Султан Садыралиев: «МЕН ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОЛУК КАНДУУ ЖАРАНЫМЫН»

Ырчы Султан Садыралиевдин кыргыз шоу-бизнесине аралашканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралык Султан үчүн көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Жагымдуу ырлары менен бир нече күйөр­ман­дарды табууга да, жаш жүрөк­төрдү багындырууга да жетишти. Жаш жү­рөк­төрдүн кол жеткис адамына айланган бул ырчынын акыркы жаңылыктары, алдыдагы “Садыралиев тартуулайт” аттуу концертиндеги өзгөчөлүктөр туурасында ырчы менен маек курган элек.

– Султан, орто жерден чыгармачылыгыңда бир аз тыныгуу болуп кетти окшойт?
– Ооба, бир аз убакыт чыгармачылыктан алыс жүрдүм. Ата-энем ооруп калып, аларды Бишкекке алып келип, ооруканага жаткырдым. Ошентип, үч айга жакын такай алардын жанында болдум. Кудайга шүгүр, азыр экөөнүн тең денсоолугу жакшы.
– Эмне болуп ооруп калышты?
– Атам мурун көп жылдар колхоздун уюн багып, апам ошол эле колхоздо саанчы болуп эмгектенген. Колхоздор тараган акыркы жылдар менин эс тарткан кезиме туш келди. Фермадагы ар бир уйга Актөш, Алабай, Аксары сыяктуу аттарды коюп эркелетчүмүн. Уй сааганы чыккан апама ар бир уйду атынан айтып, чыбык менен айдап келип бер­чүмүн. Апам эртеден кечке ферманын ичинде жүргөн­дүктөн, кыштын кыраан чилдесиндеби, нөшөрлөп төккөн жамгырдабы, дайыма керзо өтүк кийип жүрчү. Экөөнүн денсоолугуна ошол жылдардагы бизди багабыз деп тытынган эмгектин залакасы тийсе керек деп ойлоп жатам. Атамдын да, апамдын да муундары ооруду.
– Кичинекейиңде ата-энеңдин ишине кол кабыш кылсаң, чоңойгондо аларга ырларың аркылуу дем-күч берип жаткан турбайсыңбы?
– Жылда май айынын ортосунда ата-энем уй багып жайлоого чыгышаар эле. Мен каникулга тарай элек болсом да алар менен кошо жайлоого чыгып кетчүмүн. Жайдын күнү болсо деле тоо суук болот эмеспи. Жа­ңы туулган музоону үшүп калбасын деп боз үйгө көтөрүп келип, жылытуу үчүн от жагып атама жардам берчүмүн. Апам тамак-аш алып келгени айылга түшкөндө атка учкашып эрмек болгон күндөрүм али­гече эсимде. Ошондо “апам атты качан чуркатаар экен?” деп эле күтө берээр элем. “Чап” деген сөз казакча “шап” деп айтылгандыктан, атты чуркаткым келгенде апама: “Атты шап, атты шап!”- деп ыйлаган да күндөрүм болгон. Апам мени аттан шыпырылып түшүп калбасын деп чоң жоолугу менен белине таңып алчу. Ал эми чоңойгондогу жасап жаткан ишимден экөө тең күч-кубат алышат десем жаңылышпайм. Бирок, атам эстраданы баалабаган адам. Эстрадага караганда элдик ырларды жакшы көрөт. Кыргыз ырчыларынын арасынан ага Бакыт Шатеновдон башка эч ким жакпайт. Ырларымдын ичинен “13 жашар баланын арманын” жана “43 жашарды” жакшы көрөт. Апама “Ай, энем” деген ырым өзгөчө жагат, ал гана эмес, ырдын текстин да жатка билет.
– Атайдын “Күй­дүм чогун” да ырдап чыгыпсың?
– Мен өзүмө жаккан гана ырды ырдай алам. Жагдайга жараша, продюсерим баш болгон бир топ адамдар “ырдап көрбөйсүңбү?” деп көп эле ыр сунушташат, бирок, ал ыр өзүмө жакмайынча ырдаганга дитим барбайт. Мага Атайдын бардык ырлары жагат. 2001-жылы 8-классымда «Атайдын 100 жылдыгына катышам» деп анын бүт ырларын жаттагам. Ошондон бери “Күйдүм чокту” ырдасам деген ой жадымда жүргөн. Акыры максатыма жетип, эстрада менен комуздун коштоосунда ырдап чыктым.
– Жалаң ырчылардын катышуусу менен тартыла турган “Достор” фильминде сен башкы ролду ойнойт экенсиң, ага кандайча мүмкүн­чүлүк алдың?
– Рысбек Жабировдон жакында жетим балдар жөнүндөгү “Достор” деген кино тартылаарын укканымда мен ага “казак, кыргыз элдеринин улуттук аспаптарынан арасына кошуп кетпейсизби?” деген сунушумду айткам. Рысбек байке менин ушул оюмду эске алганбы же өзүнүн да оюнда жүргөнбү, кинонун сценарийине домбраны кошуп кетиптир. Башкача айтканда, бир аял жалаякка оролгон мени, анан домбраны балдар үйүнүн алдына таштап кетет. Калганын айтпай турайын, кино тартылып бүткөн­дөн кийин өзүңөр көрөсүңөр да. Сценарийге домбра кошулганы үчүн режиссёр мени башкы ролго тандаган экен. Бул фильмди тартуу азырынча баштала элек. Алдыдагы концертимди берип алгандан кийин баштоону пландап жатабыз. Фильмге тартылуу үчүн мен чачымды кырдырышым керек экен. Буга продюсерим кандай карайт, аны азырынча сүйлөшө элекпиз.
– Достор демекчи, жашоодо кан досуң барбы?
– Чыныгы кан досторум деп сахналаштарым Мирбекти, Урматты, Акбарды айта алам. Бирок, төртөөбүз тең турмушта атаандаштарданбыз. Сахнада, чыгармачылыкта атаандашканыбыз менен бири-бирибизге ниетибиз түз, кандай кырдаал болбосун тике туруп берүүгө даярбыз деп ойлойм. Мирбек экөөбүз тең продюсерлерибизден кеткенден кийин убакыттын өтүшү менен туура эмес кылганыбызды билип, мен продюсеримден кечирим сурап кайра кайтып келбедимби. Ошондо мени Динара эже кабыл алганы менен Мирбек менен Асыл эже бир топко чейин келише албай жүрүшкөндө мен да кадимкидей чүнчүп кеткем. Мирбекке жардам берүүнүн түрдүү жактарын ойлоп жүрүп, акыры экөөнү элдештирүү максатында атайын сценарий түздүм. Ал сценарийди Динара эже колдоду. Чогуу иштешкенибиз менен Динара эже үйүмдү бир да жолу келип көргөн эмес эле. Сценарий боюнча Динара эже менин үйүмө Асыл эжени ээрчитип конокко келди. Үчөө­бүз отурсак, билмексен болуп Мирбек келип калды. “Жолугуп сүйлө­шө­лү” десек макул болбой жаткан Асыл эже аргасы жок Мирбек менен сүйлөшүүгө туура келди. Ошентип, ортодогу бир топ сөздөрдөн кийин Мирбек досум продюсери менен жарашты. Менин ошондо түзгөн сценарийим жакшы жыйынтык берип, азыр экөөбүз тең көп­төгөн ийгиликтерге жетишип жатабыз.
– Байкашымча, көпчү­лүк жаш ырчылар өз эмгеги менен байлык топтогонго жетишип жатат. Сенин кандай материалдык байлыктарың бар?
– Бардык нерсе өз убагы менен келет деп ойлойм. Мен акчанын артынан түш­пөйм. Акча менин артымдан түшсүн деген принцип менен жашайм. Алдымда айдап жүргөн машинам бар. Туулуп-өскөн Луговое айылына там салгам. Азыр ал жерде ата-энем жашайт. Жыйырма эки жаштагы балага мындан ашык байлыктын кереги деле жок болсо керек.
– Тапкан акчаңдын көбүн кайда жумшайсың?
– Көбүрөөгүн албетте, ата-энеме жумшайм. Азыр ата-энем айылда өздө­рү эле турушат. Улуу байкем, жеңем Бишкекте. Эжелерим өздөрүнчө турмуш куруп кетишкен. Ата-энем экөө тең иштебейт. Ошондуктан, акчамдын көбү­рөө­гүн дароо аларга жөнөтөм.
– Мүнөз жагыңа токтоло кетсең. Жүрүш-турушуңдан эмнегедир сүйүүгө туруксуздай көрүнөсүң?
– Туура айтасыз, мен сүйүүгө туруксузмун. Балким, бул менин чыныгы сүйүүгө жолуга электигим чыгаар. Бир кызды жактырып таанышып калгандан кийин аны менен жакшы эле мамиле түзө баштайм. Бирок, ал сүйүүм ашып кетсе эки-үч айга созулат. Ал эми мендеги жалпы сапаттарга токтоло кетсем, өтө эле шашмамын. Бир нерсени ойлонуп отурбай эле чечип салам. Антсе да ал чечимим мага жакшы жыйынтык алып келет. Анан ичиме сыр ката албаган ачыктык жагым да бар. Бул мүнөзүм көп учурда ишимди солгундатып коёт. Бирөө мага жакпай калса, аны ачык айтам же жасаган мамилем аркылуу көргөзүп салам. Туура эмес жасаганымды моюнума алып, кечирим суроо жагынан айкөлмүн. Көпчүлүктүн “менменсинип жүрөт” деген сөзүнө кошулбайт элем. Анткени, менин кебетем алдамчы десем болот. Кебетем бой көтөргөндөй көрүнгөнү менен сүйлөшө келген адамга андай таасир калтырбасымды мени менен таанышкан адамдардын баары айтып келишет. Ушул жашка келгени ийгиликке жетишкен адамдардын бир калыпта жүргөнүн көрө элекмин. Менде деле убагында анча-мынча көпкөндүк болгон.
– Күйөрмандарыңдан алган өзгөчө белегиң?
– 2007-жылы күзүндө койгон концертимдеги бир күйөрман кыздын белегин өмүр бою унутпасам керек. Ырдап бүткөндөн кийин эле бир кыз сахнага чыгып мени көздөй келатат. Гүл береби десем, колунда гүлү же каты жок. Бетимден өпкө­нү келатат окшойт деп жатсам эле колумду кармап туруп, нике шакегин салып жиберди. Мен эч нерсени түшүнбөй эле туруп калдым. Дагы жакшы, “бул эмне, кудалагандыкпы?” деп сөз таап чыгып кеттим.
– “Ырчылык убактылуу жумуш” деген пикир көп айтылат. Келечекте да­гы башка кесиптин ээси болууну көз­дөгөн жоксуңбу?
– Чынында, шоу-бизнес кайсы жерде болбосун ырчылар үчүн түбөлүктүү жумуш эмес. Мен азыр убактымды, өзүмдү, дилимди 100 пайыз сахнага арнап келем. Бирок, убакыттын өтүшү менен, болжол менен 20-30 жылдан кийинки ордумду башка жерде элестетем. Ал учурду азыртан ойлонуп, жакында боло турчу концертимден кийин Улуттук университеттин экономика факультетине документ тапшырып коёюн деп жатам.
– 20-30 жылдан кийинки экономист Султан Кыргызстанда иштейби же Казакстандабы?
– Албетте, Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизе турган экономист болом деп ишенем. Ата-энем Казакстандын жараны болгондон кийин мен да ошол жактыкы болуп эсептелчүмүн. Буга чейин тааныштарым, досторум тамашалап: “Сен өзү кыргыз эмессиң, кана, документиң?”- дей беришчү. “Менин жарандыгым жок болгону менен менин бетимдин өзү документ” деп тамашалап койчумун. “Кыргызстанда 5 жыл толук жашаш керек”, “кылмыш кылбаш керек” деген сыяктуу бир топ шарттарды басып өткөндөн кийин мына, эми Кыргызстандын толук кандуу жараны болуп, колума паспорт алдым.
– Жакында болчу концертиңдеги сахнанын улуттук колоритте жасалышы, кыргыздын эски ырларына басым коюшуң анда бекеринен эмес экен да?
– Мен кыргыздын жараны болгондугумдун урматына бул концертимдеги сахнаны жасалгалоодо кыргыздын боз үйүн чагылдырууну көздөдүк. Анан кыргыздын улуттук аспаптары болгон комузда жана ооз комузда ойнойм. Комуз менен “Көк сулуу”, “Мырзайым” жана башка элдик ырларды жандуу үн менен аткарам. Концерт үчүн атайын онго жакын жаңы ырларды жаздырдым. Жакшы ырлардан куралган видеоальбом чыгардык. Альбомдун ачылышына концертке келген күйөр­ман­дарым күбө боло алышат. Андан сырткары, сырты да, ичи да өзгөчө эки диск чыгардык. Сырты өзгөчө дегеним, дисктин өңү башкача, ичинин өзгөчө­лүгү, менин тандалма ырларымдан сырткары каалоо-тилектерим айтылат жана аягында видеоавтограф коюлат. Бул эки диск атайын уюштурулган оюндардан кийин менин чыгармачылыгымды сыйлаган чыныгы күйөр­мандарым­дын колуна тиет.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан