Клара Алибекова: «КОЛУМДУ СУРАГАНДАР БИРӨӨ ДА ЭМЕС, ҮЧӨӨ»

Мындан бир топ жыл мурун кыргыз элинин учу-кыйырына “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ыр менен Клара Алибекова деген ысым дүң болгон эле. Ал дүңдү жараткан кыз анда болгону 5-класстын окуучусу болчу. Андан кийин деле кичинекей ырчы “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” деген ырлары менен белгилүүлүгүн кармап турду. Арадан бир топ мезгилдин өтүшү менен азыр Клара Алибекова унутта калып бараткансыйт. Бул ырчынын эмгектенбей койгонубу же ырчылыктан башка кесипке оогонубу? Мунун баары жөнүндө жана анын акыркы кабарлары туурасында төмөнкү маектен биле аласыздар.

БАЛАЛЫКТАН БАШТАЛГАН ЫРЧЫЛЫК КАДАМ
– Мен 1982-жылы Жалалабаттын Көкжаңгак шаарчасында төрөлгөм. Эки эркек, беш кыздын бешинчисимин. Кичинекей кезимден эле ыр-бийге шыктуу болуп, мектептеги чакан майрамдарда ошондогу белгилүү ырларды ырдап, андан сырткары, чыгыш, индия бийлерин да бийлечүмүн. Көкжаңгакта ошол кезде жандуу үн менен ырдаган ансамбль бар эле. Бир күнү 2-класстагы ырдагысы келген кыздардын баары чогулуп алып жөнөп калдык. Ансамблдин жетекчиси бизди бир-бирден ырдатты эле, мен Мерген Тургандын “Ак бантигин” ырдап бердим. Жетекчилик ошончо кыздын арасынан мени жактырышыптыр. Күнүгө сабактан чыгып алып ансамблге барып репетиция кылам. Менин мындай күн тартибимди билишпеген үйдөгүлөр мени “окууга барып, андан кийин үйгө келип жүрөт” деп ойлошчу экен. Ансамбль менен Жалалабат аймагын кыдырууга келгенде гана апам менин ырдап жүргөнүмдү билди. Биздин айылга келген атактуу ырчылар менин кичинекей болуп туруп сахнага чыгып жатканымды көрүп таңкалышчу. Менден бир нерсе чыгаарын байкаса керек, ырчы Абидин Темиров ошол жылы Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып келди. Мектептин директоруна келген максатыбызды айттык. Тилекке каршы, алар окуучуларды 3-класстан баштап кабыл алышат экен. “Анчалык эле окугуң келип жатса, 5-класстын окуучусу экениңе карабайбыз, 3-класска кирип оку”,- деди. Ага деле макул болдум. Бирок, апамдар каршы болуп коюшту. Анан кайра эле өз мектебимден окуумду улантып калдым.

АТАК АЛЫП КЕЛГЕН “КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ”
– 5-класста окучумун. Бир күнү эле ансамблдин жетекчиси мени өзүнө чакырып алып: “Тургуналы Нурматовдун “Кыргызымдын жигиттери” деген ырын жаттайсың”,- деп мага ырдын текстин берди. Карасам, абдан узун текст экен. Кыйналып жатып араң жаттадым. Ошентип, “Кыргызымдын жигиттерин” ырдап калгам. Аңгыча биздин аймактагы жаш таланттардын арасында “Таңкы чолпон жылдыз” аттуу чоң сынак болуп калды. Ошондо мен “Кыргызымдын жигиттери” деген ырым менен Гран-Прини жеңип алдым.
Бир жолу Бишкекте өткөн концерттердин биринде “Кыргызымдын жигиттерин” ырдаганымда ырдын автору Тургуналы Нурматов сахнага чыгып: “Ырыма кайрадан жаңы жашоо бердиң”,- деп мага ыраазычылыгын билдирип, чоң жумшак мамалак оюнчук белек кылган. Бардык буюмдарымдын ичинен азыркы күнгө чейин ошол мамалакты жакшы көрүп, чаң жугузбай келем. Мага атак алып келген үчүнбү, “Кыргызымдын жигиттери” башка ырларыма караганда мага абдан жакын сезилет. Ал ырды азыркы үнүм менен ремикс кылып кайрадан жаздырып койгом. Аны ырдаганымда эл дагы деле жакшы кабыл алат.
– Ошол кезиңди эстесек, сахнадагы турпатың, чачыңдын жасалгасына дейре Алина Жетигенованыкына окшош эле...
– Мага ошол кезде биздин артисттердин арасынан Алина эже өзгөчө жакчу. Ошол себептен ага окшошкум келе берчү. Өзүнө деле айтчумун, “сизди туурайм” деп. Бир жолу Асел Турдалиева: “Башка ырчыны жакшы көрсөң жакшы көр, бирок, аны туураган жакшы эмес”,- деген. Ошондон кийин Алина эжеге атайлап окшошуу аракетин көрбөй калдым. Бирок, чын эле Алина эже экөөбүз чыныгы турмушта окшошуп кетет экенбиз. Кийин эже менен бир топ жыл чогуу иштешип калдым. Ошондо топтогу балдар: “Экөөңөрдүн келбетиңер гана эмес, мүнөзүңөрдүн жумшактыгы да окшош экен”,- дешчү.
– Кичинекей болуп туруп сүйүү ырларын эрте ырдап чыктың, классташ кыздарыңа караганда эрте чоңойдуң окшойт...
– Классташ кыздарымдын баары мага караганда ой жүгүртүүлөрү, дене түзүлүш­тө­­­рү чоң кыздардыкындай болчу. Мен алардын жанында сиңдидей эле болуп калчумун. “Өзүм 6-7-класстын окуучусу болсом, анан эмнеге мага сүйүү ырларын жазып беришчү?!”- деп кийин абдан жиним келип жүрдү. Ошондо эмнеге менин жаш өзгөчөлүгүмө ылайыктуу ырларды жазып беришкен эмес, такыр түшүн­бөйм. “Нур” тобунда ырдап жүргөнүмдө көбүнчө Айбек Карымовдун ырларын ырдачумун. Анын ырларынын баары эле сүйүү жөнүндө болчу да, ошон үчүнбү, билбейм, 6-классты аяктаганымда борбордогу №68-мектептен “Классташым” деген ырымдын клибин тарттырган элек. Кийин байкасам, ошондо да мага чоң кыздардын сумкасын асынтып коюшуптур, ага да маанайым бузулган.

АТАКТУУЛАР МЕНЕН ИШТЕШҮҮ
– 8-классымда Айчүрөк Иманалиева “мени менен иштеш” деп борборго чакыртып калды. “Бир топ ыр жаздырып, форма тиктирип берем, буюрса, концертиңди да өткөрүүнү пландайбыз”,- деп чакыртканынан баарын таштап, борборго келе бергем. Эже менен эки жылдай иштештим, бирок, айтканына турбагандыктан, өз алдымча иштөөнү туура көрүп, андан кетип калдым. 9-классты бүткөндөн кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүнө тапшырдым. Ошол окуу жайга тапшырып жүрүп Күлипа Керимбаева менен таанышып калдым. Ал эже анда элге тааныла элек болчу. “Менин студиям бар, меникине жатып оку”,- дегенинен үйдөгүлөр менен кеңешсем, алар макул болушту. Күлипа эженикинде жашап, окуп жатканыма төрт ай болгондо эч кимге айтпай артисттер менен Ош шаарына гастролдоп кетип калдым. Күлипа эже мени издеп аябай убара болуп, апамдарга телефон чалыптыр. Апамдар катуу сарсанаа болушуп, издебеген жерлери калбаптыр. Акыры кайда жүргөнүмдү билишкенден кийин катуу урушушту. Ошол кезде мен абдан шок, өз оюмдан кайтпаган бышык кыз элем. Кийин эле турмуш созулган кызга айлантып салды. Үйдөгүлөр азыркыга чейин: “Клара, сен мурда кандай кыз элең, тез арада катуу токтолдуң”,- деп баштарын чайкап калышат. Улам бирөө менен иштешүүмө менин ишенчээктигим да түрткү болду окшойт. “Сен мени менен иштешсең, мен мындай, тигиндей кылам” деген сөздөргө ишенип калмай адатым кайра өзүмө муш болоорун эми гана түшү­нүп отурам.
Ошто гастролдо жүр­гө­­нүмдө “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен жолугушуп калдым. “Сенин өзүң­­дүн атың бар, биздин топко кошулбай, өз атың менен иште. Сага машина, аппаратура жагынан жардам берем”,- деген Гүлшайыр эженин сөзүнөн улам Бишкектеги окуумду таштап, Ошто калып калдым. “Баарыбир билим керек” деген Гүлшайыр эженин кеңеши менен Айжамал Кабылова экөөбүз ОшМУнун музыкалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырганбыз.

ЖАШТЫКТАГЫ ЖАҢЫЛЫШТЫК
– 3-курста окуп жатканымда Байышка турмушка чыктым. Ошентип, Бишкекте жашап, гастроль деп жүрө берип окуума таптакыр барбай калдым. Анан ал жерден чыгарып жиберишиптир. Ошону менен окуумду кайра уланткан жокмун. Балам төрөлгөндө “элим бай болсун” деп баламдын атын Байыш өзү Байэл деп койду. Ошентип, Байыштын чечкинсиздигинен улам Байэл бир жарым жашка чыкканда ажырашып кеттик. Кээде концерттен жолугуп калганда эле “балам кандай?” дегени болбосо, Байыш баласын бир жолу да барып көргөн жок. Азыр Байэл төрт жашка чыкты. Ажырашканыбызда эле таене-таятасынын колуна барган, ошондон бери ошол жакта. Байыш сыналгыдан көрүнүп калса, таенеси “Байэл, тигине, сенин атаң ырдап жатат”,- деп көрсөтсө, чоң адамдай болуп “аа, Байышпы?” деп тиктеп калат экен.
– Сени “апа” дейби?
– Ата-энем атымдан чакырганынан улам ал да Кларага тили келбей, “Кава” дейт. Кичинекей кезинен ата-энемдин колунда өскөндүктөн, алар Байэл дегенде ичкен аштарын жерге коё чуркашат. Ата-энем: “Байэлди өзүбүзгө каттатып алалы, сен оку, иште”,- деп жатышат.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН АЛЫСТАЙ АЛБАЙМ»
– Агам, Жанара жана мен болуп чогуу иштешип баштаганыбызга бир жыл болгондо тарап кеттик. Жанаранын сүй­лө­шүп жүргөн жигити бар эле, ал “турмушка чыгам” деди. Агамдын болсо өзүнчө турмушу бар.
– Жанара сенден кичүү болсо да эжеңдей көрүнчү эле...
– Жанара да ырдап чыга баштаганда ырчылар экөөбүздү аябай ушакташчу экен. Жанара менин эжемдей гана көрүнбөстөн, ал мага караганда бышык, тың да болчу. Бир жолу бир ырымда Жанара мени коштоп ырдап, окшош бийлемей болдук. Ырдап жатып окшош бийлей турган жерине келгенде мен бийимди унутуп калып, бийлебей калдым. Жанара бийлеп жатып мени карап: “Эсиң ооп эмне турасың, бийлебейсиңби?!”- деп жекирип коёт. Аны байкагандар “Жанара Клараны башкарат да экен” деп ойлоп калышты окшойт.
– Үчөөңөр тарагандан бери тыныгуудасыңбы?
– Көчөдөн тааныгандар: “Клара, сен ырдабай калдың беле? Ырдаганды таштагансыңбы?”- деп сурай беришет. Бирок, мен чыгармачылыгымды токтотпойм деп ойлойм. Гастролго чыгып бир аз акча топтоп алган соң ыр жаздырып, чыгармачылыкка чындап киришкени жатам.
– “Жакында турмушка чыксамбы” дедиң эле, сүйлөшкөн жигитиң болсо керек?
– Чынында, колумду сурагандар бирөө да эмес, үчөө. Бирок, үчөө тең чыгармачылык чөйрөгө такыр тиешеси жок адамдар. Үчөө тең сүйлөшүп алгансып: “Мага турмушка чык, кор кылбайм, бирок, үйдө балдардын энеси, менин сүйүктүү жарым болосуң, ырдабайсың”,- деп жатышат. Мен да бир турмушту баштан өткөргөн адаммын, алар деле жаштыкка азгырылгыдай жаш балдар эмес дегендей. Бир жолу турмушуңдан жаңылгандан кийин экинчи жолу абайлап калат экенсиң. Ошондуктан, азыр “чыгармачылыгымды тандасамбы же үйбүлө курушум керекпи?” деген суроо менен баш катырып жүрөм.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
guli-1980
2020-06-19 15:28:43
Чыгармачылыкты деле кыйраткан жоксун. Куйоого тийип алсан болмок. Ото эле бошон адам экенсин
-1
№ 293, 13-19-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан