Назира Жетигенова: «АЛТЫНЧЫ КЛАССКА КЕЛГЕНИМДЕ «КЫЗ» БОЛО БАШТАДЫМ»

Айтылуу эркек куудулдардан кем калбай, сахнага чыгып элибизге күлкү тартуулап келе жаткан аялдар кыргызда саналуу гана. Назира Жетигенова – мына ушул саналуу куудулдардын бирөөсү. Тартынуу, кысынуу дегенди билбеген Назира айым 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. 6 бир туугандын бешинчиси. Эки кыздын энеси. Учурда бойдок. “Нукура кыргыз” телефестивалынан 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” конкурсунан 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалынан 1-орун­ду алган.

– Назира, сиз кичинекей кезиңизде эле азыркыдай “шустрый” болсоңуз керек эле?
– Мен кичинекейимде өзүмдү эркекмин дечүмүн. Анткени, жалаң эркектер менен ойноп жүрө берип, мүнөзүм да эркектердей болуп калган эле. Көчөдөн бирөө-жарым “ай, кимдин кызы болосуң?” деп сурап калса: “Мен кыз эмесмин, Солтонун баласымын!”- дечүмүн шыр эле. Көчөдөгү балдардын баары менден коркушчу. Үйүбүздүн алдында үч чоң дарак болоор эле. Анын бирине “самолётум”, экинчисине “вертолётум”, үчүнчүсүнө “автобусум” деп ат коюп алгам. Кошуна балдарды болсо каалаган “унаасына” акча төлөтүп отургузчумун да, өзүм “айдоочу” болуп алчумун. “Жүргүнчүлөрүмдүн” айрымдарынан кайтарганга акчам жок болуп калганда “майда болгондо берем” деп ашыкча акча алып койчумун да. Анан алар мектепте “сиңдиңиз мага акча карыз болчу, бериңиз” деп эжемдин айласын кетиришчү экен. Эжем болсо апама келип алып менин үстүмөн арызданып калчу. Анысы аз келгенсип, улуу агамды туурап күрөшкө катышчумун. Атам кээде достору менен мелдеше кетип, алардын эркек балдары менен мени күрөшкө чыгарып койчу. “Кызым, менин намысымды коргоп тигил баланы жеңсең, мен сага элүү тыйын берем”,- десе, эптеп акчаны алыш үчүн жан-алым калбай күрөшүп, жеңип койчумун.
– “Өзүмдү эркек катары саначумун” деп жатпайсызбы. Анан качантан баштап “кыз” боло баштадыңыз?
– Агам күн сайын гантелдерди көтөрүп машыгып, күзгүгө карап булчуңдарын, төштөрүн чыгарса, мен да аны туурап калчумун. Кыздар менен такыр сүйлөшпөгөн үчүнбү, менде ал кезде «жашы жеткенде кыз баланын төшү чыгат» деген түшүнүк жок эле. 6-7-класстарда чын эле төшүм чыкса, мен “аа, машыкканымдан төшүм чыккан турбайбы” деп ойлоп коюптурмун. Бир күнү агамдын спорттук майкасын кийип алып көчөдө итимди жетелеп жүрсөм, апам көрүп калып: “Кокуй, мени элге шерменде кылганы жатасыңбы? Кир үйгө!”- деп урушуп киргизип, менин жашым жетип, төшүм чыкканын түшүндүрүп берген. Ошондон баштап апам мени мурдагыдан катуураак көзөмөлдөй баштады. Мен болсо баары бир деле үйрөнгөн адатымча көчөгө чыгып, балдар менен ойноп кетчүмүн.
– Сиздер Алина Жетигенова экөөңүздөр бир тууган эмессиздерби. Эжеңиз менен чогуу өткөргөн балалыктын үзүм­дөрүнөн эсиңизде калгандары барбы?
– Биз алты бир тууган болсок, анын ичинен экөөсү, Алина эжем менен Алмаз байкем айылда, чоң атамдардын колунда өсүшкөн. Мен Алина эжем менен бир тууган экенимди 1-класска окуганга чейин билген эмесмин. Каникулдарда биздикине келип калышканда: “Алмакан жинди!”- деп качып, жинине тие бергеним эсимден кетпейт. Кийин 10-классты бүткөндө өз ата-энесинин колуна, башкача айтканда, биздикине келген. Анда да эжем экөөбүз аны бөлүп, атамдар ага кийим-кечек сатып беришсе “эмне эле атам карындашына кийим сатып берип жатат?” деп жинибиз келчү.
– Бизде аялзатынан куудул чанда чыгат эмеспи. Сиз кандайча куудул болууну чечип калдыңыз эле?
– Мен кичинекей кезимден эле “клоун болом” деп бетиме сүрөттөрдү тартып алып кичинекей “концерттик программа” менен көчөлөрдү аралап “гастролго” чыгып келчүмүн. Мектепте да интермедияларды аткара коюп жүрчүмүн. Классташтарым мени “Шаршен” дешчү. Бул биринчиден, менин фамилиямдан алынган кличка болсо, экинчиден, куудулдугума байланыштырып ушинтип коюшчу. Менин фамилиям Жетигенова эмес, Шаршенова. Жетиген – менин чоң атамдын атасы. Алина эжемди чоң атамдар багышкан үчүн аны өздөрүнүн фамилиясына жаздырып коюшкан. Мен сахнага жаңыдан чыгып жүргөндө “Алина Жетигенованын сиңдиси экен” деп жүрүшүп, өзүмчө эле Жетигенова деген фамилияга ээ болуп калгам. Ошентип, “клоун болом” деген кичинекей кезимдеги тилегим ишке ашты окшойт. Бирок, 8-классты бүткөн соң атам менин “актриса болом” дегениме карабай, медициналык орто окуу жайга тапшырттырып койду да, өздөрү Бишкекке көчүп келе беришкен. Көңүлүм жок болгондуктан, анда 1-1,5 ай гана окудум. Анан окуумду таштап салып, мен да алардын артынан Бишкекти көздөй жөнөдүм.
– Бишкекке келсеңиз бул жакта сизди кандай тагдыр күтүп туруптур?
– Бишкекке келген соң “артист болом” дей берсем Алина эжем менин көңүлүмдү кыя албай Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясына киргизип койду. Ал кезде бир топ эле толук кыз болчумун. Ошондо бийлегенимди эстесем азыр деле күлкүм келет. Элестет, күрөш менен машыгып жүргөн толук кыз эле бийлеп жатса. Андан да Алина эжем сатып берген балериналардыкындай кыска юбканы кийип алам. Жакшы эле бийдин кыймылдарын жасаганга аракет кылчумун. Болбой эле олдоксон көрүнсө керек, менин бийлегенимди көргөн ошол жердегилер боорлору эзилгенче каткырышчу.
– Чоң сахнага биринчи жолу качан чыктыңыз эле?
– Алина эжем мени такыр тобуна кошчу эмес. Гастролдорго чыгып баратканда ээрчисем: “Сен ал жакта эмне кыласың?”- деп албай койчу. Бир күнү Ошко баратканда дагы ээрчисем жездем, Алина эжемдин күйөөсү эжеме айтпай машинага салып алды. Алина эжем менин баратканымды жолдун жарымына жетип калганда көрүп жатпайбы. Ошол күндөн баштап мен алардын тобунда запастагы адам катары иштей баштадым. Кассада адам жок болуп калса, ошол жерден кассирге айланып, музыкалык аспаптарды ойной турган адам жок болуп калса, ал жерге туруп, кыскасы, ким жок болсо, ошонун ордуна иштей берчүмүн. Биринчи жолу мындан 6-7 жыл мурун Спорт Ордосунда Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккам. Толкунданганымданбы, бетиме оголе көп пудра коюп алыптырмын. Аппак болуп эле сахнага чыга калсам Анвар байке: “Ии, аппак шейшепти кесип, бетиңе чаптап алып кайдан келатасың?”- деп жатпайбы элдин көзүнчө. Өзүмдү токтото албай күлүп жатам, күлүп жатам. Акыры токтобой койгонумда: “Эмне, Көлдүн чөбүнөн чегип алдың беле? Бар, жогол!”- деп сахнадан кууп чыккан. Сахнанын артына өтсөм Алина эжем аябай урушту. “Экинчи сахнага чыкпайсың!”- деген болчу ошондо. Мен болсом тескерисинче, кайра күч алып, чыга баштадым.
– Азыркы учурда чыгармачылык жактан сизге ийгилик келди десек жаңылышпайбыз. Демек, сиз буга чейин эле чыгармачылык менен иштеп жүргөн экенсиз да?
– Буга чейин ресторанда официантка болуп иштеп жүрдүм. Кийин администратор болуп которулдум. Андан кийин башка ресторанда, кийин дү­көндө иштедим. Эки кызымды жалгыз тарбиялайм, аларды эч нерседен кем кылбай багышым керек да. Жетекчилерим да мени жакшы түшү­нүшчү, гастроль башталганда бошотуп коюшуп, бүткөндө кайра келип алып иштей берчүмүн. Азыр болсо бир гана чыгармачылык менен алектенип жатам.
– Кыздарыңыз канчада?
– Мен өзүм он жети жашка толо элегимде турмушка чыккам. Тилекке каршы, төрт жыл чогуу жашаган соң ажырашып кеткенбиз. Ал кездеги тырмактай кыздарым азыр чоңоюшуп, улуу кызым Айпери 16га кетти, кичүүм Азиза 14 жашта. Бирөө­сүнүн бийге, экинчисинин ырга шыгы бар. Бирок, мен алардын башка кесиптин ээлери болуусун каалайм.
– Сиздин куудулданганыңызга кыздарыңыз, туугандарыңыз каршы болушпайбы?
– Жок, тескерисинче, сүйүнүшөт. Апам ар кайсы жерден уккан күлкүлүү сөздөрүн жазып алып, мага алып келип берет. Жакында эле бир тойго барып, бирөөнүн сүйлөгөн тостунан “алысты жакын кылган – сотка, аракты таттуу кылган – водка” деген сөздөрдү жазып келиптир. Апам да аябай макалдаштырып, кээде куйкум сөздөрдү кошуп сүйлөп калат. Биз аны Вера Петровна деп коёбуз. Өзүнүн аты Бермет. Биз баарыбыз узун коридордогу бөлмөлөрдө кошуна болуп жашайбыз да. Биринчи бөлмөдө Алина эжемдер, анан мен кыздарым менен, анан апам болуп. Апам эртең менен туруп ашкананын эшигине отуруп алат. Биз болсок концерттен кеч келип жатып, эртең менен кеч турабыз да. Чачтарыбызды үрпөйтүп эле ар бир бөлмөдөн үчтөн-төрттөн болуп чыгып келатсак апам: “Айланайындар, менин таракандарым туруп келатышкан турбайбы”,- деп коёт.
– Өнөгүңүз Жакут Сыдыков менен жакшы эле тил табышып жатасызбы?
– Жакуттун адамгерчиликтүү мүнөзү мага аябай жагат. Экөөбүз сахнада да бири-бирибиздин сөздөрүбүздү айттырбай улап кеткен жакшы өнөктөрдөн болуп чыктык. Ал жакында автокырсыкка учурабады беле. 1,5-2 айдай төшөктө турбай жатты. “Дагы бир аз жата тур”,- десем болбой, “сахнаны сагындым” деп чыгып алды. Азыр экөөбүз концерттерге катыша баштадык. Бир интермедиябыздын мен аны бутунан кармап айланткан жери бар болчу. Өткөндө бутунан акырын эле кармап айланткам, эртеси кыйналып калыптыр. Эми бутунан эмес, жакасынан кармап айлантып жатам.
– Чыгармачылык менен катар жеке жашооңуз тууралуу ойлонгонго да убакыт жетип жатабы? Качан турмушка чыгайын деп жатасыз?
– Артымдан чуркап, үйлөнүү тууралуу сунуш кылгандар бар. Бирок, менин турмушка чыгайын деген оюм жок. Чыгармачылыкка эми эле киришпедимби. Эргүү менен жазылган эки сатирам ойнолуп жатат. Дагы иштелип чыга элек сатираларым бар. Мен турмушка чыгып кетсем ал сатираларым ойнолбой калбайбы.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан