Мажит: «МЕН КЫЗДАРДЫ ЖАМАН КӨРӨМ»

«Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген ушул экен. Куудул Кабыл Бөрүбаевдин уулу кичинекей пародист Мажиттин таланты эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Өзүнүн мындай таңкалаарлык таланты менен ал атасын да артка калтыраарында эч шек жок. Бул балакай кайдан жүрүп мындай талантка ээ болуп калды экен? Анда кеп башынан болсун.

Мажит айына жетпей, жети айлык болуп төрөлүп, эки ай бою врач­тардын көзөмө­лүндө вакуумда багылган экен. Апасы Тамара эмизбесе да күн сайын бир маал ооруканага барып, баласынан кабар алып келет. Айнектин ичинде эле кичинекей болгон кара баласынын жатканын көрүп, жашап кетээринен деле күмөн саначу тура. Анын үстү­нө дем алганы да баланыкындай болбой оор болуп, апасынын көзүнө бир башкача көрүнчү. Баласынын денсоолугуна сарсанаа болуп, өзү менен өзү болуп жүр­гөнгөбү, эмнегедир эненин сүтү деле бат эле тартылып кеткен экен. Ошентип, 6-ноябрь күнү төрөлгөн Мажит эки айдан соң гана, 12-январь күнү үйүнө чыгып келет. “Бул бала болобу, болбойбу...” деп жүргөн ата-эне ушундан кийин гана балага ат коюу керек экенин эстешет. Ошондо Мажиттин таятасы “неберемдин жаны бек болсун” деп Жаныбек койгон экен. Бирок, бул ысымга Мажиттин атасы анча макул боло бербей, агасы Бекзаттын атына уйкаш болсун деп, бир чети кайнатасынын да көңүлүн калтырбай ошол эле атты оодарып Бекжан койгон экен.
Вакуумда жатып өзү айтмакчы, энесинин сүтүнүн даамын да татпаган Бекжан андан кийин деле жалаң жасалма сүт менен чоңоёт. Ал эми жооштугу жанда жок эле. Курсагын тойгузуп, астын кургактап койсо, бир кың дебей жата берчү экен. Бирок, Мажит кеч басып, тили да кеч чыгыптыр. Үч жашына чейин же баспай, же сүйлөбөй эле отура берген баласына тынчсызданган Тамара эже: “Кудай сактай көр, эмне, дудук бала төрөп койгонмунбу? Майып бала төрөп койгонмунбу?”- деп көп ойлочу экен. Анткен менен Мажиттин таланты ошондо эле ойгоно баштаган окшобойбу. Агасы Бекзат ырдаса кунт коюу менен оозун тиктеп турчу экен да, ырдын акырында агасына кошулуп кандайдыр бир үн чыгарып койчу экен. Анын ушунусунан уламбы же дагы башкадан уламбы, маркум Манас Бердибеков досунукуна барган сайын баланы колуна алып: “Көрөсүңөр, бул баладан бир нерсе чыгат, силерди ушул балаңар багат”,- дечү экен. Ал кезде “кантип эле ошондой болсун? Жөн гана менин көңүлүмдү көтөрүп жатат го” деп ыраматылык аяшынын сөзүнө көп маани бербеген Тамара эже азыр анын көрөгөчтүгүнө баа берип келет.
Бактыга жараша, Мажиттин үч жашында тили да чыгат, буту да басат, аны менен катар өнөрү да кошо чыгат. Бир күнү куудулдар Кабылдын үйүнө барып репетиция кылып калышат. Бир интермедияны кайра-кайра аткарып жатышып Манас Бердибеков: “Мажит, светти өчүр!”- деп кыйкырса, биздин Мажит тыпылдап барып улам светти өчүрүп коёт дейт. Кичинекей куудулдун азан чакырылып коюлган Бекжан аты үйбүлө ичинде ошондо эле Мажит атка алмашкан экен, көрсө. Ал эми эл ичинде Мажит аталып калганынын себеби башкага байланыштуу.
Бул жолу ошол эле Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков до­су Эрнис Бөрүбаев (Мажиттин улуу агасы) менен Мажиттердин үйүнө барып калат. Дагы эле репетиция кылып жатып “Жүр, досум Мажит” деген ырды ырдаса, Мажит Санжардын ырына аябай бийлеген экен. Анда Санжар: “Болду, сен менин досум Мажит болуп, эртеңден баштап мени менен сахнага чыгасың”,- деп калат. Айткандай эле эртеси бир концертте Санжар ырдап, Мажит биринчи жолу эл алдына бийлеп чыгат. Кичинекей баланын бийи элди кайдыгер калтырбай, эмнегедир ушундан кийин өзүнөн-өзү эле эл арасында Мажит аталып кетет. Азыр классташтарынын айрымдары эле “Бекжан” деп аташпаса, дээрлик баары, атүгүл үйүндөгүлөр да “Мажит” деп чакырышат. Андыктан, биз да “Мажит” деп кайрылдык:

– Мажит, сен айыңа жетпей тө­рөлүп, араң торолгонуңду өзүң билесиңби?
– Билем, менин эсимде калбаганы менен такай айтып жүрүшөт да. Апамдын сүтүн эмбей, бөбөктөргө жасап бере турган сүт менен чоңойгом. Атүгүл менин туулгандыгым тууралуу күбө­лү­гүмдү да он жашымда алышкан. Өзүм айтып жүрүп алдырбаганда, дагы деле күбөлүксүз жүрө берет белем, ким билет. Мектепке киргизгенде да күбөлүгү жок эле киргизип коюшкандарына таңкалам. “Ана алып келебиз, мына алып келебиз” деп жүрө беришиптир да. Мугалимим кайра-кайра сурай бергенинен бир күнү үйгө барып атам менен апама: “Өзү менин силердин балаңар экеним чынбы? Чын болсо күбөлүк алып бергилечи?”- дегенимден кийин алышкан.
– Азыр канчанчы класста окуйсуң?
– 6-класста окуйм.
– Сабактарыңды жакшы окуйсуңбу же куудулданып жүрүп сабак окуганды деле унутуп каласыңбы?
– Ударникмин. Башка сабактардан орточо эле окуйм, орус тил сабагына келгенде такалып калам.
– Орусча билесиңби?
– Билбейм. Ошон үчүн жаман окуйм да. Биринчи класста окуган Сайкал деген карындашым мени орусчадан текшере берет. Бир жолу “Мажит, Кудай дегенди орусча эмне дейт?” деди эле, “господи” десем: “Келесоо, господи дебейт, бог дейт”,- деп аябай чычалап алыптыр. Негизи, мен бул сөздү билет болчумун.
– Классыңда канчанчы атамансың?
– Биринчи. Классыбызда он жети эркек бала бар, баарынын бойлору кичинекей. Ошон үчүн аларды коркутуп, биринчи атаман болуп алгам.
– Анда тентек да болсоң керек?
– Тентекмин. Бир жолу тентектигимдин айынан мугалимим апамды мектепке чакырыптыр. Эжекем апамды класска алып кирип, “балдар, бул Бекжандын апасы болот” дегенде эле класста чуру-чуу башталды. Унчукпай калган бир да кыз калган жок. Бири “менин чачымдан тартат” десе, экинчиси “мени ручка менен сайгылайт”, дагы бирөө “мени урат” деп кыскасы, апама армандарын айтып эле жатып калышты. Апам “үйгө барганда сүйлөшөм” деп чыгып кетип калган.
– Анан сүйлөштүбү?
– Кичине урушкан. Ошондон кийин көп тентектик кылбай калгам.
– Демек, классыңдагы кыздардын баары сени жаман көрөт экен да?
– Эмнеге? Тескерисинче, баары жакшы көрүшөт. Калп эле ошентип коюшуп өздөрү тийишишет.
– Мектепте да бирөөлөрдү туурай берсең керек?
– Баарын эле туурайм. Атүгүл мугалимимди да туурагам. Биринчи класстан төртүнчү класска чейин окуткан эжекем танапис убагында мени доскага чыгарып, ар кимди туурата берчү. Бир жолу да класстагылардын баарын туурап бергенимден кийин “дагы кимди туурайсың?” деди эле, өзүн туурап берип койсом, боору эзилип калган.
Негизи, мен мугалимдерди күлдүрө берем. Бир жолу шоктук кылып койдум эле, эжекенин жини келип: “Бекжан, доскага чык!”- деди. Мен түз эле барып дубалда илинип турган доскага тырмышып калсам, баары түшүнбөй калышты. “Өзүңүз доскага чык дедиңиз го” десем, жини да тарап, күлүп калган эле.
– Эсиңдеби, эң биринчи кимди туурагансың?
– Окуй элегимде эле кошуналарымдын баарын туурап чыкчумун. Тарас Асанакунов менен кошуна элек, анын басканын, учурашканын, сүйлөгөнүн туурап берсем, аябай күлүп калчу. Кийин “мыкка келдим” деп Максат Тасмаевди үйдөгүлөргө туурап берчүмүн. Бир күнү үйгө Максат байке келип калды эле өзүнө туурап берсем, аябай күлүп, сахнага алып чыгуу тууралуу сунушун айтып калды. Элге да мен Максат байкени туурап көбүрөөк таанылдым окшойт.
– Азыркы жаш ырчылардын баарын туурап жүрбөйсүңбү? Ошолорду туураш үчүн кантип даярданасың?
– Дискти коём да, өзүмдүн бөлмөмө камалып алып убактымдын баарын күзгүнүн маңдайында өткөрөм.
– Кимисин туураганың өзүңө кө­бү­рөөк жагат?
– Съездбек байкени туураган аябай удобный. Ошол жагат.
– Күйөрман кыздарың барбы?
– Бар окшойт. “Жүрүп албайлыбы, мен сени сүйүп калдым...” деген сыяктуу каттар келет. Аларга сүйүүнү ким койду экен дейм да. Негизи, мен кыздарды жаман көрөм. Жакында Ошко гастролго барганда эле 110 кат келиптир.
– Андай каттарды эмне кыласың?
– Апам жанымда жок болсо ыргытып жиберем, эгер апам көрүп калса, алып, сактап коёт. Аларды эмне кылат, билбейм. Бут кийимимдин бош коробкасына сала берет го.
– Үйүңдөгүлөрдү күлдүрө­сүң­бү?
– Сөзсүз да. Күндө бир нерсени ойлоп таап, аларга туурап бергиче эле ичип жаткан чайым муздап калат. Атам бизди эшиктен кирген сайын “бут кийимиңерди түз чечпейсиңерби? Бар, тизип кел” деп сөзсүз бирөөбүз­дү чыгарып жиберет. Бир күнү бут кийимдерди тизип жатсам, биздики эле эмес, өзүнүн бут кийими да бири бул жакта, экинчиси башка жакта жатат. Анан оюма бир ыр келди: Кабыл аке мурдуңду,/ Коңкойтуп бизди карадың./ Үйгө кирип-чыкканда,/ Ботинкени санадың./ Ботинкени тиз дейсиң,/ Өзүң чечкенди билбейсиң. Эртеси күнү дагы баягы буйругун бергенде ырымды айтып койсом, өзү сөз таба албай калды.
– Силердин үйбү­лөңөр жалаң таланттуу адамдар болгондуктан, сенин чыгармачылыгыңды баары эле колдошсо керек?
– Ооба, көпчүлүк билгендей, менин атам куудул, апам ырдап жүрөт, агаларым Эрнис менен Тимур да ырчылар, менден улуу агам Бекзат да таланттуу, а карындашым Сайкал азыртан бийчи, ырчы-пародист болгонуна карабай атам аны чыгармачылыкка такыр жакындаткысы келбейт. Менин биринчи сынчым – Бекзат. Эгер жаңы ойлоп тапкан чыгармам андан өтсө, анда экөөбүз үйдөгү башкаларга көрсөтөбүз. Мына ушундай чыгармачыл үйбүлө болгондон кийин мени баары колдошот. Мага бирок, апамдын ырдаганы жакпайт. Ырдаганда тим эле жыландай болуп кыймылдайт.
– Демек, сен апаңдын сахнага чыгышына каршы экенсиң да?
– Каршы деле эмесмин. Эми өзү билет да.
– Сен кичинекей экениңе карабай жеке концертиңди ийгиликтүү берип, өз алдыңча каражат тапканга жетишип калбадыңбы. Ошол биринчи концертиңден түшкөн акчаңды эмнеге жумшадың?
– Атамдар кайра эле өзүмө студия ачып беришти. Андан калганына атамдын машинасын жаңыртып бердим. Так что, мен деле өз алдымча оокат кылганга жарап калгам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан