Ильяз Абдыразаков: «ОШОЛ КЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛГАНЫМА АЯБАЙ КАПА БОЛДУМ»

Бул ырчы жигит чыгармачылыктагы ар кандай тоскоолдуктарга, бут тосууларга туш болуп көрдү. Бирок, чыныгы талант өлбөйт экен. Тескерисинче, Ильяздын чыгармачылыгы учурда кайрадан жанданып, бир тепкичке көтөрүлгөндөй болду...

– Ильяз, жакында эле Россияда жүргөн мекендештерибизге концерт берип келгениң жөнүндө уктук эле. Гастролуң кандай болду?
– Жакшысы да болду, жаманы да болду. Жакшысы – тиричиликтин айынан өз мекенинен алыста жүргөн кыргыздардын көңүлүн алып, өзүм да сыйын көрүп келдим. Жаманы – мени менен чогуу барган бөлөм Фархаттын Россиянын СИЗОсунда 40 күн жатып келгени жана автокырсыкка учураганыбыз болду.
– Эмне болгон автокырсык? Кайсы СИЗО?
– Фархат концерттин алпаруучусу болмок. Бул жактан машина жалдап, мен, ал, Санжар Бердибеков, администратор жана башкалар болуп чыкканбыз. Казакстандан өтүп, Россияга кире бериштеги бажыдан документтерибизди текшерип, Фархаттын паспортунан айып таап алышты. Бизди коё берди да, Фархатты алып калышты. Эмне кылмакпыз, Свердловск шаарындагы тааныштарыбыздан акча алып, кайра Кыргызстанга кайттык. Бул жакка келип өзүмдүн машинамды сатып, кайра арзаныраак машина сатып алдым да, арткан акчаны жол кире кылып, кайра жолго чыктык. Фархатты чыгарыш керек, ал жакта концертибиз да уюшулуп калган да. Ошентип, машинаны өзүм саатына 140 километр ылдамдык менен айдап, бат эле Свердловск шаарынын аймагына да жетип калдык. Жамгыр жаап жаткан. Бир маалда көзүм илинип кетип, руль колумдан чыгып кетиптир. Жанымдагы администраторумдун: “Эмне болуп жатасың?”- деп жулкулдатып жибергенинен ойгонуп кетсем, машина шагылдын үстүндө чимирилип жатыптыр. Машина айланып-айланып тайып барып токойдун ичине кирип кеттик. Артта уктап жаткан Алтынбек байке менен Санжар байкелер да ойгонушуп, баарыбыз сыртка чыксак, машинабыздын соо жери калбаптыр. Дөңгөлөктөрү көрүнгөн жакка ыргып, фаралары сынып, машина өзү мыйрыйып... Кудайга шүгүр, төртөөбүздүн эч бирөөбүз эч кандай жаракат албаптырбыз. Ушунубузга сүйүнүппү, төртөөбүз бири-бирибизди карап алып бир топко чейин каткырдык. Анан эсибизге келип, Свердловск шаарындагы тааныштарыбызга телефон чалсак, алар эки сааттан кийин келишип, машинабызды сүйрөтүп, өзүбүздү алып кетишти. Машинаны оңдоочу жайга калтырдык да, өзүбүз Россиянын шаарларын кыдырып, гастролубузду баштадык. Албетте, гастрол өзүнөн-өзү уюшулуп калган жок, ошол жактагы диаспоралардын жетекчилери бизге жардам беришти.
– Россиядагы кыргыздар сени жакшы эле таанышат бекен?
– Ооба. Ал жакта да менин Кыргызстандагыдай эле күйөрмандарым бар экен. Бизден кыргызча дисктер жарык көрөөрү менен эле бир жумадан кийин Россияга жетет турбайбы. Россиянын жети жерине он эки концерт койдук, бардык жеринде зал толо эл келип жатты. Ал жакта концерттер кымбат экен, мисалы, Москвада бир билетибиз сомго айландырганда эки жарым миңден сатылды, эң арзан сатылган жери Свердловск болду – беш жүз сомдон. Ошондой болсо да акчаларын аябай, концертке келип бергендерине ыраазы болдук. Анан да ал жактагы мекендештерибиз аябай ынтымактуу, сыйчыл болушат экен.
– Россияда да бул жактагыдай фанаттарың бар бекен?
– Өтө деле чектен чыккан фанаттарды көргөн жокмун. Бирок, телефон чалышып, жолугуп, сүйүүлөрүн билдирген кыздарга жолуктум. Анан да белекке маарып келдим. Кетип баратканда бир эле кичинекей сумка менен кеттим эле, келе жатканда ичине белек толгон чоң-чоң сумкалар менен кайттым.
– Акчага, белекке го маарыпсың, СИЗОдо калган бөлөң эмне болду?
– Концерт менен эле катар адвокат жалдоо, сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жаттык. Биздин гастролубуз бүткөндө Фархаттын соту да болуп калды. Концерттен тапкан акчабыздын 5-6 миң долларын берип, аны чыгарып алдык. Аны чыгарган соң баягы оңдоочу жайга таштаган машинабызга келсек, толук бүтө элек экен. Айла жок, кыйшайган абалында айдап келе бердик. Кудайга шүгүр, баары артта калды. Фархатты аман-эсен чыгардык, авария болгон машинамдын ордуна жапжаңы машина сатып алдым, мени менен кошо барган балдарды да нааразы кылбай, тиешелүү акыларын бердим.
– Рамазан айында орозо кармадыңбы?
– Мен биринчи классымда бир маал намаз окуп, орозо кармачум. Балалык кыял менен чаңкап кетсем “эч ким көрбөйт” деп жашынып суу ичип алганымды эстеп азыр күлкүм келет. Жылдагыдай эле бул жылы да орозо кармап, күнөөлөрүмдөн арылдым.
– Күнөөң көппү?
– Күнөөсүз пенде болмок беле? Көп болбосо керек, бирок, албетте, бар.
– Ильяз, уккан кулакта жазык жок дейт, сени “баңги затын колдонот” деп уктум эле. Бул тууралуу өз оозуңдан уккум келип жатат.
– Күлкүлүү ушак го... Бул ушакты чыгаргандар кечирип коюшсун, мен эч кандай баңги затын колдонбойм. Албетте, актанбайм, бирок, Кудай алдында тазамын. Мен ата-энемден тээ өспүрүм кезимде кеткем. Бузулсам, ошондо эле бузулуп кетмекмин. Бирок, ата-энем ошончо ишенип коё беришкен соң, алардын ишеничин акташым керек да. Мен ушул убакка чейин спирт ичимдиктерин, ал эле эмес, пивонун да даамын татып көргөн эмесмин. Анан калса орозо кармап, намаз окуган адам мындай нерселер менен алектенбесе керек.
– Ылайым ошондой эле болсун. Жакында тартылып бүткөн “Кайып булак” фильмине сен да катышпадыңбы. Фильмге тартылуудан кандай таасирлерди алдың?
– Негизи, мен актёр боло албайт экенмин. Чынын айтсам, кайра-кайра бир эле нерсени кайталай бергенден тажап кеттим. Кокусунан дагы фильмге тартылууга сунуш түшүп калса, баш тартат болушум керек. Фильм бүткөндөн кийин көрүп алып, өзүмдөн-өзүм аябай уялдым.
– Эмнеге?
– Менин андагы жараткан образым өтө эле жаш баланын образы болуп калыптыр. Фильмде коркуп, элден бөлүнүп машинаны айдай качкан жерим бар. Жашоодо мен андай эмесмин. Эгерде кинодо эмес, жашоодо ошондой абалга туш келип калсак, эң акырында мен калсам керек эле. Негизи, мага бул кинонун саундтрегин жазуу үчүн заказ түшкөн эле. “Мен бактымды издедим” аттуу ырдын обонун жазып жатып кинонун сценарийи менен таанышып, катышып калдым.
– Эмнегедир сенин башка ырчы жигиттердей болуп сахнага чыкканыңда макияж колдонуп, чачыңды жасатканыңды көрбөйбүз.
– “Кичине өзүңө карап, чачыңды жасатып чыксаң боло” деп көп айтышат. “Кеңешиңе рахмат, жардам керек болсо өзүм кайрылам” деп андай “кеңешчилерди” акырын жолго салып коём. Эмнегедир башынан ушул нерсеге жокмун. Өмүрүмдө биринчи жолу “Сагынамын сени” деген ырымдын клибин тарттырганда чачымды жасаттым. Анда да жүз сомдук эле чачтарачканага кирип алыптырмын. Мага негизи денемди жапкан, жарашыктуу кийим болсо болду. Кандай болсом, элге ошол боюнча көрүнгүм келет. Кийимдердин да модасын куубайм. Кээде чогуу жашаган досторум модалуу кийимдерди алып келип калса байкабай кийип алам да, бир-эки кийген соң чечип салам.
– Кийимдердин канча сомдугун жана кайсыл жактан сатып аласың?
– Базардан эле алам. Мага 500 сомдон жогорку кийимдер өтө берет. Айтпадымбы, көп деле кийимге кызыга бербейм. Ар бир мезгилге бирден кийим сатып алып коём, болду.
– Базардан күйөрман кыздарыңа жолугуп калып, ыңгайсыз абалга туш болуп калбайсыңбы?
– Андай учурлар болот. Одоно тийишип, колдору менен көрсөтүп калышат.
– Ошентсе да күйөрман кыздарыңдын сунушунан баш тартпайт турбайсыңбы. Өткөн сандагы “Тамаша тордон” улам айтып жатам.
– Чынын айтсам, мен өмүрүмдө биринчи жолу ошондой үнү жагымдуу, сөздөрүн өз орду менен сүйлөгөн кызга туш келсем, аным да розыгрыш болуп калбадыбы. Ырас, кыздар өтө көп телефон чалышат. Бирок, обу жок сүйлөшүп же сүйлөбөй коюп сала беришет. Мен “Тамаша торго” түшкөнүмдү билбей, аябай ишенип, берилип алыптырмын. Оюмда ошол кыз менен чын эле мамиле түзүп алайын деп жаткам. “Тамаша тор” экенин билгенде аябай капа болбодумбу. Эмнеге дебейсизби? Ошол кызды жоготуп алганыма.
– Эгер “Тамаша тор” болбогондо, чын эле чакырган жерине барат белең?
– Түн ичинде барбайт болчумун. Жанагы төшөк-мөшөк жөнүндөгү сөздөрдү тамашалап эле айткам. Бирок, кийинки күнү телефонуна чалып, күндүз өзүм жолугушууга чакырайын дегем.
– Дагы деле аранжировка жасап жатасыңбы?
– Өзүмдүн жеке концертиме даярдануу үчүн токтотуп койгонум болбосо, ага чейин жасап эле жаткам. Үйдүн бир бөл­мөсүндө иштейм, ошол жерден тамактанам, ошол жерге уктайм. Анын үстүнө аранжировка жасаткан ырчылар да кирип-чыгып жүрө беришет. Өз үйлөрүн­дөй эле кааласа калып калышат, үйдө эч ким жок болсо ачкыч менен дарбазаны ачып кирип, күтүп отурушат. Эми эле үйдү жыйнасаң, бири буту менен кирип кетип, дагы бири чачып кетип, кыскасы, үйүмдөн адам да үзүлбөйт, жыйналбайт дагы.
– Менчик үй сатып алдыңбы?
– Менчик үй буюрган күнү болот, азырынча жер үйгө акы төлөп жашайм. Эми кышында кабат үйгө көчүш керек болуп жатат. Бирок, ал жакта иштегенге ыңгайсыз болгондуктан, бир чети кетким да келбейт.
– Жеке концертиңе даяр­дык кандай жүрүп жатат?
– Бул концертте эски ырлардан “Карындашым” менен “Ай мончок” эле ырдалат. Калган ырларым да, формаларым да баары жаңы болот. Ошондой эле бул концертте “Карындашым” деп аталган үчүнчү альбомумдун бет ачары болот.
– Сенин жаңы ырларың теле-радиолордон жакшы берилип жатпайбы. Бир жолу сага бут тосушуп, ырларыңды эфирден бербей жаткандыгы жөнүндө айттың эле. Ал бут тосууларды кантип жойдуң?
– Ал бут тосууларды мен эмес, “Европа плюс” радиосунун директору жойбодубу. Тамаша. Билбейм, мен азыр андай бут тосууларга да көңүл бурбай калгам. Негизгиси, жакшы ыр жаратып коём, ырдап коём, өзүм менен өзүммүн. Азыр көп берилип жаткан “Сагынамын сени” деген ырымды сахнага жаңыдан чыга баштаганда жаздыргам. Өзүмө жакпай калгандыктан, ырдабай койгон элем. Арадан бир топ убакыт өткөн соң эмнегедир соткаларга жайылып кетиптир. Анан да “Тилек деген бала ырдайт” деп чыгарып алышыптыр. Ушундан кийин кайра жаздырып, башынан ырдап чыктым. Азыр ыр дагы, клиби дагы элге жакшы тарап жатат. Андан башка жаңы ырларымды радиолорго берген жокмун. Буюрса, концертимде уга аласыздар.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан