КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ: «НАН БЫШЫРГЫЧ, КУРУЛУШЧУ АНАН ЫРЧЫ БОЛДУМ»

Ырчы болуу оңой эмес. Ал үчүн канчалаган аракет, изденүүчүлүк, чыдамдуулук керек. Биздин бүгүнкү коногубуз жаш ырчы Кайрат Примбердиев да булардын баарын башынан өткөрүп, азыр элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчылардын катарынан орун ала баштады. Кайрат 1985-жылы 24-ноябрда Ош областынын Каракулжа районундагы Ылайталаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көкой айылында өскөн. Үйбү­лөдө үч кыздын арасындагы жалгыз уул. Бойдок.

– Кайрат, сен өзүң Каракулжанын кулуну болсоң, анан кандайча Таласта өсүп калдың эле?
– Менин атам каракулжалык. Мен да ошол жакта төрөлгөм. Тилекке каршы, мен сегиз айлык кезимде атам каза болуп, биз апам менен Таласка тайларыбызга көчүп кеткен экенбиз. Бирок, апам мени жыл сайын чоң энеме алпарып турчу. Акыркы жолу 7-класста окуп жатканымда баргам. Ошондон көп өтпөй эле чоң энем каза болду, ошону менен барган жокмун.
– Азыр каракулжалык туугандарың менен катташып турасыңбы?
– Атамдын эки эле карындашы бар. Угушума караганда, алар да Россияда экен. Ошондуктан, алар менен жолугуша элекмин. Кийин ырдап чыккандан кийин алысыраак туугандарым менен таанышып алгам. Ошолор менен азыр катташып турам.
– Анда сендеги талант каракулжалыктардан калды беле же таластыктарданбы?
– Менин атам гитара менен ырдап калчу экен. Ошондой эле апамдын да анча-мынча кароолордо ырдап калганына кичине кезимде өзүм күбө болуп калгам. Мына ушул эки тараптан келген талант мени кичине кезимден баштап эле жөн койбоптур. Сыналгыдан бир ыр ырдалса, бүткөндөн кийин дал өзүндөй кылып ырдап берчү экенмин. Мунумду билишкен үйдөгүлөр келечекте менден ырчы чыгаарын ошондо эле сезишчү экен. Үйдөгүлөр эле эмес, кошуналарым да менин талантымды байкашса керек, кошуна апа күн сайын чакырып алып ырдата бергени эсимде. Болгондо да апага орусча ырларды ырдап берчүмүн. Аным үчүн “гонорарыма” чөнтөгүмдү таттууларга толтуруп берчү. Бирок, апанын үйүнөн эдиреңдеп чыгаарым менен сыртта турган чоң балдар чөнтөгүмдөгү­лөр­дү тартып алышчу да, мен ыйлаган бойдон үйгө куру барчу элем. Балким, ошондон баштап эле талантыма бирөө олуттуу көңүл буруп койсо, буга чейин менден жакшы музыкант чыкмак беле, ким билет. Бирок, апам көр тириликтин айынан Алматыга, Таразга соода кылып кетип, эки эжем, мен болуп үйдө көпкө чейин өзүбүз жашап калганбыз. Ушул убактарда менин талантыма түгүл мектептеги окуума да көңүл бурган эч ким болбой калган. 9-класска келгенде гана комузга кызыгып, үйрөнө баштагам.
– Өз алдыңча үйрөндүң беле?
– Кошуна байке комуз чаап, өзү да ойночу. Ошол байкеден үйрөнгөм. Үйүбүздүн алдында бийиктиги он беш метрдей болгон чоң карагай бар болчу. Комузга өзгөчө шыгым бар экенин байкаган кошуна байке ошол карагайды жыгып, мага комуз чаап берген. Кийин райондогу балдардын маданий борборуна катышып жүрдүм.
– Сени чоң сахнага Султан Садыралиев алып келген дешет?
– Ооба, менин ырчы болуп чыгышыма Султандын салымы чоң. Биз 8-класста окуп жатканыбызда Султан биздин класска келген. Экөөбүздүн үйлөрүбүз да жакын болчу. Ал домбрасын, мен комузумду алып чыгып, экөөбүз бакта ырдап отура берчүбүз. Султан ошондо эле менин үнүмө баа берчү. Мектепти бүткөн соң мен окууга тапшыра албай калдым. Ошол убактарда шаардан келген Султан мени улам-улам ырдатып эле: “Карачы, эмне деген талант! Сен талантыңды тебелеп жатасың. Досум, сен шаарга барып, ырчы болушуң керек”,- деп эле мени шыктандыра берчү. А мен болсо “Султан жөн эле айтып жатат, мен кантип ырчы боло алмак элем?” деп ойлочумун Султандын чын дилинен күйүп-бышып жатканын түшүнбөй. Кийинки жылы шартка байланыштуу Таластагы техникумга электрлик жагына тапшырдым. Бирок, окуумду аягына чыгарган жокмун. 2-курсту аяктаган соң 500 сомду чөнтөккө салдым да, “ырчы болом” деп баарын таштап, Бишкекти көздөй келе бердим.
– Султанга ишенип келдиң да?
– Чындыгында эле ишенгеним Султан бол­чу. Бирок, ага келээрим менен жолуга алган жокмун. Башка досторумдун үйүндө жашап, алардын жардамы менен нан бышыруучу жерге жумушка кирип алдым. Үч күн иштеген соң уйкудан, түйшүгү­нөн аябай кыйналып кеттим. Анан “кой, болбойт экен, менден ырчы чыкпайт окшойт. Эртең Таласка кетсемби?” деген ойго чөмүлүп, жашап жаткан досторумдун квартирасына келсем, эшиктин алдында таякем турат. Көрсө, таякем биз жашап жаткан квартиранын жанында жашайт экен. Ал болсо мени курулуш ишине алып барды. Бир аз иштеген соң таякем менен таарыныша кетип, ал жерден да кетип калдым. Ушундан кийин чыгармачылыкка чындап аракет кылууну чечтим. Бирок, бир-эки ырымдын аранжировкасын жаздырып алганым менен аны кайда алпарып, кантип чыгышымды билбей жүргөн күндө­рүм­дүн биринде Султанга жолугуп калдым. “Эмне кылып жүрөсүң?”- дейт. “Жөн эле жүргөм, жакында эле бир ырыма аранжировка жасаттым” десем, жаңы ырымды угуп көрүп, жактырды. Ал азыр Султан экөөбүз дуэт кылып ырдап жүргөн “Арноо” деген ырым болчу. Султан Динара эженин кулагынын кужурун алып жүрүп, мени өзүнө кошуп алды. Ошентип, нан бышыргыч, курулушчу, анан ырчы болдум .
– Репертуарыңда орусча да ырларың бар эмеспи. Аларды да өзүң жазасыңбы?
– Мен кыргыз мектепте эле окугам, бирок, кичине кезимде жалаң орусча жомокторду окучумун. Ошондуктанбы, тең­туш­тарыма караганда орусчаны жакшы сүйлөчү элем. Эсимде, бир жолу орус тил сабагынан эжемдин ордуна мен жооп бергем. Үчүнчү класста окуганымда, эжем алтынчы класста окучу. Мен түштөн кийин, эжем эртең менен окугандыктан, «үйдө жалгыз каласың» деп мени классына алпарып, акыркы партага отургузуп койчу. Бир жолу мугалим эжемди тургузуп, бир нерсени сурап калды эле, эжем билбей туруп калды. Эжемди колдогонумбу, ордумдан тура калып, суроосуна туура жооп берип койдум. Мугалим: “Ой, бул ким?”- деди эле, эжем “менин иним” десе: “Уят, эжеси билбегенди иниси билет”,- деп эжемди уяткарган эле. Кийин жогорку класстарга барганда орусча романдарды окуй баштадым. Жадакалса тамак жеп отурганда да китеп окуп отурчумун. Анда апам: “Жеген тамагың каякка кетип жатат?”- деп урушуп эле калчу. Ошентип отуруп килейген бир чоң китепти 3-4 күндө эле окуп койчумун. Анан да ошол эле китепти төрт-беш жолу кайталап окугандан тажачу эмесмин. Менин орусча ыр жазганым ошол китеп көп окуганымдын пайдасы болсо керек.
– Азыр деле китеп окуйсуңбу?
– Акыркы үч жылдан бери китеп бетин ача элекмин. Бул убакыттын жоктугунан деле эмес, эмнегедир жалкоолонуп баратам. Бирок, кээде китеп окуганды сагынам.
– Өз кесибиң боюнча үйүңдөгү электрлик жумуштарды катырсаң керек?
– Кайдан? Өткөндө үйдөн ток уруп кетти эле, жөн эле учуп кеттим. Ирлан алиге чейин шылдыңдайт. Ирлан экөөбүз чогуу жашайбыз да.
– Эки чыгармачыл адамдын чогуу жашаганы жакшы болсо керек? Бири-бириңерди чыгармачылык жактан колдоп дегендей...
– Биз эле эмес, бир үйдө чогуу жашаган бешөөбүз тең таланттуубуз. Биз менен Ирландын эки группалашы дагы жашайт. Ошондой эле азыр Фархат Исаев деген ырчы жигит да бизде жашап жатат. Чыгармачыл адамдардын чогуу жашаганынын жакшы жери – кокусунан бирөөбүзгө жаңы обон келип калса, дароо кайталай койсоң, баары колдоп кетишет да, кийин ал обонду бири унутуп калса да, экинчиси жаттап калат. Же болбосо Ирлан дароо “Ямахасына”, Фархат гитарасына түшүрө коёт. Мен Ирлан менен чогуу жашаганга чейин көптөгөн мыкты обондорду чыгарып, кайра эле жоготуп алгам. Мага негедир маршруткада баратканда жакшы обондор келчү. Ичимден жакшы эле кыңылдап ырдап баратып, жетээр жериме жетип, “ушул жерге токтоп коюңузчу!” дегенде баягы обонум учуп кетчү. Азыр андай кокусунан келген обондорду эптеп кармап калам да, шашып үйгө барып, жетээрим менен Ирландын “Ямахасына” түшүрүп коём.
– Демек, сенин азыркы көпчүлүк сүйгөн жагымдуу обондоруң жанагыдай болуп кокусунан жаралган экен да?
– Көпчүлүгү ошентип жаралган. “Сагынганда” деген ырым жалгыздыктан жаралган. Мен анда сахнага чыга элек болчумун. Султандар менен жашап жаткам. Анан Султандар мени үйгө жалгыз таштап коюшуп, эки жумага гастролго кетип калышты. Күндүз да жалгыз, түндө да жалгыз, ушунчалык зериктим. Көчөгө чыгайын десем, тааныштарым деле жок болчу. Балконго чыгып, майда таштарды эшикке ыргытып ойногондон башка эрмегим калбай калган. Ошондой күндөрдүн биринде өзүнчө эле эргүү пайда болуп, ыр жазгым келип калды. Бир аз аракет кылсам эле азыр көпчүлүк сүйгөн “Сагынганда” аттуу ырымдын кайрыктары пайда болду.
– Сен ырдаганда кандайдыр бир кырылдаган үн коштоп турат. Аны атайын жасайсыңбы же болгон үнүң ошондойбу?
– Менин тубаса үнүм кырылдак. Мурун мунум жакчу эмес. Мени менен сүйлөшкөндөр: “Эмне, тамагың ооруп жатабы?”- деп сурай беришсе, “муну кантип жок кылсам болот?” деп кабатырланчумун. Бирок, Динара эже мени биринчи жолу ырдатып көр­гөндө ага дал ушул кырылдак үнүм жаккан. Күйөрмандарымдан да “Кайрат, сенин кырылдаганың үнүңдү кооздоп турат” деген сөздөрдү угуп калам.
– Жакында Таласка барып тушоо кесүү концертиңди өткөрүп келбедиңби. Тайларың кандай кабыл алышты?
– Залга эл толуп, жакшы кабыл алышты. Апам, эжемдер жана башка туугандарым келишти. Өкүнүчтүүсү, өзүмдүн өскөн айылыма концерт бере албай калдым. “Күндүз бекер концерт беребиз” деп жарыя кылып койгон болчубуз. Тилекке каршы, дал ошол күнү электр жарыгы жок болуп калды. Көрсө, референдумга карата электр зымдарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү иши бир ай мурун эле пландаштырылган экен. Андыктан, электр жарыгын күйгүз­дүрөбүз деген аракетибизден эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мен бул үчүн айылдаштарымдан кечирим сурайм. Буюрса, кийинки барганымда сөзсүз бекер концерт коём.
– Өскөн жериңе барганда өт­көн сүйүүлөрүңдү эстеп, эски сезимдериң бир сыйра козголгондур?
– Айтканыңыздай эле болду. 8-классымда өзүмдөн эки жаш кичүү бир кызды жакшы көрчүмүн. Ал эртең менен, мен түштөн кийин окучумун. Бирок, ал кызга карап күн сайын эртең менен эрте туруп, бир даана роза гүлүн жулуп алып, анын көчөдөн өтүшүн күтүп турчумун. Алыстан келе жатканын көрүп, гүлүмдү артыма катып, жакшы эле даярданып турганым менен кыз жаныма келгенде сүрдөп, гүлүмдү бере албай калчумун. Кийин 10-класска келгенде ал кыз эшигибиздин алдынан өтүп баратканда комузумду эшикке алып чыгып, үнүмдүн барынча кыйкырып ырдап туруп алчумун. Анткен менен ал кыз экөө­бүз бир да жолу жолугуп, ачык сүй­лөш­­көн жокпуз. Жакында Таласка барганымда жолугуп, ошолорду эстеп кү­лүп алдык. Көрсө, ал кыз деле мени купуя жактырып жүргөнү менен кыздык намысы жол бербей, айта албай жүрчү экен. Эми ал жаш кездеги сезимдер экен да. Азыр экөөбүздө тең андагыдай сезимдер калбаптыр.
– Азыр балким, жаңы сезимдер пайда болгондур?
– Жаңы сезимдер пайда боло элек. Азыр мен ырларымды, чыгармачылыгымды гана сүйөм. Азырынча жаш эмесминби, чыгармачылыгымды дагы жакшылап чыңдап алгандан кийин деле кыз менен сүйүшкөнгө жетишем деп ойлойм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан