«АЛАКАЧЫП КЕТИШСЕ ЭРКЕКЧЕ МУШТАШАМ»

«Боз салкын» фильми аркылуу мекенибиздин булуң-бурчуна чейин таанымал болууга жетишкен Асема азыр 21 гана жашта. Жаш экенине карабай баарыбыздын бүйүрүбүздү кызытып, учурда Кыргызстанда популярдуулугу артып турган убагы.

– Асема, сен тар­тылган “Боз салкын” фильмин көр­бөгөн кыргыз калбаса керек. Бул киного кандайча келип калдың эле?
– 2004-жылы Бишкектеги “Бийиктик” басмаканасында иштеп жүргөндө ал жакка Шазада аттуу бир байке келип, чогуу иштеп калдык. Ал “Боз салкындын” режиссёру Эрнест Абдыжапаров агайдын алысыраак иниси болот экен. Кичинекей кезимден эле ыр-бийге жакын болуп өскөндүгүмдөн, анын алдында өзүмчө эле артист боло берчү­мүн. Бир күнү эле Шазада байке менин кылыктарыма күлүп: “Бир кино тартылганы жатат. Кастинг жүргүзүп, баш каармандын ордуна таланттуу кыз издеп жатышкан. Барсаң сен сөзсүз өтөсүң”,- деп калды. Башында анча деле маани берген эмесмин. Кийин бактымды бир сынап көрүүнү чечип, кастингге бардым. Алгач мени баары эле көңүлкош кабыл алышкан. Анан берилген тапшырманы аткаргандан кийин таңкалып эле ооздорун ачып калышты. Кийин Эрнест агай: “Сени бир көргөндө жактырган эмесмин, оруска окшогон кандай кыз дегем. Кыргызча сүйлөп аткара келсең эле жакшынакай актриса болуп калат экенсиң. Эгерде кастинг сүрөт боюнча болсо, сени чакырмак эмесмин”,- деп айтып жүрдү.
– Бул алгачкы ролуң эмеспи, аткаруучулук жагынан кыйынчылыктар болгондур...
– Көп деле кыйналган жокмун. Анткени, менин кичинекей кезимден эле аткаруучулук талантым бар. Кээ­де үйгө коноктор келип калышса баарын күлдүрө бергендигимден, айласы кеткен апам үстөлдүн астынан чымчып койчу. Тасманы тартуу убагында болсо, жанагы тоонун капталынан чуркап жүрүп бийлеген кадрлар үч ирет кайра-кайра тартылган. Бул менин аткара ал­бай кыйналганымдан эмес, ойногонумду көрүп, операторлордон тартып режиссёрго чейин каткырып жатып тарта албай калышканынан болду.
– Киного өз атың менен тартылууну ким сунуш кылды эле?
– Сценарий боюнча ал кыздын аты Асыл болчу. Анан мени баары эле “Асема” деп чакырып атышып Асема болуп калган. Анан кинонун жаратуучулары: “Мейли, өз аты менен эле тартыла берсин”,- деп коюшкан.
– Сени көчөдөн көргөндөр таанып калышаарында шек жок. Асема деп атыңды да билишет. Андай учурларда эмне кыласың?
– Башында таанып колдору менен көрсө­түш­сө, кыжаалат боло берчүмүн. Алтургай кичинекей балдар: “Сен Асемасыңбы?”-деп да сурап калышчу. Аларга кебетемди бузуп, тилимди чыгарып койсом: “Аа, ал эмес экен”,- деп кетип калышаар эле. Азыр болсо элдер менен сүйлөшүп кете берем. Өзүм маршруткаларда кетип баратып барчу жериме жеткиче мени тааныгандар менен эски тааныштай баарлашып барам.
– Күйөрмандарың көбөйүп, алардын арасында белектерди берип, сага жагынып жаткандары да болсо керек?
– Ооба, белек бергендер көп эле болот. Алардын арасында бир күйөрманым күндө гүл берип жүрөт. Ар күнү ар кандай түстөгү роза гүлдөрү менен көңүлүм­дү ачат. Бул – менин күйөрмандарым берген жагымдуу белектердин эң өзгөчөсү.
– Ал ким болушу мүмкүн? Шек санаган адамың барбы?
– Жөн гана менин талантымды баалаган күйөрмандарымдын бири болсо керек. Мен деле, мисалы, Женнифер Лопес бул жакта болсо күндө гүл берип турмакмын. Анткени, мен дагы анын талантын баалаган күйөрмандарынын биримин да. Эгерде гүлдүн ээси мени сүйгөн жигит болсо, белегин берип эле жүрө бербестен, эмгиче кандайдыр бир аракеттерин көрө баштамак. Жок дегенде келип мени менен таанышып кетмек.
– Ушинтип сага көрүнбөй жүрүп эле бир күнү кинодогудай кылып алакачып кетсе кантесиң? Эл арасында кино көрүп отуруп “мен ушул кызды алакачам” деп достору менен мелдеше кеткен жигиттер да бар экен. Андайлар кезигип жатабы?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, азыр адамдар дагы заманбап салт менен үйлөнүп калышпадыбы. Жок дегенде кудалашып дегендей. Деги эле алакачуу салтына мен терс көз караштамын. Эгерде алакачып кетсе, отурмак эмесмин деп ойлойм. Анда кинодогудай эмес, чындап эркекче мушташмакмын. Мага күчтөрү жетпейт. Кээде телефон аркылуу коркутушкандары болбосо андайлар мага келе да алышпайт. Саатка карашпайт, түнкү саат экиби, үчпү же күндүзбү, айтор, чалып алып эле: “Асема, биз сени бүгүн саат мынчада тигил жерден алакачып кетебиз”,- дешет. Андайлардан коркпойм. Айтпадымбы, эркекче мушташам.
– Турмушта кинодогу жолдошуң Тынчтык экөөңөр­дүн мамилеңер кандай?
– Ортобузда достуктан башка эч кандай мамиле жок. А сүйүү сезими болсо, мен тарапта жок, аны билбейм. Баса, учурдан пайдаланып айтып алайын, эл арасында «Съездбекке турмушка чыгып, боюнда бар экен», «Тынч­тыкбек алакачып кетиптир» деген сыяктуу ушактар кеңири тараптыр. Булардын баары туура эмес, жөн гана ушак кептер. Учурда мен өзүмдүн, алар өздөрү­нүн жашоосу менен алектенишүүдө.
– Андай ушактардын арасында “Асема кинодо жөнөкөй кыз болгону менен чыныгы жашоосунда шаардын ойсоңдогон кыздарынын бири экен. Тамеки тартып, бой көтөрүп, эч кимди теңине албайт” дегендери да бар экен…
– Кудай сакта, мен андай эмесмин. «Эл оозунда элек жок» деп коюшат эмеспи, айта беришет да. Шаардык болгонум менен жөнөкөй кызмын. Тамеки тартпайм, спирт ичимдиктерин ичпейм.
– Кинодогу Асема менен жашоодогу Асеманын окшоштуктары барбы?
– Көп мүнөздөрүм окшошуп кетет. Мисалы, мен дагы бир таарынган адамыма түшүндү­рүп эч нерсе айтпастан эле сүйлөбөй коём. Анан да өтө эле ишенчээкмин, ушул жерим өзүмө жакпайт. Ал гана эмес, кинодогу Асемага менин башымдан өткөргөн сүйүүмдү да окшоштурууга болот. Бир кыз, атын айтпай эле коёюн, сүйлөшүп жүргөн жигитим экөөбүздүн ортобузга түшүп, анын айынан жигитим менен таптакыр сүй­лөш­пөй калгам. Кинодогу Асемадай болуп мен дагы жигитиме эч нерсе дебей, таарынычымды айтпай эле кетип калган элем. Азыр кээде жолугуп калсак, кыжырым келип эле кача берем.
– А учурда жигитиң барбы?
– Жигитим бар. Беш айдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрөбүз. Ал азыр чет өлкөдө иштейт.
– Качан баш кошолу деп турасыңар?
– Буюрган күнү. Өткөндө ыр жаздырганы кетип баратсак, бут кийимимдин та­маны ачылып кетип жатпайбы. Аялдамада туруп элден уялганымды айтпа. Таманы да бийик болчу. Анан маршрутка келбегенден кийин чыдабай жөө кете бердим. Филармониядан ЦУМга чейин араң жетип, жаңы эле маршруткага отурганымда таманы түшүп калды. Эртеси башка бут кийим кийип алсам деле жолдон таманы түшүп калып, дал ошондой окуя кайталанып атпайбы. Аны уккан досторум «күйөөгө чыкканы калгансың го» деп жатышат. Ошондон бери жапыз тамандуу бут кийимдерди кийип калдым.
– Жигитиң алыста болсо, курбуларың менен кайда эс алууну жактырасың?
– Мен атайлап барып эс албайм. Бийге баруу дегенди унуттум. Кээде эле бирөөнүн туулган күнүнө барып калсам, ошол – мага эс алуу. Мен жаш кезимден баштап эле өзүм иштеп, акча тапканга көнгөм. Азыр да жумуштун айынан эс алууга деле убакыт артпайт.
– Жаш кезиңден эле иштеп акча табууга өтүшүңө ата-энең кандай карашат?
– Мен өзүм тынч отура албаган эмгекчил адаммын. 9-класстан тартып эле өз жүгүм­дү өзүм көтөрүп келем. Алгач жогоруда айткандай, басмаканада иштегем. Кийин кафелерде ырдап жүр­дүм, азыркыга чейин эле каникул учу­рун­да ырдап акча табам. Ата-энем башында: “Сага эмне жетишпей жатат? Акча керекпи? Курсагың ачпы?”- деп чычалай беришчү. А азыр көнүп калышты. Эртең менен эрте үйдөн чыгып кеткен бойдон кечинде барам. Кыскасы, үйдөгүлөргө күндө келип түнөп кетүүчү конок эле болуп калдым.
– Учурда окууңдан тышкары эмне менен алектенип жатасың?
– Түшкө чейин сабакка барам, түштөн кийин чыгармачылык менен алектенип ыр жаздырууга чуркап жатам. Кээде жетише албай сабактан кыйналган учурларым да болот. Сүрөт тартуу менен тигүүчү­лүк менин дагы бир өнөрүм десем болот. Тынч отургандан көрө бир нерсени ала калып саймалап, кооздоп бир жерге иле коюуну жактырам. Мурда кийим тигүүчү машинам бар эле, азыр бузулуп калып колго тигип жатам. Жогоруда айткандай, бийлегенди жактырам. Былтыркы жылдан бери “Айбике” деп аталган 10 жашар кыздардан турган бийчилер тобум бар. Кээ бир концерттерде катышып жүрүшөт. Убактымдын тардыгына байланыштуу топту жакын курбума тапшырууну ойлоп жатам. Андан тышкары, учурда жаңы киного тартылуу алдында турам. Анан да жаңы эле “Махабат жылдызы” деген мюзиклга тартылып бүттүм. Рекламаларга тартылып жүрөм, бирок, эфирге чыга элек. Айтор, талыкпастан чыгармачылык менен иштеп келатам.
– Ырчылык талантыңды ачып, эл алдына ырдап чыгышыңа эмнелер түрткү болду?
– Ырдоо жактан талантым бар болгону менен ырдап чыгам деп деле ойлогон эмесмин. Бирок, тегерегимдеги жакын адамдарымдын колдоосунда алгачкы ырымды жаздырдым. “Сенин үнүң бар, сенин музыкага шыгың бар”,- дей берип көндүрүштү. Учурда “Өчпөсө экен сүйүү­бүз” деген менин аткаруумдагы алгачкы ыр радиолордон кетип жатат, обону өзүмдүкү. Каражаттын тартыштыгынан клип тартууга жана дагы чыгармачылык жактан өсүүгө демөөрчү издеп жаткан учурум.
– Ар бир адамдын балалык чагы ар башкача болот эмеспи. Сен дагы таттуу балалык чагыңды эскере кетсең.
– Балалык кез жакшы өттү. Мен үйдө эң кичүүсүмүн, анан да жалгыз кызмын. Ата-энемдин, эки байкемдин ортосунда эркелеп жүрүп өскөм. Эрке болгонум менен, кызыктуусу, жетиге чыккыча сүйлөбөй жүрө берчү экенмин. Тагыраак айтканда, тилим чыккан, сүйлөгөндү билем. Бирок, күнү-түнү үн катпай жүрө берчү экенмин. “Асема, тигил эмне? Бул эмне? Атың ким?”- деп кыйнап жатып бир-эки сөз араң чыгарышчу. Анан бир күнү эле чачылып турган үстөлдүн үстүн көрсөтүп: “Үстөлдү тазалагыла, мен ырдайм”,- дептирмин. Ошондон кийин эл менен сүйлөшө баштаптырмын. Бирок, үч жашымдан баштап эле бийлей баштагам. 2-классымдан тартып “Чолпон” бий ансамблинде бийлеп, чоң-чоң концерттерге катышчумун. Негизи эле, искусство дүйнөсүнө аралаштырып, жолумду ачкан ошол ансамблдеги кураторум Зинаида Мамасалиевага чоң ыраазычылык билдиргим келет.
Кийин 11-классты аяктаган соң шаарыбыздагы кадыр-барктуу университеттердин биринен билим алууну чечип, Улуттук университеттин эл аралык мамилелер факультетине тапшыргам. Ошондон кийин эл алдына чыгып ырдоону, бий­лөөнү биротоло токтотом деп чечкем. Бирок, тагдырым мени искусство менен бекем байланыштырып койгондуктанбы, айтор, кайра эле экинчи курс кезимде киного тартыла баштадым.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан