тозокко түшөт же болбосо түшпөйт деп мен жыйынтык чыгара албайм.
– Мурунку 20-кылым менен азыркы 21-кылымдын кыздарына болгон көз карашыныз кандай, айырмасы барбы?
– “Элүү жылда эл жаңы” дейт, убакыттын өтүшү менен адамдар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, ар убактын өзүнө жараша өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан, түз көз караштамын.

Перизат, 21 жашта, Бишкек:
– Чыңгыз байке, жиниңиз катуу келгенде эмне кыласыз?
– Мен жинденгенде элден оолак болгонду жакшы көрөм. Себеби, ачуу үстүн­дө катуу айтып алсаң, ал адам таарынып калышы мүмкүн. Андыктан, өмүр өткөнчө көңүл калышпай, сыйлашканга не жетсин?! Көптөн бери жиним деле келе элек, жинденбей эле коёлучу дейт элем.
– Сиз жатаканада жашаганда кандай кызыктуу, тамашалуу күндөр өттү эле?
– Негизинен, мен ата-энемдер менен чогуу эле жашаймын. Достор менен кызыктуу да, ошон үчүн эле жатаканага чыгып алганмын. Күлкүлүү күндөр күнүгө эле болуп турчу. Түнү менен уктабай кече уюштуруп алып ырдап-бийлесек жатакананын астыңкы кабатындагылар чыгып урушчу. Кыскасы, жакшы күндөр өттү. Мен үйдүн алыстыгынан эмес, өзүм каалап, достор менен бирге болуу максатында жатаканага чыгып жашап жүргөм. Кээде ошол күндөрдү сагынам. Азыр үйдө ата-энем менен биргемин.
– Биз сизди ди-джей катары да, ырчы катары да тааныйбыз да. Ошонун кайсынысы сизге жакыныраак?
– Азыр көп убактым, башкача айтканда, күнүмдүн жарымы радиодо өтүп жатат. Калганы ата-энеме, туугандарыма, ырчылыкка бөлүнөт. Бардыгына тең кароо кыйын. Убакыт деген учкан куш экен. Бирок, баарын тең алып кеткенге аракет кылам. Эгерде каалоо болсо, көп ийгиликтерге жетишсе болот. Экөө тең бири-бирине тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче, бири-бирин толуктап турат.
– Сиздин продюсериңиз барбы? Бар болсо аны менен канча убакытка чейин иштешейин деген оюңуз бар? Анткени, көбүнчө ырчылар менен продюсерлеринин ортосунда пикир келишпестиктер болуп кетип жатпайбы.
– Продюсерим убагында болгон. Азырынча өзүм эле иш алып барып жаткан кезим. Андай жардамчысы жок эле оокат кылса да болот. Кудайга шүгүр эле, “акырын барсаң алыс барасың” дегендей, өзүмдүн арабамды өзүм сүйрөп жатам.

Бактыгүл, 23 жашта, Токтогул:
– Алгачкы жолу өбүшкөнүңүз эсиңиздеби?
– Ушул убакка чейин өбүшүп көргөн эмесмин.
– Эмнеге мынча чырайлуусуз?
– Эми Кудайдын жаратканы да. Менимче, адамдардын баары эле чырайлуу болуш керек. Анткени, бул жашоого жаралуунун өзү эле канча сулуулук.
– Түндүктөн кыз алат белеңиз?
– Түндүк-түштүк дебеймин, кыргыздын кызы болсо эле болду.

Адинай, 14 жашта, Бишкек:
– Чыңгыз байке, бүгүн 16-июлда “Кыргызстан Обондору” радиосунда эфирге чыкканыңызга туптуура 2 жыл болуптур, куттуктайм.
– Чоң рахмат, мен аны унутуп калыптырмын. Эсиңизден чыгарбай жүргө­нү­ңүзгө ыраазычылык билдирем. Телефон чалып эскерткениңизге кубанычтамын.
– Көз ачып-жумганча 2 жыл болуп калган экен. Мага 2 жыл эмес, көп жылдай болуп жатат. Сиз үчүнчү? Кандай сезимдер болууда?
– Жумушуң кызыктуу болсо убакыттын өткөнүн такыр байкабай калат экенсиң. Өзүмдү жумушка жаңы келгендей эле сезе берем. Эми байкалбай ушунча убакыт өтүп кетиптир. Жаман болгон жок. Өз күйөрмандарымды таптым, ата-энемдин сыймыгына ээ болдум дегендей.
– Менин билишимче, сиз “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жү­рөт” деген макалды жакшы көрөсүз. Азыр төө минип жүргөн кезиңизби же?..
– Жигит болгондон кийин ар кандай учурлар болот. Ошондуктан, жөө калганда дагы, төө мингенде дагы тобо деп жашаш керек. “Кечээ ким элем, бүгүн ким болдум, эртең ким болом?” деп өзүңдү көзөмөлдөп туруу зарыл. Кудайга шүгүр, төө болбосо дагы тайдын үстүндө жүрсөм керек. Ата-энем, бир туугандарым, досторум бар бактылуумун.
– Кыялыңыздагы айдын перисин кандай элестетесиз?
– Билбейм, эми тагдырдын кошкону. Азыркы заманда кичине тыңыраак болбосоң да болбойт. Эки жарты бир бүтүн болуп, тириликти алдыга сүйрөгөнгө тил билги, ишмер кыз болсо жаман болбойт. Анан албетте, татынакай, акыл-эстүү, назик, кыскасы, аялзатына тиешелүү бардык сапаттарга ээ болгон айым болсо деймин. Мага жароокер жар, балдарымдын мээримдүү апасы болуп турса, мындан өткөн бакыт барбы?

Наргиза, 19 жашта, Бишкек:
– Үйбүлөңүз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Апаңызга окшошсузбу же атаңызгабы?
– Атам Мырза 15 жыл сүрөтчүлүктү аркалаган. Апам Урниса бухгалтер. Карындаштарым Айтурган 5-класска, Гүлтурган 3-класска көчүштү, эң кичүү карындашым Эркинай 5 жашта. Аларды аябай жакшы көрөм. Өңүм апама, жөтөлгөнүм атама окшош экенин билем.
– Шоу-бизнеске аралашканыңызга бир жыл болду. Кандай ийгиликке жеттим деп ойлойсуз?
– Мен кыйратып койдум дегенден алысмын. Бул алгачкы гана кадамдарым. Жашоо жаңы башталды, жашпыз, келечегибиз алдыда. Буюрса, бир жылдын ичинде жаман болгон жок. Чөйрөм кеңейди, жакшы адамдар менен тааныш болдум дегендей. Шоу-бизнесте өз ордумду тапканга жетиштим. Аракет кылсаң берекет болот, дагы деле болсо алдыга умтулуп жатам.
– Сиздин оюңузча, биздин ырчылар да чет жакка чыгып ырдашса болобу?
– Аракет кылса сөзсүз болот. Эмне үчүн болбош керек? Кыргызда таланттуу улан-кыздар көп. Өзүңүз деле көрүп жатсаңыз керек. Мен сөз берем, ушул ырчылардын төрт-бешөө сыртка чыкса, көп элдин колдоосуна арзыйт. Болгону, иштеш керек.

Айгерим, 17 жашта, Бишкек:
– Кайсы тамактарды жакшы көрөсүз? Жакшы көргөн тамагыңызды өзүңүз жасай аласызбы?
– Палоо менен шишкебекти жакшы көрөм. Курсак ачканда тамак тандабай калам. Шишкебекти өзүм бышырчумун. Мектепте окуп жүргөндө жада калса “шашлыкчы” деген атка конгонмун. Тоого чыкканда мугалимдерге шишкебек бышырып берчүмүн. Ошондой эле палоо жасаганды да билем. Жаныбарларды деле велосипед тептирип жатпайбы, адам болуп туруп кантип палоо жасаганды билбей калайын?!
– Берметтей тизилген тиштериңизди кантип сактайсыз?
– Өзгөчө деле сыры жок. Эл катары эле бир күндө үч маал жууп коём. Болгону, жалаң “Blend-a-med” тиш пастасын колдоном.

Сезим, 13 жашта, Бишкек:
– Дүйнөдө эң кымбат адамыңыз ким?
– Албетте, ата-энем.
– Апаңыз бир кызды жактырып калып, “ушул кызга үйлөн” десе эмне дейт элеңиз?
– Сунушун четке какпастан, ал кызды карап көрөт элем. Балким, жылдызыбыз келишип калса ажеп эмес. Ата-эне баласын эч качан жаман болсун дебейт.
– Бала кезиңизде болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
– Балалык кез сонун. Ал убакта эмнелер гана болбойт?! Азыр эстей албай турам. Ошентсе да бала кездеги көз ирмемди айтып берейин. Көчөнү чаңызгытып жылаңайлак, жылаңбаш ойночумун. Аябай шок да, эрке да элем. 3-4-класста алып берген сары тобум бар болчу. Азыр аны менен карындаштарым ойноп жүрүшөт. Андан сырткары, 2 кап оюнчугум бар эле.

Махабат, 14 жашта, Бишкек:
– Сизди “быйыл үйлөнөт экен” деп уктум. Бизди качан жеңелүү кыласыз?
– Мен жайкы эс алууга кеткенде радиодон Арстан байке: “Чыңгыз келинчектүү болуп келет, үйлөнөт”,- деп жатып эле пиар болуп кетти окшойт. Бул жөн гана кесиптештеримдин тамашасы. Ушундан улам көптөр “быйыл үйлө­нөт экен” деп ойлоп калышты болуш керек. Балким, сүйлөшкөн кызым бар болсо үйлөнүү жөнүндө ойлонуп көр­мөк­мүн. Бирок, ал киши да жок болуп жатпайбы. Учурда издеп жүргөн кезим.
– Чыңгыз байке, сүйлөшүп көр­бөй­лүбү, мүмкүн тагдырлаш болуп жүрбөйлү?!
– Каршы эмесмин, чын эле сиз айткандай болуп калышы ыктымал.
– Бирок, менин жашым 14тө эле...
– Убакыт байкалбай, тез эле өтүп кетет. Чоңоё берсеңиз анан көрөбүз да.

Элзада, 15 жашта, Бишкек:
– Апаңыздын ак сүтүн актадым деп ойлойсузбу?
– Жок, жашоого эми келип, нанды “нана” деп жаңы үйрөнүп жатсак, кайдагы ак сүттү актоо? Эненин ак сүтүн жеке эле мен эмес, бардык эле адамдар актай албайт болушу керек. Актай албасам да өмүр бою сый көрсөтүп өткөнгө аракет кылам.
– Качандыр бир кезде депутат болом деп ойлойсузбу?
– Кыргыздын жигити болгондон кийин элиңе эмгегиңди арнаганга не жетсин?! Жашоодон көптөгөн сюрприздерди күтсө болот. Тагдырыма жазса, элиме жакшы жактарым, эмгегим менен көрүнгөнгө бар күчүмдү аябайм.

Даанышман, 15 жашта, Бишкек:
– Ырчылар рингге чыгышат деп “Супер-Инфо” газетасы жазбады беле. Бул рингге кандай даярдык көрүп жатасыз?
– Тилекке каршы, убакыттын тардыгына байланыштуу, эч кандай даярдыгым жок. Ал рингге мен чыкпайм.
– Нелянын ырынын клибинде эки кыз менен жүрөсүз го. Чыныгы жашооңузда мындай эмессизби?
– Экөө эмес, бирөө да жок болуп жатпайбы.

Айпери, 15 жашта, Ош:
– “2007-жылдын эң сексуалдуу ырчысы” деген наам берилсе макул болот белеңиз?
– Билбейм аны, бул жөнүндө ойлоп көрбөптүрмүн.
– “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” түшкөндө кандай абалда калдыңыз эле?
– Эми ал жөнүндө кеңири маалыматты гезит ийне-жибине чейин жазбады беле. Албетте, мындай окуяны күткөн эмесмин, алгач шок болдум. Кыскасы, сиз өзүңүз гезиттен окугандай абалда калгам.
– Мал сойгонду билесизби?
– Албетте, кыргыздын жигити болуп туруп мал сойгонду билбесем уят го. Кичинекей кезимде алгач тоок сойгонду үйрөнгөм. Биринчи жолу сойгондо тоокту моюнунан эмес, төшүнөн баштап сойгом. Ошентип жатып үйрөнүп алгам. Азыр мал сойгон жагынан устамын.

Оксана, 19 жашта, Бишкек:
– Боюңуз узун. Кантип боюңузду узарттыңыз эле, сырын айтып бербейсизби?
– Билбейм, табиятымдан ушундай болушум керек. 9-класска чейин томпойгон эле толук бала болчумун. Велосипедди көп тепчүмүн. Мүмкүн, ошондон улам боюм өскөндүр.
– Эгерде сизди модель агенттигине чакырса иштейт белеңиз?
– Ойлонуп көрмөкмүн.
– Голливуд ырчылары менен дуэт ырдаганга сунуш кылышсачы?
– Биринчи сунуш кылышсынчы, анан көрөбүз да.
– Айдоочулук күбөлүгүңүздү сатып алгансызбы же окуп алгансызбы? Жол эрежесин бузуп, МАИге кармалган учуруңуз болду беле?
– Машина айдаганды окубай эле үйрөнүп, анан айдоочулук күбөлүктү сатып алгам. Жолдо жүрүү эрежелерин Кудайга шүгүр эле билем. Бирок, жол чырактын сарысы жанганда өтүп кетип, анча-мынча эрежени бузуп койгон учурларым кездешет. МАИ кызматкерлерине түшкөн учурларым деле көп болот. Анткени, эртең менен жумушка шашып келем. Катуураак айдаганда “токто” дегендер көп.
– Эфирде айтчу түгөнбөгөн анекдотторду кайдан табасыз?
– Жумушум ошол да, элдин маанайын көтөрүш керек. Ал үчүн сөздүн гүлүн терип сүйлөп, кызыктуу анекдотторду айтканга аракет кылам. Досторумдун, туугандарымдын арасында уккан жакшы сөздөрдү, анекдотторду эстеп калам да, эртеси күнү эфирден айта берем. Кыскасы, издесең табасың.

Анара, 16 жашта, Бишкек:
– Ырчылар радиого ырларын бергенде акча төлөшөбү?
– Жок, андай эмес, ырды сындан өткөрөбүз. Эгер биздин радиого ылайыктуу болсо, ал ырлар сөзсүз эфирден кетет. Кээде бизге начар ырлар келип радиодон кетпей калса, кээ бирөөлөр ошондой ойлошу мүмкүн. Мазмунуна, обонуна, аранжировкасына, үнүнө көңүл буруп коюшса болду. Бизде андан артык талап жок.
– Сиз радиодо эмне үчүн кечинде иштебейсиз?
– Бизде ошондой, эртең мененки, түшкү, кечки кылып, сүйлөө стилине карата бөлөт. Менин ди-джейлик стилим эртең мененки таңкы шоуну алып барганга ылайык болгондуктан, эртең мененкиге бөлүнгөм.
– Канча жашка чейин ди-джей болуп иштеймин деп ойлойсуз?
– Билбейм. Аны убакыт көргөзөт. Азыр жашмын, иштей берейин. Балким, Бактыбек Мамытовдой диктор болуп кетемби, алдын-ала эч нерсе айта албайм. Бирок, Дүйшөн Байдөбөтов менен Бактыбек Мамытов айгалар менин кумирлерим десем болот.

Бермет, 17 жашта, Бишкек:
– Жашоонун кызыгы эмнеде?
– Жашоонун кызыгы жашоодо. Жашоонун өзү рахат.
– Көп аялдуулукка көз карашыңыз...
– 100 пайызга каршымын. Бир аялды татыктуу багып, балдарын өксүтпөй караса, бул – чыныгы мырзалык сапат. Кыздардын чет жакка турмушка чыгышын да туура көрбөйм. Жигиттер жетишпейт дегенге да кошулбайм. Жеңил ойлуу болбогонго аракет кылсак баары болот.
– Тамада болуп иштейсизби? Мен тойго чакырсам канча аласыз?
– Жакындарымдын, дос-тааныштарымдын суранычы менен тойлорду алпарып калам. Биз, ырчылар, элибизде дайыма той болуп туруусун каалайбыз. Ал эми канча акча алаарыма кызыксаңыз, тоюңузга чакырсаңыз билесиз.

Айгерим, 14 жашта, Бишкек:
– “Кыргызстан Обондору” радиосунан алган акчаңыз өзү­ңүз­гө жетеби?
– Акчанын акылы жок эмеспи, канча болсо да жетпейт. Баскан-турганың, ал- бул деп жатып эле акча кете берет. Менин оюмча, адамга акча эч качан жетпейт. Ошондуктан, адам баарына топук кылыш керек.
– Президент болуп калсаңыз эмне кылмаксыз?
– О, анда тартип деген сөздү аябай жаттамакмын. Башкаларга айтуудан мурун өзүң таза болсоң жүзүң жарык, айтканың өтүмдүү болот. Ал эми президенттин жумушу оңой же жыргал деп айтуу туура эмес. Элдин жүгүн артуу анча-мынча эркектин колунан келбейт.
– Күйөрманыңыздан алган унутулгус белегиңиз эмне болгон?
– Мындан 4-5 ай мурун жумушка бир кыз чоң оролмодогу белекти алып келип берди. Көрсө, анын ичиндеги гитара экен. Канышай деген күйөрман кызым сиңдисинен берип жибериптир. Ал кыздын өзүн көрө элекмин. Кат да жазган экен, ал катты гитаранын ичине салып койгом. Мындай белектер, каттар кыздардан көп эле келет. Өткөндө өзүмө окшош кылып Айхан деген кыз сүрөт тартып берген. Андай белектери үчүн рахматымды айтам. Күйөрмандарымдан келген каттар болсо 5 килограмм болуп калды го. Баары сакталуу.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан