Мирбек Атабеков: «ПРОДЮСЕРИМ ЭКӨӨБҮЗ МУШТАШКАНГА ЧЕЙИН БАРГАНБЫЗ»

Жаш эстрада ырчыларынын арасында алдыңкы катарда келе жаткан Мирбек Атабеков менен белгилүү продюсер Канат Култаев чыгармачылыкта бирге иш алпаруу тууралуу мындан туура эки жыл мурун бир чечимге келишкен. Бул убакыт аралыгында алар Кыргызстанды кыдырып 20 жолу концерт коюшуптур, 30 ыр жаздырышыптыр, 15 форма тиктиришиптир, 5 клип тартышыптыр. Мындан ашыгына үлгүрүш­пөптүр. Анткени, эки жылга түзүлгөн келишимдин мөө­нө­тү бүтүп, экөө эки жакка бөлүнгөнү турушат.

Канат, мындан туура эки жылга артка кайрылсак. Эстесең, Мирбек экөөңөр кандайча иштешип калдыңар эле?
Канат:
– Мирбектин чыныгы таланттуу жигит экенин билип, алгач “Ыр десте” деген телеберүүгө, кийин “Темир Назаров чакырат” деген концертке жаңы чыгып келе жаткан көпчүлүк ырчылар менен катар Мирбекти да чакыргам. Ошол концерттин жарыясына сүрөтүн кошоюн десем, сүрөтү жок экен, салонго чогуу барып сүрөткө түштүк. Салондон кайтып келатканда Мирбек бизди өзү иштеген кафеге чакырып, ырдап берген. Балким, ага чейин анча маани берген эместирмин, бирок, Мирбектин “жандуу үнүн” укканда талантына дагы бир жолу баа бергем.
Мирбек: – Ооба, Канат байке, Темир, Мирбек Иманбеков үчөөнө шишкебек алып берип сыйлап, ырдап бергеним менин да эсимде. Ошондо эле Канат байке менен иштешүү тууралуу оюмда бар болчу, бирок, албетте, анда айталган эмесмин. Атүгүл машинада жанаша отуруп Ошко барып-келгенче да оозум барган эмес.
Канат: – Ырчылардын ар бири менен түзүлгөн келишим боюнча жогоруда айтылган концертке катышкандар Ошко да барыш керек болчу. Жаңылбасам, Оштон келгенден бир жумадан кийин Мирбек мага телефон чалып, чогуу иштешүү тууралуу оюн билдирди. Дал ошол маалдарда жаңы ырчы алуу тууралуу ойлонуп жүргөм. А Мирбек болсо анда башка продюсер менен кагаз жүзүндө келишим түзүп, иштешип жаткан экен.
Мирбек: – Ал продюсер менен эки жылдык келишимибиз бар эле. Бирок, кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен арадан бир канча убакыт өтсө да, анын мага эч кандай пайдасы тийген жок. “Сотко бересиңби, эмне кылсаң да өзүң бил”,- дедим да, кетип калдым. Канат байке экөөбүз эч кандай кагаз-магазы жок эле, эркекче кол алыштык да, ишибизди баштадык.
Канат: – Мен Мирбекти алгач алганда катуу сурак жүргүзгөм. “Машинаңар барбы?”, “ата-энең эмне иш кылат?” деген сыяктуу суроолорду берип тажатып жиберген болушум керек. Анткени, “байдын балдары менен иштешпейм” деген принцибим бар эле. Алардын психологиясы башкача болот. Мирбектин жоопторунан, турган турпатынан улам байдын баласы эмес экенин божомолдогом. Арадан убакыт өткөн соң апасы мени үйүнө конокко чакырды эле, барып, анын килейген особнякта жашаарын көрүп оозум ачылып калган. “Эмне үчүн мага мындай үйдө жашаарыңды айткан эмессиң?” деп жатпаймынбы.
Мирбек: – Ал үйдү апамдар бизнес ачышып, бир мүмкүнчүлүк түзүлгөндө салганга үлгүрүп калышкан да. Болбосо, мен карапайым эле үйбүлөнүн баласымын.
– Анан ишиңерди эмнеден баштадыңар?
Канат:
– Мирбек мага чейин эле “Сени гана” деген ырынын клибин тарттыруу жөнүндө өзү бирөөлөр менен сүй­лөшүп койгон экен. Бул ыр мага аябай жаккандыктан, өзүм клип тарткым келген. Бирок, иш башталып калгандыктан, Мирбекке айткан эмесмин. Ишибизди ушул клиптен баштаганбыз. Андан кийин Мирбектин хореографиясынын үстүнөн иштөөгө өткөнбүз. Башында Мирбек такыр бийлей алчу эмес. Бийлесе да үнү менен кыймылы бири-бирине айкалышпай эле кыйнала берчү. Жайында элдин баары көлдө эс алып жүрүшсө, Мирбек “Стар Денс” тобундагы Аселден бий боюнча сабак алып, машыгып жүргөн. Анан 1-2 айдын ичинде эле бийчи болуп чыга келди.
– Экөөңөрдүн урушкан күндөрүңөр да болбой койбосо керек?
Канат:
– Албетте, көп эле жолу уруштук. Биздин жакшы жерибиз, урушкан соң бет карашпай калбай, бир-эки саат өтпөй кайра эле сүйлөшүп баштайбыз. Мен Мирбектин продюсери болгон соң ага чыгармачылыгынан тышкары да көңүл бурууга акым бар эле. Чөйрө да адамды бузат. “Бул менен мамиле түзбөй эле койчу, тигил менен сүйлөшпөй эле койчу”,- десем эле, Мирбектин жини келип: “Ага кийлигишпей эле койбойсузбу!”- деп ушунун айынан экөөбүздө түшүнбө­с­түктөр пайда болчу.
Мирбек: – Канат байке экөөбүз биринчи жолу кагыша түшкөнүбүз эсимден кетпейт. Бир концертке чыкмакмын. Салондо чачымды жасатып отурсам, Канат байке телефон чалып, “кечигип кайда жүрөсүң?! Жылдыз боло баштадыңбы?!.” деген сыяктуу сөздөрдү айтып кый­кырып кирди. Анын кыйкырганына теригип кетип мен да айтчу сөзүмдү айтып алдым да, аябай жиним келип, аным бетиме чыгып кызарып-татарып отуруп калыптырмын. Эч нерсеге түшүнбөгөн чачтарач орус кыз чачын бузуп алдым деп ойлоду окшойт: “Эмне болду? Жакшы болбой калдыбы? Башкача кылып берейинби?..”- деп эле күйпөлөктөйт. Көрсө, булардын баары башталышы экен, кийин мушташканга чейин бардык го.
– Экөөңөрдү мушташат деп эч ким ойлобосо керек?
Канат:
– Достор, биртуугандар деле мушташышат да, ичтерине кир сактабай, кайра эч нерсе болбогонсуп жүрө беришет го. Бизде да ошондой, мушташкан соң экөөбүз ашып кетсе эки күн сүйлөш­пөй жүрөбүз да, кайра эле табышып алабыз.
Мирбек: – Канат байкенин ичинде эч кири жок, ошон үчүнбү, аябай бат жазылат. Анан да мени аяганы жагат. Болбосо, ушундай келбети менен мени жөн эле былчылдатып койсо болот да. Бир жолу кышында экөөбүз көчөдө мушташа кеттик. Бутунан чала койсом карга тайып кетип жерге жатып калды эле, ошол боюнча калтырдым да, өзүм таксиге түшүп алып, үйгө кетип калдым. Жолдо баратып көңүлүм чыдабай телефон чалсам алды эле, “аа, тирүү экен” деп бир аз жай алгансып калдым. Бирок, үйгө баргандан кийин да тынч алып отура албай койдум. “Үйүнө келди бекен” деп текшерип телефон чалсам, үйүндө экен, ошондон кийин тынч уктадым.
– Урушуп, мушташсаңар да оозеки келишимиңердин аягына чейин бөлүнбөй иштешкениңердин сыры эмнеде болду?
Канат:
– Мен чыныгы чыгармачыл адаммын. Менин жашоомдо жеке турмуш, сүйүү-күйүү деген маселелердин баары чыгармачылыктан кийинки планга жылып кетет. Мирбек да дал мендей экен. Мындай эки адамдын кызыкчылыктары бир болгон соң бат тил табышып, иштери да бат жүрүшөт экен. Биздин ийгилигибиздин бир сыры ушунда болсо керек.
– Продюсерлер менен ырчылардын ортосунда акчанын айынан маселе чыккан учурлар көп эле кездешсе керек. Силерде мындай болду беле?
Канат:
– Менин шоу-бизнестеги негизги максатым – акча табуу эмес. Мирбек да акчага көңүл бурбайт. Биз жокко да, барга да бирдей карайбыз. Эсимде, “Сени гана” аттуу алгачкы концертибизди бергенде өтө көп чыгым кетирип алыптырбыз. Концерт аншлаг менен өткөнү менен түшкөн кирешени бөлүштүрө келгенде ойлогонубуздай болбой, экөөбүзгө аз-аздан эле акча тийип калган. Бирок, ошого да тобо кылганбыз. Ошондо Мирбектин айткан сөзү такыр эсимден чыкпайт. Кенедей акчаларыбызды чөнтөгү­бүз­гө салып шалдайып отуруп калсак, Мирбек: “Канат байке, мен го атым үчүн иштеп жатам. Сизчи? Менин сизге боорум ооруп жатат”,- деп жатпайбы. Мен үчүн бул ушунчалык таасирдүү сөз болду. Анын минтип айтканына жүрөгүм жибип, көзүмдөн жаш чыгып кетти эле, Мирбекке көрсөтпөй аарчып алдым.
Мирбек: – Тескерисинче, экинчи концертибизден өзүбүз күтпөгөндөй көп кирешеге ээ болгонбуз. Акчаларыбызды бир пакетке толтура кылып салып алып биздин үйгө баратабыз. Колубуздан бирөө жула каччудай болуп улам Канат байкенин колундагы пакетти карап: “Келиңиз, мен көтөрөйүнчү?”- деп коём. Үйгө жетээрибизде бирөөлөр машина түрткөнгө жардамга чакырып калышты эле, алар бизде акча бар экенин билип койгонсуп чыйпылыктаганымчы! Биз акча бөлүштүргөндө көбүнчө бир бүкүлү кагаз калып калчу. Аны Канат байке “сен ал” дейт, мен “сиз алыңыз” дейм. Бири-бирибизге түртүшүп отуруп акыры бирөөбүз алабыз. Биздин ортобузда башка нерседен уруш чыкса да, акча жагынан эч качан уруш чыккан эмес.
– Эки жыл ичиндеги чыгармачылыгыңардагы ийгилигиңер го жумурай журтка айдан ачык көрүнүп турат, а материалдык жактан эмне арттырдыңар?
Канат:
– Мен Мирбекке жумшаган акчаларымдын баарын эки жыл ичинде актаганга жетиштим. Мирбек менен иштеп тапкан пайдама кыскасы, нааразы эмесмин.
Мирбек: – Мен да нааразы эмесмин. Эң негизгиси, Бишкектин барктуу деп эсептелинген аймактарынан үч жер тилкесин сатып алдым. Машина сатып алганымды күйөрмандарымдын баары эле билсе керек. Ошондой эле үйдү толук ремонттон өткөрдүм. Анан да мен тууганга өтө баймын. Туугандарымдын кимиси кандай жардам сурап кайрылышса, бирине да жок дебей баарына тегиз жардам берип жаттым.
– Эми мындан аркы пландарыңар кандай? Келишимиңерди узартуу тууралуу оюңар жокпу?
Канат:
– Келишимибизди узартпайбыз го. Мен Мирбек менен иштөө алдында алдыма койгон максатымдын 60 пайызына жеттим десем болот. Менин эмки максатым – продюсердик мектеп ачуу.
Мирбек: – Менин да көптөгөн пландарым бар. Бирок, азырынча бир жыйынтыкка келе элекмин. Чет өлкөлөрдөн кирешелүү сунуштар түшүп жатат. Ошондуктан, кетсемби деген да оюм бар. Эгер кетпесем, анда бул жакта эле өз алдымча иштегенге аракет кылам. Мени Канат байке эки жыл ичинде такай өзү менен кошо ээрчитип жүрүп чыгармачылыктын ой-кырларын, уюштуруу иштерин, кыскасы, көп эле нерселерди үйрөттү. Ошол үйрөнгөндөрүмдү пайдаланып, эми өз арабамды сүйрөйм. Эгер колумдан келбесе, анда кайра эле Канат байкеге келем да. Ошентсе да келечек пландарымды түзгөнгө көп убакыт жок. Анткени, азыр коштошуу концертибизге жана фестивалга катар даярданып чуркап жүрөбүз.
– “Жаңы толкун” фестивалына кандайча силер туш болуп калдыңар?
Канат:
– Бул фестивалга быйыл жаңы эреже киргизишиптир. Жылда катышуучулар түз эле Москвага барышчу. Быйыл болсо Орто Азиянын таланттары үчүн алгач Казакстанда өткөрүштү. Мени элчилик аркылуу табышканбы, казакстандык продюсерлер телефон чалышып, тандоо боюнча жардам берүүмдү суранышты. Мен макул болуп бул жакка чакырдым. Бир жумадан соң келишти эле, азыркы ырчылардын дээрлик баарынын ырларын угузуп көрдүм. Жыйынтыгында, өздөрү Мирбекти, Омарды, Жанетаны тандап алышты. Ошентип, Казакстанга барып, Мирбек менен Омар Москвада өтүүчү жарым финалга жолдомо алышты.
– Москвага өз каражатыңардан барасыңарбы же министрлик жардам береби?
Канат:
– Султан Акимовичке кирип абалды түшүндүрсөм, Мирбек, Омар үчөөбүзгө Москвага барып-келгенге самолёттун билетин алып берди. Бизди колдоп бергенине ыраазыбыз.
– Коштошуу концертиңердин аты “2х2” экен. Бул эмнени түшүн­дүрөт?
Канат:
– «Эки адам эки жыл иштеди» деген мааниде ушинтип койгонбуз. Буюрса, бул концерт өзгөчө болгону турат. Концерттен кийин бардык санаалаш адамдарыбызды чакырып, чоң банкет өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ошол банкетте Мирбек экөөбүз өкүнүч­түү болсо да коштошуп, ишибизди жыйынтыктайбыз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 281, 21-27-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан