Айя Садырова: «АЛГАЧКЫ ЫРЫМ ТУН СҮЙҮҮМӨ АРНАЛГАН»

Жагымдуу чырайы жана өзгөчө таланты менен көп­чүлүктүн кы­зыгуусун арттырган кыргыз шоу-бизнесиндеги абройлуу айымдардын бири Айя Садырова мындан жарым жыл мурун жеке иштерине байланыштуу Казакстанга кеткен эле. Эми Айя кайрадан кыргыз элинин патриот кызы экендигин далилдеп, борборубуз Бишкекке биротоло келгендигин билдирди. Анда эмесе, ырчы кыз Айя менен болгон маек төмөндөгү макалада...

– 14-февраль Сүйүш­көн­дөрдүн майрамы эмеспи. Андыктан, сүйүү темасы кызуу талкууда турганда учурдагы жана алгачкы сүйүүң тууралуу айта кетсең?
– Учурда сүйгөн адамым жок. Мындан үч ай мурун жигитим экөөбүз таарынышып кеткенбиз. Мунун себеби, менин эркиндикти сүйгөндүгүм болду десем да болот. Жигитимдин талаптары боюнча мен ага турмушка чыгып, жок дегенде эки балалуу болгонго чейин чыгармачылыкты ташташым керек эле. Мен буга макул боло алган жокмун. Анан да тынч отура албаган жаным үй кожойкеси болууга али даяр эмесмин. Күчкө толуп турган кезде элиме кызмат кылып, иштешим керек деп ойлойм. Мындай чечим кабыл алганыма өкүн­бөйм дагы. Ал эми алгачкы сүйүүм тууралуу айтсам, мага 6-классымда бир бала жагып калган. Толук 4 жылдай сүйүп жүрдүм, кийин ал Алматыга кетип калып, тун сүйүүмө жетпеген бойдон кала бергем. Ошондон бери ал баланы көрө элекмин. Бирок, бир күнү күтүлбөгөн жерден балалык сүйүүм болгон ал адамга жолугаарыма ишенем, албетте, аны менен бирге болуу үчүн эмес, жөн гана бир ирет көрүп калуу үчүн. Ошондон бери мындай катуу сүйүүгө жолуга элекмин. Баса, менин ырга болгон шыгымды да ошол бала ачкан десем болот. Алгачкы жазган ыр түрүндөгү чыгармам да 6-классымда ага болгон сүйүүмдүн күчүнөн жаралган. Негизи, мен көп сүйөм. Балдардын кичинекей эле кемчилигинен көңүлүм бат калып, кичинекей эле жакшы сапатынан сүйүп калуум толук мүмкүн. Күн өткөн сайын психолог да болуп баратам (күлүп).
– “Кыздын бараар жери күйөө” деп коюшат го, качан турмушка чыгууну пландап жатасың?
– Быйыл эмес. Бул жылда менин алдыга койгон пландарым – бир гана жеке иштериме, чыгармачылыгыма байланыштуу. Сүйгөн адамымды тапкандан кийин өзүм эле үйбүлөлүү болууну каалап, балалуу болгум келип калат болуш керек. Ошондо турмуш жолуна коркпой аттанам деп ойлойм. А буга жок дегенде бир жыл убакыт керек. Айтайын дегеним, бир жылдан кийин жетилип калам го.
– Турмушка чыкканга чейин аткарышым керек деген кандай пландарың бар?
– Мен учурда “Aiya Fashion” деп аталган эксклюзивдүү кийимдер линиясын чыгаруу менен алектенип жатам. Башкача айтканда, өзүмдү дизайнерлик жактан да сынап кө­рүү­дөмүн. Өткөндө “МКД” тобу менен Алматыдагы фестивалга барганыбызда, ал жактан дагы бир чоң иш бүтүрүп, Казакстандагы “Millenium” деп аталган популярдуу мода үйүнүн мүдүрү менен жолугушуп, аны менен келишим түзүп келдим. Эми мен чыгарып жаткан кийимдер бир гана Алматы шаарындагы бутиктерде сатылбастан, Лондонго да жөнөтү­лүп турат. Андан тышкары, мага бул мода үйүнүн жүзү болуу сунушун киргизишти, эми жакынкы аралыкта фотосессияга баруум керек. Менин оюмча, бул келечектүү кадам болду. Анын үстүнө бул кийимдер колдо тигилгендиктен, Европада да өтө бааланат. Эми келечектүү жаңы иш баштагандан кийин бул бизнесимди алгач бир жолго түшүрүп алышым керек. Мындан тышкары, ырчылык өнөрүмдү да такшалтып, жаңы ырларды жаздыруу менен чыгармачылыгыма жаңылыктарды киргизүү – менин жакынкы аралыкта алдыга койгон максатым.
– Алматыда да бир журналды жетектеп, ал гана эмес, анча-мынча ал жактын шоу-бизнесине да аралаша баштаганыңды бизге кабарлаган элең...
– Туура, ал жакта “Той” деген журналдын арт-директору болуп кызмат кылып жүрдүм. Директор деген атым эле болбосо, жөнөкөй кабарчыдан тартып башкарманын милдетине чейинки көп жумуштарды өзүм аткарчумун. Мунун айынан Казакстанга кетүүмө да туура келген. Ырсыз мага жашоо кызыксыз болгондуктан, шоу-бизнеске да аралашып жүрдүм. Бирок, ал жакта жүргөндө өз мекенимдин чыныгы патриоту экенимди сездим десем болот. Кыргызстансыз, анын ичинде Бишкексиз жашай албасымды түшүндүм. Эми мен Кыргызстандан эч жакка кетпейм. Анын үстүнө бир адамдын эки өлкөгө бөлүнүп кетүүсү эч мүмкүн эмес экен, андыктан, бир гана жүрөгүм тандаган кыргыз жеримде өмүрүмдүн акырына чейин калууну чечтим. Мен кыргыз элинин патриот кызымын.
– Жогоруда айтып кетпедиңби, “Казакстандын да шоу-бизнесине аралашып калдым” деп. Биздин шоу-бизнестен айырмасы барбы?
– Айырмасы чоң, ал жакта биздикине караганда бир аз өнүккөн десем болот, бирок, ошол эле учурда өтө “кир”. Кир дегенимдин себеби, кыздарга ырдап чыгуу өтө эле кыйын. Мисалы, менин билишимче, ырчы кыздар көбүнчө акчаны концерттерден эмес, байларды тейлегенден табышат. Кадимкидей эле сатылышат экен. Байлардын кечелерине барып ырдашат. Мындай кечелерди “уландысы менен” деп коюшат экен да, кече аяктагандан кийин да ырчы кыздар алар менен кошо уландысына барышат. Мунун баарын угуп алып, ал жакта ырдагың да келбейт. Дагы бир өзгөчөлүк катары бааларын айтууга болот. Жөнө­көй эле ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн бул жактагыдан 4-5 эсеге көп акча сарпталат. Анан ал ырды эл алдына алып чыгуу үчүн тааныштар аркылуу бир эле жолу эфирден кетиргенине 100 доллардан кем эмес акча төлөшөт. Бирок, бир чети, казак ырчылары өз чыгармачылыгына көп акча сар­п­ташканы менен тапкан акчалары да көп. Анткени, аларда гонорар көп төлөнөт.
– Демек, сен Казакстанда ырдабайт экенсиң да?
– Ал жакта ырдасам да кээде гана чакыруу менен ырдап калышым мүмкүн. Анан да кыргыз ырчысы катары ырдайм. Бир канча казак продюсерлери чогуу иштешүү сунуштарын киргизишкен болчу, белгилүү топтордун бирине да чакырышты, бирок, мындай сунуштардын баарынан баш тартуума туура келди. Себеби, жогоруда айтып кеткендей, өзүм жарым жыл бою Алматыда болсом да, жүрөгүм Бишкектен кеткен эмес. Акыры чыдабай апама “мен кетем” деп эле ачыгын айттым.
– Өзүңдү жалгыз эле ата-энең кантип жиберишти?
– Эми, мен бойго жетип калбадымбы, ата-энем мага толугу менен ишенишет. Анын үстүнө мен аларга бат-бат каттап турам. Ал эми жалгызмын деп коркпойм деле. Бишкек шаарынын жарымы эле менин туугандарым десем туура болот.
– Жалпы эле үйбүлөң тууралуу айта кетсең?
– Атам учурда пенсионер, аскер кызматкери болгон, андыктан, тартипке өтө бекем адам. Апам мурда инженер болуп иштеген, азыр жеке ишкер. Эки байкем, бир иним бар. Иним 14 жашта, мектепте окуйт. Үйдө мен жалгыз кыз болгондуктан, мени көп эркелетишет. Кай жакта болбосун таянганым бир гана апам, бардык темада сырдаша берем. Бир гана жеке турмушумда эмес, чыгармачылыгымда да апамдын берген жардамы чоң.
– Учурда чыгармачылыгыңа ким колдоо көрсөтүп келет? Кийинки концертиңе качан күбө болобуз?
– Учурда продюсерим жок, өзүмчө иштеп жатам. Бирок, мурунку продюсерим Ассоль Молдокматова жана жаш болсо да өзүнүн продюсердик борборун жана ыр жаздыруучу студиясын ачууга жетишкен таланттуу жигит Эрнест Үмөталиевдер менен иштешип жатам. Кыргыз тилиндеги жаңы ырларды жаздырдык. Кудай буюрса, жаз келсе, күндүн жылышы менен клип тарттырууга камынып жатабыз. Ал эми жеке концертимди берүү жакынкы пландарымда жок. Себеби, азыр менин жеке кечелерде талабым чоң десем болот. Акчаны ошол жактан табам.
– Ырчылыктан атың чыгып, элге таанылып, өз атыңды чыгарууга жетиштиң. Эми минтип дизайнер болууга да өтүпсүң. Андан башка дагы кандай таланттарың бар жана келечекте сенден дагы эмнелерди күтүүгө болот?
– Бош убактым боло калса китеп жазам. “Сүйүү жалыны” деген аталыштагы биринчи китебим жарыкка чыкканын көпчүлүк билсе керек. Бирок, аз санда гана чыккандыктан, сатылган эмес. Бир аз кемчиликтерин оңдоп чыгып, кайрадан бастырууну пландап жатам. Учурда дагы бир китеп жазуунун үстүндөмүн. Биринчи романым сүйүү жөнүндө болчу, мунусу бир ырчы кыздын тагдыры тууралуу болмокчу. Учурунда айта кетейин, өзүм жөнүндө эмес. Убактымдын тардыгына байланыштуу бул жолку китебимди жазып бүткөнчө көп жылдар өтөт окшойт. “Сүйүү жалыны” романым эки жарым айдын ичинде эле жазылып бүткөн. Ал эми алдыда кино тартсам деген да оюм бар. Менимче, кыргыз киносунун келечеги чоң.
– Бош убактыңда кантип эс алууну жактырасың?
– Кичинекей кезимден эле иттерге аябай жакынмын. Биринчи итимди 2-классымда баккам. Мен иттерге жакын болгонум менен атам аябай жаман көрчү. Ит багууну суранып атама бир нече жолу ыйлаганым да эсимде, бирок, таптакыр макул болбой койгон. Кийин бул жакка келгенден кийин 3-курста окуп жүргөнүмдө күйөр­ман­дарымдын бири мага ит белек кылган. Аны сүйүнүп эле багып алгам. Өтө жакшы көргөнүмдөн өзүм студент болсом да акыркы акчаларымды чогултуп, итиме майдаланган эт сатып келип берчүмүн. Бирок, тилекке каршы, мындан бир жарым ай мурун итим өлүп калды. Аны кызымдай жакшы көргөндүктөн, аны менен сейилге чыгып келүү мен үчүн эң сонун эс алуу болчу, эми бул жыргалчылыктан да кур калдым. Эми ит багууну биротоло токтотууну чечип жатам. Андан тышкары, кээде курбу кыздарым менен чогулуп эс алабыз. Ал эми эс алуу максатында дүйнө жүзүн кыдырып чыгуу – азырынча менин кыялым.
– Дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүндө болдуң эле?
– Негизи, өзүм алыскы чет өлкөлөргө чыккан эмесмин. Жакында гана журналисттик иш сапарым менен Франциянын Канны шаарына барып келдим. Мага аябай жакты, таңкалганым, адамдардын өзүн ушунчалык караганынан улам жөн эле абасы атыр жыттанып турат экен. Эми келечекте Париж шаарын көрсөм арманым жок эле. Кудай күч-кубат берсе, бул келечекте боло турган нерсе. Ал эми азыр болсо күнүмдүк турмушубуз менен алышып туралы.
– Алтындай убактыңды бөлүп бизге маек куруп бергениңе чоң рахмат, иштериңе ийгилик.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан