Мирбек Иманбеков: «МЕН КУТУРУП КЕТКЕН ЭКЕНМИН»

“Шоу-бизнестин ашмалтайы чыкты” деген нааразычылыктарды көп укчу болдум акыркы күндөрү. Бул фраза улам бир ырчы сенсация жаратып продюсери менен урушуп кетип калып, анан кайра кечирим сурап келип жатканынан чыкса керек. Анын сыңарындай, көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысы Мирбек Иманбеков мындан төрт ай мурун коомчулукка жарыя кылып продюсеринен “экинчи келбес” болуп кетти эле, “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт экен” деп кайра келип отурат. А буга эмне себеп болду экен? Өзүңүз назар салыңыз, окурман.

– Мирбек, кайсы бир басылмага “мен Асыл эжеге эч качан кайрылып барбайм” деген мааниде интервью берген элең. Бирок, минтип айтканың менен кайра кайрылып келген турбайсыңбы. Буга эмне себеп болду?
– Минтип айтканым чын. Көрсө, мен аябай эле кутуруп кеткен экенмин. Бул сөздөр ошондой кездерде оозумдан чыккан. Чынын айтсам, мен жаштык кылып бузукулардын тилине кириптирмин. Жакшылап терең ойлонуп, өтө эле туура эмес кылганымды өзүм сездим да, тобокелге салып, Асыл эжеге кайрылып келүүнү чечтим.
– Анан Асыл эже сени дароо эле кабыл алдыбы?
– Албетте, биринчи жолу кабыл алган жок. Арадан убакыт өткөрүп экинчи жолу келгенимде гана мени туура түшүнүп, кабыл алды. Мен күнөөнүн баары өзүмдөн кеткенин моюнума алып, Асыл эжеден кечирим сурадым. “Ат баспайм деген жерин миң басат” деген ушул окшойт. Чындыгында эле жаштыкка, куру намыска алдырып койгон экенмин.
– “Куру намыска” дегениңди кандай түшүнсө болот? Же Асыл эже менен иштешкенден намыстандың беле?
– Эми убагында кимдир-бирөөлөр тарабынан намысыма тийген сөздөр болгон. Көрсө, мен ошондой сөздөргө кирип кеткен экенмин.
– Мындай сөздөрдү ким айтканын ачык айта аласыңбы?
– Жок, алардын атын атоонун кажети жок.
– Продюсериң экөөңөрдүн ортоңордогу ар кандай сөздөр коомчулукка да жарыяланып кетти эле. Ушундан кийин продюсериңе кайрадан келип кечирим суроо моралдык жактан оор болгон жокпу?
– Албетте, оор болду. Айрыкча, биринчи жолу келгенимде. Бирок, Асыл эже менин өзүмдүн эжем эмеспи. Мени туура түшүнгөнүнө миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем.
– “Асыл эжени тууган катары сыйлайм, продюсер катары сыйлабайм” деген сөздөрүң да бар эле. Ушул сөздөрдү чын дилиңден айттың беле?
– Булар да ошол кутуруп жүргөн убактарымда айтылган сөздөр. Азыр ошол айткандарыма бармагымды тиштеп отурган кезим.
– Демек, кылган ишиңе өкүнүп жатыптырсың да?
– Эми өкүнгөндө эмне пайда? Болоор иш болду. Өкүнгөндүн ордуна кайрадан чымырканып иштөөнү чечтим.
– Өзүңчө жүргөн кездериңде эмне менен алектенип жүрдүң?
– Ош, Жалалабат, Нарын, Каракол, Таластарга концерт коюп келдим. Концерттеримдин баары аншлаг менен өтүп жатты. Ошентсе да уюштуруу жагына келгенде Асыл эженин орду билинбей койгон жок.
– Анда бир топ эле каражат чогултуп келген болушуң керек. Аны эмнеге сарптадың?
– Ар бир тапкан акчамдын өзүнүн орду чыгып жатты. Бирок, эмгек башка бирөөнүкү болгон соң ошол эмгек аркылуу тапкан акчаң баарыбир жукпайт экен. А чыгармачылык жактан клип тарттырганга, ырларды жаздырганга сарптадым.
– Канча ыр жаздырдың?
– Төрт ыр жаздырып, бир клип тарт­тырдым.
– Ал жаңы ырларыңды биз радиолордон уга алган жокпуз го?
– Дал ушул жагына келгенде мен Асыл эженин баркын билдим. Ырларды жаздырышын жаздырат экенсиң, ал эми ошону коомчулукка жеткирүү да чоң эмгекти талап кылат экен. Мурун бул жагын Асыл эже моюнуна алчу да. Андыктан, буюрса, ал ырларым эми чыга баштайт.
– Сен продюсериңден алыс жүргөн учурларыңды өзүңдү шоу-бизнестин өгөй баласы катары сезе баштадың беле?
– Ошондой болот экен. Бут тосуулар болуп жатканын баары эле байкашса керек.
– Анан “кой, продюсеримден кечирим сурабасам болбойт” дедиң?..
– Ошенттим.
– Эми качанга чейин иштешесиңер?
– Кудай буюрган күнгө чейин иштешебиз.
– Сен өзүң айтмакчы, төрт айдан бери өз ырыскыңды өзүң терип жеп үйрөнө түшпөдүңбү. Эми кайрадан аны бирөө менен бө­лүш­көнгө туура келет. Анан кайра аянып баштабайсыңбы?
– Кептин баары акчада эмес экен.
– Асыл эженин сен үчүн автокырсыкка учураганы чынбы?
– Менин концертимди уюштуруу үчүн Караколго барып келе жатканда автокырсыкка учураганы чын. Кийин Асыл эже “мен реанимацияда жатканда Мирбек Замир Мырзанын машинасын карызга алып алды” деген таарынычын билдирип жүрдү. Бул да туура. Ошондо да жаштык кылып Асыл эжеге туура эмес мамиле кылганымды моюнума алам. Азыр ойлосом, анын денсоолугун жакшылап сураганга да жараган эмес экенмин. Эми мен баарын түшүндүм, акылыма кирдим, ошондогу кемчиликтерим менин кийинки турмушума сабак болот деп ишенем.


Асыл Апасова: «ЭМИ КАНТИП ИШТЕЕРИБИЗДИ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»

– Асыл эже, “экс-балаңыз” Мирбектин сизге кайрылып келишин кандай кабыл алдыңыз?
– Кыскасын айтканда, Мирбек мени кетип бир шок кылса, эми келип бир шок кылып отурат. Мындан төрт ай мурун кеткенде да туруп-туруп эле кү­түл­бөгөн жерден ушундай кадамга барган. Ал болгону арканды алыс ташташ керек экенин эми тү­шү­нүптүр.
– Келгенде дароо эле кабыл алдыңызбы?
– Алгач кеткенде өзүмдү жаман сезип жүргөнүм менен акыркы убактарда аны эстегим да келбей калган. Биринчи жолкусунда Султан Динарага кайрылып келгенде, аны менен кошо келген. Бирок, мен такыр кабыл алган эмесмин. Атүгүл учурашпай, сүйлөшпөй да койгом. Көп убакыт өтпөй экинчи жолу келгенде да дал эле ушундай көрүнүш кайталанды. Анан конокко чакыра коюп, бирөөлөрдү ортого сала койгонунан...
– Жибип кеттиңизби?
– Жибиген жокмун. Мен аябай өжөр, көк бет адаммын. Кылам дегенимди кылам, кылбайм дегенимди кылбайм.
– Бирок, баарыбир кабыл алган турбайсызбы. Буга эмне түрткү болду?
– Болгону, ишти акырына чейин чыгарыш керек болду. Мунун баары менин кызылдай эмгегим да. Ошол эмгек талаага кетпесин дедим. Анын үстүнө, кесиптештеримдин, жакын адамдарымдын да кеп-кеңештери түрткү болду окшойт. “Алыңызчы, балага убал” деп келген ырчылар да болду. “А мага убал болгондо кайда элеңер?” десем күлүшөт. Ушундай себептерден улам кабыл алууга туура келди.
– Ортодогу ар кандай сөздөрдөн кийин би­ри-бириңиздерге көңүлүңүздөр муздап калган болуш керек. Эми ишиңиздер мурункудай калыбына түшүп кетээрине көзүңүз жетеби?
– Мирбекти билбейм, бирок, мен аябай кекчилмин. Мамилебиздин ордуна түшүп кетишине да кепилдик жок. Чогуу кантип иштешээрибизди да элестете албай турам. Билбейм, эмнеси болсо да убакыт көрсөтөт да.
– Шоу-бизнесте “бут тосуу” деген жаман илдет бар экени жашыруун эмес. Чынын айтыңызчы, сиз да Мирбекке бут тостуңуз беле?
– Ушул нерсеге мен түшүнбөйм. Менин да продюсер катары өз беделим бар да. Радиолорго барып, “Мирбектин ырларын бербей эле койгулачы?!” дегим келген эмес. Бирок, анткенге менин акым бар болчу. Экөөбүз иштешпей жүргөн убакта деле анын ырлары радиолордон тынымсыз эле кетип жаткан. Мен Мирбекке бут тосууга кетирген убактымды Ирланга сарптоону туура көрдүм. Туура кылган экенмин, жаш болсо да Ирландын концертин эң жогорку деңгээлде берип алдым.
– Бирок, Мирбектин формалары сизде калган турбайбы?
– Түзүлгөн келишим боюнча мындай учурда ырчынын формалары, дисктери продюсерде калууга тийиш. Демек, келишим боюнча ошондой болду.
– Эгер дисктери сизде калган болсо, анда кантип гастролго чыкты?
– Өзүнүн айтуусу боюнча, ырларын бир радиодон көчүрүп алыптыр.
– Эми ишти эмнеден баштаганы турасыздар?
– Иш жөнүндө ойлонгонго үлгүрө элекпиз. Алгач мамилебизди бир калыпка салып алалычы.
– Окуучуларыңыз кемип калганда ордун толтуруу үчүн өзүңүзгө башка ырчы алдыңыз беле?
– Ооба, бир жаңы бала алгам. Ал азыр вокал боюнча сабак алып жатат. Буюрса, жаңы жыл келээри менен чыга баштайт.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан