Ынак Осмоналиев: «ЭРКЕК БОЛМОЮНЧА АЯЛЫМДЫ ТӨРӨТӨ БЕРЕМ»

Ынак Осмоналиевдин аткаруусундагы жөнөкөй мотивдеги жагымдуу ырлар ыр жандуу калкыбыздын көп бөлүгүнө тараган. Улуу-кичүүнүн жүрөгүнө бирдей жеткен мындай ырлардын аткаруучусу Ынак 1977-жылы 3-ноябрда Талас шаарында төрөлгөн. Үч биртуугандын улуусу. Үйбүлөлүү. Үч кыздын атасы.

– Ынак, чыгармачылыкка кеткен чыйыр жолуң кандай башталганы күйөрмандарыңдын кызыгуусун жаратпай койбосо керек. Ушул тууралуу баяндап берсең?
– Мен Талас шаарында туулуп, ошол шаарда өскөнүм менен балалыгымдын көп бөлүгү Арал айылында өттү. Ал айылда чоң атам жашачу. Биздей боз балдарга шаарга караганда айылдагы жашоо кызык да. Тоо-таштын арасында суй жыгылганча эшек минип ойномой... Ошондуктан, жума күн­дүн келээрин чыдамсыздык менен күтүп, ал күнү мектептен чыгып эле алтынчы күнкү сабакты асып коюп, Аралды көздөй зуу койчумун. А биринчи күнкү сабакка келмей жок.
– Ар кимдин чыгармачылык шыгына ар нерсе: ата-энесинин таланты, кооз жаратылыш жана башка нерселер себеп болот. Бул жаатында сенде кандай?
– Менин атам өмүр бою шоопур болуп иштеп келсе, апам соода тармагында кызмат кылган адам. Менин Аралга качканымдын дагы бир себеби ушул болсо керек, чоң атам комузду келиштире чертчү. “Үйрөтүңүз” деп канча асылдым. Бирок, чоң атам үйрөтүп отургандан зерикчү беле, эмнегедир көп маани берчү эмес. Болгону бир жолу ушинтип кулагынын кужурун ала бергенимден эптеп эле кутулайын десе керек: “Түндө комуз менен нанды башыңа коюп жатсаң, эртең менен комуз черткенди үйрөнүп каласың”,- деп койду. Жашмын да, мен да ишенип алып чоң атамдын айтканындай кылдым. Балалык кыялым менен эртең менен туруп эле комузду шатыратып ойноп кетээримди элестетип, көпкө чейин уктай албай жатканмын. Таң атпай туруп эле башымдагы комузду ала коюп ойногонго аракет кылсам, колдорум кадимкисиндей эп келбейт. Анан “кана үйрөнгөнүм?” деп чаң салганды көрө бер. Ошентип, чоң атамдын көзү тирүү кезинде андан комуз үйрөнө албай койгом. Бирок, көзү өткөн соң дубалда илинип турган комузду колума алдым да, дыңгыратып жүрүп өзүм эле үйрөнүп кеттим.
– Ушундан кийин ыр өнөрүнө чындап кызыга баштаган экенсиң да?
– Комуз үйрөнүп алганымдан кийин дагы бир нерсе үйрөнгүм келип, аккордеонго кызыга баштадым. Бир күнү дү­көн­гө кокусунан кире калсам, кооз аккордеон сатылып жатыптыр. Аны көрөө­рүм менен үйгө барып апамды колунан жетелеп келип, “ушул аккордеонду алып бербесеңиз болбойт” деп жер тепкилеп ыйлап туруп алдым. Кызыгы, ошондо аккордеонду колума биринчи жолу кармаганыма карабай ошол эле жерден Бек Борбиевдин “Алло, алло” деген ырын ойноп кетип жатпаймынбы! Комуз менен аккордеонду жакшылап өздөштүрүп алгандан кийин мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Алтын балалык” деген топто да солист катары кадимкидей иштеп, айына 47 рубль бир канча тыйыны менен маяна алчумун. Ошону менен катар окуу жагынан да эң мыкты окуган окуучулардын катарында элем. Ал кезде жакшы окуган окуучуларды Артекке жиберишчү. Бир жылы мен бармай болуп, жөнөөрдө классыбыздагы бир чоңдун кызын менин ордума жиберип коюшканда ушунчалык ыза болгонум азыр да эсимде.
– Жакшы окуган, жакшы ырдаган жигит болсоң, кыздардын да көңүл борборун ээлесең керек?
– Менин жашоом өзүнчө эле көңүлдүү болчу. Кайсы айылда отуруш болсо, аккордеонум экөөбүз ал отуруштун гүлү болчубуз. Анан албетте, кыздардын көңүлүн бурдуруш оңой болот да. Бир-эки жолу ырдап койсоң эле кыздар өздөрү тийише башташат. Бирок, көп кыздардын ичинен көңүлүмө чындап төп келгени Алия, Галия деген эгиз кыздардын Галиясы болчу. Тилекке каршы, Галия менен жарытылуу деле жүрө алган жокмун. Анткени, ал мектептин эң сулуу кызы болгондуктан, ага ашык болгон жигиттер чачтан көп эле. Дал ошол Галиянын айынан улуу балдардан көп эле жолу токмок жеп калдым.
– А чыныгы сүйүүңө качан жолуктуң?
– Чыныгы сүйүүм болгон жубайым Сыргага 11-класста окуп жүргөн кезимде жолуктум. Анда ал 7-класста окучу. Сырганы чындап сүйгөнүмдү ушундан бил, шаарга келип, студент болгон алгачкы жылдары ар ишемби сайын эле Таласка жөнөп калчумун. Автобуста орун жок болсо да түшүп алып, Бишкектен Таласка чейин туруп барган күндөрүм да болгон. Анан арабыз алыс болуп сагынганда отуруп алып ага арнап ырларды жазчумун. Ал ырларымдын бири – элге анча-мынча таралып калган “Таластык кыз татынакай жердешим” деген ырым.
– Сенин элге атыңдын таралышына өз салымын кошкон ырларыңдын бири ушул эмес беле. Демек, бул студент кезиңде эле жаралган ырың экен да?
– Ооба, 1-курста жазгам. Уксам, кийин Таласта бул ырымдын авторлору пайда боло баштаптыр. Тааныштарымдан “сенин ырыңды баланча деген адам өзүнүкү кылып ырдап жүрөт” деген сөздөрдү угуп калдым. Менин чоң сахнага чыгышыма дал ушул өз ырыма болгон кызганычым түрткү болгон.
– Бул окуя болбогондо сахнага чыгайын деген оюң жок беле?
– Чынын айтсам, жок болчу. Анткени, ата-энемдин жаш кезимден берки “ырчы болбойсуң” деген талабы мээме сиңип калган эле. Ошол үчүн мектепти бүт­көн соң Бишкектеги Жогорку милициялык академияга тапшыргам. Бирок, бул жакта деле ырдап, маданий иш-чараларга активдүү катышып жүрдүм. Тилекке каршы, окуумдун аягына чыга алган жокмун. “Дедовщина” деген нерсеге катуу берилип кеткен экенмин, үч жарым жыл окугандан кийин тентектигимдин айынан окуудан айдалып кеткем. Башты жерге салып Таласка барсам, Сырга мектепти алтын медаль менен аяктап жатыптыр. Ал “өз күчүм менен окууга өтөм” деп экөө­бүз ээрчишип кайра борборго келип, Сырга БГУга окууга тапшырды эле, акыркы экзаменден кулап калбаспы. Анан кайра Таласка баргандан намыстанып, экөөбүз үйлөнүп алдык. Андан кийин гана Сырга кайра окууга тапшырып, юридикалык билимге ээ болду. Ошентип, эми үйбүлө багууга туура келди да. Ал убакта үйбүлөбүз Бишкекке көчүп келип, “Дордой” базарынан контейнер алып иштетип жатышкан. “Башка түшсө байтал – жорго” демекчи, алар менен кошулуп мен да базарга аялдардын бут кийимин сатып иштеп калдым. Ошон­до окуумду кайра калыбына келтирип, келечекте милиция кызматкери болом деген бир гана максатым бар эле. Ошондой күн­дөр­дүн биринде эле анан жанагы менин ырымды менчиктештирип алгандар жөнүндө угуп калып жатпаймынбы.
– Мурун каршы болуп жүргөн ата-энеңден уруксат сурадыңбы?
– Аларды азыр деле «жүз пайыз чыгармачылыгымды колдойт» деп айта албайм. Анын үстүнө мен аябай жакшы коммерсант элем. Соода менен үйбү­лөм­дү кенен бакчумун. Кийин “сахнага чыгам” деген ой келгенде соодага болгон кызыгуум да такыр тарап кетти. Көгөрүп отуруп алганымдан айла жок макул болушту. Бирок, сахнага келгеним менен дароо эле баары ойдогудай болуп кеткен жок да. “Форма тиктирем”, “ыр жаздырам”, “аранжировка жасатам” деп эле улам-улам апамдан акча сурай берсем ал тажаганынан: “Ай, токтотчу ушул ырыңды, базарга келип иште!”- дей баштады. Ага да карабай өзүмдүн чыгымдарыма өзүм базардан акча таап, кыскасы, азбы-көппү ырчы катары таанылып алдым.
– Азыр деле базарга чыгасыңбы?
– Быйыл эле чыкпай калдым. Анткени, соода кылууга мүмкүн болбой калды. Ырчы болсо эле курсагы ачпай кала тургансып, ар ким ар кандай сөз айтат экен. “Апей, бул ырчы го? Базарда соода кылат турбайбы?”- деп маңдайыма туруп алып колу менен көрсөтүш­көн­дөрдөн тажап кеттим.
– Сыргага болгон алоолонгон сүйүүң­дүн табы дагы деле өчө электир?
– Албетте, жүрөктүн түпкүрүндө ага болгон сүйүүм жашайт, бирок, убакыт өткөн сайын сүйүүң деле солгундай баштайт экен. Же балдарыңа өтүп кетеби, билбейм...
– Айрым эркектер болот эмеспи, эркек балалуу болбосо кыздарын жээрип же аялын күнөөлөгөн. Сен антпейсиңби?
– Кудай бизге катарынан үч кызды берди. Буюрса, кыздарымдын улуусу 1-класста окуп, кичүүсү төрт айлык болуп калды. Чынын айтсам, акыркысында эркек күткөм. Анткени, доктурлар “эркек” дешкен болчу да. Көрсө, киндигин көрүп алышып эле “эркек” дей беришиптир. Кыз төрөлүп калганда эркек эмесминби, бир аз маанайым түштү. Бирок, жээриген жокмун. Азыр тескерисинче, кичүү кызымды баарынан жакшы көрөм. Буюрса, эркек болмоюнча аялымды төрөтө берем.
– Сенин “Гүлдөр” аттуу ырың сага ийгилик алып келген ырларыңдын катарын толуктайт эмеспи. Ал эми жүрөктөн чыккан ырдын гана жүрөктөргө жетээри турган кеп. Сурайын дегеним, ырыңдын жү­рөктөн чыгышына бир нерсе себеп болгондур?
– Ыр менин калемиме таандык эмес. Ошентсе да мунун өзүнчө кызыктуу тарыхы бар. Негизи, мен бул ырды тээ бала кезимде угуп калаар элем да, анча-мынча ыргактары эсимде калган экен. Бир жолу Таласка барып, бир жеңеме жолугуп калдым. Ал кезде жеңем менен байкем ажырашып кетишкен эле. Байкем дегеним, экөө­бүз­дүн чоң аталарыбыз биртууган. Ошондо жеңем менен сүй­лө­шүп отуруп: “Жеңе, бир кездерде ушундай ыр ырдап калчу элеңиздер го, ошол ырдын автору ким? Мен жаңылап ырдап чыгайын дедим эле”- десем, “апей, сен өзүңдүн байкеңдин ырын билбей калдыңбы?” деп жатпайбы. Көр­сө,бул ырдын обону байкемдики экен да, сөзүн жеңем жазган экен. Бирок, сөзү Ысыккөл жөнүндө болчу экен. Кийин башка эле бирөө бул ырдын сөзүн алмаштырып, азыркы мен ырдап жүргөн вариантын жазыптыр. Кийин ал байкеге жолугуп андан уруксат сурадым да, үчүнчү куплетин өзүм кошуп ырдап чыктым. Өкүнүчтүүсү, ырдын обонун жазган ошол байкем 11 жылдан бери дайынсыз. Акыркы жылдары ичкиликке азгырылып, “Ош базарындагы” бомждордун катарына кошулуп калганда туугандарынан эч кимибиз аны бул жаман илдеттен сууруп чыгууга алыбыз жетпей калган эле...
– Мындан эки жыл мурун уюштурган концертиң кандайдыр бир себептерден улам болбой калган эле. Бул жолу андай коркунучтар кү­түл­бөйбү?
– Арадан эки жыл өтсө да ал үчүн күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Спорт Ордосунун кызматкерлеринин жоопкерсиздигинен улам ушундай абалга туш болуп калган элем. Быйыл буюрса, андай кемчиликтер болбойт деп сөз берем. Катуу даярдыктарды да көрүп жатам. Баса, бул жолу күйөрмандарым жубайым Сырга экөө­бүздүн дуэтибизге күбө боло алышат.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 289, 16-22-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан