Санжар Бердибеков: «АРАК ИЧКЕНДЕН МҮЙҮЗ ЧЫККАН ЖОК»

Санжарды ырчы же куудул катары тааныгандарга караганда чыныгы таланттын тукуму катары тааныгандар көп болсо керек. Анткени, келбети, баскан-турганы жагынан атасын тарткан Санжарды көр­гөн адамга дароо эле залкар куудул Манас Бердибеков элестелет. Санжар чыгармачыл адам катары атасындай көп күйөр­ман­дарга ээ болбосо да сахнада өз орду бар талант.

– Санжар, мындан аз убакыт мурун эле “сахнаны таштап, динге баш-отум менен киришем” деп жүр­дүң эле. Бул чечимиң дагы эле кү­чүн­дөбү?
– Ооба, бир убакта ушундай чечимге келип, атүгүл баштап да көрдүм. Башкача айтканда, дабатка чыгып, бир жарым ай беш маал намаз окудум. Бирок, шайтан азгырган бир күнү досумдун туулган күнү болуп калып, ошол жерден ичип алып жатпаймынбы.
– Анан ошону менен токтотуп койдуңбу?
– Намаз окуганымды токтотуп койдум. Бирок, андан кийин да эсиме келип, кайра дабатка барып жүрдүм. Ошентсе да мен азырынча жүз пайыз даяр эмес экенмин. Мусулманчылыкка киришкенге жараша биротоло киришип, көп нерселерден баш тартканга туура келет экен.
– Мындай ишке олуттуу карабай күнөөгө баттым деп тынчсызданбайсыңбы?
– Албетте, күнөө кылдым. Пенде болгон соң жаңылышат экенбиз да. Бирок, Кудайым киши өлтүргөндү да кечирет экен. Андыктан, чын дилимден ниет кылып, күнөөмдөн арылам деп ойлойм. Негизи, пендесине Кудай үч жолу назар таштайт экен. Мен эки жолу аракет кылып, экөөнү тең алып кете алган жокмун. Эми акыркы мүмкүнчүлүгүм калды, ошону колдон чыгарбашым керек. Буюрса, эми киришсем да баш-отум менен киришем. Бирок, жакын арада эмес.
– Сахнаны да таштайсыңбы?
– Таштайм. Айтпадымбы, биротоло өтөм. А мусулманчылыкта ырдаганга жол берилбейт.
– Негизи, мындай чечимге келишиңе эмне түрткү болду эле?
– Менин көп досторум намаз окуп, мусулманчылыкка баш ийип жүргөн балдар. Ошолор көптөн бери эле: “Санжар, намаз оку. Мусулманчылыкта арак ичкенге, тамеки тартканга болбойт. Сөгүн­бөш керек, кыздарга барбаш керек...”,- деген сыяктуу сөздөрдү көп айтышчу. Алгач маани бербей жүргөнүм менен кийинчерээк ойлоно баштадым. Анан ошолордун сүрөөсү менен баштаган элем.
– Бир жарым ай намаз окуп, эки жолу дабатка барып келгенден кийин жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?
– Өтө көп нерсени билип, чоң даярдыктан өттүм. Ал эми мендеги өзгө­рүү­лөр – ичимдик деген нерсени дээрлик токтоттум, эң негизгиси, сабырдуулукка үйрөндүм. Мурун жиниме тийгендерди дароо эле сөгүп же муштап жиберсем, азыр андай учурларда адам сабырдуу болуу керек экендигин эстеп, тык токтоп калам. Буга чейин ойноп-күлдүм, жүр­дүм, арак ичтим дегендей. Эч кандай деле мүйүз чыккан жок. Ошондо “отузга чыкканда токтолом” деп өзүмдүн алдыма максат койгон элем. Мына отузга да чыктым. Буюрса, ошол максатым иш жүзүнө ашканы турат.
– Келинчегиңе жасаган мамилеңди да өзгөрткөн чыгаарсың?
– Үйбүлө болгон соң казан-аяк кагышпай койбойт дечи, бирок, башынан эле биздин үйдө чоң жаңжал болбойт. Келинчегим Рахат акылдуу жан, ал андай нерсеге жеткирбейт. Анын үстүнө жашаганыбызга мына, 8-9 жыл болуп калды, урушкандын да кызыгы жок болуп калат экен. Эми башталып келаткан урушка “сүй­лөбөй эле койчу” деп Рахатты сүйлөт­пөй, чекит коюп салам.
– Чыгармачыл адамдардын негизги каражат булагы сахна болсо керек деп ойлойм. “Сахнаны таштайм” деген чечимге келгениңде үй­бүлөңдү кантип багам деп ойлодуң эле?
– Көпчүлүк бизди “сахна менен оокат кылат” деп ойлошот. Бирок, мен жеке өзүмдү алсам, эки жылдан бери концерт деле коё элекмин, гастролго деле чыкпайм. Кыскасы, сахнадан мен жарып кеткен деле жокмун. Бирок, Кудайга шүгүр, оокатым өтүп эле жатат. Менин өзүмө жаккан бир сапатым – бир нерсеге бат аралашып кетем. Ушул сапатымдан улам кайсы жерден болбосун, акча жасап алууга жөндөмдүүмүн. Кудай деген куру калбайт эмеспи. Ниетиң түз болсо, Кудайым өзү берет.
– Атаң Манас Бердибековдун бир кылымда бир жолу жаралчу инсан экендигин эч ким тана албаса керек. Андыктан, атаңдын атын көп эле жолу пайдалансаң керек?
– Албетте, мен ушул убакка чейин атамдын аты, анын кадыр-баркы менен эле жашап келе жатпаймынбы. Кайда барсам, “Макенин баласы” деп сыйлап турушат. Эң эле жөнөкөй нерсе, МАИчилер да бир карап эле: “Ой, бул Макенин баласы турбайбы”,- деп коё беришет. Мен атам менен дайыма сыймыктанып келем. Өкүнгө­нүм – анын бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткени.
– Тилекке каршы, сен атаңдан бөлөк өссөң керек эле?
– Ооба. Анткени, атам менен апам мен алты айлыгымда эле ажырашып кетишип, мен таята-таенемдин колунда аларды ата-энем катары кабыл алып чоңойдум. Ошондуктан, фамилиям да таятамдын атына жазылып Үмөталиев болчу. Өз апамды болсо бир тууган эжем деп билчүмүн. Манас Бердибеков менин атам экени жөнүндөгү кабарды биринчи жолу 4-класста окуп жүргө­нүм­дө уккам. Ошол окуя эч эсимден кетпейт. Баарыбыз сыналгы көрүп отурсак, ак костюм-шым кийген киши экрандан чыгып калды. Дал ошол убакта таякем эшиктен кызуу болуп кирип келди да: “Оо, Санжардын атасы го”,- деп жатпайбы. Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. “Атам бул жакта отурса, кантип сыналгыдан чыгып калсын?” дегенчелик кылып оозумду ачып бир таятамды, бир сыналгыдагы кишини карап коём. Анда таенем: “Дөөрүбөй жөн отурчу!”- деп тая­кемди укуп койду. Ушундан кийин да бул тууралуу күбүр-шыбырларды угуп жүргөнүм менен таенемден батынып сурай алчу эмесмин. Качан гана 11-класс болгонумда таенем жанына отургузуп алып, баарын төкпөй-чачпай айтып берди.
– Анан атаңды издей баштадыңбы?
– Жок, дароо эле издеген жокмун. Мектепти бүткөн соң Кочкоратада спирт сатып иштеп жүрдүм. Бир күнү сыналгыдан Жалалабаттагы Барпы атындагы театрда боло турган бир концерттин жарыясын угуп калдым. Катышуучулардын арасынан атамдын да атын уктум да, ага жолугууну максат кылып койдум. Концерт болоор күнү театрга барып, сахнанын артына өтсөм, атам бир топ куудулдар менен туруптур. Баары менен учурашкан соң: “Мен сизге келдим эле”,- деп атама кайрылсам, дароо эле: “Сен Санжар эмессиңби?”- деп жатпайбы. “Санжармын” десем, улам-улам өпкү­лөп, кучагынан чыгарбай көпкө турган. Анан “мени менен кетесиңби?” деди эле, ойлонбой туруп: “Кетем!”- дедим. Ошентип, атамды ээрчип борборго келе бергем. Мен анда 18 жашта элем.
– Мунуңа баккан ата-энең эмне дешти?
– Туура эле кабыл алышкан. Анын үстүнө мен алардан биротоло кеткен жокмун. Бишкекке келгенден кийин атамдын үйбүлөсү менен Жал кичирайонунда он беш күндөй турдум да, көнө албай, өз алдымча болуп кеттим. Андан кийин кайра Жалалабатка кетип калдым. Кыскасы, атам менен дээрлик чогуу деле жашаган жокмун.
– Азыр баккан ата-энеңдин көз­дөрү тирүүбү?
– Ооба, экөөнүн тең көзү тирүү. Жакында эле айылга барып, 80 жылдык тоюн өткөрүп келдим. Өз апамды болсо Беловодск айылынан үй сатып берип, үйбүлөсү менен көчүрүп келсем, бир аз жашады да, көнө албай кайра айылга көчүп кетип калышты. Эми өзүм ал короого мал кармап, фермердик да кылып көрөйүн деп жатам. Албетте, бул иш менен өзүм алектенгенге убактым аз болот, бирок, жардам бере турган инилерим бар.
– Атаң тараптагы туугандарың менен да мамилең жакшы болсо керек?
– Албетте, азыр жакшы. Бирок, аларды да кеч тапканмын. 9-классты аяктаган соң Базаркоргондун борборундагы орто окуу жайдын айдоочулук бөлү­мүн­дө окуп калдым. Ошондо окуу жайдын ичинде өзүбүзчө эстрадалык топ ачып, чет жакадагы айылдардагы тойлордо ырдачубуз. Бир жолу да чоң атамдардын айылына тойго бармай болуп калдык. Топтун жетекчиси менин Манас Бердибековдун баласы экенимди билчү эле. Мен аны жолду катар: “Менин Манастын баласы экенимди эч кимге айтпаңыз”,- деп көндүрүп бардым. Ал айтпаска сөз берди. Бирок, той ортолоп калганда агайым мас болуп калып: “Азыр Манас Бердибековдун баласы Санжар ырдайт!”- дебеспи. Аны уккан эл чуру-чуу түшүп эле калышты. Той деле калды, тапырашып келип улам бири бетимден өөп калпак, чапандарын кийгизип калышты. Ошентип, элдин курчоосунда турсам, карыган абышка келип: “Айланайын балам!”- деп эле кучактап калды. Көзүнөн жашы агып жатыптыр. Чоң атам экенин дароо эле билдим. Бердибековдор менен ошондон баштап катыша баштагам. Чоң атама айылга барган сайын жолугуп, денсоолугун сурап турам. Байкелерим менен да мамилем жакшы.
– Уулуң да чоңоюп калгандыр? Чоң атасына окшош жактары барбы?
– Атамды бир тартса уулум Беродор тартат. Азыр алтыга чыгып калды. Чоңойгон сайын чоң атасына улам бир жери окшошуп эле баратат. Баскан-турганы, сүйлөгөндөрүнө чейин чоң атасыныкы. Куудулдук да таланты бар. Ильяз Абдыразаков анын кумири. Эртеден кечке анын ырдаганын, бийлегенин туурап эле отурат. Бир жолу Ильяз үйгө барды эле, кеткенге чейин бир сүйлөбөй аны оозун ачып карап отура бериптир. Биз аны байкабайбыз, кеткенден кийин апасы айтып жатпайбы. Азыр Ильяз экөө жакын дос.
– Жаңы ырларды жаратып жатасыңбы?
– Мен эми ырды бир аз токтото туруп, сатирага өтөйүн деп жатам. Билбейм, негедир ушул жагына илхам көбүрөөк келип жатат. Жакында болчу концертимде чоң куудулдар менен атамдын ойногон сатираларын ойнойм. Албетте, атамдын деңгээлине жеткире албашым турган иш. Ошентсе да туулган күнүнө карата атамдын күйөрмандарына аны дагы бир жолу эстетип коюуну туура көрүп жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан