НЕЛЯ: «УЙКУЧУЛУГУМДУН ЗЫЯНЫН КӨП ТАРТАМ»

Эски жыл кыргыз шоу-бизнеси үчүн жаман жылдардан болгон жок. Сахнада жаңы ысымдар, жаңы ырлар, кыскасы, көп-көп жаңы нерселер пайда болду. Жаңы жылда шоу-бизнесте дагы кандай өзгөрүүлөр болот, аны күтө туралы. А биз болсо жаңы жылдагы алгачкы саныбызды сулуу десең сулуу, таланттуу десең таланттуу ырчы айымыбыз Нелянын жаңы-жаңы жаңылыктарынан баштадык.

– Неля, жаңы жылың менен!
– Рахмат! Силердин гезитиңердин жамаатын да жаңы жылыңар менен куттуктайм.
– Жаңы Жыл майрамын кандай тостуң?
– Жашың өткөн сайын ызы-чуудан кача баштайсыңбы, эмнегедир бул жылы жылдагыдай шаң болгон жок. Жаңы Жылдык кечелерден баш тартып, жылдагыдай эле үйбүлөм менен болдум. Үйдө апам, сиңдим үчөөбүздөн тышкары туугандарыбыздын балдары көп болуп, үйүбүз өзүнчө эле балабакча болду. Алар менен 12ни шампансыз эле торт менен тосуп, бир сааттай сыналгы көрүп, андан кийин курбуларым менен кафеге барып отурдук.
– Жаңы Жылдык ырымдарды колдоносуңбу?
– Негизи, мен ырымчыл эмесмин. Бирок, быйыл үйбүлөбүз менен бир ырымды колдондук. Сиңдим мусулман мектебинде окуйт. Апам анын мектебине барса, мугалимдери “Жаңы Жылдык салюттарды, кооздуктарды аткан мусулманчылыкка туура келбейт, анда болгон акчаңарды ошентип чачкан болосуңар” дептир. Ушундан кийин биз саат 12 болгондо эч кандай салюттарды аткан жокпуз. Үйдөгү жаш балдар да биздин буйругубуз менен бенгаль шамдарын күйгүзүп гана отурушту.
– Өткөн Доңуз жылы сенин мүчөл жылың болбодубу. Ырымчыл болбосоң, анда ага тиешелүү ырымдарын да колдонгон жоксуңбу?
– Укканым боюнча, мүчөл жылда кызыл кийип жүрүш керек экен. Андыктан, өткөн жылы менин кийим илгичимде кызыл түстөгү кийимдер көп болду. Ал кийимдеримди азыр деле кийип жүрөм, кыргызча жыл сүрүүдө Доңуз жылы мартта бүтөт да.
– Жыл аягында артыңа кылчайып көрдүңбү? Эмнелерге жетишипсиң, эмнелерге үлгүрбөй калыптырсың? Дегеле өткөн жыл сен үчүн кандай жылдардан болду?
– Негизи, мен “Жаңы Жылды кандай тоссоң, бүтүндөй жылың ошондой өтөт” дегенге ишенбейм. Жыл сайын эле үйдө тосом дебедимби. А өткөн жыл тескерисинче, мен үчүн эң сапары көп жылдардан болду. Кыргызстандын бардык аймактарында болгондон тышкары, Россияга чейин барып келдим. Ошону менен катар эсте калаарлык, ийгиликтүү, жемиштүү жылдардын катарына кошсом болот. Жеке концертимди бердим, кыялымдагы тилегим ишке ашып, киного тартылдым. Ал эми кинонун арты менен Кыргызстандын эң керемет жерлеринин бири болгон Сарычелекти көрүп келдим. Кыскасы, өткөн жылда алдыга койгон бир жылдык пландарымдын баары эле аткарылгандай болду.
– Жаңылбасам, бир планың артка жылып кетти окшойт. Өткөн жылдын планына жеке турмушуңа өзгөртүү киргизүүнү да кошконсуң.
– Аа, турмушка чыгуу жөнүндөбү? Туура айтасыз. “Күзүндө чыгам” деп коом­чулукка жарыя кылбадым беле. Бирок, ал мезгилде киного тартылып калбадымбы.
– Анан бул планың качанкыга жылды?
– Билбейм, азыр эмнегедир жеке турмушум артка жылып, иштегим эле келип турат. Анын үстүнө апам менен сиңдиме күнүмдүк керектөөлөрү чыгып тургандай чакан киреше булагын ачып берсемби дегем. Турмушка чыгып алып, анан “апама акча берип коёлучу?!” деп күйөөмө көз каранды болгум келбейт. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн жанына эле беш бөлмөлүү үй салдырдым, эми дагы бир үйдүн курулушун баштатканы турам. Жок дегенде ошол үйдү бүтүрүп, апам офиске же квартирага ижарага берип, пайдасын көр­гүдөй кылышым керек. Мындан бир канча жыл мурун атам тирүү кезинде 4-кичирайондогу үйү­бүздү болбой жатып саттырып, машина алдырып алгам да. Андагы болбогон 8 миң долларга саткан үч бөлмөлүү ал квартирабыз азыр 100 миң долларга жакын турат. 4-кичирайондон өткөн сайын апам: “Бекер эле саткан экенбиз, сен кылгансың...”,- деп эле алиге чейин кейип-кепчий берет. Ошондон улам “карап туруңуз, сизге бир сонун үй салып бербесем” деп ичимден ойлонуп койгон элем. Ошол тилегим буюрса, орундалып келатат.
– Бизнес ачуу тууралуу ойлонгон жок белең?
– Мен негизи, соода-сатыкка такыр жокмун. Жадакалса өзүмө сатып алган кийимим кокусунан туура келбей калса, ошону башкаларга сатып алууга сунуш кыла албайм. А бирөө сунуш кылып калса, дароо эле алып алам. Биринчи курста бөлөм экөөбүз “бизнес кылабыз” деп дүкөндү ижарага алып да иштетип көргөнбүз. Атүгүл кыялыбызда байып, “биз бул дүкөндү чоңойтобуз, тигинтебиз, минтебиз...” деп ооз көптүргөнбүз. Тилекке каршы, пайда тапмак түгүл, өзүбүздүн жумшаган акчабызды да чыгара албай, банкрот болгонбуз. Андыктан, бул жолу ала коюп, сата коюу жолу менен табылган киреше тууралуу ойлонгон жокмун.
– Жаш туруп үй салганыңа караганда гонорарың мактанаарлык эле го?
– Мен кичинекей кезимден бери эле акчага сарамжалдуумун. Атам акча бергенде кичинекей балдардай таттуу алып жеп койбой, топтой берчүмүн да, анан бир күнү көп болгондо алып чыгып, “мобул акчага бир нерсе алып бергилечи?!” десем, “бул акчаны кайдан алдың?” деп таңкалып калышчу. Кийин атам каза болгон соң акчаны кантип чогултуу жөнүндө дагы көбүрөөк ойлоно баштадым. Ырчы болуп атым чыга электе кафеде ырдаганымда күнүнө болбоду дегенде 2 миң сомдон тапчумун. Аны дароо барып долларга айлантып, топтой берчүмүн. Азыр эми гонорарым деле Кудайга шүгүр, бирок, ал дайыма эле боло бербейт. Болгондо эле “бул бензинге, бул косметикага, бул күндөлүк керектөөмө...” деп бө­лөм да, калганын дароо топтогон акчама кошом. Жогоруда айткан үйдү аз-аздан ушинтип чогулган акчага салдырдым.
– Жакында расмий түрдө атыңды өзгөрткөндүгүң тууралуу айттың эле. Буга азан чакырып атыңды койгон адам таарынбайбы?
– Ооба, Нуркул кызы Элмира деген атымды Нуркулова Неля Нуркуловна кылып өзгөрттүм. Жаңы паспортум даяр, барып алып келгенге чыгынбай жүрөм. А Элмира деген атымды таятам койгон экен. “Элге эмгек кылсын деп, Элмира деп атадым...” деген маанидеги уйкашкан саптары менен айтып калчу эле. Азыр ал кишинин көзү жок. Эгер көзү тирүү болгондо андан уруксат алып, анан өзгөртмөкмүн. Азыр болсо арбагынан кечирим сурап, тим болдум.
– Тааныш-туугандарың сени кайсы атыңдан чакырышат?
– Мени тааныгандын баары Эля деп чакырышат. А чыгармачылыкка аралашкандан берки тааныштарым албетте, Неля дешет.
– Атыңды эле эмес, жыл жаңыраарда имиджиңди да өзгөрткөнүңө күбө болдук. Буга эмне түрткү болду?
– Мен мурун “кара чач картаң көр­сөтүп коёт” деп ойлочумун. Ал эми кызыл чачтуудан кара чачтууга өтүп, имиджимди өзгөрткөнгө стилист Замира эже түрткү болду. Салонуна кирип барсам эле, “кызыл чач сага жарашпайт, отур” деп эле кара түскө боёп салды. Алгач бир аз көнбөй жүрдүм. Бирок, Замира эжеге рахмат, азыр көргөндөрдүн баары эле: “Сага ушул өң жакшы жарашат экен”,- деп жатышат.
– Неля, биздин билишибизче, сен уйкучусуң. Ушул сапатыңдын зыяны тийген учурлар болду беле?
– Уйкучулугумду моюнума алам. Мунумдун зыяны тийген учурлар албетте, болот. Мисалы, кечээ жакында эле бир радиого барып Аяз Кыз болушум керек эле, унутуп, уктап калыптырмын. Шашпай түш оогондо турсам, телефонума алты жолу чалышыптыр жана “он беш мүнөттөн кийин келип кал, эфир башталат” деген билдирүү жиберишиптир. Эфир 10до башталмак, а мен 2де турсам кайдан? Анан телефон чалып, уктап калганымды айтып, кечирим сурадым. Көбүнчө концертке шишип чыгам, бараар жеримден кечигем, кыскасы, көп эле терс таасирин тийгизет. Кээде саат 3-4төрдө турсам, жуунуп-таранганча кайра караңгы кирип калат да, күндү көрбөй калам. Бирок, мен эле эмес, ырчылардын көпчүлүгү уйкучу болсо керек. Эми ушул уйкучулугумду таштоо үчүн бир жумушка кирсемби деп ойлонуп жатам.
– Өз адистигиң боюнча жумушка киресиңби?
– Өз адистигим боюнча иштесем эколог болушум керек. Мен башка эле өзүмө ылайыктуу жумуш караштырам. Бирок, муну дагы чече элекмин. Ырчылар үчүн “мёртвый сезон” болгон январь-февраль айларында жаңы ырларды жаздырып, формаларды тиктирип, дапдаяр болуп, март айынан баштап жеке концертиме даярдансамбы деп да ойлонуп жатам. Кайсынысы жүзөгө ашат, аны убакыт көрсөтөт.
– Белгилүү адамдарды ар дайым ушак коштоп жүрөөрү жаңылык эмес. Сенин өзүң жөнүндө уккан эң таңкалыштуу ушагың кандай болду эле?
– Жакында эле радиодо түз эфирде отурсам, бир кыз “сиз Султан Садыралиевдин концертинде Султан менен урушуп кетип, ал сизди уруп салган турбайбы?..” дейт. Менин оозум ачылып калды. Мындай ушактарды кайдан чыгарышат, түшүнбөйм. Андан башка ырчыларды бири-бирине жармаштырмай дегендер бизге көнүмүш нерсе катары сезилип калды. “Кайып булак” фильминен кийин бизди Замир экөөбүздү кыз-жигит кылып коюшту, Съездбек экөөбүз чогуу иштешкенибиз үчүн эле экөөбүздү канча жармаштырып жүрүштү. Съезд үйлөнүп, анан тынчыдык. Негизи, ушактарга мен анча деле терикпейм.
– Эми жаңы Чычкан жылына алдыңа кандай пландарды коюп жатасың?
– Алдыда көп пландар бар. Алардын бири – Кытайга барып, кытайлык кыргыздарга концерт берип келүү. Негизи, чыгармачылык эргүү маал-маалы менен келчү нерсе экен. Менде азыр ошол эргүү келген маал. Мүмкүнчүлүгүм барында тынбай эле иштей берем. Хит ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттыруу – жакынкы аралыктагы негизги пландардан.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан