Кундуз: «МЕНИН АТЫМ 90-60-90 БОЛУП КАЛДЫ»

«90-60-90 менин фигурам...» деп сахнага ырдап чыккандан бери бул кызга ашык болгондор көп. Сахнадагы жылдыздардын катарына кошулганына көп болбосо да тез аранын ичинде популярдуулукка жетишкен Кундуздун фигурасы да, сулуулугу да, таланты да чын эле бири-бирине төп келишет экен.

– Кундуз, көпчүлүк сыяктуу сенин да ырга болгон кызыгууң кичинекей кезиңден ойгонду беле?
– Ооба, мен эс тарткандан баштап эле ырга жакын болуп чоңоюптурмун. Бул талант мага апамдан жукса керек. Анткени, апам жаш кезинде ырчы же актриса болууну тилек кылчу экен. Атүгүл убагында Москвадагы театралдык окуу жайга өтүп, чемоданын көтөрүп жөнөп жаткан жеринен эң улуу эжеси каршы чыгып алып калыптыр. Өзү жетпей калган максатына менин кол сунуп жатканыма азыр анын кубанычы чексиз. Кичинекей кезимде: “Апа, менин ырчы болгум келет”,- десем, аябай сүйүнгөн эле. Анан конок келгенде болобу, башка учурда болобу, ырдата берчү. Конок келгенде уялып ырдабай койсом, апам: “Анда сен ырчы болбойсуң”,- деп койсо эле, формаларымды кийип чыгып, ырдап калчумун.
– Атаңдын, биртуугандарыңдын бул чөйрөгө жакындыктары барбы?
– Биз төрт биртууганбыз. Менин эки эжем жана бир байкем бар. Үчөө тең үйбүлөлүү болушуп, өздөрү менен өздөрү болуп кетишкен. Атам болсо мен кичинекей кезимде эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен экен. Бирок, атам искусстводон алыс адам болуптур. Ошондой эле биртуугандарым да бул чөйрөдөн алыс. Алардын ичинен байкем бир аз музыка угат, эжелерим болсо музыка чыкканда эле баштары ооруп, “өчүр” дей башташат.
– Башка музыкаларды угушпаса да, сенин ырларыңды угушабы?
– Менин ырларымды угушат. Агам го колдоо көрсөтүп, жардам берип эле келет. Мага форма тиктирип берген да, ырларымды жаздырып берген да ошол. Азыр келинчеги менен убактылуу Алматыда жашайт, бирок, апам экөөбүзгө тез-тез келип, менин чыгармачылыгымдагы жаңылыктардан кабардар болуп турат.
– Сен “90-60-90” деген ырыңдан кийин эле элге көбүрөөк тааныла баштабадыңбы. Ага чейин кайда жүрдүң эле?
– Ага чейин деле шоу-бизнеске аралашып эле жүргөм. Бирок, атымды чыгара алган эмесмин. Анткени, анда чыгармачылыкка караганда окуумду биринчи орунга койчу элем. Мектепте окуп жүргөндө бий ийримине катышчумун. Кийин 11-классымда үч кыз болуп топ түзгөнбүз. Сахнанын даамын ошондон баштап тата баштагам.
– Ал топ эмне себептен сахнада көп жашай алган жок?
– Топтогу эки кыз менен бир мектепте окуп, бир райондо жашачубуз. Бир күнү кокусунан сүйлөшүп калып сахнага чыгып ырдагым келээри жөнүндө айтсам, алар да ушундай максаттары бар экенин билдирип, үчөөбүз биригип бир топ түзүү сунушун киргизишкен. Айткандай эле, топ түзүп, “Моя любовь” деген бир ыр сатып алдык да, аны Актан Исабаевдин студиясына барып жаздырып, атүгүл ал ырыбыз радиолордо хит боло баштаган. Бирок, менин жарым жылдан кийин эле топтон чыгуума туура келди. Анткени, кыздар менен көбүрөөк карама-каршылыктар чыга баштады. Алар эже-сиңдилер болчу. Анан эле кандайдыр бир талаш-тартыштар чыкканда алар экөө болушуп, мен жалгыз калып калчумун. Ошого карабай жарым жылдын ичинде бир нече кон­церт­ке катышууга үл­гүрүп­түр­бүз. Бирок, мен анда шоу-бизнес дегенге такыр түшүнчү эмесмин. Спорт Ордосу менен Актан Исабаевдин студиясын билгенгеби, Бишкек боюнча ушул экөө эле бардай сезилчү. Ошол студияга ыр жаздырып, Спорт Ордосуна барып ырдап койсоң эле жылдыз болуп кетет экенсиң деп ойлочумун.
– Азыр ал топ барбы?
– Ал топтун узакка жашашы мүмкүн эмес болчу. Мен кеткенден кийин менин үнүм менен бир аз убакыт ырдап жүрүштү да, көп өтпөй эле жок болуп кетишти.
– Алар жоголуп, сенин атың чыгып кеткен үчүн ал кыздарда азыр сага карата көрө албастык бар болсо керек?
– Мен топтон кетээрде “сен кетсең өзүңө кыйын болот. Анткени, жалгыз чыга албайсың...” деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан. Мен да аларга ишенип “кетсемби, кетпесемби?” деп аябай ойлонгом. Бир жолу Айя Садырова менен таанышып калып, андан да кеңеш сураганым эсимде. Акыры тобокелге салып кетип калгам. Аларда мага карата болгон көрө албастык да болсо керек. Анткени, атым чыга электе көрүшүп калсак жакшынакай эле учурашып турушчу эле, азыр көрүшсө да көрмөксөн болуп ары карап өтүп кетишет.
– Учурда ырдагандан башка эмне менен алек болосуң?
– Улуттук университеттин экономика факультетинде 3-курста окуйм. Мен негизи мектепти алтын медаль менен аяктагам. Университетте да алгачкы курстарда жакшы окучумун. Азыр чыгармачылыгыма алаксып окуумдан бир аз аксай баштадым. Сабактан калуу деген менде буга чейин болчу эмес эле, эми кө­бөйүп кетти.
– Сема менен көпкө чейин иштешесиңби?
– Негизи, экөөбүз “90-60-90ду” кокусунан эле ырдап калганбыз. Эми ушул ырдын 2-бөлүгүн даярдап жатабыз. Андан кийин дагы Кудайдын буюрган күнүнө чейин чогуу иштешебиз.
– Чыгармачыл адамдарды ушак кө­бүрөөк ээрчичү эле. Өзүң жөнүндө ушак укканга жетиштиңби?
– “Сема менен сүйүшөт экен, жакында үйлөнүшөт экен” деген ушактарды чыгарып жиберишиптир. Алгач укканда аябай жиним келип, жаман абалда калдым эле. Кийин мындай ушактардын чыгып турушу шоу-бизнестеги мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин билип, көнүп кеттим. Дуэт ырдап койсо эле экөөбүз сөзсүз түрдө сүйүшүп калышыбыз керек эмес да. Мен ага агамдай, ал мага карындашындай мамиле жасайт.
– Семанын күйөрмандары аны сенден кызганышпайбы?
– Жок, мен андай нерсени байкай элекмин. Тынчымды алган андай күйөр­мандар болгон эмес.
– Өзүңдүн күйөрмандарыңчы? Тынчыңды алышпайбы?
– Байкашымча, күйөрмандарым көбөйө баштаптыр. Алардын арасында кыздар да көп. Телефонума ар кандай жылуу сөздөр менен билдирүүлөрдү жазып жиберишет. Бирок, ал билдирүү­лөрдүн арасында жигиттердин “мен сени жакында алакачып кетем” деп жазгандары да кездешет.
– Чын эле алакачып кетишсе эмне кыласың?
– Мен алакачууга каршымын. Кудай сактасын, бирок, “жаман айтпай жакшы жок” дейт, алакачып кетишсе деле баарыбир отурбаганга аракет кылам.
– Сенин фигураңа кызыккан күйөр­мандарың көп болсо керек. Өзүң ырдагандай чын эле фигураң 90-60-90бу?
– Так ушундай эмес, бирок, жакын. Кийимдеримди тиккен модельер: “Сенин фигураң стандарттуу экен”,- деген. Ушул ырды ырдагандан кийин менин атым 90-60-90 болуп калды. Кундуз десе көпчүлүгү таанышпайт экен да, 90-60-90 десе дароо таанышат экен. Алгач буга өзүм бир аз чычалап жүр­гөнүм менен бул нерсеге да көнүп кеттим.
– Сырткы келбетиң үчүн өзүң кам көрө­сүңбү же салондордун кызматынан пайдаланасыңбы?
– Мен мектепте окуп жүргөндө жайкы каникул учурунда бекер жүрбөйүн деп чачтарачтын окуусун бү­түрүп алгам. Ошондон бери туугандарымдын, тааныштарымдын чачын кыркып калам. А өзүмө келгенде көбүнчө салондордун кызматынан пайдаланам. Бирок, эсимде, бир жо­лу салонго кирсем, үй­рөнчүк кызматкерби, эмнегедир чач жасалгамды келтире албай жүдөй берди эле, колунан аспаптарды алып туруп өзүм дароо эле жасап алдым. Анымды бүтүп макияжга барсам, ал да мага жакпагандай кылып боёп койду. Бетимдеги боёктун баарын өчүрдүм да, каалаганымдай кылып өзүм боёп алдым.
– Үй жумуштарына да каралашасыңбы?
– Үйдө апам экөөбүз эле турабыз. Апамдын өз кесиби медик болгону менен азыр чакан бизнеси менен алек болот. Анан көпчүлүк учурда үйдө болгондуктан, мага апамдан жумуш артпайт. Мен кээде үй жыйнайм, бирок, чаңсоргучту эч качан иштетпейм. Анткени, чаңсоргучтун үнүнөн ушунчалык корком. Эгер бирөө иштетип жатса, бөлмөнүн эшигин жаап салам. Менин коркоктугум ушунчалык, атүгүл чач кургаткычтын үнүнөн да коркуп, чач кургаткыч иштетпейм. Эгер иштетүүгө туура келсе, анда үнүн акырын чыгарып иштетем. Бул сапатым кичинекей кезимден калган экен. Үйгө бирөө келсе бурчка тыгылып отуруп алып чыкпай койгонумду апам эстеп күлө берет. Бир жолу чачымды түбүнөн алып салышкан экен, өзүмдү күзгүдөн көрүп алып коркуп ыйлап, ошондон кийин күзгүгө эки-үч жылга чейин жакындабай коюптурмун. Коркоктугумдан тышкары, аябай таарынчаакмын. Ошондуктан, апам дайыма көзүмө карап турат.
– Сүйлөшкөн жигитиң болсо керек?
– Чынын айтсам, болгон. Бирок, менин сахнага чыгып ырдаганым ага жакпай, ушунун айынан экөөбүздүн мамилебиз үзүлгөн. Азыр жигитим жок. Азырынча жаш эмесминби. Убагы келгенде мени бардык жагынан түшүнгөн жигитке жолугаарыма ишенем.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 282, 28-март - 3-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан