Ташкент кызы Гүл: «ХИДЖАБ КИЙГЕНИ ТАКЫБА АДАМГА БАШ КОШУУНУ ТИЛЕП ЖАТАМ»

Ташкент кызы Гүл деген ысым азыр жаштардын кулагына сиңип калган ысымдардын бири. Анын жазган ырларын, жараткан обондорун азыркы сахна жылдыздары аткарып жүрүшөт. Ар дайым элден өзгөчө кийинип, өзгөчө жаңылык киргизүүнү жактырган ырчы шоу-бизнес жаатында да бир өзгөчө жаңылык жаратты. Башкача айтканда, хиджаб кийип сахнага чыга баштады. Эми ырчы кыз күйөрмандарына Алла Тааланы даңазалаган, жаштарды ыймандуулукка чакырган ырларын тартуулайт.

– Гүл, алгач Кудай жолуна түшүп, хиджаб кийүүңө эмне таасир болгонунан кеп салып берсең?
– Мен негизи, кичинекей кезимден эле “Кудай жолуна түшсөм” деп ниет кылчумун. 8-классты аяктагандан кийин өзүбүздүн эле Манас айылындагы №110-кесипчилик лицейинин тигүүчүлүк бөлүмүндө окуй баштагам. Ошол жердеги айлана-чөйрөмдүн таасири күчтүү болду. Анткени, ал окуу жайда хиджаб, топу кийип динди ыйык туткан улан-кыздар көп эле. Анын үстүнө, андай адамдар окуу жайга да дават айтып көп келишчү. Ошол кезде эле хиджаб кийгим келчү. “Ар бир нерсенин өз убакыт-сааты бар” деген туура окшойт, эми кие баштадым.
– Ата-энең да Кудай жолунда жүргөн адамдарбы?
– Алар азырынча намаз окууга ниеттери гана бар, бирок, бара-бара намазга жыгылып, Кудай жолуна түшөт деген ишеничтемин. Менин мындай жолго түшөөрүмдү уккан ата-энем алгач уруксат бербей, кооптонуп жүрүштү. Мени “жер кыдырган молдо болуп кетет экен” деп ойлошту го. Мен баарын түшүндүрүп айткандан кийин макулдуктарын беришкен. Азыр мени менен чогуу жашаган сиңдим Нурзат да намаз окуп жатат.
– Азыр намаз окуп, үйдөн да, көчөдөн да дайыма хиджаб кийип жүрөсүңбү?
– Намаз окуп баштаганыма сегиз ай болуп калды. Намазды каза кылбай окуганга аракет кылганым менен ишимдин көптүгүнөн каза кылып алып жатам. Аларды куптан намазына же бешим намазына кошуп окуп коём. Хиджаб кийгенден тарта мурда кийип жүргөн кыска көйнөктө­рүм­дү, жеңи жок топиктеримди кийгим келбей калды.
– Сахнага хиджаб кийип чыгышыңды сахналаштарың кандай кабыл алышты?
– Кудай жолуна түшөө­рүмдү угушкан сахналаштарымдын арасында: “Сен азыр жашсың, мындай жолго түшпөй эле кой, кийин деле жетишесиң”,- дегендер көп болду. Бирок, менин бала кезден келаткан өзүмдүн оюмду бирөө­нүн ою менен алмаштырбаган өжөр мүнөзүм ага жол бербеди. Адамдар менин ишиме канчалык каршы чыгышса, мен огобетер ал иштин майын чыгара жасаганга жөндөм­дүүмүн. Андыктан, ал ишимдин акыбети кайтат. Албетте, мен үчүн мындай кадамга барыш чынында тобокелдик болду. Анткени, “азыркы шоу-бизнесте биринчилерден сахнага хиджаб кийип ырдап чыкканы жатсам, анан эл кандай кабыл алат?” деп кооптонот экенсиң. Ал эми сахнага да хиджаб кийип чыгаарымды уккан кээбир ырчылар жакшы кабыл алышты.
– Мындан ары деле бардык темадагы ырларды ырдай бересиңби?
– Негизи, келечекте жаштарыбызды ыймандуулукка, туура жолго түшүүгө чакырган темадагы гана ырларды ырдайм. Бул ырларым эстрада менен коштолбойт. Менин үнүмдү керектүү жерден кыз-жигиттер коштоп ырдашат жана добулбас урулат. Азыр сөзүн да, обонун да өзүм жараткан Алла Тааланы даңазалаган бир эле “Тобо кылалы” деген ырым бар. Майдын башында он күн Токтогулда Искусство институтунун таланттуу жаштары менен гастролдоп келдим. Ошондо ушул ырымды хиджаб кийип ырдап чыктым. Бул ырым жогоруда айтып өт­көндөй, эстрада менен коштолгон жок.
– Ал ырыңды ким коштоп турду?
– Бул ырымды Искусство институтунда окуган Курал деген жигит коштоду. Ал динге берилген деле бала эмес, болгону, менин үн коштой турган жигит издеп жатканымды угуп келген.
– Сенин бул кадамыңды күйөр­ман­дарың кандай кабыл алат деп ойлойсуң?
– Жогоруда “Токтогул районунун айылдарын кыдырып келдик” деп айтып өтпөдүмбү. Негизи, Токтогул эли – таланттарды баалай билген эл. Сахнада мурдагы аткарып жүргөн ырларымды ырдаганымда залдагылар кол чаап колдоп отурушту. Ал эми хиджаб кийип алып диний багыттагы ырымды аткарганымда жадакалса анча-мынча “майрамдап алгандар” да тынчып, мемиреп угушту. Ырым бүткөн­дөн кийин көпкө кол чабышты. Концерттен кийин бир топ адамдардан ошол ырым туурасында жылуу пикирлерди уктум. Менин бул кадамымды эл туура кабыл алып, колдооруна ишенимим чоң.
– Мурда мүнөзүң кандай эле, азыр өзгөрүлдүбү?
– Менин баскан жолумду экиге бөлүп кароого болот. Кудай жолуна түшкөнгө чейин той-топурга, кечелерге көп барып, кичине шарап иччүмүн. Анан да дос-тааныштарым менен каткырып тамашалашчумун дегендей. Азыр кечелерге барбайм, ичимдик ичпейм. Бирок, көңүлүмө жаккан жакын досторум менен мурункудай каткыра күлбөсөм да, сырдашып сүйлөшө берем. Мүнөзүм мурункуга караганда токтоо болуп, эч кимге кек сактабай, бардык адамдарга боорукерлик менен карап калдым.
– Негизи шариятта кыз баланын ырдашына жол берилбейт эмеспи?
– Ооба, ошондой. Бирок, менде Кудай берген талант бар. Ошол талантым менен элдин жүрөгүнө жеткидей, тарбиялык мааниси күчтүү, жаштарга таасир бере тургандай, аларды туура жолго үндөй турган ырларды жараткым келет. Мен ыр жаратып сахнага чыкпасам, жандүйнөм жабыркап калабы деп корком.
– Учурда жаңы ыр, обон жаратып жатасыңбы?
– Ыр жазып, обон жаратуу – мага жаккан убакыт-сааттардан. Андай кезде өзүмдү учкан куштай эркин сезем. “Ыр жазып бер” деп келген ырчылар менен мурдагыдай эле “соодада достук жок” деп сатуу же алмашуу жолу менен иштешип жатам. Көпчүлүк учурда айрымдарына жардам катары бекер жазып берсем, кээбирлери акысын көңүлдөрүнөн чыгарып беришет. Кудай буюрса, келечекте ырдалчу диний багыттагы ырларымды да өзүм жазам. Бирок, албетте, көңүлүмө жаккан акындар, обончулар менен да иштешем.
– Мурда аткарып жүргөн ырларыңдын тагдыры эмне болот?
– Буга чейин аткарып келген ырларымдын баары сүйүү темасында болчу. Алардын баарын биртууган сиңдим Нурзат өз үнү менен жакында аткарып чыгат. Учурда ал үйдөн ар бир ырды ырдап көнүгүп жатат. Качан менин көңүлүмө толуп, өзү да “даярмын” дегенде дароо ырларды жаздырып, радиолорго бере баштайбыз.
– Азыр дагы эмне менен алектенип жатасың?
– Быйыл Искусство институтунун 5-курсун аяктап жатам. Гастролдоп кетип окуум көп учурда үзгүлтүккө учурап жаткандыктан, сүйлөшүп бүтүрөм деп жатам. Андан сырткары, бала кезимден эле журналистика тармагына жакынмын. Бул жаатта да күчүмдү сынап көрөйүн деп азыр Улуттук телевидениедеги “Темир тордогу үмүт” көрсө­түү­сүндө практикант катары редактор болуп иштөө­дөмүн. Съёмка кандай тартылып, кантип монтаждалаарын, анан ага кантип текст жазылаарын үйрө­нүү­дө­мүн. Андан сырткары, ыр жазып, обон жаратуу менен алектенип жатам.
– Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Мен буга чейин деле сүйүүнү аруу, таза, ыйык нерсе катары карап келгем. Азыр деле бул оюмдан танбайм. Атайын чын жүрөгүмдөн берилип жактырган адамым жок. Бирок, мени жактырып, сөз айтып жүргөндөр бар.
– Келечектеги жолдошуңдун дагы Кудай жолунда жүргөн адам болушун каалайсыңбы?
– Менин динге берилгениме жолдошумдун каршы болушун каалабайм. Ошондуктан, келечектеги жолдошум ыймандуу, адамгерчиликтүү, Кудай жолунда жүргөн адам болсо дейм жана ошондой адамга жолугаарыма көзүм жетет. Менин ички туюмума караганда мындай жигитке 24 жашыма чейин сөзсүз жолугам.
– Жаңы ырыңа клип тарттырасыңбы?
– Ырдын маанисине карата клип тарт­тырууну пландап жатам. Буюрса, ырымдын клибин сөзсүз мечиттен тартам.
– Клипке тартылганда жана сахнага чыкканда боёносуңбу?
– Албетте, боёнбосом сахнанын да, клиптин да көркү чыкпай калбайбы. Атайын мусулман айымдары колдонуучу косметикалардан колдоном. Мурда чачымды жума сайын боёсом, азыр боёбой өстүрүп жатам.
– Алдыга койгон ой-максаттарың менен бөлүшө кетсең?
– Жаштарга тарбиялык таасири бар, ыймандуулукка, гумандуулукка чакырган ырларымдын эл жүрөгүнөн орун алышын тилек кылып жатам. Ушундай багыттагы ырларымды көбөйтүп, Бишкекке концерт берсем деген пландарым бар. Андан сырткары, курамын Кудай жолунда жүргөн, тамеки чекпеген, спирт ичимдиктерин ичпеген жаштар түзгөн топ ачайын деген оюм бар. Алар менин ырларымды коштоп турушат жана өздөрү деле ырдай беришет.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 291, 30-май - 5-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан