Айбек Карымов: «ЭМИ ТАПТАКЫР ҮЙЛӨНБӨЙ КОЙСОМБУ ДЕП ЖҮРӨМ»

Алгач “Нур” тобунун жетекчиси катары кыргыз элинин сүйүктүү ырчыларынын катарын толуктаган Айбек Карымовду кимдер гана билишпейт. “Дил кайрык” аттуу ырын угаар замат анын келбети дароо элесибизге тартылаары талашсыз. Акыркы күндөрү Айбек байкенин бир гана чыгармачылыгында эмес, жеке жашоосунда да жаңылыктар көбөйдү...

– Айбек байке, учурда эл арасында сиз тууралуу бир топ ушак-кептер айтылып келет. Окурмандарыбыз да биринчи иретте “чын эле Айбек Карымов Гүландага үйлөн­гөнбү?” деген суроого жооп алууну каалашса керек. Каршы болбосоңуз, сөзүбүздү ушул “ысык” темадан баштасак...
– Анда мен да сизге суроо менен кайрылайынчы?! Сиз кандай ойлойсуз?
– Эми “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп коюшат эмеспи. “Айбек менен Гүланда чогуу жашайт экен, көрдүк. Үйбүлөсү менен да ушул ырчы кыз үчүн ажырашыптыр” деп эл айтып, редакцияга телефон чалып, кат жазып жатышса, ишенип да кетет экенсиң.
– Сиз ишенсеңиз, эл ишенсе, анда ошондой да. (Күлүп).
– Чын элеби?
– Эми мен бул сурооңузга кесе жооп кайтарайын. Жок, андай эмес. Айтылган ушактын баары жалган. Чогуу иштеп жатсак, анан кантип эле бир машинада жүрбөйбүз, кантип эле бир жерде отуруп тамактанбайбыз?! Ошону көрүп алышып эле жалган ушак таратып, “ортолорунда сүйүү бар” дей берген болбойт да. Тактоо иретинде дагы бир жолу баса айтып кетейин, Гүланда өзүнүн, мен өзүмдүн эле үйүмдө жашайм.
– Анда үйбүлөңүз менен эмне себептен ажырашып кеттиңиз?
– Эмне себептен ажырашсам да бул нерсеге Гүланданын эч тиешеси жок. Баягы эле түшүнбөстүк. Мүмкүн, кызганыч, мүмкүн, отубуз күйүшпөй калдыбы, айтор, турмушубуз бузулду. Эмне кылабыз, тагдыр ушундай экен, жашоо улана берет. Үйбүлө деген кичинекей мамлекет эмеспи. Эң негизгиси, чоң мамлекетибиз бузулбасын, элибиз аман болсун, жерибиз кырсыктан тыш болсун. Ал эми үйбүлөнү акырындап жаңы жолго салып, жаңыча калыбына келтирип алса болот.
– Бузулган турмушуңузду калыбына келтирүү үчүн дагы үйлөнөсүзбү? Жашооңузда эки жолу турмуш куруп, экөө тең ийгиликсиз болуп калгандан улам “эми да үйлөнсөм түшү­нүшпөй калабызбы?” деп тынчсызданбайсызбы?
– Чынын айтканда, албетте, корком. Ошол үчүн эми таптакыр аял албай эле койсомбу деп жатам. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деп коёт эмеспи. Анын сыңары, бул туурасында мен да көп ойлоном. “Мүмкүн, алар мага чыдашпай жатышкандыр, мүмкүн, мен чын эле начар адамдырмын. Балким, аялым жамандыр же алар менин чыгармачылыгымды түшүнүшпөйбү?” деген ойлор келет. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин кандай болсо да ырчылыгымды таштабайм.
– Демек, сиз үчүн үйбүлөдөн да чыгармачылыгыңыз бийик турат экен да?
– Ооба... Жок, бийик деп айтпайм, бирок, ар биринин өз орду бар. Жумуш деп эле үйбүлөнү ачка таштап коймок белем? Бала-бакырамды бакканга алым жетчү, дагы да жетет.
– Балдарыңыз менен байланышып турасызбы?
– Байланышасың да, балаң болгондон кийин. Жолугуп, аларга жардам берип турам.
– Айбек байке, бала жөнүндө сөз болгондон кийин теманы улай өзүңүздүн балачагыңыздан кеп салып берсеңиз?
– Өзүм бир атадан жалгыз уулмун, анан да чоң энем тарбиялаган бала болгондуктан, эрке өскөм. Мисалы, таптакыр канты жок чай иччү эмесмин. Кант жок болсо тескери карап жатып алчу элем. Ошол кезде эле ырга өтө жакын экенмин. Чоң энемди ээрчип алып аш-тойлорго барып, анда ырдалган ырларды жаттап, үйгө келээрим менен так өзүндөй кылып ырдай баштагандарым эсимде. Азыр бир ырды бир айда араң жаттасам, анда бир-эки угуп алып эле үтүр-чекитине чейин эстеп калчумун. Негизинен, мен жайлоодо кой, жылкы кайтарып жүрүп эле чоңойгон баламын.
– Ошол кезде эле ырга жакын болсоңуз, анда биринчи жолу эл алдына мектепте чыксаңыз керек?
– Ооба, мектепте окуп жүргөндө “Таластын суусу ыкчам суу, Таштан ташка бышкан суу” деп ырдап чыктым эле. Ошондогу сүрдөгөнүмдү айтпа! Кийин көнүп кетип, мектепте бир да маданий иш-чара менин катышуумсуз өтпөй калган. Кече же ырдай турган жер болсо айылдаштар “Айбек ырдайт бекен?” деп сурап алышып, анан келишчү. Башкача айтканда, мектептин жылдызы болчумун.
– Анан кантип көкүрө­гүңүздөгү талантка жол ачып, ырчылыкты аркалап калдыңыз?
– Мектепти бүтөөрүм менен эле бир да күн айылда калгым келген жок. “Канткен күндө да мен окушум керек” деп өзүмө-өзүм сөз бердим да, чоң энем пенсиясынан чогултуп жүрүп берген 150 рубль акчаны алып, комузумду көтөрүп алып райондук борборго келдим. Мени “бул жакка оку, тигил жакка оку” деп жетелеп жол көрсөткөн эч ким жок. Анан ошол жердеги бир заводдун астындагы өзүнө керектүү адистерди даярдаган орто окуу жайга тапшырып алгам. Бош жүргөнчө бул да болсо жакшы да. Кийин ал жактан мени тажрыйба топтоо үчүн 6 айга практикага Украинага жиберишти. Бирок, келгенден кийин иштебей эле армияга кетип калдым. Колумдан комузумду түшүр­бөй ырдап жүрүп Чехословакияда 2 жыл кызмат өтөп келдим. Баарыбир көңүлүм ырчы болууну каалап тургандыктан, бул жаатта билим алууну чечип, ОшМУнун музыка факультетине бет алдым. Бирок, тапшыруу сынагында тарых сабагынан билбей, кулап калгам.
– Баарыбир көздөгөн максаттан тайган жоксуз...
– Жок, алгач мен “бүттү, ырчы болбойм, кичинекейимде кыялдангандай актёр болуп, кино жаатына баш багам” деп чечтим. Анан эле Ташкенттеги театралдык институтка тапшырууну кыялдана баштадым. Бирок, “өзүң жалгыз уулубуз болсоң” деп апамдар жибербей коюшкан. Жыйынтыгында, Кадамжай маданият үйүндө иштеп жүрүп Жалалабаттагы техникумдун элдик аспаптар бөлүмүндө окуп калдым.
– Мурда тапшыруу экзамендеринен кулап калган болсоңуз, бул жолу кантип өттүңүз?
– Бул техникум туурасында кабар алаарым менен эле байланыш түйүнүнө кирип, башкы мүдүрүнө телефон чала баштадым: “Алло, мен Кадамжай маданият үйүнүн башчысымын, силерге бир таланттуу бала жиберем, окууга алып койгулачы?! Негизи, жакшы бала, бирок, ага бир аз колдоо керек”,- дедим жоон үн менен. Ал дароо эле макул болду. Эртеси документтеримди даярдап алып Жалалабатка жол тарттым. Ал учурда окууга өтүүнүн бир гана жолу бар болчу – пара берүү деген. Эч нерседен тартынбаган бала элем, бир агайды берирээк чакырып алып: “Агай, менин азыр 500 рубль акчам бар, ошону алыңыз да, мени окууга өткөрүңүз, анан кийин дагы 500 берем”,- дедим. Ал дароо макул болду, кардар болуп калдым да. Ошентип, чын эле ал агай жардам бердиби же өз күчүм менен өттүмбү, айтор, өтүп кеттим. Бирок, жанагы айткан 500 рублди берген деле жокмун. Өзү да сураган жок.
– Анда карызга окууга өтүп алган турбайсызбы. Окууну бүткөн­дөн кийин эле ырчы катары тааныла баштадыңыз эле. Бирок, ортодо үзүлүш болуп чыгармачылыктан алыстап да кеткен учуруңуз болду...
– Институтта окуп жүргөндө “Нур” деген топ ачып, ошол топту жетектеп чыккам. Бирок, кийин окууну бүтүп, топ жаңыдан көтөрүлүп калган кезде көр-тириликтин айынан Орусияга соода кылып иштеп кеткем. Канча тапсам да тапканым өзүмө сиңчү эмес. Ошондон улам өз өлкөмө барып, ырчылыкты кайрадан колго алууну чечкем.
– Турмуштун кыйынчылыктарын сиз да башыңыздан өткөргөн экенсиз да?
– Турмуштун кыйынчылыгы, жокчулук мен Орусиядан келген жылы башыма түштү. Троллейбуска жол кирем жок “Ош базардан” Асанбай кичирайонуна чейин жөө барган күндөрүм болгон. Ошол кезде мага Толкун деген досум көп жардам берди. Курсагымды тойгузуп, жолума акча берип дегендей.
– Айбек байке, сөзүбүздү учурдагы жаңылыктарыңызга бурсак. Азыр сиздин жаңы кино тартуу алдында турганыңыздан кабарыбыз бар...
– Ооба, учурда “Сүйүү жана миллион” деген толук метраждуу көркөм фильм тартуу алдында турабыз. Буюрса, үстү­бүз­дөгү айдын онунан баштап тасмага түшүрүү башталат. Айта кетчү нерсе, бул фильмди жаратууда жалаң бул тармактын такшалган адистери менен иштешебиз. Жөнөкөй эле жарык берүү­чүдөн тартып режиссёр, актёрлорго чейин тажрыйбалуу адистер болмокчу. Анан да Сыймык, Бек, Гүлнур, Динара, Күмөндөр, Абдылда сыяктуу көрү­нүктүү жылдыздар да бул тасмада роль жаратышат.
– Кино жалпысынан эмне жөнүн­дө?
– Аталышы эле айтып тургандай, сүйүү, акча, анан бир аз криминал. Кыскача айтканда, миллион сом кредит алып жаңыдан иштей баштаган бир киши душмандарынын колунан каза таап, келишим боюнча анын кызы бул карыздан кутулууга аргасыз болот. Моюнуна жүктөлгөн карызды төлөп берүүгө анын сүйгөнү Акжол аттуу таланттуу жигит жардамга келет.
– “Шайтан арабаны” тартканда баш-аягы бир миллионго жакын сом сарпталды” деген элеңиз. Бул кинонун бюджети канчага барат?
– Бул тууралуу азырынча айтуу кыйын. Элге муну алдын-ала жар салуунун кереги да жок экен.
– Дагы бир суроо, негизи, кино өзүнө кеткен каражатты актай алабы?
– Кудайдын буйруганы дечи, актайт. Мен кинону пайда табыш үчүн эмес, өзүмдүн кичинекейимден көксөгөн максатыма жетип, кинодүйнөсүнө аралашуу үчүн тартып жатам.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aituwas
2020-06-09 09:40:07
Кооп тупган убагы экен да
+6
Gulzina1993
2020-06-17 00:59:06
Калп деп алып эми бир жакшына жашап журот го чиркин:)):((
+2
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан