Абдумалик Шерматов: «МЕН ДАГЫ ЖҮЗ АЯЛ АЛЫП, ЖҮЗ БАЛАЛУУ БОЛОМ»

Бир кездердеги кош жылдыздын бир жылдызы Абдумалик Шерматовдун өткөн турмушу, учурдагы жашоосу эч бир адамды кайдыгер калтырбаса керек. Бул адамдын кыргыз шоу-бизнесинде “жарк” этип бир көрүнүп, кайра жоголуп кетмейи бар. Анын сыңарындай, эки жыл мурун 12 күндүк концерт коём деп чамынган Аб­думалик Шерматов бүгүн кайра пайда болду.

«ТАМЕКИ ЧЕККЕНДИ ҮЧ ЖАШЫМДА ҮЙРӨНГӨМ»
– Мен 1965-жылы 30-январда Өзгөн районунун Кароол айылында төрөлгөм. Апам ыраматылык өтө көп төрөгөн экен, алардан тогузубуз азыр тирүүбүз. Мен ортончусумун. Апам 40 жыл мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп акыркы кызын төрөгөндө, 38 жашында гана диплом алган. Атам ыраматылык болсо жоош киши болчу, колхоз-совхоздордо жооптуу кызматтарда иштеп жүрдү. Мен кичинекей кезимде өтө шок болгом. Тамеки тартканды үч жашымда эле үйрө­нүп алыптырмын. Бир музыкант агай бар эле, ошол тамеки тартканда тамекиси жок болгонго чейин көзүмдү албай карап тура берчү элем да, бүчөгүн ыргытаары менен чуркап жетип барып, жерде жаткан бүчөктү алып тартып калчумун. Мына ушундай жол менен үйрөнгөн жоругум мектепти бүткөнгө чейин калган жок. Бирок, аябай акжолтой, сабакты тийип-качып окуганым менен кароо-сынактардан калбаган бала элем. Акжолтой дегенимдин себеби, базарга алма сатканы барабызбы, күрүч сатканы барабызбы, апам ар дайым менин ээрчитип алчу. Кичинекей болуп алып: “Подходи, народ, свой огород. Половина сахар, половина мёд!”- деп кыйкыра берсем, элдин баары бизден келип алып, алып барган нерселерибизди тез эле сатып жиберчүбүз.

«ГУЛЯГА ҮЙЛӨНГӨНҮМДӨ, УШУЛ УБАККА ЧЕЙИН АНЫ МЕНЕН ЖАШАСАМ КЕРЕК ЭЛЕ»
– Биздин маалда “аскерге барбаган эркек – эркек эмес” деген түшүнүк бар эле. Мектепте окуп жүргөндө аскерге барып келген чоң балдардын “аскерге барганда айдоочу болсоң жакшы, чоң солдаттардан таяк жебейсиң...” деген сөздөрүн кулагыма түйүп алып, 8-класста мектептен кошумча сабак алып, машина айдаганды үйрөндүм. Анда да ачкычы жок машиналарды зым менен жүргүзүп айдап кетип калып мугалимдердин жинине тийчүмүн.
Ошентип, мектепти бүтөөрүм менен аскерге алынып, Россиянын Ульяновск областында кызмат өтөдүм. Шоопурлукту үйрөнгөнүм ырас болгон экен, айткандай эле биздин командир өзүнө шоопур кылып алды. Курсагым ток, кыйынчылык жок, командир кайда болбосун, мен ошол жактамын. Бир күнү өзү бир кыз менен тааныштырып калды. Ошол жерде дүкөндө иштеген мени менен тең Гуля аттуу казак кызы экен. Экөөбүздүн бат эле мамилебиз жакын болуп кетти. Дүкөнүнө барсам мени солдат деп аяп колбаса бере коёт, нан бере коёт. Арадан көп убакыт өтпөй эле Гуля экөөбүз­дүн мамилебиз сүйүүгө айланып кетсе болобу. Аябай жакшы кыз болчу. Ошондо эле Гуляга үйлөнгөнүмдө, ушул убакка чейин ошол менен жашасам керек эле.
– Анда эмнеге ага үйлөнгөн жок элеңиз?
– Үйлөнөлү деп айткам. Бирок, ал макул болгон эмес. Менин кызмат өтөө мөөнөтүм бүткөндө «алып кетейин» десем, “сен али жашсың, келечегиң алдыда. Сен дагы көп жакшы кыздарга жолугасың” десе, мен дагы “аа, мейли анда” деп келе бериптирмин.
– Кийин кабарлашып турдуңуздарбы?
– Кабарлашып турчубуз. Кийин Гуля башка жакка кетип калыптыр. Ошол боюнча аны жоготуп койдум.

«ШАЙЫРДЫ КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ АЛАМ ДЕДИМ»
– Аскерден келген соң апам “юрист болосуң” деп Фрунзеге ээрчитип келди. Документтерди тапшыралы деп барсак, ал күнкү кабыл алуу бүтүп калыптыр. “Эртең келебиз” деп кетип баратсак, жолубуздан апамдын бир таанышы чыгып калды. Экөө ал-жайды сурашкан соң баягы аял: “Москвадан комиссия келип, Щепкин атындагы театралдык окуу жайга бул жактан таланттуу балдарды кабыл алып жатат. Баса, бул балаңды ошол жакка алып барбайсыңбы, актёр болот”,- деди эле, апам чочуп: “Ок! Менин балам артист болбойт. Аныңды угузба”,- деди. Мен актёр деген сөздү толук түшүн­бө­сөм да ээлигип: “Ошол жакка тапшырып, актёр болом”,- деп жер тепкилеп туруп алдым. Апам “юрист болосуң” дейт, мен “актер болом” дейм, акыры апам көндү окшойт. Эртеси кабыл алууга келсем, ырдатып- бийлетип көрүштү да, дароо эле “алабыз” дешти. Биринчи жубайым болгон Шайыр Касымалиеваны алгачкы жолу ошол жерден көргөм. Көрдүм да, дароо эле “ушул кыз окууга өтсө, сөзсүз ушуну алам” деп ойлодум. Эркекмин да, анын жигити барбы, күйөөсү барбы, мени кызыктырбайт. Айткандай эле мен, Шайыр болуп он үч адам окууга өтүп, Москвага жөнөп кеттик. Барган күндөн тартып эле Шайырдын сумкасын көтөрүп, ары басса да, бери басса да жанынан чыкпай калдым. Ырас, Шайырга ашык болгон башка жигиттер да бар эле. Бирок, мен баарынан өзгөчө мамиле жасап, кыскасы, Шайырдын жүрөгүн багындырып алганга жетиштим. Ошентип, барганыбызга төрт ай боло электе, башкача айтканда, декабрь айында экөөбүз баш кошуп алдык. Анда мен 20 жашта, Шайыр болгону 18 жаш­та эле. Үй­лөн­гөн соң э­көө­бүз көрбөгөн күн калган жок. Күндүзү окуп, сабактан кийин көрүнгөн жерде кароолчу да болуп иштедик, ашканаларда иштедик... Элестеткен коркунучтуу, бир чети бактылуу көз ирмемдер.
Ошентип, бир жылдан соң кызыбыз Мээрим төрөлдү. Аны каникулга келгенде Шайырдын апасына таштап коюп, өзүбүз Москвага барып окуубузду улант­тык. Ал убакыт аралыгында мен «Мосфильмде» алгачкы ролумду жаратканга жетиштим. Ал эми окуубузду бүткөндө биздин сүйүү­бүз да кошо бүттү. Башкача айтканда, төрт жыл жашап Шайыр экөө­бүз ажырашып кеттик. Мен ал кезде “адамдын сырткы сулуулугунун ичине баары камтылган” деп ойлочумун. Көрсө, жаңылган экенмин.
– Ошондогу наристе кызыңыз Мээрим азыр бой жетип, «жакында турмушка чыкты» деп уктук. Тоюна бардыңызбы?
– Мээрим экөөбүз ошондон бери эле ата-бала катары кадимкидей катташып жүрчүбүз. Турмушка чыгып жатканын угуп, тоюна бардым. “Атасы келди” деп баары жакшы кабыл алышты. Кызым да сүйүнүп калды. Атүгүл тойдун камылгасы боюнча Шайыр экөө­бүз кеңешип, колумдан келишинче жардам берип аталык милдетимди аткардым. Куда-кудагыйлар менен да тааныштым.

«ДИНАРАГА ЖОЛУГУП КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
– Москвадан келип «Жаштар» театрында иштеп калдым. Жаңыдан чыгып келатышкан ырчылар Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Динара Акуловалар да ошол жакта иштешчү. Динарага ошол жактан жолуктум. Менин уюштуруучулук жөндөмүм ошондо эле башталып, чыгармачылыктын ой-кырларын жакшы түшүнө элек ошол ырчыларды гастролго алып чыгып келген да жайым бар. Көп өтпөй Динараны ал жактан сууруп чыгып, “Динара” тобун ачып бердим. “Өз атымдан койбойм, уят го...” деп топтун атынан бир топко чейин уялып жүрдү. Анан “Динара” эстрада тобу аз-аздан популярдуулукка көтөрүлө берди.
Ошентип, ортодо бир жарым жыл бойдок жүргөнүмдөн соң Динара Акуловага баш коштум. Бирок, Динарага жолугуп калганыма мен өкүнөм. Ошентсе да экөөбүз тогуз жыл жашап коюптурбуз. Кудайга шүгүр, Малика аттуу кыздуу болдук.
– Малика менен кабарлашып турасызбы?
– Динара ушул жерден чоң катачылык кетирди. Кызымдын фамилиясын Акулова деп өзүнүн фамилиясына өткөрүп алыптыр. Менин кызым экени жалган эмес да. Дагы бир катасы – кызым экөөбүздү такыр сүйлөштүрбөй жатат. Ошондуктан, Малика менен бир жылдан бери сүйлөшө элекмин.

«ЗАРЕМА МЕНИ КУЛАГЫ МЕНЕН СҮЙГӨН ЭКЕН»
– Динара менен ажырашкан соң Россияга кетип калган элем. Үчүнчү жубайым Зарема менен ошол жактан таанышкам. Ал менден 18 жашка кичүү. Чүйдүн кызы. Экөө­бүз­дүн эки эркек, бир кызыбыз бар. Улуу уулубуз Аль-Малик-Аль-Адиль биринчи класска барып калды. Ортончубуз Аль-Малик-Аль-Султан 5 жашта, кызыбыз Аль-Малик-Аль-Шэмаля үч жашта. Үйбүлөнү кармап калуу аялдан көз каранды экен. Бул балдарымдын апасы Зарема мени жүрөгү менен эмес, кулагы менен сүйгөн экен. Башкача айтканда, ар кандай ушактар биздин турмушубузду башка нукка буруп салды.

«ҮЙБҮЛӨМӨ КӨЗ ТИЙЕТ, АНДЫКТАН, АЛ ТУУРАЛУУ ЭЧ НЕРСЕ АЙТПООНУ ЧЕЧТИМ»
– Сизди дайыма ушак ээрчип жүрөт эмеспи. “Кош жылдыз – Беш жылдыз” тобундагы бир кызды алыптыр” деген сөз сиз жөнүндөгү айтылган кезектеги ушакпы же чындыгы барбы?
– Менин досторум, туугандарым деле тамашалап: “Абдумалик, азыр канчанчы аялың менен жашап жатасың? Деги сенин канча балаң бар?”- деп калышат. Мен Кудай буюрса, дагы жүз аял алып, жүз бала жаратам. Кудай буюрбаса, бир да бала жарата албайм. Үйбүлөңдү баарына жарыя кыла берсең, көз тийет экен. Ошондуктан, мен эми үйбү­лөм тууралуу эч нерсе айтпоону чечтим.
– Сизди “беш маал намазга жы­гылып жатытыр” да деп жатышат.
– Жакында эле Россияда жүргөн күндөрүмдүн биринде мага Кыргызстан тараптан суук шамал ургандай болду да, өзүмдөн-өзүм эле намаз окуй баштадым. Көрсө, ал суук шамалдын келгени – бул жакта мен жөнүндө “өлүп калды” деп ушак чыгарып жиберишкен экен. Өмүрүм узун болот экен. Ошондон бери намазды калтырбай окуп жатам. Жаман эмес, Кудайым мени колдоп жатат.
– Концертке даярданып жаткан турбайсызбы...
– Азыр жер-жерлерде окуучулар арасында жүрүп жаткан конкурстар менен чуркап жүрөм. Кудай буюрса, ушул конкурстун финалы март айында Спорт Ордосунда өтөт.
– Мындан эки жыл мурунку концертиңиздин аягына чыкпай калганынын себебин ошондо өзүңүз сизди милиция кызматкерлери кармап кеткени менен түшүн­дүргөн элеңиз. Бул жолку кон­церт­­те андай коркунуч кү­түл­­бөйбү?
– Мен азыр Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Эгер кармап кетсе, мени карматкан адамдын ким экенин мен беш колумдай билем. Мен эми ошол адам менен керек болсо атышканга чейин барам. Андыктан, кооптоно турган эч нерсе жок. Мен азыр концертке катуу даярдык көрүп жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 275, 8-14-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан