– Кичинекей Роза Аманованы кандай элестетсек болот?
– Кичинекей кезимде бир үйдүн түйшүгүн моюнуна көтөргөн, жаны тынбаган, уй кайтарган, отун чогулткан кадимки кыргыздын айылдык кызы болчумун. Атадан эрте ажырап, энелүү эрке жетим болуп чоңоюп, апам түзгөн күн тартибине баш ийип, бардык ишти так жана тез аткарууга абдан далалат кылчумун. Анткени, апамдын “балакетиңди алайын”, “алдыңа кетейин”, “сен адам болосуң” деген алкоо сөздөрүн укканга аракет кылаар элем. Апам комуз чертип, дастан айтса, балалыкка салып көп көңүл бурчу эмесмин. Мешке салган чамындыны кыргыздар ичеги деп коюшат, ошонун ичкелерин апам сол колума карматып, комузду туура кармаганга үйрөтчү. Бир күнү кошуналардын сыналгы көрүп жаткандарын байкап, апама: “Биз деле сыналгы көрөлүчү”,- дедим. Үйдө сыналгы болгону менен апам кээде гана көрсөтүп, калган убакта чоң жоолугуна түйүп коюп, “Манас” эпосун, таятам Чоңмурун, таенем Уулбала туурасында өзүнчө керемет жомокторду айтып бергени азыр да эсимде. – Кичинекей кезиңизден эле ырчы болом дечү белеңиз?
– Аппак халат кийген дарыгер болсом деп тилек кылчумун. 8-классты аяктагандан кийин музыкалык жана медициналык эки окуу жайга документ даярдап, борборго келдим. Биринчи эле Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аткаруучулук боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшыруум келечекте искусство жаатындагы адис болуп калуума түрткү берди.
– Сиздин жүзүңүздү элге тааныткан “Өрүк комуз” дастанын кандайча аткарып калдыңыз эле?
– Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайында студенттерди чыгармачыл кечелерге көбүрөөк жиберишчү. Экинчи курста окуп жүргөн кезимде “Китеп сүйүүчүлөр коому” уюштурган Акбар Рыскулов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу акындар менен жолугушууга Таласка барып калдым. Эл менен жолугушуу өзгөчө мендей болгон жаш аткаруучуга таасири күч болду. Талас жергесинде обон-кайрыктары жазбай ырдалып, сый-урматта жүргөн Кожакмат Абдыралиев ага менен дал ошол чыгармачыл сапар тааныштырды. Ал кишинин обондорунун мукамдуулугу мени өзгөчө кызыктырды. Кожакмат ага менен баарлашып отуруп мага таасир берген “Өрүк комуздун” обонун уктум. Бул обонду ал Жолон Мамытовдун:
“Жашым жаш, чачым кара болгон менен,
Эң алыс өмүр деген жолдон келем.
Ушул жол такыр бүтүп калмайынча,
Мен сени миң жаңыртып ойлой берем”,- деген сөздөрү менен ырдачу экен. Чыгарма мага лирикалык маанай тартуулап, эң жакын адамың жөнүндөгү ойго жетелеп, бир терең сыр бардай туюлган эле. Көрсө, аганын ушул ырда айтылып бүтпөс арманы, эч ким менен бөлүшө алгыс кайгысы бар экен. Бул кабарды билгенден кийин мүмкүн окуянын тегерегинде жаңы чыгарма жаралаар деген ой менен Акбар Рыскуловго кайрылдым эле, ал “Өрүк комуздун” сөзүн жазып берди. Ушул чыгармачыл сапардан келгенден кийин өзүңөр билгендей, Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган “Өрүк комуз ” дастаны менен 1990-жылы өткөн “Биз элдик таланттарды издейбиз ”аттуу конкурста Гран-приге ээ болдум. “Өрүк комуз” дастаны менин чыгармачылык жолума чыйыр салуу менен катар бул жарыкчылыкта өнөргө кызмат кылуума жол көрсөттү десем туура болоор.
– Ырчыларга карата айтылган сын-пикирлер көп болот эмеспи...
– Эгер сын туура багытта айтылса, чыгармачылыгыңдын калыптанышына өбөлгө түзөт. Ал эми сын деп эле ар кандай маанидеги сөздөрдү чыгармачыл инсандарга айта бериш, өзгөчө жаш өнөр ээлерине тескери жагын тийгизиши мүмкүн. Себеби, жайнаган жылдыздар жөнүндөгү апыртма кабарлар ушул жолду басып өткөн өнөр ээлеринин алдында жаштардын кадыр-баркын төмөндөтүп жатат деп ойлойм. Мени улуу инсандарыбыздын сыны туура жолго багыттады деп ойлойм. 20 жылды камтыган өнөр жолум артта калды, алигиче канаттануу эмне экенин сезе элекмин, билгенден биле элегим көп экенин сезип, тартынып турам. Азыркы айрым жаштар чыгармачыл сын эмне экенин сезбегендей байкалат. Ошол жаштарды элге алып чыгып жаткан продюсерлер алардын келечеги жөнүндө да ойлошу керек го дейм.
– Орто жерден сахнадан оолактай түштүңүз окшойт?
– Бул жарыкчылыкта аялзатынын вазийпасына эне болууну, жар болууну, очок ээси болууну буюрган болсо, ошонун баары жоопкерчиликти талап кылат экен. Менин тагдырымда бул жоопкерчиликтер чыгармачылыгым менен катар жүрдү. Кубанычбек Жумалиевдин татыктуу жары болуу, эл керегине жараар уул-кыздардын энеси болсом деген чоң тилегим менен жашап келем. Чыгармачылыктын адистик сырларын аспирантурада окуп жүргөн кезимде (1999-2004, Алматы, Казак Улуттук Курмангазы атындагы консерваториясынын казак музыкасы жана дүйнөлүк музыка кафедрасында) теориялык жактан изилдөө менен уланттым. Консерваторияда сабак беришим ошол салттык музыканын бирден-бир багыты болгон “Элдик профессионал ырчылык өнөр” тууралуу диссертациямды изилдөөдө Кубанычбектин академик, илимпоз, ишмер катары көрсөткөн багыты өзгөчө жардам берди. 2006-жылы “Элдик профессионалдык ырчылык өнөр” деген темада Казакстандан диссертациямды жактап, практикалык ишти теория менен айкалыштыруу мен үчүн чоң табылга болду. Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясы (НАК) дипломумду тааныды (2007), учурда колума алып, жакын туугандар, достор менен жакшылыгымды бөлүшсөм, чакырып чай берсем деп турган кезим.
– Кийинчерээк көп жерде иштеп, үйдө азыраак болуп жатпайсызбы, буга жолдошуңуз нааразы эмеспи?
– Ал каршы болгон жок. Тескерисинче, кеңешин берип, колдоп турат.
– Балдарыңыз тууралуу айтып кетсеңиз...
– Балдарымдын төртөө тең азыр мектеп жашында. Байкасам баарынын тең музыкага жөндөмү бар. Бирок, алар ырчы болууну көздөшпөсө да, ар кимиси өздөрү үчүн гана музыка менен алектенишет.
– Акыркы мезгилдерде чет өлкөгө тез-тез барчу болдуңуз...
– Ооба, чет өлкөлөргө көп барам. Салттык музыканы сактоо, өнүктүрүү жана калыптандыруу маселелери боюнча уюштурулган дүйнөлүк денгээлдеги ар кыл, симпозиум, илимий-практикалык конференциялар, семинарларга чакырык алам. Ырчылык өнөрдү алып жүрүүчү катары да комузумду колго алып, дастан, ыр-күүлөрдү тартуулоону да унутпайм.
– “Казактын артисттери менен тууган болуп кетти” деп угуп калабыз...
– Бул улуттан эмес, адамдын өзүнөн болсо керек. Мамилени да кастарлаш керек. “Казак-кыргыз бир тууган” деген кеп бар эмеспи. Бекеринен, Жамбыл менен Токтогулдун, Осмонкул менен Кенендин достугу чыгармаларда сакталып калбагандыр. Биз андай улуу талант болбосок да, өнөр багып жүргөндөн кийин көңүлдү кошо аздектегенге аракет кылабыз.
– Комуз чертүү каныңызда болсо керек?
– Таятам Чоңмурун кадимки Токтогул Сатылгановдун шакирти, таенем Уулбала айыл боюнча атактуу кошокчу болгон экен. Таланттуу үйбүлөнүн кызы болгон апам Маржангүл да дастан айтып, эл алдында ырдаган. Бирок, турмушка чыккандан кийин шартка байланыштуу ырдабай калган. Таятамдын жолун Жусуп деген баласы улаган. Ал киши да таланттуу чыгып, бир топ жаштардын устаты болууга жетишип, кийинчерээк айылдын маданият үйүн жетектеген. Жусуп таякем тууралуу Тууганбай Абдиевдин жакшы эскерүүлөрү бар. Бирок, тилекке каршы, ал таякем эрте каза болуп калган. Апам “атамдын өнөрү уланбай калат турбайбы” деп катуу кайгырчу. Таятамдын өнөрүн уланткан небереси мен болдум го деп ойлоп калам.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Жакшы эле, “4”, “5” деген бааларга окугам. Ал учурда окууга көбүрөөк көңүл бурулуп, мугалимдер экинчи ата-эне катары өзгөчө милдет өтөшкөн. Уруксат болсо, сиздердин гезит аркылуу Токтогул районундагы Ю.А.Гагарин атындагы (бул мектептин аты жоюлуп кеткен) мектепте 1979-1987-жылдары кыргыз уул-кыздарынын катарында билим алган окуучу катары мугалимдериме терең ыраазычылыгымды, урмат-сыйымды билдирем. “Чыккан кыз чийден тышкары” болуп төркүнүмө көп каттабасам да, балалыктын издери ошол мектепке барчу жолдо, мектептин айланасында жана коридорунда калды....
– Устат катары кандай мугалим болуп жатасыз?
– Биринчиден, мен өзүмдүн улуу устаттарым, бул дүйнөдө өчпөс из калтырган залкар инсандардын Болуш Мадазимовдун, Эстебес Турсуналиевдин, Асек Жумабаевдин атын атап, салттык музыкабыздын бүгүнкү денгээлде сакталышына зор эмгек өтөгөн өнөрпоздордун арбагына баш ийип, анан сөз уласам.
Устат катары шакирттериңдин ийгиликтерине кубанасың. Мээрим Карыпова эл аралык фестиваль, конкурстардын лауреаты, бүгүнкү күндө менин кесиптешим болуп Бейшеналиева атындагы искусство институтунда эмгектенип жатат. Андан башка деле окуучуларым жакшы аракет кылып жатышат. “Саргара бөртсөң, кызара жортосуң” дегендей, алар дагы салттык музыканы алып жүрүүчү катары жакында эл алдына чыгып калышат.
Маектешкен Сүйүн Кулматова