Мирбек Атабеков: «КЫЗДАР МЕНЕН ТҮЗГӨН МАМИЛЕМ БИР АЙГА ГАНА УЛАНДЫ»

Учурдун популярдуу ырчысы, сахна жылдызы Мирбек Атабеков «Жүрөгүм» аттуу жеке концертин берүү алдында турат. Андан сырткары, жакында машиналуу да болду. Мирбектин темир тулпары, чыгармачылыгындагы жаңылыктары жана башкалар жөнүндө кенен маек сиздердин назарыңыздарда.

– Мирбек, машина алган турбайсыңбы. Кут болсун!
– Рахмат. “Ниссан” маркасындагы күмүш түстүү бул машинаны алганыма бир жумадай убакыт болуп калды. Азыр шаарда эркин айдаганга жетишип калдым.
– Сени менен тең сахнага чыккандардын кээ бирлери бирден эмес, экиден машина алганга үлгүрүштү. Сен эмнегедир эми алыптырсың.
– Мен башында машина айдаганга такыр кызыкчу эмесмин. Акыркы кездерде эмнегедир аябай зарыл боло баштады. Анан апамдын кеңеши менен салондору кенен жана жумшак ушул машинаны 5 миң долларга сатып алдым.
– Мурун машина айдаганды билчү белең?
– Анча-мынча эле айдап көргөнүм болбосо, жол эрежелерин билчү эмесмин. Анан атайын окуп, айдоочулук күбөлүгүн алгандан соң гана эркин айдай баштадым. Бирок, бир-эки жолу жол эрежесин бузуп алдым. Жакында күзгүнү карабай эле бурулуп жиберсем, бир машина артымдан келип сүзүп кетээрине аз калды.
– МАИге кармала элексиңби?
– Айдоочулук күбөлүгүмдү алган күнү кармалдым. Шашып баратсам токтотуп калды эле, күбөлүгүмдү көрсөтсөм: “Аа, Мирбек Атабеков деген сенсиңби? Күбөлүктү бүгүн алган турбайсыңбы?”- деп калды. Шашып баратканымды түшүндүрсөм, коё берди.
– Машина алганга чейин транспорттун кайсы түрү менен жүрчү элең?
– Мектепте окуп жүр­гөндө троллейбус менен жүрчүмүн. 11-классымда эле кафелерде иштей баштагам да. Ошондо өзүм ак­ча таап баштагангабы, такси менен жүргөнгө көнүп алгам. Ошондон бери эле такси менен жүрөм.
– Таксиге акча көп кетет бекен же бензингеби?
– Бензинге караганда таксиге үч-төрт эсе көп кетчү. Машинанын дагы бир жакшы жери – болгон жумушуңдун баарын бүтүрүп алат экенсиң. Мурун өтө зарылдарын эле бүтүрүп, башкасы калып калчу.
– Машинаны продюсериңден мурун алып алганың туура элеби?
– Буюрса, жакында Канат байке да машина алат. Анан калса, мен бул машинаны чыгармачылыктан тапкан акчага алган жокмун. Эгер андай болсо мен мурун эле сатып алмакмын. Муну чыгармачылыктан тышкаркы ишимден түшкөн акчага алдым.
– Сыр болбосо эмне бизнес?
– Эми аны сыр кылып эле коёюн, бизнес дегидей деле эмес, чыгармачылыктан тышкары бир иш менен алектенем.
– Сен көчөдө элден жашырынып жүрөсүңбү?
– Андай убактар деле болгон. Кепканы басып кийип, кара көз айнек тагып алып дегендей. Бирок, чыныгы күйөр­мандарым миң жашырынганда деле таанып коюшат. А тааныбагандар тааныбайт. Биз теледен, сахнадан макияж менен таптакыр башкача көрүнөбүз да. А көчөдө жүргөндө жаныма келип, бетиме үңүлүп деле “Аа, бул Мирбек эмес экен” деп кетип калгандар болгон. Азыр болсо эч кандай жашырынып корунбай, кандай болсом, ошондой жүрө берем.
– Сен жайы менен гастролдордо жүрбөдүңбү. Кайсыл жерде өткөн гастролуң өзгөчө эсте калаарлык болду?
– Негизи, өлкөбүздүн кайсы жерине барбайын, ар бири өзүнчө кызык болуп жатты. Бирок, Токтогулда болгон концертим эсте калаарлык болду десем жаңылышпайм. Концерт алты жарым-жетилерде башталмак. А бизге чейин техникалык топ башка машина менен барып, аппаратураларды жайгаштырып турушмак. Биз концерт башталаарга аз убакыт калганда клубга барсак, аппаратура түгүл эч ким жок. Көрсө, алардын машинасы бузулуп, жолдо калып калышыптыр. Эл болсо жамгыр жаап жатканына карабай күтүп жатышат. Ошентип, өзүбүз жергиликтүү музыканттардын аппаратураларын сураштырып, аларды жайгаштырганыбызча түнкү саат он эки жарым болуп калды. Элдер болсо дагы деле күтүп жатышат. Ошентип, концертибиз он эки жарымда башталып, үчтөрдө бүттү. Алып баруучубуз да жолдо калып калгандыктан, бул концертте өзүм ырчы, өзүм алпаруучу болдум. Таң атайын деп калганына карабай элдер кол чабышып, колдошуп, аябай шаңдуу отурушту. Ошондо мен Токтогул элине өтө чоң ыраа­зы болдум. Жакында эле Караколдо болгон концертимде болсо кыздарга кепкамды жулдуруп жибердим. Кыздарга автограф берип жатсам, бир кыз келип башымдагы кепкамды алып кетип жатпайбы. Мен буга капа деле болгон жокмун. Ал деле балким, жакшы көрүп, балким, ырым кылып алгандыр. Ошол жумада “Бравого” чыксам: “Кепкаңызды берейинби?”- деп билдирүү жазып жибериптир. Мен да тамашалап: “Кыш жакындап, суук боло баштагандыктан, үшүп жатам. Берип жиберсеңиз жакшы болот эле”,- деп койдум.
– Ар бир жердин өзүнүн тентек балдары болот эмеспи. Андайлардын жерине барган ырчыларга кыр көрсөткөн учурлары кездешет. Сага да ошондойлор туш болду беле?
– Жакшы сүйлөп, жакшы ырдап эле өз жолуң менен кетип калсаң алар деле тийишпейт окшойт. Мен андайларга туш боло элекмин. Албетте, кээде мастардын тийишкен учурлары болот, биз аларга теңелбейбиз.
– Гастролдон таап келген акчаңды эмне кыласың?
– Биринчи кезекте чыгармачылыкка жумшайм. Андан калганын апама берем, туугандарыма жардам берем. Жакында эле үйдү жакшы оңдоодон өткөрдүм. Короолорго чейин оңдоо иштерин жүргүздүк.
– Үйүңдү оңдоп калыптырсың, жакында үйлөнбөйсүңбү?
– Жо-ок, үйлөнүү тууралуу ой жок. Мурдатан бери эле үйдүн чала жерлерин оңдотоюн деген ойлорум бар эле.
– Үйлөнүү тууралуу оюң жок болсо да сүйлөшкөн кызың бардыр?
– Чыгармачыл адамга кыз менен жүргөн деле жарашпайт окшойт деп ойлоп кеттим. Ырас, бир эмес, эки кыз менен мамиле түзүп көрдүм. Албетте, бир убакта эмес. Бирок, болбоду. Экөө менен тең мамилем көп болсо бир айга уланды. Жакшы эле жолугушууну белгилейм да, өзүм бара албай калам. Же кандайдыр бир съёмка чыгат, болбосо дагы бир иш чыгат. Ошентип, ал кыздарга өзүм калпычы боло баштадым. Анан мага азыр кыз жандоо ашыкчылык кылаарын сездим.
– Аларды сүйүп, олуттуу мамиле түздүң беле же?..
– Сүйдүм деп ойлогом. Көрсө, сүйбөп­түр­мүн. Сүйүү деген башкача болот. Ал мындан бир нече жыл мурун менин башымдан өткөн. Эгер чындап сүйсөм, эч нерсеге карабайт болчумун. Съёмка эмес, башка болсо да таштап, сүйгөнүм менен кетип калат болчумун.
– Күйөрман кыздарың чачтан көп болсо керек. Тынчыңды алып, тажатышпайбы алар?
– Андай деле тажатышпайт. Эгер тажатышканынан корксом, ырчы болмок эмесмин. Ушуга байланыштуу бир окуя айтып берейин. Өткөндө Канат байке, дагы бир бала болуп кафеге кирип баратсак, кафенин эшигинде турган бир кыз келип эле: “Кандайсың?”- деп мени өөп калды. Канат байкелер тааныш кызы деп ойлошсо керек, мага карабай эле кирип кетишти. Кыз болсо мени кармап алып өпкүлөп кирсе болобу?! Сүйлөшөйүн десем сөзгө келбей эле кучактап алып оозу жеткен жеримдин баарынан өпкүлөдү. Же кагып салып кете албайм. Кыздарга катуу сүйлөй албайм да. Ишенсеңер, ал кыз менен бир саатка чейин алыштым. Акыры эптеп алдап отуруп кирип кеттим.
– Сага ушундай популярдуулукту алып келген жанга жагымдуу ырларың эмеспи. Өзүңө өзгөчө жаккан ырың кайсы?
– Ырларың эскирген сайын албетте, алардан тажайсың. Ошентсе да бардык эле ырларым өзүмө жагат. Бирок, мен өзүмдүн ырларымды укпайм. Менин ар бир ырымда башкаларга билинбеген, өзүмө гана байкалган кемчилик бар. Ыр жазылып бүткөн соң “бул жерин минтип ырдасам болмок экен” деп кемчилик таап эле турам. Ошондуктан, укпай да коём.
– «Алтын энем» деген ырың популярдуулуктун туу чокусуна чыкты десек жаңылыштык болбос. Бул ырың кандайча жаралып калды эле?
– Менин чоң апамдын колунда өскөнүмдү көпчүлүк эле билсе керек. Чоң апама арнап ыр жазсам деген тилегим анын көзү тирүүсүндө эле бар болчу. Бирок, үлгүргөн жокмун. Бир күнү таксиде кетип баратып, оюма кандайдыр бир кайрыктар келди. Кыңылдап улам-улам ырдап койсом айдоочу мени таңкалып карап коёт. Ага да көңүл бурбай кайталап келе бердим да, бул кайрыктардан ырдын кайырмасын жараттым. Ушуга улай эле ырдын куплетинин обону да жаралып калды. Бул ырды чоң апам өзү укпай калганына өкүнөм. Бирок, элге кеңири тараганы албетте, кубандырбай койбойт.
– Чыгармачылыгыңа сын айткандар болобу?
– Болуп калат. Дал ушул «Алтын энемде» «сөздөр туура эмес жазылып калыптыр» деген сынды уккам. Чын эле эки жеринде кемчилик кеткенин моюнума алдым. Мындай адилет сындарды мен туура эле кабыл алам.
– Концертиңе даярдык кандай?
– Даярдык буюрса, катуу жүрүп жатат. Бул концерт мурунку эки концертимден да жогорку деңгээлде өтүшүнө ишенем. Жаңы ырлар, жаңы костюмдар, жаңы... Кыскасы, бүт баары жаңы болот. Бул концертти аман-эсен өткөрүп алсак, анан дароо эле жазда болуучу жыйынтыктоочу концертке даярдана баштайбыз.
– Жыйынтыктоочу дегениңди кандай түшүнөбүз?
– Минткен себебим, жазында Канат байке экөөбүздүн келишимибиздин мөөнөтү бүтөт. Ошого карата чоң концерт беребиз.
– Андан соң кандай пландарың бар? Канат менен келишимиңди узартасыңбы же өз алдыңча иштейсиңби?
– Узартпайм го. Буюрса, чоң фестивалдарга даярдык көрө баштайм. Азыр деле коңшу өлкөлөргө иштөөгө сунуштар түшүп жатат. Бирок, мен буларды кийинки планга калтырдым. Ал жакка кетүү оюмда жок, бирок, фестивалдарына, конкурстарына катышуу жөнүндө чоң максатым бар.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан