Бегимай Эсенгулова: «МЕКТЕПТЕ МЕНИ КӨРАЛБАГАН КЫЗДАР КӨП»

Бегимай мектеп жашындагы жаш кыз болсо да шоу-бизнесте чоң ийгиликтерди багынтууга жетишти. Атүгүл, мектепте эң жакшы окуган окуучулардын катарында экен. Эки жакка тең бирдей жетишип, эки жактан тең ийгиликтерди жаратып келатышында кандай сыр бар болду экен?..

– Бегимай, кичинекей кезиңден бери эле азыркыдай токтоо белең?
– Менин токтолуп калганыма эки жылдай эле болду окшойт. Ага чейин бир орунда турбаган аябай “шустрый” кыз болчумун. Тааныбаган адамдарым менен деле сүйлөшүп, бат эле тил табышып кетчү элем. Эсимде, эс тартып эле калган мезгилдеримде бейтааныш эле адамдардын жанына барып эле ар кандай суроолорду берип, акырында “сен мага балмуздак алып бересиңби?”, “шоколад сатып берчи?!” деп ар нерселерди өндүрүп алчумун. Апам мунумдан чочуласа керек, туугандарыбызга: “Кокуй, кызым кимди тартып калган? Кандай кыз болуп чоңоёор экен?” деп өзү да таңкалчу экен. Кийин эле созолонгон кыз болуп чыга келдим.
– Шаарда тө­рө­лүп, шаарда чоңойдуңбу?
– Менин түбүм Караколдон. Ошол жакта төрөлгөм. Тилекке каршы, мен эки жашка чыкканда атам каза болуп калып, биз апам экөөбүз Бишкекке көчүп келе бергенбиз. Ошентип, үч жашымдан бери Бишкекте жашайм. Апам Таластан болот, андыктан, ал жакка да каникул сайын барып турам.
– Жалгыз кыз болсоң эркелик, өзүмчүлдүк сыяктуу са­пат­тарың жокпу?
– Мен кичинекейимден бери таежелеримдин, таякелеримдин балдары менен аралашып жүрүп чоңойдум. Ошондуктанбы, өзүмчүлдүк менде жок. Ал эми эркелигимди моюнума алам. Бирок, аным да бара-бара калып баратат. Эми чоңойбодумбу. Анын үстүнө сахнага чыгып, чоң чөйрөгө аралашканым менин эркелигимдин калышына түрткү болду.
– Сахнага жөн эле жерден келип калбасаң керек?
– Албетте. Сахнага мени өзүмдөгү талант алып келди десем болот. Ал эми талант мага ата-энемден өткөн. Атамдын кесиби юрист болгону менен ырга шыктуу болгон экен. Менин эсимде жок, бирок, апамдын айтуусуна караганда, атам гитара менен ырдоодон ырахат алчу экен. Туугандарынын да баары ырга жакын. Ал эми апам болсо кадимки эле музыкант. Бир эмес, эки музыкалык жогорку билими бар, бир канча музыкалык аспапта ойной билген адам. Ошондуктан, мен дагы кичинекей кезимде эле радиодо ырдап жатса, кошулуп ырдаганды жакшы көрчү экенмин. Менин продюсерим Динара эже – апамдын биртууган сиңдиси. Ал Караколдогу музыкалык орто окуу жайында окуганда биздин үйдө жүрчү. Мени ошол кезден бери билет. Анын айтуусуна караганда, мен кичинекей кезимде эле кандай татаал ыр болбосун баарына кошулуп ырдай берчү экенмин.
– Сени ырчы кылып чыгаруу жөнүндө ошол кезде эле ойлоп койсо керек го?
– Анда көп деле маани бербесе керек. Кийин музыкага олуттуу мамиле кыла баштадым. Башкача айтканда, фортепьяно боюнча төрт жыл музыкалык мектепте окудум. Мектепте болсо маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Бирок, ырчы болом деп ойлочу эмесмин. Бир күнү Динара эже үйгө конокко келип калды эле, апам тамашалап: “Ырчыларды чыгарып эле жатасың, менин кызымды да чыгарбайсыңбы?”- деп калды. Анда Динара эже: “Кана, ырдап көрсөң” деди эле, уялып жатып эптеп бир ыр ырдасам, андан бетер уялтып: “Аа, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы, ырдап чыксаң болот экен”,- деп калды. Кийин өзүнүн “Жазгы жамгыр” деген ырын мага берип, студияга барып жаздырдык эле, ийгиликтүү чыгып калды.
– Сенин алгачкы ырың болгон “Жазгы жамгыр” продюсериңдикиби?
– Ооба, анын обону Динара эженики, сөзү Нурзат деген курбусунуку. Динара эже ушул ырын жаздырып алып телевидениеге «ырчы болом» деп барган экен. Атүгүл бул ырга клип да тарттырган экен. Азыр да кээде радиолордон Динара эженин аткаруусундагы бул ырды берип калат.
– Өзүңдүн ырыңды радиодон алгачкы жолу укканда кандай абалда калып жаттың?
– Алгач аябай уялдым. “Кантип эле менин үнүм ушундай?” деп такыр өзүмө-өзүм жакпай жүрдүм. Бирок, кайра-кайра уга берсең, көнүп калат экенсиң. Кийинчерээк тескерисинче, радиону эртеден кечке аңдыганга өттүм. Ырым башталаары менен эжелериме, туугандарыма телефон чалып: “Менин ырымды радиодон берип жатат, уккула”,- деп сүйүнчүлөйм. Алар угуп калышса, мага телефон чалышат.
– Мугалимдериң, классташтарың “бизде белгилүү ырчы окуйт” деп сыймыктанышабы?
– Мен орус класста окугандыктан, мугалимдеримдин дээрлик баары орустар. Мен ал мектепке кийин эле которулдум. Биринчи барганда бири-биринен угушат окшойт, төмөнкү класстын окуучулары сабак болуп жаткан класска келип атайын карап кетишет. “Бегимай Эсенгулова биздин мектепте окуйт экен” дешип колдору менен көрсөткөндөр да болот. Классташтарым, мугалимдерим албетте, сыймыктанышат, бирок, башка окуучулардай эле мамиле кылышат.
– Сенин атактуулугуңду көрө албаган классташтарың жокпу?
– Классташтарымдан андайлар жок, бирок, кыргыз класста окуган айрым кыздар бар. Мен аларга жамандык кылмак түгүл тааныбайм. Бирок, мени эмнеге жаман көрүшөөрүн билбейм, өздөрүнчө эле жаман көздөрү менен карай беришет. Менимче, алар жөн гана көрө алышпаса керек.
– Ошол эле убакта сени жакшы көргөн балдар көп болсо керек мектебиңде?
– Мени негедир кичинекей балдар көп жакшы көрүшөт. Өзүмдөн бир топ жаш кичүү төмөнкү класстын балдары тийише беришет. Олуттуу түрдө сүйүүсүн билдирген эч ким болгон эмес.
– Сабактарыңдан кандай окуйсуң?
– Биринчи класстан баштап бир да төртүм жок болчу. Чыгармачылыкка аралашканымдан баштап чейректериме “4” аралаша баштады.
– Анда ырдаганың окууңа бир топ эле зыян алып келген го? Гастролдорго чыгып сабактан калып да каласыңбы?
– Эгер гастролдор каникул убагына туш келип калса гана мени алып барышат. “Болбосо биринчи орунга окууңду кой”,- дейт Динара эже. Апам да ушундай талап коёт.
– Мектепти бү­түп билимиңди кайсы тараптан улантасың?
– Адвокат болгум келет. Кичинекейимден бери эле ушул оюмдан кайта элекмин. Эгер оюм ишке ашып калса, ырдаганга убактым болобу, болбойбу, билбейм. Дагы мектепти бүтөө­рүмө эки жыл убакыт бар. Бүтө берейинчи, калганын убакыт көрсөтөт да.
– Продюсериң өзүңдүн эжең болсо, экөөңөр расмий келишим менен иштешесиңерби же тууганча иштешесиңерби?
– Бизде эч кандай келишим жок. Ал мага жөн гана сиңдиси катары жардам берип жүрөт. “Кичинекей кезиңден бери көз алдымда чоңойгонуң үчүн­бү, мага ая­бай жакын сезилесиң. Сени жакшы адам кылып чыгарууну милдетим катары көрөм”,- деп көп айтат.
– Анда сени башка окуучуларындай катуу кармабаса керек?
– Тескерисинче, башында Султан байке менен Кайрат байкени уруша албай эле жининин баарын менден чыгарып, мени урушчу. Алар тамашалап ар кайсыны сүйлөп өздөрүнө сөз жуутушпайт да, а мен унчукпай туруп калсам, андан бетер урушкусу келе берчү экен. Алтургай бир жолу баарынан тажап, “ырдабай эле койсомбу” деп да ойлогом. Апама барып ыйлап: “Башка балдарды урушпай эле, мени уруша берет,- деп арыздансам, апам айтыптыр. Азыр көп урушпайт.
– Султан, Кайраттар менен мамилең жакшыбы?
– Султан байкени негедир аябай улуу катары көрөм, ошондуктанбы, экөөбүз чыгармачылык тууралуу гана сүйлөш­пөсөк, көп сүйлөшпөйбүз. Ал эми Кайрат байке экөөбүз ички сырларыбызга чейин бири-бирибизге айтышабыз.
– Ырчы Алихан экөөңөр­дүн ортоңордо чыгармачылыктан тышкары да кыз-жигиттик мамиле жокпу?
– Биз дуэт ырдаганыбыз үчүн болсо керек, көпчүлүгү эле ушинтип сурай беришет. Негизи, экөөбүздүн “Кумарым” аттуу ал дуэтти ырдап калганыбыз да кызык болгон. Биз анда бири-бирибизди сыртыбыздан эле тааныбасак, жакындан таанычу эмеспиз. Алихандын продюсери менен менин продюсерим бизге айтпай эле өздөрүнчө сүйлөшүп алышкан экен. Бир күнү Динара эженин “бүгүн Алихандын туулган күнү экен, жүрү, барып келебиз” дегенинен барсам, ошол жерден айтып жатышпайбы “экөөңөр дуэт ырдайсыңар” деп. Көрсө, Алихан да бул тууралуу укпаган экен. “Дуэт ырдасак, анда таанышалы” деп ошол жерден жакындан таанышып, сүйлөшө баштаганбыз.
– Жигит күтүп, аны менен олуттуу мамиле түзө турган убагың деле келип калыптыр. Жигитиң бардыр?
– Мага андай мезгил али келе элек деп ойлойм. Андыктан, жигит күтө элекмин. Бирок, дос балдарым бар. Айтып коюшат го, “жигит менен кыз дос боло албайт” деп, бирок, мен буга кошула албайм. Анткени, сонун эле дос боло алаарын мен өзүмдүн тажрыйбамдан улам билдим. Мен ал досторума аябай ишенем.
– Курбуларың да барбы?
– Албетте, алар менен жолукканда кафеге барып көңүл ачабыз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 278, 29-февраль - 6-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан