Алихан: «МЕН ПОЕЗДДЕ ЖҮРҮП ЧОҢОЙДУМ»

Жыл өткөн сайын өлкөбүз жымыңдап улам пайда болуп жаткан өнөрпоздорго байыгандан байып баратат. Биз сөз кыла турган ырчы жигит Алихан жылдызчадан жылдызга айланып бараткандардын бири. Ал 1989-жылы 1-майда Токтогул шаарчасында туулган. Үйбү­лө­дө жалгыз бала. Бойдок.

– Алихан, сенин сахнага чыгып ырдай баштаганыңа жыл айлана элек. Ырчы болгонго чейин кайда, эмне иш кылып жүрчү элең?
– Ооба, мен сахнага биринчи жолу былтыр эле Мирбек Атабековдун концертинде чыккам. Ага чейин Юридикалык Академиянын колледжинде окуп, бир гана сабак менен алек болчу элем. Азыр окуума чыгармачылыгым да кошулуп, бир аз түйшүк көбөйүп калды. Ошентсе да азыр 3-курста ийгиликтүү окуп жатам. Ырас, кээде чыгармачылыкка алаксып, сабакка жетишпей калган учурларым болот. Бирок, менин максатым – келечекте мыкты юрист болуп чыгуу.
– “Ашыкмын” деген ырыңдын клибиндеги студенттер өзүңдүн группалаштарың эмеспи?
– Жок, алар «Стар Денс» шоу-балетинин бийчилери. А негизги ролдогу кызды болсо Канат байке башка жактан тапкан. Ал эми өзүмдүн группалаштарым менин күйөрмандарым эмес. Алар мага ырчы катары эмес, катардагы эле группалашы катары мамиле кылышат.
– Бири-бирине жакындыгы жок юридикалык билимиң менен ырчылыкты айкалыштырып кеткениңе эмне себеп болду?
– Мен күтүлбөгөн эле жерден ырчы болуп калган жокмун. Ырдаганга кичинекей кезимден кызыкчумун. Анын үстүнө мен таенемдин колунда өскөм. Таенем болсо аялдардан чыккан жалгыз семетейчи Сейдана Молдокеева. Балким, менин ырга шыктуу болуп калышыма таенемдин да чоң таасири тийгендир. Анткени, мен мектепке бара элек кезимде таенем мени маңдайына отургузуп алып, “Манас”, “Семетей” эпосторунан үзүндүлөрдү айтып берчү. Анда албетте, бирин түшүнсөм, бирин түшүнчү эмесмин. Ошентсе да берилүү менен угуп, таенемдин айтып бергендерин көз алдыма элестетип отураар элем. Ал эми апам болсо белгилүү акын Бактыгүл Сейитбекова. Апамдын учурда 7-китеби жарык көрдү.
– Демек, сен апаң тараптан алып караганда белгилүү адамдардын баласы турбайсыңбы. Ал эми атаң да таланттуу адамбы?
– Жок, атамдын чөйрөсү башка. Мен апамдын колунда өстүм. Апам экөөбүздүн башыбыздан оо, көп нерселер өттү. Бишкектен Россияга товар ташып коммерция кылдык, алыс жолдун, бөтөн жердин түйшүгүн көрдүк. Кыскасын айтканда, мен поезддин ичинде эле чоңойдум. Өзүм кичинекей болсом да станциялардын баарын жатка билчүмүн. Бажыларга келгенде апам менен кошо чоң кишидей тынчсызданганымды көргөн поезддин ичиндегилер мага таңкалышаар эле. Базарда да апама теңме-тең жардам бердим. Чоң-чоң чаарала сумкалар болот эмеспи, кездеме салынган ошондой сумкага кирип, сыдырмасын сыдырып, уктап калчумун. Кудайга шүгүр, ал күндөрдүн баары артта калды. Алгач апам ишин аз-аздан кездеме сатуу менен баштаса, андан кийин Новокузнецк шаарында техникалык буюмдарды сатуучу дүкөн ачты, андан соң шейшеп чыгаруучу цех ачып, азыр ошол цехти иштетет.
– Эмне, сени апаң такай ээрчитип алчу беле?
– Мени таштаганга эч ким жок болгондуктан, такай өзү менен кошо алып жүрчү. Башында Токтогулда эле болчумун. Кийин 1-классты бүтө элегимде апам алып кетип, Россиянын Тюмень шаарындагы мектепке киргизип койду.
– Жалаң орустардын арасына барып жаңы классташтарың менен бат эле тил табышып кеттиңби?
– Алгач кыйын болду. Орусчаны такыр билбегендиктен, сабактардан эң начар окучумун. Бирок, мугалимибиз сабактан кийин мени алып калчу да, үй тапшырманы чогуу даярдашып, кошумча сабак өтчү. Ошентип жүрүп бара-бара класстагылардын эң жакшы окуганы мен болуп калдым. Атүгүл башында мени тоготпой, анча-мынча бөлүп жүргөн классташтарым мага суктана башташты. Анын үстүнө апам ишин башка шаарга которуп кеткенде мен Марина Семьёновна деген орус аялдын колунда калдым. Ал аябай билимдүү, убагында мектептин директору болуп иштеген аял болчу. Ошол аял мени тынбай окутуп, көп тарбия берди.
– Анда мектепти ошол жактан бүттүңбү?
– Жок, Россияда 7-класска чейин окудум. Андан соң Токтогулга келип окуумду улантып, 9-классты бүткөн соң азыркы окуума тапшырдым.
– Апаң сенин чыгармачылыгыңды колдойбу?
– Чыгармачылыкта болобу, жеке жашоомдо болобу, менин биринчи колдоочум – апам. Ал азыр деле Россияда иштеп, ошол жакта жашаганына карабай, менден бат-бат кабар алып, чыгармачылыгым боюнча да кабардар болуп турат. Жаңы ырым чыккан сайын диск менен берип жиберем.
– Репертуарыңдагы ырлардын арасында апаңдын ырларынан жокпу?
– Азырынча жок. Бирок, учурда бир ырына обон жаратууга даярданып жатам.
– Продюсериң Канат Култаевге кандайча жолугуп калдың эле?
– Канат байкени мен продюсерим эмес, байкем катары эсептейм. Биз алысыраак туугандардан болуп кетебиз. Мен Канат байке менен 13-14 жаштарымда эле жолугуп, сахнага чыгуу үчүн жардам сурагам. Бирок, анда жаш болгондугумдан кийинчерээк жардам берээрин айтып, мени кабыл алган эмес. Ошондогу сөзүнө туруп, кийин кайра келсем кабыл алды. Чоң сахнага ырдап чыкканга чейин бир жыл вокалдан сабак алдырып даярдап, былтыр Мирбек Атабековдун концертинде чоң сахнага чыгарды. Азыр Канат байке мага кеңешчи да, байке да, дос да болуп келет. Качан болсо анын жанынан чыкпайм.
– Чогуу жашайсыңарбы?
– Менин өзүмдүн квартирам бар. Анда эжем менен чогуу жашайм. Бирок, Канат байкенин үйүнө тез-тез барып турам.
– Сен машина минип жүрбөдүң беле. Өзүңдүкүбү?
– Ооба. “Ауди 100” маркасындагы ал машинамды 16 жашка чыкканымда апам туулган күнүмдө белек кылган. Бирок, анда айдаганга көп уруксат берчү эмес. Быйыл гана 18 жашка чыкканымда биротоло уруксат берди.
– Сенде баары бар экен. Бир гана сулуу бийкеч жетишпейт турбайбы. Же ал да барбы?
– Бийкечим жок. Жакында эле бир кыз менен сүйлөшө баштасам, ал дароо эле мага турмушка чыкканга даярданып алыптыр. Аттуу-баштуу эле бир белгилүү адамдын кызы болчу. Мага үйлөн­гөнгө азыр эрте да. Анын үстүнө апам да каршы болгон соң мамилемди үзүп койдум.
– Сени ырчы кыз Бегимай Эсенгулова менен “жүрөт” деген сөздөр бар экен...
– Бегимай экөөбүздүн чыгармачылык гана байланышыбыз бар.
– “Кумарым” аттуу дуэтти экөө­ңөр кандайча ырдап калдыңар эле?
– Бул ырды биз эмес, биздин продюсерлерибиз тандаган. Автору Мирлан Ниязовдон Канат байке мурун эле сурап алган экен, анан мага берди. Ал эми курагы боюнча ырчы кыздардын арасынан мага Бегимай туура келди.
– Күйөрман кыздарың сени Бегимайдан кызганышпайбы?
– Антишпейт го. Билбейм, балким, кызганышаар. Анткени, мен жашаган үйдүн подъездине кимдир-бирөө “Алихан, я люблю тебя” деген сөздөр менен кошо ар кандай сүрөттөрдү тартып кетиптир. Актап, сырдап койсом, дагы жазыптыр.
– Сени айрымдар Мирбек Атабековго окшоштурушат экен...
– Мен чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштаганда телевидениеде жүрсөм, ошол жакта иштегендер “Мирбек, кандайсың?” деп өөп алышып, анан гана Мирбек эмес экениме түшүнүп, таңкалып калышчу. Азыр деле көпчүлүгү мени Мирбектин иниси деп ойлошот экен.
– Мирбек экөөңөрдүн мамилеңер кандай? Бири-бириңерге атаандаш катары карабайсыңарбы?
– Жо-ок, экөөбүз жакшы мамиледебиз. Канткен менен чыгармачылыктагы “бир туугандардан” эмеспизби. Мирбек байке мага жакында эле бир ырын белек кылды. Ал белеги үчүн рахмат айткым келет.
– Ырдагандан башка дагы эмнелерге кызыгасың?
– Негизи, мал бакканга кызыгам. Айылда жылкыларым, уй-койлорум бар. Ал эми шаарда мал бакканга мүмкүн болбогондуктан, үйдө ит, балык кармайм. Үйдөгү итиме кошумча кылып жакында эле төрт миң сомго ит сатып алдым эле, уурдап кетишиптир.
– Алихан, жакында концертиңди берүүгө даярданып жаткан турбайсыңбы. Даярдык жакшыбы?
– Ооба, бул менин тушоо кесүү концертим болмокчу. Буюрса, даярдык жакшы. Жаңы ырларды жаздырып, жаңы формаларды тиктирип жатабыз. Концерт­ти Мирбек Атабеков алып барат. Бул жакта бүткөн соң дароо Токтогулга, андан соң Жалалабат, Ошко коюп келебиз. Андан соң гана Жаңы Жылдык берүүлөр­гө катуу даярдана баштайм. Ошентип, талыкпай иштей берем. Анткени, менин максатым - элиме кызмат кылуу.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан