Ирлан Таалайбеков: «МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ ЭЛЕ МУЗЫКАНТ БОЛУП ТӨРӨЛГӨМ»

Мирбек, Урмат, Султан байкелеринин жолун жолдогон жаш ырчы, окуучу кыздардын кумири Ирлан Таалайбеков да кең Таластын кулуну. Ал 1989-жылы 14-февралда Карабуура районунун Чолпонбай айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын улуусу. Бойдок.

– Ирлан, сенин өтө жаш кезиңден музыкага аралашып жүр­гөнүңдөн анча-мынча маалыматыбыз бар. Бул талант сага кимден өттү эле?
– Менин атам Таалайбек музыкага жакын адам болгон. Жаш кезинен эле музыка, ыр менен алектенип жүрүптүр. Биздин айылдын тойлоруна такай атамдын музыкалык аппаратурасы кызмат кылчу. Апамдын да кесиби башка болгону менен ырга жакын. Мендеги ырга болгон шык атам менен апамдан өткөн. Менин угуу жөндөмдүүлүгүм өтө эрте ойгонгонун айтып калышчу.
– Эмнеден улам антип айтышчу?
– “Мен сени жаныма коюп алып машина тигип отурганда тигүүчү машинадан чыккан “тык-тык, тык-тык...” деген үндүн ыргагына жараша колуңду кыймылдатып отурчусуң. Машина токтосо, токтоп калчусуң”,- дейт апам. Бул кезде мен болгону бир гана жашта экенмин. Бир жолу эки жашар кезимде “Кат жазам, алтын, эй, өзүңө...” деген ырды радиодон ырдап жатса, салат жасап отурган апамды колунан жетелеп келип, “сенин ырыңды ырдап жатат” дегенсип, колум менен ымдап көрсөтүптүрмүн. Андан да кызыгы, айрымдар ишенбеши мүмкүн, бирок, мен үч жашымда аппарат туташтырганды бил­чүмүн. Айыл боюнча атамдын эле музыкалык аппаратурасы бар болчу да. Бир жолу бир тойдо атам мас болуп уктап калган экен, аппаратураны эч ким коё албай коюптур. Үч жашта экениме карабай микрофонун микрофонго, башкасын башкага туташтырып, аппаратураны иштетип койгонумду көргөндөрдүн ооздору ачылып калыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдү тө­рөл­гөндө эле музыкант болуп төрөлгөм деп коём. Атамдын “Ямахасы” такай бийик шкафтын үстүн­дө тураар эле. Бир күнү эле карасам, жерде туруп калыптыр. Отура калып баскылап, өзүмчө эле бир кайрыктарды үйрөнүп алдым. Анымды көргөн атам ошол күндөн баштап мага өзү үйрөтө баштады. Мен анда 4-класста окучумун. Ошондон кийин мурун атам аппаратурасы менен тойлорго өзү барып жүрсө, эми мени алып ала турган болду. Кичинекей болуп алып “Ямаха” ойноп отурганымды көргөндөр кайдыгер калышчу эмес. Бирок, мен музыка ойногону барганымды унутуп коюп, ошол жердеги балдар менен тойдогу чачыланы терип, ойноп кетип калчумун.
– Эрте жашынан эле тойдун даамын татып алган бала мектепте кандай окуду экен?
– 6-класска чейин жалаң “5ке” окучумун. Тойдун даамын татып калгандан кийин дароо “3кө” түштүм. 10-11-класстарда дээрлик окуган жокмун. Тойдон кеч келип, эртеси үргүлөп сабакка барчумун, көбүн­чө барбай койчумун. Анын үстүнө, 10-класста окуп жаткан кезимде жүрөк оорусунун айынан 40 жашка чыга элегинде атам каза болуп калды. Үйдө эң улуу бала болгондугумдан, түй­шүктүн баары мага түшүп калды. Атамдын аппаратурасы менен тойлордо өзүм иштеп, апам менен карындаштарымды бага баштадым. Ушунун айынан 11-классымда 6-7 жолу эле сабакка барыптырмын. Сумкамды көтө­рүп алып, жакшы эле барчумун. Бирок, сабакка кирбей эле мектепте жүрүп-жүрүп кайра келе берчү элем.
– Анан аттестатты кантип алдың?
– Мен көпчү­лүк мугалимдердин сүймөнчүк окуучусу болчумун. Сабак окубасам да, мектептеги кечелерде аппаратурамды, жыйындарда микрофонумду коюп жүргөнүм үчүнбү, эмнегедир жакшы кө­рүшчү. Аттестат алаарга келгенде да ушуларды эске алышты окшойт, жазып беришти.
– Сенин атың чыккан ырчы болушуңа кимдин салымы бар?
– Мен кичинекей кезимден эле ырчы болом деп кыялданчумун, бирок, минтип тез аранын ичинде чыгып кетем деп ойлогон эмесмин. Айылга концерт келген күнү эртең менен эрте туруп, саат бештен баштап клубдун эшигине барып артисттерди күтүп отуруп алчумун. Келгенде таанышып, ырларын алып, аппаратураларын кө­рүп, алар менен аралашып жүрө берчү элем. Бир жолу Клара Алибекова менен кошо Султан, Мирбектер да биздин айылга концерт коюп барып калышты. Ал жерден аппаратурасы бузулуп калган экен. “Кимде аппаратура бар?”- деп сураштырса, мени көр­сө­тү­шүптүр. Концертинде менин аппаратурамды коюшуп, Мирбек менен ошол жерден таанышып калгам. Ага ырчы болуу жөнүндөгү максатымды билдирсем: “Мектепти бүтсөң шаарга барып, Искусство институтуна тапшыр. Сахнага чыгышыңа мен жардам берем”,- деген. Айткандай эле шаарга келип Мирбекти таап, анын жардамы менен Асыл эжеге туш болдум. Асыл эже менен жаңы таанышканда аябай сүрдөгөм. “Мени өзүнө алат бекен... албайт бекен?” деген ой менен тынчсызданып турганымда Асыл эже: “Жакында Таласка гастролго барабыз, ошого чейин чачыңды оңдош керек экен”,- дегенде сүйүнгөнүмдөн эмне кылаарымды билбей калгам. Асыл эже элге атымдын чыгышына чоң салым кошуп жатат. Ошондой эле менин атымды чыгарган “Окуучу кыз” ырымдын автору Жакут Сыдыковдун салымын айтып кетпесем болбойт.
– Сени Асыл эжеге Мирбек алып келсе, кеткенде да “чогуу кетели” деген жокпу?
– Жок, антип айткан жок. Айткан убакта да мен кетпейт болчумун.
– Айылдаштарың сенин чыгармачылыгыңды кандай кабыл алышат?
– Мен былтыр 31-август күнү окууга кеттим деп айылдан чыгып, он беш күндөн кийин эле Мирбек менен дуэт ырдап, концерт менен барып калгам да. Шаарга келе жатканда анча-мынчаларга «мен ырчы болгону кетип баратам» деп мактана койгон болчумун. Чын эле Мирбек менен дуэт ырдап барып калсам, баары таңкалышты. Биздин Чолпонбай айылыбыз – аябай бейбаш айылдардын бири. Ошого карабай өтө ынтымактуу келишет. Чоң балдар: “Азаматсың! Бизден да ырчы чыгат экен”,- деп мени көтөрүп асманга ыргытып, аябай сүйүнүшкөн. Азыр да мени колдошуп, мени менен сыймыктанып келишет.
– А апаң кандай кабыл алат?
– Атамдын жолун жолдоп калышым апамды чексиз кубандырат. “Жаңыдан чыга баштаганыңда сени теледен көрсөт­көндө ыйлап отуруп көрө да албай калчумун”,- дейт. Ыйлап отуруп антип-минтип жашын сүрткүчө эле ырым бүтүп калчу экен да. Эми гана бир аз үйрөнүп, көп ыйлабай калыптыр. Менин өзүмдүн фамилиям Үмөтбеков. Атамдын атын өчүрбөйүн деген ойдо фамилиямды Таалайбеков деп атамдын атынан алып жүргөнүмө да апамдын жүрөгү жылыйт.
– Башка бир туугандарыңда да талант барбы?
– Менден кийин үч карындашым бар. Улуусу 8-класста, ортончусу 4-класста окуйт, эң кичүүбүз үч жашта. Карындаштарымдын ортончусунун угуу жөндөмдүүлүгү жакшы. Кийин «ырдайм» десе колдоодон качпайм.
– Жакында бергени жаткан тушоо кесүү концертиңде кандай өзгөчөлүктөр болот?
– Бул концертим окуучулук күндөрү бүтүп, жаңыдан студент болгондорго жана октябрь айынын башындагы мугалимдер күнүнө арналмакчы. Ошого байланыштуу азыр “Окуучу кыздын” экинчи бөлүгү жазылып жатат. Мында мектепти бүтүп, жаңыдан студент болуп шаарга келген кыз тууралуу ырдалат. Ошондой эле бул концертке катышкан башка ырчылардын баары окуучунун формасын кийишет. Азырынча ушундай пландар бар. Дагы жаңы идеялар чыгып жатат.
– Сенин күйөрмандарыңдын көпчүлүгү окуучу кыздар болсо керек...
– Ооба, ошондой. Мен өзүм да окуучумун да. Болгону, мектепке эрте барып, өзүмдөн улуулар менен чогуу бүттүм. Окуучу кыздар телефон чалып тийишип калышат. Жакында эле телефонумду жоготуп жиберип, кулак-мээм тынчып калды.
– Ошол кыздардын арасынан сүйүүңө жолуктуңбу?
– Мен сүйүүдөн корком. Ушул убакка чейин бир гана жолу, 3-классымда бир классташ кызымды сүйгөм. Ошондон бери сүйүүгө жолуга элекмин. Ырас, кээде кыздар өздөрү биринчи болуп сүйүүлөрүн билдирип калышат.
– Аларга кандай жооп бересиң? «Мен сүйүүдөн корком» деппи?
– «Ойлонуп көрөйүн» деп эле кутулуп кетем.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан