Султан Садыралиев: «МИРБЕК МЕНИН КАН ДОСУМ, АНЫ ЭЧ КАЧАН ТОКОЙГО ТАШТАБАЙМ»

Популярдуу эстрада ырчысы Султан Садыралиев бул жылы өзгөчө окуяларды башынан өткөргөнү тууралуу күйөрмандары кабардар болуп эле келатышат. Мындай окуяларынын негизгиси – анын продюсеринен кетип, аз убакыт өтпөй кайра кайтып келгени...

– Султан, продюсериңе кайрылып келишиңе эмне түрткү болду?
– Жалгыз иштеген кыйын экен. Биринчи себеби ушул болду.
– Кыйын болоорун кете элегиңде сезген жок белең?
– Сезгем. Мага чейин деле айрым ырчылардын жалгыз иштей албай жүрүшкөндөрүн көрүп эле жүргөм да. Ошого карабай жанагыдай кадамга барууга туура келген. Адам болгон соң бири аны айтат экен, би­ри муну айтат экен. Натыйжасында, мен “эки кеменин башын кармаган сууга чөгүп өлөт” дегендей абалга туш келип калдым. Негизи, жашоодо мен бир гана өзүм­дүкүн туура деп эсептеген баламын. Бирок, эмнегедир ушул жолкусунда мен башка­лардын акылы менен иш кылып, бир аз туура эмес кылып койдум.
– Кимдин акылы менен экенин тагыраак айта аласыңбы?
– Жок, бул жөнүндө айта албайм.
– Кылган ишиңе өкүнбөйсүң­бү?
– Өкүнгөндө эмне, өтөөр иш өтүп кетти. Тескерисинче, бул нерсе мага сабак болду деп ойлойм. Өкүнгөндүн ордуна азыр билекти түрүп, катуу ишке кириштим. Башкача айтканда, баарын нөлдөн баштап, чыгармачылыкта жаңы өмүр баштадым. Шоу-бизнес ушунусу менен кызык болсо керек деп ойлойм. “Кайра келээр эшикти катуу жаппа” деген макал бар казакта. Мен катуу жаппай эле кеткем. Динара эже экөөбүздүн ортобуз өтө алыстай элек болчу. Мамилебиз ысык болбосо да, жылымык бойдон калган. Сууп кете элегинде аны сактап калып, мен туура эле кылдым деп эсептейм. Андыктан, мунун өкүнө турган эч нерсеси жок.
– Өзүңчө жүргөн аралыкта эмне иш кылганга жетиштиң?
– Ошко, Жалалабатка, Нарынга, Көл тарапка гастролдоп келгенге жетиштим. Динара эжеге аябай көнүп калыптырмын. Жалгыз иштегендин кыйынчылыгын ошондо сездим. Мурун концерт койгондо менин болгон жумушум кийинип, үйдөн чыгып машинага отуруу эле болчу. Ушул нерсе да кыйын сезилчү. Өзүмчө болгондо болсо таңкы саат алтыда туруп машина табуу керек, зал менен келишим түзүү керек, аппаратура жалдаш керек деген сыяктуу иштер жүдөтүп жиберди.
– Сен чыгармачылыгыңдагы бул өзгөрүүлөр тууралуу ата-энең менен кеңештиң беле?
– Ата-энем менин чыгармачылыгыма түгүл окуума, жашоомо да кийлигишпейт. Атам мага ишенет. Болгону, “балам, адам бол” деп коёт, болду. Атама айткан менен пайдасы жок, укпайт. Ырас, апама айткам. Ал: “Өзүң чеч. Негизгиси, адамды капа кылып таштап койгон жарабайт. Сенин ырчы болуп чыгышыңа мен жардам берген жокмун, атаң жардам берген жок. Сага такыр эле башка адамдар жардам берип келатат. Жыйынтыкты ушунун баарын эске алып, өзүң чыгар”,- деген сыяктуу акылдарын айтып калды. Менин Динара эжеге кайтып келгениме бир чети апамдын ушул сөздөрү да түрткү болду десем болот.
– Султан, коомчулукта Мирбек Иманбеков продюсеринен сенин артыңдан кеткендей пикир калып калган. Эми сен аны кандайдыр бир токойго алып барып адаштырып, өзүң кайтып келе бергендей болуп калган жоксуңбу? Ал баарыбир сенин сахнадагы атаандашың да?
– Мен Мирбекти атаандашым деп эсептебейм. Ал менин кан досум. Ошондуктан, мен аны эч качан токойго таштабайм. Ал өтө таланттуу жигит. Мен азыр анын жаңы-жаңы жакшы жазылган ырларын угуп жатам. Буюрса, Мирбек эч убакта ара жолдо калбайт. Өзүнүн таланты менен бир жерден болбосо, бир жерден чыгып кетээрине көзүм жетет.
– Ал өзү сага нааразы болгон жокпу?
– Нааразы болгон жок. Мирбек экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы түшүнүшөбүз. Экөөбүздүн мамилебиз мурункудан да ысык. Күн сайын көрүшүп, баарлашып турабыз.
– Чыгармачылыкта жаңы өмүр баштагандан бери кандай жаңылыктарды жараттың?
– Жаңы-жаңы ырлар жаралып жатат. Алардын бири Чубак Сатаевдин “Кайгырбачы, кан досум” деген ырын жаңылап жаздырдым.
– Бул атайын Мирбекке арналгандай ыр эмеспи?
– Жок, бул жалпы эле досторума арналган ыр. Муну жаңыртып ырдап чыгууну Динара эже экөө­бүз мурун эле пландаштырганбыз. Бирок, Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев “өзүм ырдайм” деп бербей жүргөн. Жакында эле андан ырдоого уруксат алып, жаздырдык. Мындан тышкары, “Атама” деген жаңы ыр жаздырдым. Бул ыр жазылбайт болчу. “Он үч жашар баланын арманы” аттуу ырымды угуп, атам бир аз таарынгансып калыптыр. Негизи, атам ая­бай сөз баккан киши. “Аябай күч­түү ыр экен. Бир да сөзүнөн кынтык тапкан жокмун. Бирок, бир аз катуу тийди. Мен эмне, сага торгойчо болбой жүрдүм беле?”- деп жатпайбы тамаша-чынын аралаштырып. “Ата, бул деген жөн гана ыр да”,- деп жатып жоошутпадымбы. Атам чыгармачылыктан алыс адам болгондуктан, бир аз туура эмес кабыл алыптыр. Анан атамдын көңүлүн алайын деп жогорудагы ырымды жараттым. Бул ырды элге жеткирейин деген деле жокмун, жөн гана жеке атам үчүн ырдап чыктым.
– Анан ал ырың жактыбы атаңа?
– Жакты. Жакында эле байкем үйлөнүп, Казакстанга анын тоюна барып келдим. Баласы өзүнө арнап ырдап жаткан соң эптеп эле бир ырды ырдап койсоң деле жа­га берет атага. Негизи, атама менин домбра менен ырдаган ырларымдан башкасы өтпөйт. Эстрада менен ырдаган ырларымды атам угуп да койбойт. Апама болсо “Ай, энемден” башка ырым өт­пөйт. Ушул ырым менен мен апамды элге таанытканыма ал чексиз ыраазы. Бир жолу апам “Дордойдо” базарлык кылып жүрсө, кыздар өздөрүнчө “Султандын апасы” деп сүйлөшүп жатышкандарын угуп калып, өзүнө сыйбай, аябай сүйүнүптүр.
– “Тойго бардым” деп жатпайсыңбы. Казак туугандарың кандай кабыл алышты?
– Тойго өзүм эле эмес, Акбар экөөбүз чогуу бардык. Ал жакка Тараз облусунун деңгээлиндеги үч казак ырчы да барышыптыр. Мактангандай болбоюн, биздин алдыбызда ал ырчылар ырдашкан жок. Биз барганда ырдап жатышкан. Той ортолоп, кызып калгандан кийин Акбар экөөбүз “жеке концертибизди” бердик. Чынын ай­тайын, алардын аранжировкаларынын алдында биздин аранжировкаларыбыздын өлсө өлүгү артык экен. Же биз казактын эң начар ырчылары менен отуруп калдыкпы, же мен өзүм кыргызча музыкаларга көнүп калганмынбы, билбейм. Кыскасы, бизди казактар да сыймыктануу менен угушту.
– Алардан которуп алган ырларыңарды угуп сын тагышкан жокпу?
– Ошол эле “Махабатымды” Акбар экөөбүз коркпой эле ырдап жаттык. Алар тескерисинче, сүйү­нү­шөт. Мен да аларга: “Мен силердин жээниңер эмесминби, ошондуктан, мага боло берет. Эки элдин тең ырларын ырдаганга мага уруксат”,- деп тамашалап койдум.
– Алар сенин Кыргызстанда жылдыз экениңди билишеби?
– Билишет. Анткени, Казакстандын көп жерлеринде, анын ичинде биздин Луговое айылыбызда да кыргыз телеканалы көрсөтөт. Мен айылда жүргөн убакта эле аялдар бири-бирин: “Уюңду саап бүттүңбү? Бүтсөң кел, “Арноо концерти” башталды”,- деп чакырып калышчу. Анын сыңарындай, Кыр­гызстандагы концерттерди сыналгыдан калтырбай көрүшөт. Акбар экөөбүз райондун базарына түшүп калдык эле, ал жакта да кыргызча дисктер кадимкидей эле сатылып жатат.
– Акбар Казакстандан кандай таасирлер менен кайтып келди?
– Аябай жакшы таасирлер менен келди. Менин балалыгым өткөн үйдү көр­дү, ата-энем, классташтарым менен таанышты. Ал жактагы накта казакча сүй­лөш­көн классташтарымды көрүп: “Султан, мен сени казакчаны “эзет” экен деп жүрсөм, сен кыргызча эле сүйлөйт турбайсыңбы”,- деп жатпайбы таңкалып. Чын эле мен казакча сүйлөсөм да кыргызчага тилим бурулуп кете берет экен да. Мунумду өзүм да байкап калдым.
– Классташтарың да сени менен сыймыктанышса керек?
– Сыймыктанышат. Казактарды мактагандай болбоюн, бирок, казак эли талантты ушунчалык баалаган эл. 8-класстан бери көрө элек классташтарым жакында эле мага өздөрү телефон чалышып, жолугушуп, жапжаңы домбра белек кылышты. Калп-чынын билбейм, бирок, “мың долларга алдык” дешти. Азыр эски домбрамды карабай эле, жаңысын колумдан түшүрбөй калдым.
– Сенин Казакстанга кетип, ал жактын сахнасына чыксам деген тилегиң бар экен...
– Ооба, мындай тилегим бар. Бирок, Казакстанга кетпейм. Кетпей деле ал жактын сахнасына чыкса болот. Алматы деген бул эле жерде эмеспи, эки сааттык эле жол. Менин наныма, жашоомо Кыргызстан эле кенен жетип жатат, ушунусуна Кудайга тобо дейм. Ошентсе да ар кайсы жакты көрүп, жашоомду кызыктуураак кылып өткөрүүнү каалайм. Албетте, мен айтпайм, Россиянын же дагы башка мамлекеттин сахнасына чыгам деп. Ал жакка менин тишим өтпөйт. Бирок, Казакстандын сахнасына чыгууга тишим өтөт. Мен буга 100 пайыз кепилдик бере алам. Буюрса, жарым жылдан кийин ырларымды алардын радиолоруна бере баштайм.
– Учурда популярдуу болуп жаткан “Он үч жашар баланын арманы” аттуу ырыңды кандайча ырдап калдың эле?
– Мен бул ырды 1-курска жаңыдан келгенде баштан-аяк жаттап, домбрага салып ырдап жүр­чү­мүн. Бул өзү жарым сааттык ыр. Анын маанилүү гана жерлерин алып, беш мүнөттүк кылып кыскартып, жаздырууну чечтик. Ал гана эмес, күйөрмандарым күбө болуп жатышкандай, клибин да тарттырууга үлгүрдүк. Жакында эле атам маршрутка менен Таластын базарына келе жатса, маршруткада ушул ыр жаңырып жатыптыр. Анда жүргүнчүлөрдүн бири: “Ушул бала таластык болот”,- десе, дагы бири: “Атасы каза болуп калганда апасы муну Казакстанга алып кетип калган”,- деп коёт дейт. Атам аябай оор басырыктуу киши. Мунун баарын угуп отурса да, эч кимисине эч нерсе айтпаптыр. Бирок, албетте, катуу тийиптир.
– Жакында күйөрмандарыңды кубантып жеке концертиңди берүү жөнүндө планың барбы?
– Ооба, буюрса, ноябрь айынын экинчи жарымында жеке концертимди берем. Ал эми октябрь айынын орто ченинде оштук күйөрмандарыма талантымды тартуулап келүүнү туура көрүп жатабыз. Ал жактан келгенден кийин Бишкектеги концертке катуу даярдык көрө баштайбыз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан