Сапар Эркебаев: «ОКУУГА 500 СОМ ПАРА БЕРИП ӨТКӨМ»

Көпчүлүккө “Атага кат” аттуу ыры менен таанылган Сапар Эркебаев да учурда кыргыз элинин сүймөнчүк эстрада ырчыларынын бири катары өзүн таанытууга жетишти. Бул ырчы жигитибиздин тунук үнүн, ырчылыкка болгон талантын баалап, анын жеке турмушуна кызыккан күйөрмандарынын да саны көп экендигинде талаш жок.

– Сапар, сөзүбүздү сенин жеке жашооңдо болобу, чыгармачылыгыңда болобу, жаңылыктарыңдан баштасак...
– Азырынча жеке жашоо өз нугунда жүрүп жатат. Ал эми чыгармачылыкты бир ордунда токтотуп коюу мүмкүн эмес. Андыктан, азыр жакында эле ырдап чыккан Аксуубай Атабаевдин “Чагылган” деген ырына клип тарттыруу менен алектенип жүрөм. Мындан тышкары, жаңы ыр жаздыруу түйшүгү дегендей. Айтор, баары жакшы.
– Ошондой эле болсун дечи, бирок, жакында эле сенин машиналуу болгонуңдан кабар алган элек. Көп узабай мындан бир ай мурун “автокырсыкка кабылды” деп да уктук...
– Ооба, башында өзүм машинага көп деле кызыкчу эмесмин. “Машинам жок” деп арданбайм дагы. Өзүм өтө жөнөкөй адам болгондуктан, кээде коомдук транспортторго түшүп алып кете берчүмүн. Анан бул нерсе акыры мага зарыл болгондо гана сатып алгам. Тилекке каршы, айдоо боюнча тажрыйбамдын жоктугуна байланыштуу машинамды аз эле убакыт айдап, катуу кырсыкка кабылдым. Жол четиндеги бакты сүзүп кетип, ортодо машинам жарактан чыкты. Чынын айтсам, өзүмдүн аман калганыма кубандым.
– Аман болсоң мындай машинанын далайын минээрсиң. Кел, эми өзүң жөнүндө сүйлөшөлү. Үйбүлөдө канча биртуугансыңар?
– Үйбүлөдө 6 биртууганбыз. 3 уул, 3 кыз. Мен үйдүн эң кенжесимин.
– Эркебаев дегендей эле эрке балдардан турбайсыңбы?
– Жо-ок, мен эрке эмесмин. Үйдүн эң кичүүсү болгонум менен эркелик деген эмне экенин билбей эле чоңойдум. Балалыгымда байкелерим, эжелерим кичинекей экениме карабай мени көп сабашчу. Өзүм төрөлгөндө эле 4 килограммдан ашык салмакта, башы чо-оң, болтойгон чыт курсак болчу экенмин. Кийин эле арбактай болуп арыктап кеттим го. Анан үйдө бир нерсе бүлүнүп калса эле эң улуу байкем келип сабайт, анан андан кичүүсү, анан эжелерим, айтор, таяк жеп жүрүп эле чоңойдум. Кийин чоңойгондо: “Эмнеге мени эле ура берчү элеңер?”- десем, “сени бышсын дегенбиз” деп күлүп калышчу. Бирок, продюсерим Дана эженин айтымында, мени продюсерлер арасында “шоу-бизнестин эң эрке, анан боорукер баласы” деп коюшат экен.
– Чынында эле ошондой тарбия көргөн балдар өзүнө-өзү тың болушчу эле...
– Тың болгонум ошол чыгаар, 8-класстан бери өз оокатымды өзүм өткөрүп, үйдөн таптакыр акча ала элекмин. Ошол кезде жалпы эл кыйын турмушта жашап калышпадыбы. Көпчүлүктүн катарында биз да мындай кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Базардан дүңүнөн тамеки сатып алып, кээбирлеринин арасына кагаздан салып сатып жиберип пайда көрчүмүн.
– Анда тамеки сатып жүрүп чеккенди да үйрөнүп алсаң керек?
– Чынын айтсам, тамеки чеккенди ошол кезде үйрөнгөм. Бирок, азыр бул нерсеге жакын эмесмин.
– Мектеп жашынан эле көр-тириликтин арабасына түшүп алсаң, мектепти канттиң? Баса, мектепте кандай окучу элең?
– Мектепте окуганда “жаман” деп калп айтпайын, өтө жаман окучумун. Негизинен, балдар сабакта бир жагынан болбосо да, экинчи жагынан шыктуу болот эмеспи. Мен болсо математикадан да, тил жагынан да, сүрөттөн да, керек болсо, денетарбиядан да эң начар болчумун. Ошентип жүрүп мектепте 8-класска чейин эле окудум. Анан бир жылдай иштеп, кийин 9-классты бүтүргөндөр менен кошо Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайынын хор жана дирижёрлук жагына тапшыргам.
– Эч нерсе билбесең, кантип өтүп кеттиң?
– Байкем менен эжем гитарага кызыгышкандыктан, буга мен да кызыгып, Кудайга шүгүр, музыка жааттында талантым бар болчу. Ал эми башка сабактардан таптакыр билбегениме байланыштуу 500 сом пара берип өткөм. Баса, бул жакка тапшыруу алдында класс жетекчимден мүнөздө­мө алууга туура келип ага барсам, «макул» деп жазып берген. Аны окуп да алган жокмун, башын карасам менин фамилиям жүрүптүр. «А-а, мага экен» деп алып кете бердим. Үйгө келсем эжем окуп алып урушуп кирди. Көрсө, анда “эч нерсеге шыгы жок, керек болсо катуу чуркай да албайт. Кыскасы, деңгээли өтө төмөн эмес, таптакыр жок” дегендей эле жазып бериптир. Анан эжем өзү барып, башкасын жаздырып келген.
– Пара берип өтүп алып, анан кантип окудуң?
– Кесиптик сабактардан башкасын дагы деле окуган жокмун.
– Азыр китеп окуйсуңбу?
– Кайдан, өзүмдүн гезит бетине чыккан интервьюларымды аягына чейин окубайм. Көзүм тез эле ачышып кетет.
– Мындан дагы бир суроо туулат экен. Шар окуй аласыңбы?
(Күлүп) Чынын айтсам, шар да окуй албайм. Мен түштүктүн өзбектер көбү­рөөк отурукташкан жеринде өсүп калгандыктан, өзбекче таптак сүйлөп, өзбекче жакшы окуйм. Андыктан, көпчүлүк мени кебетеме, сүйлөгөн сөзүмө карап «өзбек» дей беришчү. Бирок, учурдан пайдаланып, кыргыздын патриот жигиттеринен экенимди айта кетейин.
– Сапар, айтсаң, кантип ырчы болуп калдың эле?
– Жогоруда айтып кеткендей, менин ырчы болушума Бакыт байкем менен Элвира эжемдин гитарага кызыкканы түрткү болду. Үйдө байкемдин кадимкиден чоңураак гитарасы бар болчу. Анда кол ойнотсо эле байкеме элдин баары карап калышса, мен да кызыгып “үйрө­нөм” дедим. Ошентип жүрүп өз алдымча үйрөнүп кеттим. Кечкисин эле гитара талашып жатып калчубуз. Кимдин колуна тийсе, үнү угулбагандай алысыраак качып барып, балдарды чогултуп алып ойной баштачубуз. Кийин музыкалык аспаптардын башка түрлөрүн үйрөнүүгө өтүп, акырындык менен тойлордо ырдап акча таба баштадым.
– Эл алдына ошондо эле чыга баштаган экенсиң да?
– Ооба, алгач тойлордо ырдап жүр­дүм. Кийин Семанын чакыруусу менен кафелердеги кечелерге чыга баштадым. Ал кезде Сема биздин окуу жайдын жылдызы болчу. Анан улам такшалып отуруп 1998-жылы Бишкекке келгем. Анда бул жакта өзбекче ырлар жаңы хит болуп жаткан эле. Ошондо өзбекче ырдап, «Дасмия» ресторанына жумушка орношком. Ошондон бери кафелерде иштеп, өз оокатымды өткөрүп жүрөм.
– Тойлордо, кафелерде ырдаган башка, ал эми чоң сахна деген башка болсо керек?
– Чынында, экөөнүн асман менен жердей айырмасы бар экен. Мурда мисалы, кафеде жөнөкөй эле ырчы болуп жүр­гөн­дө өз намысымды коргоп, бирөө эле ашыкча сүйлөп койсо, мушташа кет­чү­мүн. Ал эми азыр анте албайм. Азыр на­мысымды эмес, эл оозуна алынып калган атымды коргоп калдым.
– Өзүң айткандай, эл оозуна кантип алынып калдың эле?
– Анда мен кафеде музыкант болуп иштечүмүн. Мен иштеген кафеге жакын жерде Артык байке да иштечү. Бир күнү эле: “Кел, чогуу ырдап чыгалы”,- деп калды. “Макул” деп барып ырды жаздырып койдук. Ошондон кийин эле мен Көлгө кетип калгам. Бир топ убакыттан кийин келип жумушта отурсам, кафедеги кардарлардын бири келип эле: “Атага кат” деген ыр чыгыптыр, ошону ырдай аласыңбы?”- деп сурап жатпайбы. Эртеси Артык байкеге жолуксам, ал: “Биздин ыр элге жакты, учурда хит болуп жатат”,- деп калды. Ошентип, күтүлбөгөн жерден сахнага жол ачылды. Ага чейин мен «ырчы катары элге таанылам» деп ойлогон да эмесмин.
– Эң биринчи жолу сахнага чыкканың эсиңдеби?
– Мирбек Атабековдун жеке концертинде биринчи жолу сахнага чыккам. Кызыгы, биздин алдыбызда Мирбек, Султандар чыкканда зал жарылып кете жаздап жаткан. Анан биздин атыбыз аталганда ар жерден 5-6 кол чабуу болду. Бир маалда ыр башталаары менен күтүлбөгөн жерден ызы-чуу кошо башталса болобу! Мен чочуп кетип, басып бараткан жеримден дароо артка бурулуп, кача баштаптырмын. Ошондогу буттарымдын калтыраганы азыр да эсимде.
– Кел, эми жеке турмуш туурасында сөзүбүздү улайбыз. Мындан бир топ убакыт мурун биздин редакцияга “Сапарды мен жакшы тааныйм, анын үйбүлөсү, керек болсо кызы бар” деп өзүн «Сапардын таанышы болом» деп тааныштырган бир байке телефон чалган эле...
– Эми шоу-бизнеске аралашып, элге таанымал болуп калган ар бир эле адамдын артынан ушак-кептер ээрчий берет экен да. Азырынча үйбүлөм жок.
– Анда качан турмуш курууну көздөп жатасың?
– Бир күндү белгилеп айта албайм. Кудай буюрган күнү. Азырынча чыгармачылыктын майданында гана жүрүп келем.
– Болочок жубайыңдын кандай болушун каалайсың?
– Жөнөкөй, акылдуу, сулуу, анан сөз­сүз түрдө айылда төрөлүп, айылда тарбияланган кыз болушун каалайм. Себеби, айылдыктар ыймандуу келишет эмеспи.
– Ата-энеңдин эң кичүү уулу болгон соң кийин айылда жашайт экенсиң да?
– Ооба, сөзсүз түрдө айылга барам. Азыркыга чейин тапканымды айылдагы үйүмө жумшап, мал кылып, короо жайымды оңдотуп турам. Негедир айыл менин жүрөгүмө жакын сезилет.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 295, 27-июнь - 3-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан