Бактыгүл Бадыева: «УРМАТ ЭКӨӨБҮЗ СҮЙҮШКӨН КЫЗ-ЖИГИТ БОЛДУК»

Акбийке, 14 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл эже, сиздин мага ырдаганыңыз, айрыкча сулуулугуңуз аябай жагат.
– Рахмат!
– Өзүңүздү кайсы учурда бактылуу сезесиз?
– Өткөрүп жаткан ар бир күнүм, алтургай ар бир саат, ар бир мүнөтүм мен үчүн бакыт. Мен ар дайым эртең менен эрте туруп, күзгүгө карап: “Мен бактылуумун!” деп өзүмчө кайталайм. Ушул сөздү канчалык көп кайталасаң, Кудай сага дагы-дагы бакыт берет.
– Жеке концертиңизди качан бересиз?
– Кудай буюрса, күз айларында жеке концертимди берүүгө камынып жатам.

Нурзат, 18 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл эже, менин Аравия­да диний жактан билим алган байкем сизди аябай жакшы көрөт. Аны билген папам: “Калыңына самолёт сураса да ушул кызды сага алып берем”,- дейт. Сизге байкем чын эле үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип калса эмне демек элеңиз?
– Папаңыздын «самолёт берем» дегени жакшы экен. Тилекке каршы, менин башым бош эмес. Биз жигитим экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. Мен ошол сүйгөн адамыма гана баш кошкум келет. Андай болсо да байкеңизге салам айтып коюңуз.

Айдай, 12 жашта, Бишкек:
– Арендага алып ресторан иштетип жатыптырсыз. Аны сатып алайын деген да оюңуз барбы?
– Тактап койсом, ресторан эмес, кафе иштетип жатам. Окурмандар “Светоч” дүкөнүнүн Киев көчөсү тарабындагы ресторанды элестетип жатышса керек. Мен иштетип жаткан ал эмес, Логвиненко көчөсү тарабындагы подвалдагы кафе. Сиз айткандай, аны убакыттын өтүшү менен сатып алайын деген да оюм бар. Балким, эмки жылы ушул маалда бул кафе биротоло менин карамагыма өтүп калаар...
– Бул жумушуңуз чыгармачылыгыңызга терс таасирин тийгизбейби?
– Жок, такыр тийгизбейт. Тескерисинче, андан түшкөн кирешеге жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыра баштадым.

Анара, 17 жашта, Бишкек:
– Сизди Таласка турмушка чыгат дешти эле. Ошол чынбы?
– Жок, бул туура эмес. Менин жигитим бишкектик.
– Эмне үчүн жаңы ырларыңыз чыкпай жатат?
– Ырларымды дапдаяр кылып жаздырып койгом. Элди сагындырайын деп аларды азырынча радиолорго бербей турам. Жакын арада биринин артынан экинчисин бере баштайм.

Рыскүл, 16 жашта, Бишкек:
– Мен сизди бир кылымда бир жолу жаралчу Таттыбүбүнүн ордуна төрөл­гөн­дөй элестетем. Бирок, «сулуулардын бактысы тайыз болот» деп коюшат. Ушуга сиз кандай карайсыз?
– Ушинтип коюшат. Ошон үчүн мен өзүмдү укмуш сулуумун деп эсептебейм.

Азада, 24 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл, сени эмне үчүн министр, депутаттарга байланыштыра беришет? Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабаса керек...
– Эмне үчүн байланыштырышаарын өзүм да билбейм. Менин чиновниктердин бири менен да мамилем жок. Атүгүл эч кимисин жакындан тааныбайм.
– Иштетип жаткан кафеңди алуу­га кимдир-бирөө демөөрчүлүк кылса керек?
– Жок, жаңылышасыз. Бул нерсеге мен өз күчүм менен жетиштим. Мен алгач сулуулук салонун ачуу тууралуу ойлонгом. Анткени, өзүмдүн кесибим ошого байланыштуу. Кийин кайра ойлонуп, кафе иштетүүнү чечтим. Анткени, тамак жегенге бардык элдер муктаж болушат эмеспи. Анын үстүнө, өзүм да бир аз тамаксоо жанмын.
– Ал жакта эмне кызмат кылып жатасың?
– Эртең менен эрте туруп кафеге келем да, эмне бар, эмне жок экенин көзөмөлдөп, чыгармачылыкка байланышкан иштерим менен кетем. Түштө кайра келип тамактанам. Кечинде болсо кассаны өткөрүп алып, кызматчыларга акыларын таратам.

Бегимай, 19 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл эже, кийимдериңиздин саны канча?
– Сахнага кийген да, көчөгө күнүмдүк кийген кийимдерим да толтура. Санап көргөн эмесмин. Аларды 3-4 жолу эле кием. Андан соң шкафта тура берет.
– Туугандарыңыз сураса бересизби?
– Сураса бермекмин, бирок, сурашпайт. Алардын өздөрүнүн кийимдери деле жетиштүү.
– Базардан кийим сатып аласызбы?
– Жок, кийимдеримди дүкөндөрдөн сатып алам.
– Сиз алтынга аябай кызыгат болушуңуз керек. Сыр болбосо, алтыныңыздын саны канча?
– Ооба, мен кичинекей кезимден эле алтынга аябай кызыгам. 7 чынжырчам, 3 кулонум, 19 шакегим бар. Алардын айрымдарын өзүм сатып алган болсом, көпчүлүгү белекке келген.
– Алтындарыңыздын эң кымбаты канча сомдук?
– 76 миң сомдук бриллианты менен сөйкөм бар. Аны апам белек кылган.

Зарина, 23 жашта, Талас:
– Урмат Усенов экөөңөрдүн мамилеңер жөнүндө айтып жүрүшөт. Экөөңөрдүн мамилеңер дагы деле үзүлө элекпи?
– Албетте, Урмат экөөбүздүн мамилебиз жакшы, бирок, чыгармачылыкта гана. Сиз ойлогондой сүйүү мамилеси экөөбүздүн ортобузда жок. Менин жигитим башка.
– Анда жигитиңдин аты ким?
– Атын айта албайм.

Гүлбара, 21 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл, жигитим экөөбүз тең сизди аябай жакшы көрөбүз. Бирок, мен жигитимди сизден кызганбайм.
– Рахмат, жакшы экен.
– Сиз бир кезде “жигитим ырдаганга уруксат бербей жатат” деп жүрбөдүңүз беле. Ошол эмне болду? Жигитиңизди көндүрдүңүзбү же дагы деле кайсынысын тандаарыңызды билбей жүрөсүзбү?
– Жигитимдин тигил жагына бир чыгып, бул жагына бир чыгып жатып акыры көндүрдүм. Азыр ырдап да жатам, жеке турмушум да жайында.

Уулкыз, 15 жашта:
– Жигитиңиз ырдашыңызга азыр макул болуп, үйлөн­гөндөн кийин ырдатпай койсо эмне кыласыз?
– Менин жигитим – чыныгы эркек. А чыныгы эркек айткан сөзүнө турат.

Нурлан, 24 жашта, Бишкек:
– Сенин “Кайып булак” аттуу киного тартылып келгениңден кабардар болдук. Бул биринчи жолу фильм­ге тартылышыңбы?
– Ооба, биринчи жолу фильмге тартылышым. Ушуну менен менин кичинекей кезимден берки тилегим орундалды десем болот. Анткени, кичинекейимде эле ырчы да, актриса да болом дей берчү­мүн.
– Фильмге тартылууда сизге эмне өзгөчө кыйынчылык туудурду?
– Кыйынчылык туудурган жерлери көп эле болду. Бирок, өзүм­дүн ролум өзүмө жагып, өзүм каалап аткаргандыктан, ал кыйынчылыктардын баары унутулуп кетти. Айрыкча маанайым шат болуп турган кезде режиссёрлордун “ыйла” дешкени жаман болду. Мындай учурда ыйлай албай кыйналат экенсиң. Бирок, мени бир дагы жолу көзүмө бир нерсе сүртүп ыйлатышкан жок. Канча жолу ыйлаш керек болсо ошонун баарын өзүм ыйлап жаттым.
– Бул фильмде кандай образ жараттың?
– Мында Бактыгүл Бадыева болуп эле катыштым. Кинодогу образым жашоодогу образымдан көп деле айырмаланган жок. Болгон айырмасы – мен фильмде ишенчээк кыз болуп, көп ыйладым. А жашоодо мен көп ыйлай бербейм. Көп нерсеге туруштук берем. Анан да Урмат Усенов экөөбүз сүйүшкөн кыз-жигит болдук. Жогоруда айтып кеткендей, жашоодо андай эмес.

Нургүл, 30 жашта, Бишкек:
– Сенин продюсериң Назгүл Айдаралиевабы?
– Болгон. Экөөбүз 4-5 айдай эле иштешип, азыр иштешпей калдык.
– Башка ырчылардай болуп уруш-талаштын айынан иштешпей калдыңарбы же башка себептерденби?
– Биз урушкан деле жокпуз. Болгону, Назгүл эженин такай мени менен болгонго убактысы жок. Мен андан жакшынакай сүйлөшүп эле кеттим.
– Эми ырларыңды “Кыргызстан Обондору” бербей койбойбу?
– Бул радиодон мурун ырларым кандай кетсе, эми деле ошондой кетип жатат.

Элиза, 13 жашта, Бишкек:
– Сиздин чоң энеңиз Алайдан болобу?
– Ооба, чоң энем Алай районунун Гүл­чө айылында жашайт. 70тен ашып калды. Маал-маалы менен барып учурашып турабыз.

Марат, 20 жашта, Бишкек:
– Казинолорго көп барасызбы? Минтип сураганымдын себеби, менин казинодо коопсуздук кызматкери болуп иштеген досум сизди өзү иштеген казинодон көрүптүр.
– Мен казиного барган эмесмин, барбайм дагы. Досуңуз мага окшош башка кызды көрүп алса керек.

Марина, 18 жашта, Бишкек:
– Сиз жакында эле жеңелүү болбодуңузбу. Жеңе менен кайынсиңди көпчүлүк учурда келишпей калышчу эле. Сиздин жеңеңиз менен болгон мамилеңиз кандай?
– Жеңем менен мен сый мамиледемин. Шаардан Токмокко барган сайын жадырап-жайнап тосуп алып, дасторконун жайнатып, коноктоп узатат.
– Сырдашасыңарбы?
– Сырдашпайбыз. Анткени, сырдашкыдай убакыт болбойт. Мен үйгө аз гана убакытка барам.

Бегимай, 16 жашта, Бишкек:
– Сиз ар дайым сулуу болуп жү­рө­сүз. Өзүңүздүн жеке стилистиңиз барбы?
– Жеке стилистим жок. Мен өзүмө өзүм стилистмин. Мен чачтарачтын окуусун бүткөм. Андыктан, чачымды өзүм жасап, өзүм макияж жасайм. Анан албетте, сулуулук салонунун кызматынан да колдоном.

Зарылкан, 13 жашта, Бишкек:
– Чачыңыздын түсү өзү ушундай карабы же боёйсузбу?
– Өзүмдүн табигый чачымдын азыркымдан айырмасы аз эле. Бирок, дагы кооз болсун үчүн анын үстүнөн да боётуп алам.
– Сиз үчүн жигиттер мушташты беле?
– Көп эле жолу мушташышкан. Айрыкча мектепте окуп жүргөндө мындай окуя­лар көп болчу. Жакында эле дагы кайталанды.

Замира, 17 жашта, Бишкек:
– Мектепте жакшы окудуңуз беле?
– Жакшы деп деле айта албайм. Орто окугам. Аябай шок кыз элем. Менсиз “разборкалар” бүтчү эмес. Сабактарга катышпай, көбүнчө топ кыздар ашканада отурчубуз. Бирок, ошентип сабактарга катышпай жүрүп деле «5терди» алып койчумун. Анткени, мугалимдер менен жакшы тил табышчумун. Классыбызда орус, уйгурлардын арасында жалгыз эле мен кыргыз болгон үчүнбү, эжейлер кээ­де мени көтөрмөлөп коюшчу.

Перизат, 11 жашта, Бишкек:
– Ди-джей болгуңуз келбейби?
– Жок, мүмкүнчүлүк болуп калса да ди-джей болбойт болчумун. Менден ди-джей чыкпашына өзүмдүн 100 пайыз көзүм жетет. Анткени, менин сөз байлыгым аз.
– “Супер-Инфого” көп чыгасыз го. Өзүңүз чыккан макалаларды окуйсузбу?
– “Супер-Инфону” өзүм чыксам да, чыкпасам да жума сайын сөзсүз түрдө алып окуйм. Ал эми өзүм чыккан сандарын сактап коём. Балким, кийин керек болуп калаар.

Ажара, 14 жашта, Бишкек:
– Алгачкы махабатка качан жолуктуңуз эле?
– 17 жашымда жолуккам. Ошентсе да алгачкы махабатым деп азыркы жигитимди эсептейм. Азыр менин башыма чыныгы сүйүү келди.

Адинай, 14 жашта, Бишкек:
– Бактыгүл эже, сизге арнап жазган ырымды айтып койсом болобу?
– Айтагой.
– Сиз жылдыздын жылдызы,/ Ай ааламдын нур кызы./ Сизге арнап ыр жазган,/ Мен кыргыздын бир кызы.
– Чоң рахмат. Калемиң курчуп, келечекте чоң акын кыздардан бол.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jasi.jasi
2020-06-03 21:49:30
Мм ностальгия.Азыр эми зынкыйып уч кыздын энеси,суйуктуу жубай болуп отурат.Мен да ошол убакта сендей жаш элем.Жаштык бир кайрылып келсе кана аттин
+3
Arstan18.18
2020-06-15 17:21:06
Катуу суйуп жургон, тымызын Сары мышык Неля жайладыго)
+2
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан