Акбар Сүйүнбаев: «БЕЗЕТКИМДЕН АРЫЛАМ ДЕП ТИШ ПАСТАСЫН БЕТИМЕ ШЫБАЧУМУН»

Анара, 16 жашта, Бишкек:
– Акбар байке, сиздин атыңызды ким койгон?
– Менин атымды белгилүү акын Акбар Рыскулов койгон. Мен төрөлгөндө атам мага ат койгонду унутуп калып эле достору менен майлап жүрө бериптир. Ошол күндөрдүн биринде атам иштеген лицейге жогору жактан текшерүү келип, комиссиялардын арасында белгилүү акын Акбар Рыскулов агабыз да бар экен. Атам ага жолугуп “балалуу болдум эле, атын сиз коюп бербейсизби” десе ал киши “чоңойгондо мендей белгилүү адам болсун” деп мага өзүнүн атын ыйгарыптыр. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун бир китебине “Акбар агасынан Акбар инисине” деп автограф жазып берген экен. Ал китепти мен азыр тумар катары эч кимге кол тийгизбей сактап жүрөм.

Айсулуу, 16 жашта, Бишкек:
– Акбар байке, сиз досторуңуз Султан менен Мирбектин продюсерлеринен кеткенине кандай карайсыз? Сиздин оюңузча кимисиники туура?
– Мен гезиттен эки тараптын тең интервьюларын окуп, эч нерсе дебей эле коюуну чечтим. Анткени, кимисиники чын, кимисиники калп экенин билбей башым айланып калды. Бирок, досторум болгондон кийин албетте, Султан менен Мирбекке жан тартам. Ошол эле убакта Асыл эже менен Динара эженин эмгектерин да баалайм. Алардын досторум аркылуу мага да жардамы тийгенин унутпайм. Алардын ортосунда эмне жөнүндө кеп-сөз болгонун так билбеген соң мен эч нерсе айта албайм.
– Ушул чырдан соң продюсер менен такыр иштешпейм деген чечимге келген болушуңуз керек?
– Мен мындай чечимге Ильяз Адамовдон кийин эле келгем. Кабарыңыз болсо, биз Ильяз байке экөөбүз бир кезде жакшы эле иштеше баштаганбыз. Менин кышындагы концертимди да ал уюштурган. Ошол концерттен кийин экөөбүздүн ортобузда түшүн­бөстүктөр чыгып кеткен. Анын себеби баягы эле акча бөлүшмөйгө барып такалат да. Ишенсеңиз-койсоңуз өзүңүз билиңиз, бирок, мен ушул концертимден кийин үч күн ачка калгам. Ильяз байке мени менен эсептешпей туруп Жалалабатка кетип калыптыр. Кийин эсептеше келсек эле кайдан-жайдан экени белгисиз, мен ага карыз болуп калыптырмын. Ал карыз ушул күнгө чейин менин моюнумда. Ушундан кийин менин продюсер менен иштегенден көңүлүм калган.

Максат, 27 жашта, Бишкек:
– Акбар, сен эмне үчүн башка ырчылардай болуп клип тарттырбайсың?
– “Ал менин махабатым” аттуу ырыма концертимдин алдында Канат Култаев белек катары клип тартып берген. Ал клибим ошондо “Браво” телекөрсө­түү­сүнөн бир гана жолу берилип, ошол бойдон “өчтү”. Мунун себеби өзүмө да түшү­нүксүз.
– Анда шоу-бизнесте сага да бут тоскондор бар го?
– Айта албайм. Болушу да мүмкүн. Жакында болгон бир окуядан соң менде ушундай ой пайда боло баштады. “Бравонун” бир жылдык майрамы болбоду беле?! Ошондо эч кандай жаман оюм жок эле куттуктап коёюн деген ниетте белегимди көтөрүп алып мен да барганмын. Көрсө, ал жакка жалаң чакырылгандар барыптыр. Муну угуп алып өзүмдү ыңгайсыз сезип эмне кылаарымды билбей турсам бирөө келип: “Сен эшиктен тартылат экенсиң” деп калды. Эшикке чыгып, кадимкидей эле тартылгам. Кетип баратып тааныштарыма телефон чалып сурасам, “сени көрсөтүшкөн жок” дейт. Менин алдымда, менден кийин тартылган ырчылар чыгышыптыр да, мен чыкпаптырмын.

Шайыргүл, 20 жашта, Токтогул:
– Шаарга жаңы келгениңди сүрөттөп берсең?
– Мен мектепти бүткөндө атам “аскерге барасың” деп калды. “Окууга барам” деп жатып араң көндүрсөм, “барганыңа 100 сом, келгениңе 100 сом” деп 200 сом берди. Шаарда агаларым бар болчу, ошолорго келдим. Троллейбус, маршрутка дегендерге түшкөндү билчү эмесмин. Классташ кызым экөөбүз бир окуу жайдан экинчи окуу жайга жөө эле кыдырып жүрө берчүбүз. Ал убакта кийимди жарашыгына карап кийгенди да билбесем керек, спорт шымын кийип, үстүмө классикалык стилдеги костюм кийип деле жүрө берчүмүн.
– Орусча билесиңби?
– Тантырасам да бир нерсени түшүндүрө алам.

Мээрим, 23 жашта, Бишкек:
– Кличкаң барбы?
– Мектепте окуп жүргөндө кличкам көп эле. Эмнегедир балдар мени Долон деп коюшчу. Кээде Суке деп да аташчу. Булардан тышкары Тяж деген кличкамды айрымдар азыркыга чейин колдонушат. 9-классымда бокс менен машыкчумун да. Ошондо эле менин салмагым 79 килограмм эле. Ушундан улам машыктыруучулар “тяжеловес” деп жүрүшүп, бара-бара Тяж деген атка конуп кеттим.
– Сени көңүлү жумшак дешет. Ушул мүнөзүңдүн айынан зыян тартып калган учурларың болду беле?
– Туура айтышат. Чын эле менин бирөөгө жок дей албаган көңүлчөөктүк сапатым бар. Мунум өзүмө такыр жакпайт. Мындай сапатым мага көп учурда зыян алып келет. Жөнөкөй эле мисал, ким “жүр” десе эле алардын гастролуна кошо чыгып, он күн болсо он күн, жыйырма күн болсо жыйырма күн жүрө берем. Алардан акча да сурабайм, же өздөрү билип беришпейт.

Зарылкан, 13 жашта, Бишкек:
– Кочкордо жер титирөө болгондо сиздердин үйүңүздөргө залакасы тийген жок беле?
– Тийген. Залыбыз кадимкидей ортосунан жарылып кеткен. Кийин эл катары биз дагы элүү миң сом акчалай жардам алдык. Жакында эле өзүм барып үйдү оңдоп келдим.
– Бетиңиздеги тактарыңыз эмнеден пайда болгон?
– Бетимде азыркыдай тактардын калып калышына түздөн-түз өзүм себепчимин. Шаарга жаңы келгенимде бетим көпчүлүк айылдык балдардыкындай эле кызыл болчу. Анан анча-мынча безеткилерим бар эле. Мончого түшкөндө агарам деп бетимди мочалка менен аябай жышып жууп, безеткилеримди кетирем деп тиш пастасын бетиме шыбап алчумун. Тиш пастасы безеткини кетирет деп бир жерден укканым бар эле. Анан бетимдин ачышканын көрө бер! Анда мен безеткилерим жок болуп жатат деп чыдап отура берчүмүн. Бир күнү мунумду билип калган байкем “тиш пастасы безеткилериңди күйгүзүп жиберет” деп урушту. Ошондон кийин антпей калгам. Бирок, кечигип калыптырмын. Айткандай эле безеткилерим күйүп, бетиме так түшүп кетиптир.
– Тактарыңызды кетиргенге аракет кылып көр­дүңүз беле?
– Негизи, кетирсе болот экен. Бирок, мен аракет да кылган эмесмин. Эркекке сулуулуктун эмне кереги бар? Биздин маймылдан бир аз эле айырмабыз болсо, ошол жетиштүү болот.

Тина, 20 жашта, Бишкек:
– Сахнада эл көзүнчө ыңгайсыз абалда калып калган учурларыңыз болду беле?
– Болгон. Ошто концерт берип жатканбыз. Сахнага чыгууга кезегим жакындаганда дааратканага кетип калып жатпаймынбы. Аңгыча мени чакырып калышты эле шашып келип эле сахнага чыгып кеттим. Мен чыккандан баштап эле алдыңкы катарда отургандар эмнегедир күлө башташты. Бир нерсени байкап калып ылдый жагымды карасам, шымымдын сыдырмасы ачык жүрөт. Шашып жатып сыдырбай чыгып келе бериптирмин да. Же кайра кирип кете албайм, же элдин көзүнчө сыдырып ала албайм. Ырым болсо башталып калды. Анан эмне болсоң ошол бол дедим да, ары карамыш болуп сыдырып алдым. Эл көзүнчө эң катуу уялганым ушул болгон.

Батма, 31 жашта, Токмок:
– Акбар, сен алгач сахнага чыкканыңда Султан менен “Махабатым” аттуу ырды ырдап элге таанылбадың беле. Сен өзүңдү Султандын артынан популярдуулукка жеттим деп эсептейсиңби?
– Туура, бул ырды дуэт кылып ырдоону мага Султан сунуш кылган. Бирок, бул ырдын популярдуу болушуна кандайдыр бир деңгээлде менин да салымым бар. Султан мага алгач “Кудача кызды” дуэт кылалы деген сунушун айткан. Анын казакча экенин билгенден кийин мен макул болгон эмесмин. Кийин “Махбатымды” ырдайлы деп калды. Буга да көп көңүлүм жок эле. Султан ой-боюма койбой эле “бол, сен 700 сом тап, мен 700 сом табайын да, экөөбүз ырдап чыгалы” деп жатып мени көндүрдү. Бул учурда Султандын да өзүнүн пландары бар болчу: Анда Чыңгыз Мырзаев радиого жаңыдан ишке кирген. Биз Чыңгыз экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал эми Чыңгыз менен Султандын мамилелери жок болчу. Чыңгыз “мен Акбар үчүн баарына даярмын” деп айтып калгандарын Султан укчу да. Ошентип, ырды жаздырдык да, Чыңгызга бердик. Ошол күндөн баштап эле биздин дуэт радиодон тынымсыз кете баштады. Мында албетте, Чыңгыздын салымы чоң болчу.
– Ошентсе да Султан “сени мен элге тааныткам” деп айтпайбы?
– Жок, Султан өзү антип айтпайт. Султандын ордуна бир жолу мындай сөздү Мирбек Иманбеков айткан. Ортодо кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп кетип, ошондо Мирбек: “Акбар, сени керек болсо Султан сахнага алып келген” деген.

Жоомарт, 25 жашта, Бишкек:
– Сага сахнага кийген формаларыңды тандоого ким жардам берет?
– Чынын айтсам, мен ушул убакка чейин бир дагы жолу өзүмө арнап форма тиктирип көрө элекмин. Кийип жүргөн формаларымдын баары ар кимден белекке келген. Эң биринчи жолу Султан бир кара көйнөк белек кылган. Өзүнө тиктирсе чоң келип калган экен, мага берип койгон. Дагы бир формамды Азиз Жетигенов белек кылган. Негизи, биз Азиз экөөбүз анчалык деле жакын эмес болчубуз. Бир жолу Ошко чогуу концертке барып, бир бөлмөдө жатып калганбыз. Азиз эртең менен туруп эле: “Акбар, мобул көйнөгүмдү сага берейинби?” деп калыптыр. Боорунда “Акбар” деген жазуусу бар формамды болсо Артык менен Сапар, дагы бир формамды Макс Бегалиев берген. “Эмнеге эле булар мага бере беришет?” деп өзүм да таң калам. Ал эле эмес, ырларым да бекер жазылат. Сөздөрүн Гүл белек кылат, аранжировкасын Ильяз бекер жазып берет.

Тилек, 22 жашта, Бишкек:
– Акбар, “Диско-80” деген өзүңдүн тобуңду ачып жүр­бөдүң беле? Ал топ иштеп жатабы?
– Ооба, үч жигиттен турган “Диско-80” деген топ иштетип жаткам. Тилекке каршы, ал жигиттер азыр топтон кетип калышкан. Бул да менин көңүлүмдүн жумшактыгынан болду. Балдарга катуу айтчу эмесмин, өз жайларына койчумун. Ушундан улам менин башыма чыга башташты. Айтканды угушпайт. Ал эле эмес, мени “дос” деп алышыптыр. Анан бир күнү дагы тилимди албай коюшту эле, курумду чечип алып үчөөнү тең аябай сабадым. Ошол бойдон жок, качып кетишиптир. Азыр топко жаңы курам алып, аларды Ташкент кызы Гүл иштетип жатат. Өзүм болсо Алмаз Абдыжапаров деген жигитти тарбиялоодомун. Экөөбүз жакында эле “Нарындык периштем” аттуу дуэт жаздырдык.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан