Жанета Бобкова: «ЭКИ ЭЛДИН САЛТЫН БИРДЕЙ САКТАЙМ»

Кыргыз элинин кызы, орус элинин келини. Сахнадагы таланттуу ырчы, үйдөгү жаркылдаган жар, мээримдүү эне. Ал эми булардын баарын эриш-аркак алып келаткан дагы бир ырчы кызыбыз – Жанета Бобкова.

– Жанета, сен эки улуттун кызы болуп калбадыңбы. Негизи эле башка улуттагы үйбүлөгө келин болуп калам деп ойлодуң беле?
– Жок, уктасам да түшүмө кирген эмес. Анын үстүнө шаарга жаңыдан келип, Искусство институтуна тапшырып жатканда экзамендерге Денис менен чогуу кирип калгам. Ошондо “аа, Бобковдун баласы менен окуйт турбаймынбы” деп ойлоп койгом. Кийин эле Денис калган экзамендерге эмнегедир келбей, окууга өтпөй калды. Аны ошондо эле унутуп калгам. Эки жылдан кийин “Досум-Үсөн” тобуна кирип калып, аны менен кайрадан ошол жактан жолугуп жатпаймынбы.
– Ал топко кокусунан кирип калдың беле?
– Ошол кездеги топтун Ильич деген солисти менен тааныш болчумун. 2-курста окуп жатканымда ошол байкеден топко солистка кыздар керек болуп жатканын угуп калып, барып ырдагам. Кайнатам баш болгон жалаң эркектер отурган экен, ырдаганым кайнатама жагып, дароо эле топко алган.
– Анан Денис экөөңөрдүн сүйүү­ңөр ушундан кийин эле башталды беле?
– Жок, эки жыл жөн гана кесиптеш катары иштедик. Бирок, мага ошондо эле Денистин мүнөзү жакчу. Кийинчерээк гастролдорго чыкканда мага гүл берген жигиттерден Денис мени кызгана баштады, мен болсо аны күйөр­ман кыздарынан кызганам. Экөөбүз бири-бирибизге болгон сезимдерибизди ушинтип билдирсек керек. Ушундан көп өтпөй эле Денис мага кыз-жигит болуп жүрүү тууралуу сунушун айтканда, эч ойлонбостон туруп макулдугумду бергем.
– Денистин улутуна да караган эмес экенсиң да?
– Эмнегедир ушул нерсеге такыр маани бербептирмин. Анын үстүнө буларды мен орус катары эмес, кыргыз катары эле сезчүмүн. Ата-энем каршы болот деп да ойлобосом керек.
– Чын эле ата-энең бул кабарды кандай кабыл алышкан?
– Апам “сүйсөң тие бер, мен үчүн ким менен болсо да бактылуу болсоң эле болду” деп өз жайыма койгон. Атам чындыгында, башында каршы болгон. Бирок, кийинчерээк Денис менен таанышып, анын жакшы жигит экенине көзү жеткен соң ал деле макулдугун берген.
– Үйдө кайсы улуттун салттарын колдоносуңар?
– Мен жаңы келин болуп барганда орустардын салтына ылайык жоолук салынып, жүгүнүп көргөн эмесмин. Кайнатамдын алдында каалаганымдай кийинип, атү­гүл көлгө деле чогуу тү­шүп жүрө беребиз. Кой союп, жиликтегенди биздин үйдүн эркектери эң жакшы билишет. Мусулмандарга тиешелүү Айт, Нооруз сыяктуу майрамдарды сөзсүз түрдө майрамдайбыз. Ал эми орустардын Пасха майрамында жыл сайын жумурткаларды боёп дегендей, жөрөлгөсүн кы­лып, аны да майрамдайбыз. Кыскасы, биздин үйдө эки элдин салты тең бирдей колдонулат. Бирок, ойлоп көрсөм, үйдө орусчага караганда кыргызча көбүрөөк сүй­лөшөт экенбиз. Ошондуктанбы, уулубуз Максим орусчаны жакшы түшүн­бөйт.
– Балдарыңар канчага чыгып калды?
– Кызыбыз Арина алты, Максим үч жашта. Экөө тең Денистин эле көчүр­мө­лөрү. Бирок, мүнөзү жагынан Арина мени тартып ачык-айрым, Максим болсо атасындай жоош.
– Денис жоошпу?
– Ооба, ал эч кимге зыяны жок, өзү менен өзү жүрө берет.
– Анда үйдө сен лидерлик кыласың го?
– Андай деле эмес. Бардык нерсени экөөбүз кеңешип чечкенге аракет кылабыз.
– Куудулдар кайнатаңды тамашалап: “Кыргыздын кызын евроремонт кылып алды”,- деп калышат го. Кимдин сунушу менен “евроремонттон” өттүң эле?
– Чачымдын өзгөргөнүнөн улам ушинтип тамашалап калышат. А чачымды өзгөртүү өзүмдүн эле идеям болчу. Биз үйлөнгөндөгү алгачкы жылдары 8-Мартта Денис мени кафеге чакырды да, өзү ошол жакта күтүп турмай болду. Мен болсо Дениске кандайдыр бир сюрприз кылгым келди да, ойлонуп отуруп чачымдын түсүн өзгөртүүнү чечтим. Анан салонго барып кара чачымды сапсары кылып боётуп эле кафеге кирип барсам, “эмне болуп алгансың?!” деп Денис чочуп кетти. Ага алгач жаккан эмес, бара-бара көзү көнүп кетти окшойт. Жаңы имиджим өзүмө жаккандыктан, ошол бойдон, башкача айтканда, алты жылдан бери ушул калыбымда жүрөм.
– Сени ырчы катары тааныла электеги жашооң да күйөрмандарың үчүн кызык болсо керек. Кандай үйбүлөдө тарбияландың эле?
– Мен үч биртуугандын улуусумун. Сиң­дим азыр жогорку окуу жайда эмгектенсе, иним келечектеги тиш доктур, медициналык окуу жайдын 5-курсунда окуйт. Биз жетишкен жашоодо эркелеп чоңойдук. Апам биз жашаган Шамалдысай шаарчасында беделдүү айымдардын бири эле. Анткени, ал ошол кезде депутат болчу. Кийин чакан дүкөн ачышып, бара-бара кеңейтип отурушуп, азыр аябай чоң кылып алышкан. Азыр ойлосом, тентектикти чегинен ашыра кылып аларды убагында жакшы эле түйшүккө салган окшойм.
– Тентек белең?
– Ооба, менин тентектигимдин айынан ата-энем алмак-салмак директордун кабинетинде эле отурушчу. Ошол кезде дискотека деген нерсе аябай кызык сезилчү окшойт, кыздар чогулуп алып дискотекага көп барчубуз. Бирок, айрыкча атам мени катуу кармачу. Бир жолу кыздар дискотекага чакырып келип, үйдөн кантип суранаарымды билбей, “кыздар менен мончого кеттим” деп дагара-магаранын баарын алып, алдап чыгып кеткенимди эстесем күлкүм келе берет. Дагараны болсо үйдүн жанындагы дарактын артына бекиттим да, өзүм дискотекага кетип калдым. Чачымдын кургак экенинен мончого барбаганымды билип коёорун кайра келип дагараны алып жатканда гана эстедим да, чачымды суулап алып үйгө кирген элем.
– Тентек болгонуң менен ырдаган жагынан ошондо эле алдыңа киши салдырбасаң керек эле?
– Анысы бар болчу. Мектепте кандай гана иш-чара болбосун, мен катышмайынча өтчү эмес. Каныкей Эралиева апамдын жеңеси болот. Ал киши үйгө барган сайын: “Ушул кызыңардан бир нерсе чыгат. Өз жайына койгула”,- деп менин ырдаганыма баа берип калчу. 5-класстарымда болсо керек, атайын Бишкекке алып келип, “Бүлдүркөн” деген ырын мага ырдаткан. Атүгүл бул ырга апам клип да тарттырып берген болчу. Ошол кездеги “Атам, апам жана мен” деген телеберүүдөн бул клибимди тез-тез берип турган үчүнбү, өзүмчө эле жылдыз болуп кеткем. Кыргызстандын ар тарабынан өзүм теңдүү балдар-кыздардан тынбай каттар келип, мектептеги окуучулардын баары мен жөнүндө сөз кылышса, өзүмчө эле дердейип калчумун. Кичинекеймин да, тим эле укмушту жасап койгонсуп жылдыз оорусу менен ооруп калыптырмын.
– Жанета, биз билгенден сен эл аралык “Жаңы толкун” фестивалына чакырылдың эле. Көпчүлүктүн катарынан суурулуп ал жакка тандалгандын өзү деле ийгилик дечи, ошентсе да биринчи турунан өтпөй калганың өкүнүчтүү болду...
– Албетте, өзүм үчүн да өкүнүч­түү болду. Мен бул фестивалга бараарда кызыктай абалга туш болуп калдым. Мага алдын-ала эскертишкен эмес эле, кечинде үйдө отурсам эле Казакстандан чалышып, “каяктасың?” деп жатышпайбы. “Бишкектемин” десем, “эртең менен конкурс өткөнү жатса, кантип үйүңдө отурасың? Тезинен келип кал” деп жатышпайбы. Анан түндө антип-минтип такси таап баргыча убакыт кетип калды. Ошентип, шашып-бушуп бара калып эле бир жолу да репетиция кылбай конкурска катышпадымбы! Жыйынтыгы ушундай болуп калды. Бирок, эч нерсе эмес, алдыда дагы көптөгөн конкурстар бар. Буюрса, жеңиштин баары алдыда деп ойлойм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 286, 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан