2008-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

ДҮЙНӨДӨ
Россиялык төлгөчүлөр Павел Глоба, Лидия Неведомская жана башкалардын 2008-жылга жоромолдоруна көз жүгүртсөк, төмөндөгүдөй окуялардын болуп өтүшү мүмкүн экен...

Экономикада
Чычкан жанда жок иштерман, сарамжал, сараң, анан да азыкты айлап-жылдап чогултуудан тажабаган жаныбар. Андыктан, астрологдордун жана көзү ачыктардын божомолунда, 2008-жыл баалуу инвестициялык салымдардын жылы болот. Акциялар, түрдүү инвестициялык салымдар чоң кирешелерди алып келет.
Бул жылы башталган иштер көп убакытка созулуп, өзүнүн жемишин бербей койбойт. Андыктан, бул жылы көп жылга созулуучу долбоорлорду баштаган оң.

Социалдык жаатта
Уран менен Сатурн планеталарынын магниттик тирешүүсү күтүлөт. Тирешүүнүн чыңалып чыккан маалы 2008-жылдын орто ченине туура келип, бир топ өнүккөн өлкөлөргө терс таасирин тийгизет. Алсак, АКШ, Европанын борбордук бөлүгүндөгү өнүккөн өлкөлөр, ошондой эле Орусия да космостук бул тирешүүнүн таасиринде калып, коомчулукта түрдүү нааразычылыктар, массалык иш-аракеттер байма-бай катталат.

Саясатта
Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Тайвань, Өзбекстан, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө президенттер жана өкмөт башчылары алмашат. Эл аралык мамилелер жаңырат.

Кырсыктар
Аба менен сууга байланышкан оор кырсыктардын болушу күтүлөт. Алсак, суу ташкындары, цунами, учактардын абада кырсыктарга учурашы, нөшөрлөгөн жаан өңдүү кесепеттер болушу мүмкүн.
Чычкан жылында сууга байланыштуу кырсыктардын көп болгону далил. Мисалы, 1228-жылы Голландияда суу ташкындап, 100 миңден ашуун адам өмүрүн алып кеткен. 1588-жылы Испандардын “Армада” кемеси деңиздеги катуу шамалга кабылып талкаланып, 5 миң адам каза тапкан. 1888-жылы АКШнын чыгыш жээгиндеги катуу шамалдан бир күндө 400 адам каза тапкан.
Аба мейкиндигинде кырсыктардын болушу күтүлөт. Чычкан жылдарында аба мейкиндигинде оор кырсыктар көп болгондугу тарыхта маалым. Мисалы, бир эле 1996-жылы жер шарында жыйырмадан ашуун авиакырсыгы катталып, анын эң оору 230 адамдын өмүрүн алып кеткен “Боинг-747” учагынын жарылып кетиши болгон. Андыктан, алдын-ала көрөгөчтөр келерки 2008-жыл авиакырсыктарсыз өтпөй тургандыгын белгилешүүдө.

Климатта...
Глобалдык өзгөрүүлөр күчөйт. Акыркы жылдары дүйнө жүзү аба-ырайынын кескин түрдө ысый баштаганынан кабатыр. Глобалдык масштабдагы бул маселе 2008-жылы кескин күчөйт. Түндүк жана Түштүк уюлдагы муздардын калың кыртышы эрип, жукара баштайт. Бул маселе – жер шарында жашап жаткан ар бир адамга түздөн-түз тиешелүү болгон маселе.

ВАНГАНЫН АЙТКАНДАРЫНАН
2008-жылы 4 өлкөнүн өлкө башчысынын өмүрүнө кол салуулар күтүлөт.
Индостанда чоң чыр-чатактар болуп өтөт.

КЫРГЫЗСТАНДА КӨЗҮ АЧЫКТЫН БОЖОМОЛУ
Урматтуу окурман, ушул жерден артка чегинип, гезитибиздин 2007-жылдын ноябрь айындагы №261-санында жарыяланган “Көзү ачыктын божомолу: Бакиевдин багы дагы ачылабы?” деген темага көңүлүңүздү бургубуз келет. Анткени, анда көзү ачыктын айткандары минтип туура келип отурат. Мисалы, парламенттик шайлоо тууралуу: “Шайлоо негизинен тынч өтөт, анча-мынча нааразычылыктар болушу мүмкүн. Бирок, ал жалпы элдин маанайына таасир эте албайт. Бул сапарда карапайым калк президент Курманбек Бакиевге чоң ишеним көрсөтөт. Ал назар салган партия (кайсы партия экенин ачык айтпаса да, биз «Ак жол» партиясы го деп түшүндүк. авт.) көп добуш алат. Бул шайлоодо андан сырткары дагы 2-3 партиянын жолу ачык болот. Булардын катарында азыркы бийликти сындаган партиялар да бар”,- деп айтканы чын келип отурат.
Ал эми 2007-жылдын январында “Көзү ачыктын ыймандай сыры же Бакиев кыргыздын куткаруучусубу?” деген темада ушул эле көзү ачыктын коом, саясат, өлкө башчысы тууралуу божомолу жарыяланган болчу. Анда: “Адам тагдыры сандар менен да бекем байланышкан. Бакиевди колдоочу сандар эсеби: 2, 5, 7, 9. Бакиевдин бийликке келген жылы – 2005-жыл. Бул сандардын биринчисин жана акыркысын кошсок 7 чыгат. 7 саны – Бакиев үчүн төлгө сан. Демек, 2007-жыл – өлкө башчысы үчүн ооматтуу жыл. Элдин Бакиевге болгон ишеними калыптанат.
2009-жылы (9 саны – төлгө сан) жалпы эл Бакиевди 2010-жылы өтүүчү президенттик шайлоого көтөрүп чыгат. Бакиев 2010-жылы президенттикке шайланат. Эл 2015-жылы да Бакиевди президенттикке көтөрүп чыгат, бирок, ал жигиттик сөзүн берип, ал президенттикти эл ишенимине арзыган мыктыга өткөрүп берет”,- деген эле. Ошондой эле азыркы президентибизден бийлик талашып, «кетсин» деп көчөгө чыккан саясатчылардын жолу болбостугу, алардын көпчүлүгү “бийлик менен таламдаш жээкке” өтүшөөрү, анткени, К.Бакиев баарына тең карап, өзүнүн саясатына каршы сүйлөгөндөргө айкөлдүк, түшүнүү менен мамиле кылаарын айткан болчу.
Байкаган чыгаарсыз, чындап эле өткөн жылы ноябрь, декабрь айларында президентти «кетсин» деп Алатоо аянтына элди алып чыккан А.Атамбаев, Ө.Субаналиев, М.Эшимканов өңдүү оппозициялык маанайдагы эң таасирлүү саясатчылар мамлекет жетекчибиз менен чогуу бир максатта аракеттеништи жана азыр да Ө.Субаналиев, М.Эшимканов бирге аракеттенишүүдө.
Атын атагысы келбеген ушул эле көзү ачыкка: “Келерки 2008-жыл кандай жыл болот?”- деп кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү кабарлады...

КЕЛЕРКИ 2008-ЖЫЛ КАНДАЙ ЖЫЛ БОЛОТ?
Өлкө башчысы тууралуу. Азыркы бийликтин арасында ар түркүн адамдар жүрөт. Президенттин ишмердүү­лү­гү­нө терс таасирин тийгизип, элге жек көрүн­дү көрсөткүсү келгендер бар. Бирок, көп эмес. Президент мындай кадрлардан арылуунун күнүн, саатын күтүп жатат. Бул ажо (К.Бакиев) шашылбаган, ойлонуп иш кылган адам. Артык кылам деп тыртык кылбай, ар бир маселени убакыт-саатында чечет.
Өлкө башчысы 2008-жылы албан иштерге киришет. Мурунку жылдардагыдай катуу сын-пикирлерге, каршылыктарга туш болбойт.
Коомдо. “Сандардын эгизи (8 саны эки нөлдөн куралган) – сегиз (8), телегейи тегиз” деп айтылат. 0 саны сыяктуу эле 8 санынын да кыры, илинчеги жок. Бул “коом тынч болот” дегенди билдирет.
Антсе да жазында кымбатчылык күчөп, оппозициячылдар элди көтөрүүгө аракет кылып, митингдерге чакыруусу мүмкүн.
Августта криминалдык чөйрөнүн мүчөлөрү активдеше баштоолору ыктымал.
Саясатта
Чоң окуянын күтүлүшү болжолдонууда. Башкача айтканда, же парламентти кайра шайлоо, же Башмыйзамга өзгөрүүлөрдүн кириши, же президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого чакырыктардын болушу мүмкүн.
Саясатта жаңы фигуралар пайда болот. Ал эми саясаттагы кээ бир эски адамдарга карата кылмыш иши козголушу ыктымал.
Өздөрүнө жасалма түрдө чынчыл, так сүйлөгөн саясатчынын имиджин түзүп алган адамдар беткабын алууга аргасыз болушат. Андыктан, алардын чыныгы жүзү ачылып чыга келет.
Экономика. 2008­жыл Кыргызстандын экономикалык өнүгү­шүндөгү бурулуш жыл болот. Беш жылдын аралыгында Бишкек шаары таанылгыс болуп өзгөрөт. Бийик, кооз үйлөр өтө көп курулат, элдин турмуш­тиричилиги бир топ оңолуп, карапайым калк саясаттан оолактайт.
Кырсыктар. Жаз айларында жер силкинүүлөр болушу мүмкүн. Жазында кар көчкүлөрдүн болушу күтүлүүдө.
Аба-ырайы жана түшүм. Кыш анча ызгаардуу болбосо да, узак болот. Жаз кеч келиши мүмкүн. Жазында жаан-чачын көп болуп, жаздык айдоону кечеңдетет. Жай абдан ысык болот. Түшүм мол болбошу мүмкүн. Өткөн жылдагыдай дандын, ундун тартыштыгы дароо билинбесе да, кышка таяп барып байкалат.
Денсоолук. Малдын жугуштуу илдеттери көп болуп, алар калкка таасирин тийгизбей койбойт. Күйдүргүнүн дагы бир топ очоктору чыгышы мүмкүн. Апрелде адамдардын арасында жугуштуу илдеттер жайылышы мүмкүн. Балдардын төрөлүүсү кыйла аз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан