Нурзат Токтосунова: «МЕН КЫРГЫЗДЫН ИТИН ДА ЖАКШЫ КӨРӨМ»

«Улуттук хит-парад», «Браво». Бул телеберүүлөр менен Нурзат Токтосунова деген ысым тыгыз байланышта. Анткени, бул берүүлөрдүн эл арасынан татыктуу орун таба алышына Нурзаттын аздыр-көптүр салымы бар экени жашыруун эмес. Өз мекенине, өз жумушуна өтө берилген бул айым учурда жума сайын бир мамлекеттен экинчи мамлекетке каттап иштеп жүрөт.

– Нурзат, сенин Алматыда иштеп жатканыңдан кабардар болдук. Ал жумушка кантип кирип калдың эле?
– Ооба, Алматыда үйлөрдүн долбоорун түзүүчү жеке менчик фирманын кадрлар бөлүмүндө иштеп жатам. Бул фирмада менин жолдошум Бакыт компьютерщик, ошол эле убакта архитектор болуп көптөн бери эмгектенип келет. Мен Бакыттын жамааты менен мурун эле тааныш болчумун. Анткени, жумуштан тышкары эс алууларга чыгышканда же конокторго барганда кошо барып, алардын ар бири менен тез эле тил табышып кеткем. Кийин фирмада бир орун бошоп калганда «Нурзат келип иштесин» деп өздөрү сунуш кылып калышыптыр. Мен Бакыттан бул тууралуу укканда алгач «иштей алаар бекенмин?» дегенсип бир аз кооптондум. Анын үстүнө, ал кезде «Бравого» байланып, алардын сунушуна көп көңүл бурган эмесмин. Кайра-кайра чакыра беришкенинен өзүмдү сынап көрөйүн деп барып, ошол бойдон иштеп калдым.
– Кесиптештериң «башка улут» деп туура эмес мамиле кылышпайбы?
– Бизде жакшы жери – жамааттын дээрлик 90 пайызы орус улутундагылар. Генералдык директорубуз казак, ал да жедеп орусташып кеткен. Андыктан, бизде жумуш такай орус тилинде жүргүзүлөт да, андай бөлүп, туура эмес мамиле кылуу дегендер болбойт. Фирманын кардарлары кээде «оо, казактын сулуу кызы» деп тийишип калышат. Анда мен «мен кыргызмын!» деп сыймыктануу менен айтам. Ага карабай кардарлар да аябай жылуу мамиле жасашат.
– Жолдошуң менен бир жерде иштеген кандай экен?
– Экөөбүз бир мекемеде иштегенибиз менен көп көрүшпөйбүз. Анткени, мен биринчи кабатта, ал жогорку кабатта отурат. Түштөнүү убагында, анан жумуштан кийин эле жолукпасак, экөөбүз тең жумуштун көптүгүнөн бошобойбуз.
– Бизге караганда өнүккөн өлкө болгон соң жумушу да татаал бекен?
– Татаал эч нерсеси жок. Мен, мисалы, бат эле көнүп кеттим. Мага жакпаганы – азыр килейген китептерди алып, Казакстандын мыйзамдарын окуп жатам. Кыргызстандын мыйзамдарын жакшы билчү эмес элем, бирок, Казакстандыкын жаттаганга туура келип жатат. Менин бир байкаганым – билим жагынан баарыбир биз алардан алдыда окшойбуз. Мисалы, менин жолдошум архитектордун окуусун бүтпөсө да, ал жакта өз кесиби боюнча компьютерщиктин жана архитектордун кызматын аткарып жүрөт. Ал эми казактын ошол адистик боюнча 5-6 жыл окуган, дипломдуу кызматкерлери Бакыт билгенди билишпейт. Ушул сыяктуу эле кыргыздын билимдүү жаштарынын көпчүлүгү Казакстанда иштеп жүргөндөрүнө көп эле күбө болуп калабыз.
– Сен «Браводон» ушул жумушуң үчүн кеттиң беле?
– Бул үчүн деп айтуудан деле алысмын. Болгону, үйбүлөлүү болгон соң үйбүлөнүн мыйзамдарына да баш ийишиң керек экен. Экөөбүздүн эки жакта иштегенибиз аябай ыңгайсыз болгондуктан, «Бравону» таштаганга туура келген.
– Бирок, «Бравону» таштаганыңдан көп өтпөй эле кайра алгачкы берүүң «Улуттук хит-парадга» келип калбадыңбы. Бул кандайча болду?
– «Хит-парадга» келүү менин үч уктасам түшүмө кирбеген нерсе эле. Түз эфирге чыкпай аябай бук болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде Ассоль Молдокматова телефон чалып, өзүнө чакырып калды. «Эмнеге чакырышы мүмкүн?» деп өзүмчө кооптонуп барсам, мен күтпөгөн сунушту киргизди. Бул сунуш мага майдай жакканы менен жолдошум менен кеңешиш керек болчу. Ошон үчүн 1-2 күн убакыт сурап, Бакытка барып кеңешсем, ал макул болду. Анын үстүнө, Алматыда жумуш беш күндүк да. Жуманын аягында Бишкекке келүүгө ыңгайлуу болгондугун эске алып, «Хит-парадды» алпарууга макулдугумду бердим. Мындан бир нече жума мурун «Бравонун» атынан радиого түз байланышка чыккан элем. Ошондо бир эже «айланайын кызым, жанагы Филатов экөөңөр эфирге качан чогуу чыгасыңар?» деп суроо бергенде, ар бирин түшүндүрүп отурбай эле, «жакында чыгабыз, эже» деп кыска жооп берип койгон элем. Бирок, анда бул жөнүндө оюма да келген эмес болчу. Эми тагдырдын тамашасы болуп мен келип, менин артымдан Алексей да келип калып жатпайбы.
– Алексейдин келгенин кандай кабыл алдың?
– Динара Эсенгулова Алматыга телефон чалып, «бул жумада эфирге жалгыз чыкпайсың. Тапчы, ким менен чыгасың?» деп табышмактатты эле, эмнегедир дароо эле оюма Алексей келип, «ошолбу?» десем, «ооба» дейт. Аны укканда албетте, кубандым. Ал эми экөөбүз эфирге чыкканда мындан эки жыл мурунку сезимдер козголуп, кудум мен үчүн эки жыл өтпөгөндөй сезим пайда болду. Баягы эле Алексей, баягы эле студия... Жагымдуу болот экен.
– Алексейде өзгөрүүлөр болуптурбу?
– Ал мурункудан жоошуп калыптыр. Мурун эфирге чыгаар алдында «минтип сүйлөйбүз», «тигинтип сүйлөйбүз» деп алдын-ала даярданып алчубуз. Анан эфир башталганда атайын кылчу беле, эмнегедир таптакыр башка нерсени айтып туруп алчу. Анан мен сөз таппай өзүмдү жоготуп койчумун да, эфирден кийин «эмнеге минттиң? Башкача сүйлөшпөдүк беле?» десем, ар кайсыны айтып актанып койчу. Азыр андайы калыптыр. Буюрса, экөөбүз жакшы эле өнөк болуп жатабыз.
– Жума сайын бир мамлекеттен экинчи мамлекетке каттоо сага оор болуп жаткан жокпу?
– Кээде жетишпей, кыйналып кетем. Бирок, «жаштыгымда, мүмкүнчүлүгүм барында иштебегенде, качан иштейм?» деп ойлоп, чымырканып кайра киришем. Иштегенде деле, бекер отурганда деле ошол убактың кетип жатпайбы. Анын үстүнө, мен Кыргызстанга келүүдөн, телевидениенин жумушунан кадимкидей ырахат алам. Аябай патриот эмесминби, жадакалса мен кыргыздын итин да жакшы көрөм. Ошондуктан, мага оордугу деле билинбейт.
– Сенин эс алууга бир да күнүң болбойт окшойт го?
– Дүйшөмбүдөн жумага чейин фирманын иши менен алек болом да, ишемби күнү эртең мененки саат 5те туруп, автобекетке барабыз. Ал жерден таксиге отуруп алып, Бишкекти көздөй учабыз. Бишкек менен Алматынын ортосу үч сааттык жол болсо да, Алматыдагы жана бажыканадагы машиналардын жыштыгынан улам жолго көп убактыбыз кетет. Кечинде эфирге чыгам да, жекшемби күнү кээде Кочкорго барабыз, болбосо бул жактагы иштерибизди бүтүрүп алып, кайра Казакстанга жөнөйбүз. Ошентип, эртеси кайра жумуш. Чын эле эс алганга убакыт жок.
– Жолдошуң такай жаныңда жүрөбү?
– «Мен сени кан жолдо кантип жалгыз жиберейин?» деп такыр жалгыз коё бербейт. Бишкекке келгенден кийин деле машинасына салып алып салонго, анан кийимге алып барат. Андан кийин телевидениеге алып барып, мен эфирден чыккыча машинасында күтүп отура берет.
– Алматыдан өз машинаңар менен каттабайсыңарбы?
– Машинабыз бул жакта эле автокоюучу жайда турат да, ишемби, жекшемби күндөрү гана биздин керегибизге жарайт. Алматыдагы жыш машиналардын арасында жүргөндү Бакыт каалабайт. Баса, өткөндө машинаны койгон жайга барып алып кетели десек, бирөөлөр машинабыздын төрт дөңгөлөгүн тең чыгарып кетишиптир. Кароолчудан сурасак, «билбейм, досторуңар келип чыгарып кетти го» деп коёт камаарабай. Милицияга арыз жазып койдук, ким билет, табылабы, табылбайбы?..
– Алматыдагы кесиптештериң сенин бул жакта жылдыз экениңди билишеби?
– Мурун эфирге чыгып жүргөнүмдү билишчү. Азыркы убакта чыгып жатканымдан кабарлары жок. Биздин ишемби сайын Бишкекке жөнөгөнүбүздү көрүшүп, «эмнеге эле жума сайын бара бересиңер? Андан көрө эс албайсыңарбы?» дей беришет. Себебин эмнегедир айткым келбейт, «жөн эле» деген жооп менен кутулуп кетем.
– «Казакстандын да телеканалдарына чыгып көрсөм» деген изги тилектериң жокпу?
– Калп-чынын билбейм, бирок, менин укканыма караганда, Казакстандын «Хабар» телеканалынын директору кыргыз имиш. Ушуну уккан соң чын эле кыялданып койгом. Бирок, ал жакка чыкканга азырынча мүмкүн эмес го. Казактар аябай патриот келишет. Телеканалдарына иштеш үчүн казак тилин суудай билишиң керек.
– Казакча үйрөнгөн жоксуңбу?
– Жаңыдан барганда казакча китептерди окуп үйрөнүүгө аракет кыла баштагам. Анткени, жумушка кириш керек болчу да. Эми болсо жумушка кирип алдым. Жогоруда айтып кеткендей, жумушта казак тилин билүүнүн зарылчылыгы деле жок. Ошондуктан, азыр таштап койдум.
– Балалуу болууну качанкыга пландаштырып жатасыңар?
– Азырынча жаш эмеспизби. Бир аз шарт туура келбей жатат. Менин бир бутум Алматыда, бир бутум Бишкекте, анан калса, Кочкорго да бара коюп чабыттап жүрсөм... Биротоло бир жерге отурукташып алгандан кийин пландаштырсак деле кеч болбосо керек.
– Кыргызстанга качан келесиңер?
– Буюрса, жазында келебиз деген оюбуз бар.
– Төркүнүңө да барып турасыңбы?
– Аларга жетиш кайда? Бир жылда бир жолу гана барбасам... Үйдөгүлөр мени эфирден гана көрүшүп, «өзүңдү көрбө­сөк да телевизордон көрүп, аа, аман экен деп турабыз» деп калышат.
– Алар телеге чыкканыңа каршы болбой калыштыбы?
– Апам жаңыдан «Хит-парадга» чыкканымда телефон чалып алып, «ий, бетим, чачың кантет, кет, кокуй!» деп аябай чочуган эле. Кийин бир аз көнүп калышканы менен менин «Хит-параддан» кетишиме туугандарымдын каршы чыгышы себеп болгон. Азыр деле эч кимиси кууп көрбөйт. Аларга караганда кайнатам ар бир эфирди калтырбай көрөт. Атүгүл сүйлөгөн сөздөрүмө чейин талкуулап турат. Фамилиям биринчи жолу Айталиева болуп чыкканда сүйүнгөнүнөн 100 грамм менен «белгилеп» коюптур.
– Эми «Хит-парадда» качанга чейин иштейм деген оюң бар?
– Жашоомдо чукул бурулуштар болуп кетмейинче иштей берем. Негизи, «кетпейм» дегенден да коркуп калдым. Жашоо-шартка жараша ар кандай болуп кетиши мүмкүн экен да. Бирок, телевидениенин сазына жакшы эле сорулуп калдым. Азыртан эле телевидениесиз жашоомду элестете албай баратам. Эмнеси болсо да убакыттын өтүшү менен баары белгилүү болот.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан