Расул кызы Айгерим: «ЖАНЫМА ГАЗ ПИСТОЛЕТИН АЛЫП ЖҮРӨМ»

Бул селки сахнадагы башка курдаштарынан айырмаланып, сахнада бир жыл мурун же эки жыл мурун пайда болгон эмес. Айгеримдин чыгармачылык менен алектенгенине оо, көп болду. Андагы атасынын алдында чимириле бийлеген секелек кыз азыр ыр менен бийди айкалыштыра билген суйкайган сулуу кыз болду.

– Айгерим, сени бийчи десек туура болобу же ырчы десекпи?
– Негизи, менин чыгармачылыгым бийге кызыгуудан башталган. Кенедей кезимде эле индия кинолорун түшүн­бөсөм да чоң кишидей калтырбай көрчү экенмин. Азыр ойлосом, кинонун мазмунуна эмес, андагы ырдап-бийлеген кыздарга кызыксам керек. Ал кыздар мага ушунчалык сулуу болуп көрүнүш­чү. Анан апама: “Апа, мен чоңойгондо ушул кыздай сулуу болом, ээ?”- дей берчүмүн. Ал эми менин бийге болгон шыгымды эң биринчи жолу апам үч жашымда байкаптыр. Кокусунан эле бөлмөгө кирип барса, мен көзүмдү жумуп, аябай образга кирип алып, сыналгыдагы индияча ырга бийлеп жатыптырмын. Апам тоскоол болбоюн деп бир топко чейин унчукпай карап туруп, анан күлүп чыгып кетиптир. Ушул окуядан кийин эч кимден тартынбай эле кайсы жерде болбосун бийлей берчү болуптурмун. Апам бир жакка кетип баратканда: “Сен ыйлабай отурсаң, мен сага шоколад алып келип берем”,- десе, “жок, мага индийский кино алып келип бериңиз” дечү экенмин. Анан индия кинолорунун видеокассеталарын алып келсе, кудуңдап сүйүнүп калчумун.
– Демек, кинонун таасири менен эле ушундай таланттуу болуп чыгыптырсың да?
– Менин талантымды байкашкан атам менен апам “мындан жакшы бийчи чыгат окшойт, олуттуу мамиле жасабасак болбойт” дешип опера-балет театрына бир орус хореографка алып барышыптыр. Бир-эки күн окуткан соң ал эжеке: “Кызыңарда Кудай берген өзгөчө талант бар экен. Биздин эреже менен үйрөткөнүбүзгө канааттанбай жатат. Ага көңүл бурбай эле образга кирип кетет, а образга кирип алган соң муну эч нерсе токтото албайт”,- деп андан ары мени окутуусун токтотуптур. Ошондон бери мен бийди өз алдымча үйрөнүп келем.
– Сен мурун бийчи болсоң, акыркы жылдары элге ырчы катары таанылып калбадыңбы. Ырга болгон өнөрүң качан чыга баштады эле?
– Кичинекейимден бий менен катар ырга деле кызыгып, өз алдымча ырдап эле жүрчүмүн. Бирок, атам: “Мен жаш кыздын ырдаганын жактырбайм. Анын үстүнө, азыртадан ырдасаң үнүң бузулат. Андан көрө азыр бийлеп эле жүрө бер, он беш жашка чыкканыңда мен сени ырдатам”,- деп ырдаганыма каршы болуп койгон. Менин аябай эле ырдагым келчү. “Апа, менин да ырдагым келет, ырдайынчы?!”- деп апама айтканым менен атама эч нерсе айта алчу эмесмин. Анткени, атам бир сүйлөйт да. Ошондуктан, ырдабай эле атамдын алдында жалаң бийлеп жүрдүм.
– Атаң менен гастролдорго да чыкчу белең?
– Ооба, атам кайсы жакка гастролго чыкпасын, мени өзү менен кошо алып алчу. Кыргызстанда мен көрбө­гөн айыл калган эмес болуш керек. Андыктан, чыгармачылыктын түйшүгүн чоң кишилер менен кошо өтө жаш кезимден тартып баштагам. Эсимде, бир жолу Чоңалайга гастролго барганбыз. Көрсө, ал жак аябай алыс, жолдору өтө эле кооптуу экен. Эки тоонун ортосундагы бир гана машина баткыдай тар жол менен кетип баратсак, бир маалда тоодон таштар кулап кирди. Астыңды карасаң шаркыраган суу, эки капталыңда сүрдүү тоолор, машина бир аз эле буйтаса жардан түшүп кетчүдөй болгон тар жол... Биз Чоңалайдын жолу мындай татаал экенин билбей эле чыгып алыптырбыз. Мен анда он жашта болчумун. Ошондо мен апама: “Апа, мен эмне, болгону он эле жыл жашаймынбы? Менин дагы жашагым келет!”- деп жатпаймынбы. Канчалык жүрөксүп баратышса да, машинадагылардын баары күлүп калышты. Бирок, аман-эсен жетип, концерт коюп келгенбиз.
– Классташтарың сенин популярдуулугуңа көз артышпайбы?
– Мен жеке менчик мектепте окуйм да. Биздин класста болгону беш эле окуучу бар. Аларда андай нерсе жок. Мурун жалпы мектепте окуп жүргө­нүмдө тажатышчу. Танапис убагында коридорго чыксам, “от болдум, күйүп болдум...” деп атамдын ырларын ырдап тийише беришчү. Менчик мектепке которулуп кеткенимдин негизги себеби ошол болду.
– Өзүң бий тобун ачып, иштетип жатпадың беле. Ал тобуң азыр деле иштеп жатабы?
– “Айкадем” деген бий тобун ачканыма бир жарым жылдай болуп калды. “Айка” деген өзүмдүн атымдан алынып коюлган, ал эми “дем” бул кубат, колдоо деген мааниде. Топто учурда жыйырмадай кыз калды. Ал кыздардын кичүүсү 15 жашта, улуусу 18 жашта.
– Аларды өзүң окутасыңбы?
– Өзүм окутам. Бир эмес, үч-төрт жолу тажрыйбалуу хореографтардан алдык. Бирок, кыздар эмнегедир аларга көнбөй коюшту. “Өзүң эле үй­рөт­чү?”- деп туруп алышканынан азыр өзүм окутуп жатам.
– Сен бийди өз алдыңча үйрөнгөн болсоң, анан аларга кандай ыкма менен үйрөтөсүң?
– Кыздарга: “Мен кандай кыймыл жасасам, эсиңерге сактап койгула, болбосо, мен унутуп калам”,- дейм да, өзүм музыканы коюп, ортого чыгып алып бийлейм. Анан кыздар менин кыймылдарымды туурап беришет, ошону кайра чогуу үйрөнөбүз. Кыздарым ар бир кыймылын санап, өз эрежеси менен үйрөнгөнгө көнбөй коюшту. Алар үчүн буга караганда жанагы менин ыкмам менен үйрөнгөн оңой да, кызыктуу да.
– Тобуңда өзүңдөн улуу кыздар да бар турбайбы, алар сени угушабы? Эгер укпай коюшса, кандай кылып жазалайсың?
– Топтогу кыздардын менден улуусу болобу, кичүүсү болобу, баары мени сыйлап турушат. Өз ара урушуп, таарынышуулар бизде боло элек. Эгерде бирөөсү сабактан кечигип же жакшы бийлебей койсо, эч кандай урушуп отурбай эле “сен кийинки концертке чыкпайсың” деп анын ордун запастагы башка бийчи менен алмаштырып коём. Ушул нерсе алар үчүн эң чоң жаза. Кыздардын бул жазадан корккону ушунчалык, өткөндө бир концертте менин артымда бийлеп жатып бир кызым тайып кетип, бутун чыгарып алыптыр. Анан сахнадан чыгып кетпей, бутунун ооруганына карабай бийлей бериптир. Мен эки ырды катар ырдап бүткүчө чыдап бийлеп, ыр бүткөн соң сахнанын артына өтсөк, кыздын буту шишип кетиптир. “Дароо эле чыгып кетпейт белең?”- десем: “Сенден корктум да”,- деп жатпайбы. Анан дагы деле чыдатпай ооруп жатканынан коркуп кетип, тез жардам чакырууга мажбур болдук. Көрсө, кыздын буту чыгып кеткен экен, бийлей бергенде өзү кайра салынып калыптыр. Врачтар көрүп күлүшүп: “Жүрү, алып кетели”,- дешти эле, “концертке катышпай калам” деп кетпей койду.
– Тойлордо болобу, башка жерлердеби, күйөрман жигиттериң тажаткан учурлар болобу?
– Күйөрмандарым телефон чала берип тажатышат. Өзүмдүн телефонумду алмаштырып салсам, атамдын, апамдын телефондоруна чалышат. Ошондуктан, алар да телефон номерлерин тез-тез алмаштырганга мажбур болушат. Азыр менин телефонумду атам менен апамдан башка эч ким билбейт. Тойлордо, концерттерде же көчөдө да ар кандай күйөрмандарга туш болом. Ар кандай адамдар болот экен да, бирөөлөр чын дилинен сүйлөшкүсү келсе, бирөөлөр душмандык кылгысы келет, дагы бирөө мас болуп тийишет дегендей. Ошондуктан, мага атайын кайтаруучуларды жалдап беришкен. Кайда барсам, мени ошолор кайтарып жүрүшөт. Анан калса, жаныма дайыма газ пистолетин алып жүрөм. Аны жакында эле атам сатып берди. Бирок, аны колдонгонду азырынча үйрөнө элекмин.
– Газ пистолетин күйөрмандарыңа колдонуп, аларды таарынтып албайсыңбы?
– Жок, күйөрмандарым канчалык тажаткан учурда да мен аларга өтө сый мамиле жасайм. Ал эми газ пистолети алар үчүн эмес. Анын кокусунан өтө кооптуу абалга туш келип калсам эле кереги тийбесе...
– Айгерим, кичине кезиңде өзүң таасирленип чоңойгон индия кыздарын азыр деле жакшы көрөсүң­бү?
– Жакшы көрөм. Менин индиялык курбум бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Анын аты Твинкэль. Экөөбүз жакын курбу болгондон тышкары, чогуу иштешип келебиз. Экөөбүз мындан 3-4 жыл мурун Москвадан таанышып, кийин ал Бишкекке келгенде курбу болуп калганбыз. Азыр ал медициналык окуу жайда билим алат. Твинкэль мени “Индияга конок болуп кет” деп аябай көп чакырды. Атүгүл киного тартылууга да сунуш кылды.
– Кандай киного?
– Кадимки эле индия киносуна, баш каармандын ролун аткаруу үчүн. Твинкэль менин кичинекей кезимден берки бийлеп жүргөндөгү съёмкаларымды алып кетип, ошол жактагы продюсерлерге көрсөткөн экен, алар менин келбетимди, кыймылдарымды өздөрүнүкүнө окшоштурушуптур. Атүгүл “кыргыз кыздары да биздин бийлерди бийлешет бекен?” деп аябай таңкалышыптыр. Анан өздөрүнүн киносуна тартууну чечишиптир. Бирок, алардын бул сунушунан менин ата-энем баш тартып коюшту.
– Эмнеге?
– Интернет аркылуу мен тартыла турган фильмдин сценарийин жөнө­түштү. Окуп көрсөк, сүйүү темасындагы фильм экен. Анан албетте, кучакташкан, өбүшкөн жерлери көп болот. Ошондуктан, “жашы жете элек кызга мындай роль болбойт” деп атам менен апам жөнөтпөй коюшту.
– Ырдап, бийлеп эле жүрө бербей, үй жумуштарын да жасайсыңбы?
– Албетте, келечектеги кожойке болгон соң, андай жумуштарды жасабаса болбойт. Үйдө кадимкидей эле тамак жасайм, үй жыйнайм... Тамактардан айрыкча мантыны жакшы жасайм. Атам тез-тез эле: “Кызым, өзүң жасаган мантыны сагындым, бүгүн бир манты жасап берчи?!”- деп турат. Анан да тигүүчүлүк жагына жакынмын. Өзүм жана бийчилерим кийген кийимдердин баарынын дизайнын өзүм чием. Атүгүл бийчилердин чыгыш стилиндеги бир формасын өзүм тиккем. Жөнөкөй кофта алсам да ошого мончокторду тагып, кыркып же башка нерсени улаштырып кооздоп койгонду жакшы көрөм.
– Азыр ойноп-күлө турган убагың эмеспи. Жигит жандап, көңүл ачып дегендей. Бул жагынан кандайсың?
– Менин “Дискотека” деген ырымды угуп алышып эле көпчүлүгү мени «дискотекадан чыкпайт» деп ойлошот экен. Чынын айтсам, мен дискотекага бир гана жолу баргам. Анда да атам менен. Негедир андай көңүл ачууларга жакын эмесмин. Сиңдим Аяна менен алек болуп, үй жумуштарын жасап эле сыртка көп чыкпайм. Ошондой эле жигит жандаганга да убактым жок.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 262, 9-15-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан