«Боз салкын» фильминин башкаарманы ТынчтыК Абылкасымов: «БОЗ САЛКЫНДАН» ТАПКАН ПАЙДАМА ҮЙ САЛДЫМ»

Чыныгы таланттуу бул жигитти мындан бир жыл мурун өзүнүн туугандарынан, жакындарынан башка көп деле адам таанычу эмес. А бүгүнкү күндө “Боз салкын” фильминин башкаарманы катары билгендер өтө көп. Тынчтык аттуу бул жигит 1986-жылы 12-январда Өзгөн районунда мугалимдин үйбүлөсүндө туулган. Үйбүлөдө жалгыз бала. Бойдок.

– Тынчтык, сен башкы ролду ойногон “Боз салкын” фильмин көрбө­гөн кыргыз азыр дээрлик жок болсо керек. Бул фильмде Сагындын образын профессионал актёрдой аткарганыңа караганда кесибиң актёр болсо керек?
– Ооба, мен Искусство институтунун театр жана кино факультетинен билим алгам.
– А “Боз салкында” кандайча роль аткарып калдың?
– Мен 2-курсумдан баштап эле “Кыргызфильм” киностудиясына аябай байыр алып алдым. Режиссёрлорго, операторлорго бекерге эле жардамдашып жү­рүп, фильм тартуунун процесси жана башка киного байланыштуу иштердин ой-кырларын жакшы эле өздөштү­рдүм. Ал эми “Боз салкын” тартылаарда мен режиссёрдун ассистенти катары жумушка алынгам. Андыктан, сценарий боюнча Мурат, Сагын, Асеманын ролун ойной турган актёрлорду издештире баштадым. Мен алып келген досторумдун, тааныштарымдын бири да жарабай калды. Анан бир күнү Эрнест байке “ырдаганды билесиңби?” деп сурап калды. Мен кичинекей кезимден баштап ырга кызыгып жүргөнүмдү жана ырдай алаарымды да билдирсем, “анда өзүң ойноп көрбөй­сүң­бү?” деп алгач фотопробадан, андан соң видеопробадан өткөрдү. Режиссёрдун сынынан өттүм окшойт, ошентип, өзүм Сагындын ролун ойноп калдым.
– Бул сенин биринчи жолу киного тартылышың болсо керек. Кыйынчылыктар болдубу?
– Буга чейин бир топ эле фильмдердин майда-майда эпизоддоруна тартылгам. Алгачкы чоң ролду “Боз салкында” ойнодум. Съёмканын эң биринчи күнү кыйынчылыктарга туш болдум. Кино тартып жаткан топтун баары мени карап турушса тартындымбы, билбейм, өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Аттын алдына кой өңөргөн жерим бар эле, ал жерин кийин алып салышыптыр. Ошондо же атымды түздөп мине албайм, коюм болсо тыбырчылап жөн турбайт, а мени карап тургандардын баары эле жерди тиктешип, баштарын чайкашат. Мен болсо ичимден өзүмдү сөгүп, ансайын жаман болом. Бирок, кийинки күндөн баштап бат эле көнүшүп кеттим.
– Съездбек экөөңөр аттын үстүндө камчы менен чабышкан эпизод бар эмеспи. Ошондо камчы катуу тийди беле?
– Ал жеринде алгач футболканын ичинен атайын коргоочу кемселдерди кийип алган болчубуз. Бирок, жакынкы пландарды тартууга келгенде оператор “ичиңердегини чечкиле, көрүнүп калат экен” деп калды. Анан чечип, салгылаша баштадык. Биринчи камчыны жегенимде эле денем “тыз” дей түштү. Бирок, дубль бузулбасын деп урушканыбызды токтоткон жокпуз. Ошентип, денебиздин ооруганына карабай салгылашып бүтсөк, “жарабай калды, дагы бир дубль” деп жатышпайбы. Айла жок, кайра башынан уруштук. Кечинде карасак Съездбек экөөбүздүн тең аркаларыбызга камчынын издери түшүп калыптыр. Өзгөчө менде көп экен, анткени, сценарий боюнча мен көбүрөөк камчы жешим керек болчу да.
– Пираттык дисктердин шарапаты менен “Боз салкын” фильми узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарады. Сен элдин көзүнө аябай эле сиңип калсаң керек. Көчөдө тажаткандар да болобу?
– Жакында эле маршруткада кулагыма наушник салып алып, рок стилиндеги музыка угуп келе жаткам. Жанымда отурган жигит улам-улам мени карап коёт. Оюмда “мени таанып жатат” деп музыкамды угуп отура бердим. Бир маалда ал бутума түртө баштады эле, “азыр сурайт” деп ойлоп, жатталып калган “ооба, ошол Сагын менмин” деген жоопту узатайын деп кулагымдагы наушникти алсам, “музыкаңызды бир аз акырындатып аласызбы?” деп жатпайбы. Көрсө, ал мени тааныбай эле, музыкам катуу чыккандыктан ага да угулуп, тоскоол болуп жаткан экен. А мен кадам сайын эле “сен “Боз салкындагы” баласыңбы?”, “сен Сагынсыңбы?” деп сурай бергендерге көнүп калып, жанагы жигитти да ошолордун бири экен деп ойлоптурмун. Чын эле элдин көзүнө аябай сиңип калсам керек, өтө көп сурашат. Жакшы сөздөрүн айтышып, “жакшы ойногонсуң” деп мактагандарга көп деле маани берчү эмесмин. Бирок, чын эле жакшы ойногонумду жайында Ысык­көлдө өткөн фестивалда алган дипломум тастыктады. Бул фильмди бир нече жолу тажабай кайталап көргөндөр да бар экен. Өзүмдүн эле бир жеңем 63 жолу көрүптүр.
– А өзүң канча жолу көргөнсүң бул фильмди?
– Мен кинотеатрдан үч жолу көрдүм, а пираттык дисктерден көргүм да келбейт.
– Эгер сыр болбосо бул фильмден канча гонорар ал­дың?
– Бул албетте, кесиптик сыр. Бирок, бир топ эле алдым. Ал гонорарымдын бир тыйынын да коротпой туруп айылдагы таене-таятамдын үйүн жаңылаганга сарптадым. Мен алардын колунда көбү­рөөк жүрүп калгам. Көздөрү өткөндөн кийин үйү каралбай, эскилиги жеткенден дубалдары жарыла да баштаптыр. Ошону буздуруп, жаңы үй салдырдым.
– Сенин “Боз салкында” ийгилик жаратканың ата-энең, туугандарың үчүн да кубаныч болгондур?
– Албетте, фильм жарыкка чыгаары менен үйдөн туугандар үзүл­бөй, үйдү жыйнаштырганга да үлгүрбөй жаттык. Жакшы жери, тээ канча жылдан бери катташпай жүргөн туугандарыбыз менен да ошондо кайрадан табышып алдык. Анан алар куру келишпей, ар кандай белек-бечкек көтөрүп келе беришип, футболкадан эле жыйырма чакты болуп кетиптир.
– Ушундай белгилүү бир фильмде роль аткарып популярдуулукка жетишүү тууралуу кыялданчу белең?
– Негизи, биздин үйбүлөдө бул кесипке тиешеси бар эч ким жок. Атам музыка мугалими, апам тарых мугалими болгону менен ырга шыктуу. Ошондуктанбы, мен ата-энемдин жолун жолдоп кичинекейимден баштап музыкага кызыкчумун. Үчүнчү класстан баштап комуз үйрөнүп, 5-классымда М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин контрабас бөлүмүндө бир жыл окугам. А кино көрүү менин хоббим болчу. Эсимде, 8-класста окусам керек эле, “Алатоо” кинотеатрында “Титаник” фильми жүрүп калды. Жыйырма сомго билет сатып алып, кечки сеансын күн сайын кайталап көрө бергенден тажачу эмес элем. Кинотеатрдан чыгып, үйгө баратканда спорт мектебинин жанынан өтчүмүн. Мен өтүп баратканда бардык терезелеринин жарыгы күйүп тургандыктан, аны карап алып “Титаникти” элестете берчү­мүн. Ал эми өргө чыгып баратканымда имарат кыйшайып, “Титаник” чө­гүп бараткандай сезилчү.
– Сен шаарда өстүң беле?
– Негизи, менин кичи мекеним – Өзгөн. Бирок, апам “шаардан балам жакшыраак билим алсын” деди окшойт, кичинекей кезимден эле шаардан окутту. 7-класска чейин Ош шаарынан окуп, андан кийин Бишкекке келип, мектепти борбордон аяктадым. Бүтүрүүчү класстарда математика-физика багытынан билим алдым. Эгер бир кокустук болбогондо мен кино жаатындагы адис эмес, физик же математик болуп калмакмын.
– Кандай кокустук болбогондо?
– Кино жаатынан билим алууну көксөп жүргөнүм менен туугандарым “Кыргызстанда кино тармагы боюнча окуу жайы жок” деп коюшкан. Буга ишенип мен өз максатымдан үмүтүмдү үзүп койгон болчумун. Мектепти бүтүп, документтеримди кайсы окуу жайга тапшыраарымды билбей жүргөн күндөрүмдүн биринде радиодон кокусунан Искусство институтунун кино тармагына документтер кабыл алынып жатканын угуп калдым. Көктөн тилегеним жерден табылып калгандай эч ойлонбостон туруп ошол жакка тапшырып, бюджеттик бө­лү­мүнө өтүп кеттим.
– Анда азыр студентсиңби?
– Окуумду ушул жы­лы бүттүм. Сабакка көп барбасам да мугалимдер менин иштеп жүр­гөнүмдү эске алышып, жакшы бааларды коюп беришти. Анын үстүнө, ушул убакка чейин өзүм үч кыска метраждуу фильм тарткам. Алардын бири “Мен” аттуу тасмамды дипломдук ишим катары коргоп, ийгиликтүү өттү.
– Окууңду бүтсөң эми кайсы жол менен кетейин дейсиң? Да­гы киного тартыласыңбы?
– Сунуш түшүп калса тартылам. Өз кесибим режиссёр болгон соң ушул багыт менен кетем. Ал эми азыр “Кыргыз фильм” киностудиясында иштейм. Ал жак – менин экинчи үйүм. Жумуш болсо деле, болбосо деле ошол жакта жүрө берем.
– Музыкалык аспаптарда ойносоң, актёрлук талантың болсо, дагы кандай өнөрлөрүң бар?
– Музыкалык аспаптардан гитараны “Боз салкын” фильми үчүн үйрөнгөм. Сценарий боюнча көл жээгинде балдар менен отурганда Мурат менен Асема келгенге чейин мен гитара менен ырдап отурушум керек болчу. Ошон үчүн толук бир ай бою гитара үйрөндүм. Бирок, эмнегедир кийин ал эпизод алынып кетиптир. Ошол бойдон гитараны өркүн­дөт­көн жокмун. Азыр гитарада жалгыз эле ошондогу үйрөнгөн “Боз салкын” деген ырды ойной алам. Спорт жаатында болсо бокс менен машыккам, футболдун фанатымын. Ошондой эле устачылык да жайым бар. Ушул жылы жайында азыр жашап жаткан Актилек жаңы конушундагы үйүбүздү кеңейтип, жанына өзүмө бир бөлмө салып алдым. Баса, сиздердин “Супер-Инфо” гезитиңиздерге сканворд түзүп да иштегеним бар. Бир кездерде жашоомдо бир аз кыйынчылыктарга туш келип, көбүрөөк акча табыш керек болгон учурлар болуп калган. Ошондо бир эле убакта спорт комитетинде, “Кыргыз фильм” киностудиясында жана сканворд түзүп иштеп, ал аз келгенсип окуп да жүрчүмүн. Көрсө, адамдын колунан келбеген нерсе болбойт экен. Аракет эле кылсаң, баарына жетишсең болот окшойт.
– Эми качан үйлөнөсүң, сүйлөш­көн кызың бардыр? Баса, “Асема экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар экен” деп да жүрүшөт.
– Асема экөөбүздүн ортобузда азыр сыйдан башка эч кандай мамиле жок. Сүйлөшкөн башка кызым да жок. Азыр менин кызыкканым да такыр бөлөк нерсе, башкача айтканда, жумуш. Мен үйдө жалгыз бала болгондуктан, ата-энем “бүгүн үйлөнсөң бүгүн, эртең үйлөнсөң эртең даярбыз” деп эле турушат. Бирок, мен азырынча үйбүлө курууга шашылбайм. Алдыда мен жасай элек али көп жумуштар бар. Ошол жакынкы пландарымдын жок дегенде элүү пайызы иш жүзүнө ашкандан кийин гана үйлөнүү тууралуу ойлоно баштайм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан