Бегимай Карабаева: “АПАМ ЫРДАБАЙСЫҢ ДЕП САБАЧУ”

Бегимай Карабаева 1988-жылы Баткен шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда ОшМУнун юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 2-курсту аяктап жатат. Келечектеги максаты – профессионал юрист эмес, атактуу ырчы болуу.

– Ооба, менин балалыгым да, окуучулук күндөрүм да өрүкзарлуу Баткендин Бужум деген айылында өттү. Биз эки биртууганбыз. Менден кийин Төлөгөн деген иним бар. Балалыгымды эстегенде дароо эле иним экөөбүздүн кышында чана тепкенибиз көз алдыма тартылат. Иним экөөбүздөн башка коңшу балдардын баарынын чанасы бар эле. Апама “бизге деле чана сатып берчи?!” десек, урушуп койгон. Ошондо иним мага: “Үйдөн аркан алып чык”,- деди. Арканды моюнумдагы моюн орогучумдун үстүнөн байлап, мени клеёнкага жаткырып, тоодон ылдый сүйрөчү. Бир жолу экөөбүздүн ушинтип сүй­рөшүп жүргөнүбүздү кошуна аял көрүп калып: “Муунуп калсаңар эмне болот? Минтип ойнобой жүргүлө!”- деп урушкан. Ошондон кийин антип ойнобой калдык.
Мектепте кандай окучу элең?
– Мектептен денетарбия, музыка, кыргыз тили сабактарын жалаң “5ке” окугам. Калган сабактарым “3”, “4” болчу. Бирок, коңшу айылдын мектептери болобу же республикалык сынактарда болобу, ырдап мектебимдин намысын коргочумун.
Баланын эмнеге шыктуу экени кичинекейинен эле байкалат эмеспи. Сен да жашыңдан эле ыр-бийге жакын белең?
– Мен 5-6-класстарда окуп жүргөнүмдө айылдагы балдар, кыздар чогулуп алып ыр-бий боюнча көчө-көчө болуп мелдеш уюштурчубуз. Бирок, менин «ырдайм» дегениме апам караманча каршы чыкчу. Ага мен болчу эмесмин. Апам айылдын дүкө­нүндө иштечү. Биздин көчөнүн кыздары мелдешке кийип чыккан окшош көй­нөктөр апамдын сатайын деген кийимдери эле. Кийимдерди апама көргөзбөй уурдап чыгып, жарыш бүткөндөн кийин бүктөп, ордуна коюп койчумун. Андан сырткары, “ырдайсыңбы?” деп ким каякка чакырбасын, кайсы жерде аш-той болбосун, кете берчү элем. Бирок, кайсы жерде ырдабайын, апама угулуп калчу экен. Андай кезде апам: “Мен сага ырдаба дебедим беле! Кыз кишиге ырдаган жарашпайт!”- деп урушуп, сабап да калчу. Ошентсе да жашырынып ырдаганымды токтоткон эмесмин.
– Ырчы болгуң келип жүрсө, кандайча юрфакка тапшырып калдың?
– Чынын айтсам, азыр деле юрист болоюн деген ниетим жок. “Музыкалык билим алам” деп ыйлаганыма карабай апам тааныштардын жардамы менен ОшМУнун юридикалык факультетине тапшырткан эле. Бирок, келечекте музыкалык студиядан окуйм деген тилегим бар. Ошто окуп жүр­гөнүмдө апамдын менин тамак-ашыма, кийим-кечеме деп жиберген акчасынын баарына ыр жаздыра берчүмүн. Муну апам эч билген жок. Ошентип жүрүп 1-курсту бүт­көндөн кийин “ырчы болом” деп Бишкекке келе бердим.
– Апаң ырдашыңа каршы эмес беле, Бишкекке жөн эле жибердиби?
– Апамдын кулак-мээсин жеп атып келгем да. Окуумду таштап Бишкекке келгенимде өз алдымча алты ай иштеп калдым. Шаарды көргөзгөн эч ким жок. Адашып кетпейин деп маршруткалардын номерлерин блокнотума толтуруп жазып алчумун. Билбегенимди тааныштарыма телефон чалып сурайм. Кечинде үйдү таап баргыча телефондогу бирдигимдин баары түгөнүп калчу. Алты ай бою жүрүп араң бир ыр жаздырганга жетишип, кыйналып кеткенимден кайра Баткенге кеттим. Өзүмдүн аракетим менен ырчы болуп чыга албасымды билгенден кийин продюсерлер менен иштешүү оюма келди. Байкасам, Асыл эжеден башкасынын баарында кыздар бар экен. Бир байкеден “Асыл эжеге сүй­лөшүп бериңизчи?!” деп сурандым. Асыл эже ага: “Келсин, үнүн, ырларын угайын”,- дептир. Ошондо апамды эптеп көндүрүп жатып кайра Бишкекке жөнөдүм.
– Аракетиңдин акыбети кайтып Асыл эжеге жаккан турбайсыңбы?
– Борборго келгенден кийин УТРКдан Асыл эжеге жолуга албастан сыртта эле отуруп 3 күн өткөздүм. Төртүнчү күн дегенде араң эжеге жолуккам. Ырларым, өң-келбетим жагып дегендей, ошондон тарта Асыл эже экөөбүз келишимдин негизинде иштешип калдык.
– “Шоу-бизнестин ыплас жактары көп” дешет. Жаңыдан аралаша баштаган адам катары сага кайсы жагы жакты да, кайсы жагы жаккан жок?
– Азырынча жаман жактарын деле көрө элекмин. Бирок, ырчы болгондон кийин өзүңдү абдан карап жүрүүгө туура келет экен. Баягыдай айылга барып талаа-түздө иштегенге болбосун кайдан билем. Өткөндө Баткенде он күнчө жүрүп кел­гем. Азыр айылда апам жалгыз турат. Атам мурун Баткенде аскер кызматкери болуп иштечү. Беш жылдан бери Орусияда эмгектенип жатат. Жыл сайын эки жолу, Жаңы Жылда, анан күзүндө келип турат. Иним да эки жылдан бери Москвадагы кытай кафелеринин биринде официант болуп иштеп жүрөт. Ошентип, Баткенге барганымда «апама кол кабыш кылайын» деп бакчага, талаага чыгып бир аз жардам берип койгом. Асыл эженин «клип тартабыз» деп чакырганынан улам шаарга келсем, эже катуу урушту. Анткени, бетим капкара болуп күнгө күйүп калыптыр. Продюсеримдин “ырчы өзүн дайыма карап жүрүшү керек. Күнгө күйгөн учуруңда кокус съёмка болуп же конокко чакырып калса эмне кыласың?” деген кеби мага катуу сабак болду. Азыр айылга барганда эртең менен иш кылам да, кечке үйдөн чыкпай жатам.
– Азыр ата-энең ырчылык кесибиңе кандай карашат?
Ырдашыма каршы болуп жүргөн апам азыр: “Мурда сени бекер эле тыйып жүрүптүрмүн”,- деп өкүнүп калат. Атам болсо чоң сахнага чыгып жатканыма абдан сүйүндү. Анткени, башынан эле менин ырдашымды колдочу.
– Ырчы болгонго чейинки кезиң менен азыркы кезиңдеги айырма өзүңө билинип жатабы?
– Мүнөзүмдө эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Баягыдай эле болгонун болгондой айткан ачык кызмын. Болгону, Бишкекке келгени боёнгонду үйрөндүм. Клип тарттыраарда же съёмка болоордо өзүмдү-өзүм тааныбай калам. Биринчи клибим болгон “Баёо сезимди” тартаарда Шахзодага окшошкум келип үйдөн чачымды көк түскө боёп салдым. Андан кийин чачымды жасатыш үчүн Замира Молдошеванын салонуна бардым. Эже мени “ушундай түскө боёмок беле” деп урушту. Бирок, аягында мени Ассоль Молдокматовага окшоштуруп салганда ага аябай ыраазы болгон элем. Ошондон бери Замира эжеден башкага чачымды жасаткым келбей калды.
Бир жолу салонго барсам, Замира эже жок экен. Мени Татьяна деген орус кыз кабыл алды. Замира эже мурдума да атайын макияж жасоочу. Татьяна аны жасабай койгондуктан, мурдумду көргөзүп: “Это нету”,- дедим. Кыскасы, ошол жерден орусча билген сөздө­рүм­дүн баарын колдондум. Ал мени түшүнө албай койгондо башка кыргыз кызды чакырып, котормочу кылдык. Ошондон кийин орус тилин жакшы билүү керек экенин түшүндүм.
– Сендей сулуу жаш кыздын жигити болсо керек?
Чынын айтсам, жигит менен сүй­лөшкөнгө убакыт жок. Тилегим – жигит күтүүдөн мурун ырчы катары такшалуу. Бирок, албетте, сүйүү сөздөрүн арнаган күйөрман жигиттер бар.
– Учурда Баткенде жашайсыңбы же Бишкектеби?
– Апам жалгыз болгондуктан, көп убактымды Баткенде өткөрөм. Бирок, чыгармачылыгымды үзгүлтүккө учуратпай, керектүү учурда Бишкекке келип турам.
– Бегимай, маегиң үчүн рахмат. Сага чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан