СУЛТАН МЕНЕН МИРБЕК ПРОДЮСЕРЛЕРИНЕ КАРШЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БУНТ ЧЫГАРЫШТЫ?

Шоу-бизнестин эрке балдары Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбеков экрандан түшпөй жакшы эле тайраңдап жүрүштү эле, акыркы кездерде кайсы кара теке сүзгөнүн ким билсин, продюсерлерин таштап, өз алдыларынча иштөөнү чечишкен эле. Бул тууралуу маалыматты гезитибиздин өткөн санына жарыялаганбыз. Азыр тиричилик кылуу түйшүгү өз моюндарына толугу менен түшкөн ырчылар өздөрү концерт уюштуруп жүргөн чактары. Тагыраак айтканда, Султан Жалалабатта, Мирбек Токтогулда гастролдо жүрүшөт. Ушул маселенин айланасында ырчылар менен чакан маек курдук.

Султан Садыралиев: “ПРОДЮСЕРЛЕР
КУДАЙ ЭМЕС ДА...”
– Султан, келишимиң аягына чыга электе продюсериңден кол үзүп кетишиңе эмне себеп болду?
– Мен бул суроого өткөн жолу эле жооп бергем. Дагы да болсо ошол жоопту берем: мен ушундай чечтим. Өз алдымча оокат кылууну туура көрдүм.
– Продюсериң сени кимдир-бирөө бузгандыгы үчүн ушундай жолго барып жатат деп айтты...
– Мени эч ким бузган жок. Биз Мирбек экөөбүз өзүбүз бузулдук. Биз деле ким эмне десе эле аны ээрчип кете бербейбиз да. Өзүбүздүн башыбыз менен иш кылып жатабыз.
– Демек, Мирбек экөөңөр убадалашып алып чогуу кеткен экенсиңер да?
– Ооба, ошондой болду.
– Урмат Усеновдун силердин бул ишиңерге кандай тиешеси бар?
– Урматтын буга кымындай да тиешеси жок. Ырас, биз – Урмат, мен, Мирбек эң жакын достордонбуз. Шаарда болгондо качан болсо чогуу жүрөбүз. Жадакалса тамак ичкенде да бири-бирибизди чакырып алып чогуу тамактанабыз. Үчөөбүздүн ортобузда продюсерден кетүү-кетпөө жөнүндө сөз болгондо Урмат бизге “кетпегиле” дегенден башка сөз айткан эмес. Мен Динара эжеге “Урмат, Мирбек болуп кол алышып койгонбуз, ошон үчүн кетем” деп айткан эмесмин. Ал жөн гана Динара эже менен Асыл эженин оюнан чыгаргандары.
– Гастролуң кандай өтүп жатат?
– Эң жакшы. Кайсы жерде болбосун, эл залга батпай, супер аншлаг менен өтүп жатат. Буюрса, 10-августта гастролум бүтөт.
– Продюсер менен жана продюсерсиз иштегендин кандай айырмасы бар экен?
– Продюсерсиз иштегенде жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Өзүмдү бир топ чоңоё түшкөндөй сезип жатам.
– Шоу-бизнестин биздеги “мыйзамына” ылайык эми шоу-бизнестен четтеп калам деп коркпойсуңбу?
– Коркпойм. Мени шоу-бизнестен четтетчүлөрдү тескей турган да адам табылат. Талант – канчалык тоскон күндө да жылчык таап бир жерден болбосо, бир жерден чыга берчү нерсе. Анын үстүнө, продюсерлер Кудай эмес да, адамды асманга чыгарып, кааласа жерге талп эткизип түшүрүп койгудай.
– Эми башка продюсер менен иштешесиңби же өзүң элеби?
– Продюсери жок эле өз алдымча иштейин деп жатам.
– Эгер сен Динара Эсенгуловадан башка продюсерге туш болсоң да азыркыдай популярдуулукка жете алмак белең?
– Жете албасам керек эле. Анткени, менин бул деңгээлге жетишиме Динара эженин салымы өтө чоң экенин тартынбай эле айтам. Мен ал үчүн Динара эжеге миң мертебе ыраазымын.
– Сахнага келгенден берки бир жарым жыл ичинде атактуулуктан тышкары кандай материалдык байлыкка ээ боло алдың?
– Бир гана машиналуу болдум. Мындан башка материалдык байлыгым деле жок.
– Буга чейинки жеке концерттериңдин ар бири аншлаг менен өтчү эле. Динара эженин жардамысыз деле ошондой деңгээлдеги концерт уюштура алаарыңа көзүң жетеби?
– Көзүм жетет. Буюрса, убагы келгенде ага күйөрмандарым өздөрү күбө болушат.
– Динара эжеге кайрылып барып кайрадан иштешип калышың да мүмкүнбү?
– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бул толугу менен чечилген иш.
– Эми Динара эже экөөңөрдүн мындан аркы жеке мамилеңер кандай болот?
– Динара эжени мен адам катары сыйлайм. Ал өтө түшүнүктүү, боорукер, кыскасы, жакшы адам. Экөөбүз чыгармачылыкта иштешпей калсак эле мен аны жек көрүп калбайм. Динара эже мага чыгармачылыкта жардам бербей эле койсун, жөн гана саламыма алик алып, мамилеси түз болсо болду. Мен бул сөздөрдү андан коркконумдан айтып жаткан жерим жок, чын жүрөгүмдөн айтып жатам. Мен көргөн жерден жылуу учурашып, ортодогу мурунку мамилени сактаганга даярмын. Ал эми мага кандай мамиле кылаарын Динара эже өзү чечет.

Мирбек Иманбеков: “АСЫЛ ЭЖЕНИ ТУУГАН КАТАРЫ СЫЙЛАЙМ, А ПРОДЮСЕР КАТАРЫ...”
– Мирбек, өз алдынча иштеген кандай экен? Эркиндикти сезип жатасыңбы?
– Асыл эже жок болсо кыйын экен. Мен муну азыр эле сезип, Асыл эженин баркын азыр билип жаткан жокмун. Мурун эле билчүмүн.
– Анда эмне үчүн мындай кадамга бардың?
– Акыркы кездерде менин укугум тебеленип кеткендей болду. Келишимдеги нерселердин көпчүлүгү аткарылбай калды. Мисалы, анда көрсөтүлгөн акча эч качан менин колума толук тийбейт. Акча керек болгондо Асыл эжеге жалынып отуруп акча алчумун.
– Анда чырыңардын негизи акчага барып такалат экен да?
– Бизнесте чыр андан башка эмнеден чыкмак эле?..
– Эми ушул акчанын айынан тууганчылык мамилеңерге доо кетпейби?
– Мен буга чейин: “Асыл эже, акчаны тууганчылыкка алмаштырбайлы. Болбосо айылга, туугандарга шерменде болобуз”,- десем: “Мен акча үчүн тууганчылыкты кечип коём”,- деп айткан. Эженин ушул сөзүнө мен катуу ирээнжип калгам. Антсе да мен Асыл эжени тууган катары сыйлайм, бирок, продюсер катары антип айта албайм.
– Андай болсо бир жарым жыл кантип иштешип жүрдүң?
– Чыныгы продюсер мындай болбойт.
– Сенин узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына атың таанылышынын артында Асыл эженин чоң эмгеги турат. Өзүң да ушинтип эсептейсиңби же?..
– Аны тана албайм. Бирок, талантты да унутпашыбыз керек. Ырчыда талант болбосо, продюсердин аты кайдан чыкмак эле?
– Демек, сенин оюң боюнча, Асыл эжени шоу-бизнеске сен алып келиптирсиң да?
– Антип айтуудан алысмын. Мен келгенче эле Асыл эже шоу-бизнестин сырларын жакшы түшүнчү.
– Гастролдон тапкан акчаңды эмнеге коротоюн деп жатасың?
– Асыл эжеге 7 миң доллар карызмын. Ошону төлөйм. Акыркы жолу берген концертимден карыз болуп калгам.
– Алдыдагы бут тосуулардан коркпойсуңбу?
– “Бут тосом” деп Асыл эже мага ачык эле айткан. Бирок, мен андан коркпойм. Мен бир гана Кудайдан корком. Азыркыдай күйөрмандарым турганда бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгууга менин күчүм жетет.


Динара Эсенгулова: – КУДАЙГА ГАНА КОЙДУМ. КУДАЙ ҮСТҮБҮЗДӨ ТУРАТ ГО...

Асыл Аппасова: – МЕН МИРБЕКТИН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ТҮШКҮМ КЕЛБЕЙТ.
УБАКЫТ БААРЫН ТАРАЗАЛАЙТ.


Урмат Усенов: «ДИНАРА ЭЖЕ МЕНЕН ГЕЗИТ АРКЫЛУУ АКЫЙЛАШКЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»
– Урмат, ырчы достордун продюсерлери менен чырына сенин байланышың бар деп жатышат. Ушул боюнча өз оозуңдан уксак дедик эле...
– Мен жума күнү эч нерсе менен ишим жок эле жүрсөм бир тууган эжем телефон чалып: “Бирөөнүн ишине аралашпай жөн жүрбөйсүңбү!”- деп урушуп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй эле тактап сурасам: “Супер-Инфону” алып окусаң”,- деди. Дароо эле гезитти сатып алып окусам, алар жөнүндө жазылган макаланын арасында менин атым жүрөт. Жөн жерден жаманатты болгонума ыза болуп, Динара эжеге айтсам: “Бул менин эмес, Султандын сөзү”,- дейт. Султанга телефон чалсам, “мен айткан эмесмин” деп карганат. Ким айткан күндө да, Султан, Мирбек үчөөбүздүн ортобузда эч кандай кол алышуу болбогонуна мен жүз пайыз кепилдик берем.
– Анда эмне үчүн башканы эмес, сени байланыштырып жатышат?
– Мени “продюсеринен кетип, артынан буларды да ээрчитип кетиши мүмкүн” деп болжолдошкон болушу керек. Тескерисинче, мен: “Балдар, койгула, жарым жыл убактыңар калыптыр. Чыдап иштеп койгула. Эртеңки күнү өзүңөр зыян тартып каласыңар”,- деп айткам. Мен буларды продюсерлеринен бөлүп алып эмне кылмак элем? Анын артында кандайдыр бир кызыкчылык турса, анда бир жөн. Менин азыр өзүмдүн түйшүгүм өзүмө жетиш­түү. Мен өзүм тынчтыкты сүй­гөн адаммын. Динара эже менен гезит аркылуу акыйлашуу оюмда да жок болчу. Болгону, өзүмдүн ак экенимди далилдешим керек да.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан