Гүлнур Сатылганова: «ӨМҮРҮМДӨ ШОКОЛАД ЖЕГЕН ЭМЕСМИН»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова эжекебиз жакында эле болуп өткөн бир жылдык отчёттук концертинде жергиликтүү эстрадабызга чоң жаңылык киргизди. Төрт күндүк концерттин билеттери биринчи күнү эле кассадан сатылып кетип, эң жогорку баада сатылган билеттин наркы 1500 сомго чейин жетиптир. Бул элдин Гүлнур эжекебиздин талантын баалагандыгынан, чынында эле анын ырларына суусап тургандыгынан кабар берет...

УЯЛЧААК КЕЗ
Учурда көпчүлүк жаштар арасында “кыргыз эстрадасынын примадоннасы” аталган ырчы эжекебиз Гүлнур СатылганованынТоктогул районуна караштуу Кетментөбө өрөөнүндө туулганын ким билбесин. Анын балалык курагы да дал ушул өрөөндө өтүп, кооз жаратылышы менен көкүрөгүндөгү талантын таптап, сугарып жүрүп өскөн. Бирок, ырчылык жөндөмү кичинекейинде эле бар болгону менен Гүлнур эже 8-класска чейин эл алдына чыгып таптакыр ырдабаптыр.
– Мен кичинекейимде эмнегедир өтө уялчаак болчумун. Ошол кезде эле ырчы болууну тымызын ичимден кыялданып жүргөнүм менен тартынчаактыгымдын айынан бирөөнүн көзүн­чө ырдай алчу эмесмин. Бирок, үйдө жалгыз калганымда үнүмдүн жетишинче кыйкырып обон созуп калганым эсимде. Мектепте да кыздарга кошулбай өзүмчө эле жүрө берчүмүн. Бирок, кийин 8-класста окуп жүргөндө кө­күрөгүмдө катылган талантымдын капкагы бир аз ачыла баштап, эл алдына ырдап чыгууга бел байладым. Атам менин “ырчы болом” дегениме таптакыр каршы чыгып: “Кызым, бул оюңдан кайт. Кыз кишиге ырчы болуу жарашпайт”,- деген эле. Бирок, апамдын колдоосуна арзыдым. Анткени, апам да жаш кезинде “ырдап чыгам” деп жүрчү экен,- дейт бул тууралуу Гүлнур эже.

ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫК
Болочок ырчы жаңыдан өз алдынчалыкка кадам таштап, 1986-жылы борборго келген. Ага чейин Токтогулда “Миң кыял” ансамблинде ырдап жүргөн­дүктөн, өзү көксөгөн Искусство институтуна тапшыруу кыйынга деле турган эмес. Эч кимдин жардамысыз борборго жалгыз келип алып, өзү чуркап жүрүп окууга өтүп студент аталган кезин Гүлнур эже азыр жылмаюу менен гана эскерет.
– Азыр эстесем, менде ырчылыкка болгон таланттан тышкары күчтүү каалоо болуптур. Анан да «жаштын тилегин берет» деп коюшат эмеспи. Бул дагы бекер сөз эмес экен. Чынында эле Кудай мага кичинемде тилеген тилегимди берди. Ошол кезде «окууга тапшыртат элек» деп мени эч ким деле жетелеген эмес. Эмнеси болсо да эң негизгиси, ырчы болдум.
– Ырчы эмес, башка бир кесипти тандап алуу жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?
– Жо-ок, жогоруда айтып кеткендей, мен балачагымдан бери эле «ырдайм» деп келдим. Андыктан, башка кесиптерге кызыгуум болгон жок. Студент кезимде Асылбек Рысалиевдин “Жетиген” деген тобунда, Каныкей Эралиева эжекебиздин чыгармачыл тобунда ырдап жүрдүм. Андан кийин Бишкек шаардык жаштар театрында иштеп калдым. Ошол кезде гана өзүмдү искусствонун башка тармагында сынап көрдүм окшойт. Театрдагы актрисалардын жетишсиздигинен улам “Каркыранын канаты” деген жапон жомогундагы башкаармандын ролун аткарчумун. Кийин жеке ырчы катары гана такшалып чыгуу максатында ал театрдан кеткем. Башка кесип тандоо керек болсо, мүмкүн, ушул жаатта кетип, азыр актриса болуп жүрмөкмүнбү, ким билет?

ЫРЧЫЛЫКТЫН ДА БАЛЫН ТАТА БИЛҮҮ КЕРЕК
Гүлнур Сатылганова эженин ырларын укканда жаш-кары дебей баарыбыздын жандүйнөбүз бир ирет козголуп өтөт. Анын мекен, ата-эне, сүйүү темасындагы ырлары ар бирибиздин жандүйнө­бүзгө жакын. Өзгөчө эл-жерди даңазалап ырдаган ырлары жаштардын патриоттук сезимине бүлүк салат. Балким, жогоруда айтылгандай, Гүл­нур эженин төрт күндүк концертинде филармонияга элдин батпай калгандыгынын да сыры ушундадыр.
– Чындыгында, мен азыркы жаш ырчыларга окшоп мааниси жок ырларды ырдай албайм. Ар бир ырым угуучулардын жүрө­гүнөн орун таап турса, кандайдыр бир тарбиялык мааниси болсо, ошондон коом таасирленип турса, мага мындан өткөн бакыт жок. Ошондо гана ырчылыктын балын татасың. Анткени, ырчылар элине ырлары менен гана эмгек сиңириши керек. Ырчымын деп эле болбогон маанисиз чыгармаларды ырдай берүү­нүн кереги эмне?
– Жаштарга тарбия берүүчү ырларыңыздын катарына “Санат ырын” да кошсо болот. Анткени, мен да бул ырдын маанисине баа берип, угуудан тажабайм. Уккан сайын тарбияланасың...
– Рахмат, анда сага жаңылык катары айта кетейин, учурда бул ырга клип тарттыруу менен чуркап жүрөм.
– Жакшы экен. Гүлнур эже, негизинен көп ырларыңыздын клиби жок болсо керек...
– Ооба, мен клип тарттырууга анча деле ашыкчу эмесмин. Муну байкаган кээбир атаандаштарым “Гүл­нурдун клиптери жок” деп да сын айтып жүрүшөт. Менимче, “клип тарттыруу керек” деп ашыгуунун кажети жок. Көбүнчө клип менен ырдын көркүн бузуп алуу коркунучу да бар.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН ТЫШКАРЫ
Гүлнур эже учурда бир уулдун энеси. Уулу Арнас быйыл “Алтын шаты” президенттик академиясынын 6-классын аяктады. Башында Арнас апасынын талантын аркалап, бир-эки жолу эл алдына ырдап чыкканы менен азыр ырчылыкка кызыкпайт.
– Гүлнур эже, уулуңузду жалгыз бой тарбиялап келесиз. Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Эми Кудайым маңдайыма ушундай тагдыр жазып коюп, уулумдун атасын, жолдошумду эрте эле о дүйнө алып кетсе кантем?.. Тагдырыма баш ийем да. Оорбу, жеңилби, башка салганын көрдүк. Жолдошум каза болгондо Арнас болгону үч айлык наристе болчу. Ошондон бери колумдан келишинче тарбиялап жатам. Баламдын мүнөзү бир калыпта, сылык, боорукер.
– Канткен күндө да жапжаш туруп жалгыз бой калыш оор экендигинде талаш жок...
– Ооба, аны танып болбойт. Көпчүлүк­тү кызыктырган “Гүлнур эже чын эле турмушка чыкканбы?” деген суроону бере албай турасың го...
– Ошондой десе да болот...
– Эми, аялзаты болгондон кийин сүйүү­сүз турмуш кыйын. Ар дайым жанымда мени колдоп, сүйүп, кадырлап жүргөн сүйүктүү адамым бар. Ал мага ата да, ага да, күйөө да, керек болсо, күйөөдөн артык да адам. Турмуш куруу керек десе эле элге жарыялап, “мен турмушка чыктым ” деп той өткөрүүнүн кереги жок деп эсептейм. Мен бактылуумун. Ушул сөздө баары катылып турат.

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Кумириңиз барбы?
– Кичинекейимде Алла Пугачёваны кумир тутчумун. Ошондой ырчы болсом деген тилегим бар болчу.
– Мектеп жашыңызда эле катардагы окуучулардан айырмаланчу белеңиз?
– Мен ал кезде башкалардан гитарада ойной алганым менен айырмаланчумун. Себеби, мектеп боюнча менден башка эч ким гитарада кол ойното алчу эмес.
– А учурдачы? Кандай өзгөчө­лү­гүңүз бар? Сиз тууралуу эл билбеген бир факт...
– Мен эс тартканы өмүрүмдө шоколад жеген эмесмин. Негизинен эле таттуу тамактарга жокмун. Ошондуктан, тиштерим жакшы сакталса керек.
– Кайсы жыл мезгилин жактырасыз?
– Мурда жайды жактырчумун. Себеби, мен суука караганда ысыкты жакшы көтөрөм. Бирок, 4 жыл мурун уулум экөөбүз лыжа тепкенди үй­рөнүп алып, ошондон бери өтө үшүкчөөл экениме карабай кышты жактырып калдым.
– Жаратылышка жакын адам экенсиз да?
– Жакын болгондо да кандай! Өзүм романтикмин, андыктан, жаратылыштын ар бир кубулушуна суктануу менен карайм. Баса, өзгөчө мага катуу шамал, жаан аралаш бороон болгон учур ушунчалык жагат. Жамандыктарды айдап кетип, жакшы нерселердин башатындай сезилет.
– Эмнеден ырахат аласыз?
– Шаркыраган чоң суунун жээгинде канча убакыт болсо да ырахаттанып тура берем.
– Өзүңүздүн ырларыңызды кайсы маалда укканды жактырасыз?
– Машинада баратып угам. Ыр жаздырууда кетирген кемчиликтерим да ошондо байкалат.
– Өзүңүзгө кандай учурда ыраазы болосуз?
– Колумдан келген учурда кайрымдуулук катары жетим, майып балдарга жардам берген убакта.
– Акыркы жолу кимге кандай кайрымдуулук көрсөттүңүз?
– 3-июнда “Камбарата-2” ГЭСинин куруу иштерине 200 миң сом берип, 1000ден ашуун куруучуларга 100 миң сомго түшкү тамак алпарып, концерт уюштуруп келдим.
– Жакынкы аралыкта алдыга койгон пландарыңыз?
– Кытайда, Орусияда, Казакстанда жүргөн мекендештерге концерт коюп келсем дегем.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан