Элмирбек Иманалиев: «ГҮЛБҮБҮ МЕНЕН ЖАШАГАНЫМА ДА, АЖЫРАШКАНЫМА ДА ӨКҮНБӨЙМ»

“Айтыш” фондунда эмгектенип келаткан ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевди кимдер гана тааныбайт. Айтбү эненин 48 жашында көргөн көкүрөк күчүгү Элмирбек 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Жаш болсо да таланты менен кадыр-баркка ээ болгон төкмө акын 15 жашында алгачкы сүйүүсүнө жолугуп, баш кошкон эле. Жакындан бери «бул үйбүлөнүн очогу бузулду» деген имиштер эл оозунда жүрөт. Элмирбекке жолугуп, жеке жашоосундагы жана чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктары туурасында өзү менен маек курган элек.

Төкмөлүктүн башаты. Чыңгызды жоктоо
– Менин төкмөлүк жолум манас айтуудан башталган. Радиодон манас айткандарды угуп калсам ичим уйгу-туйгу болуп, өзүмө-өзүм батпай кетчүмүн. Чоң энем кадимки Токтогулдун үзөңгүлөшү Эшмамбеттин кызы болгон. Ошондуктан, төкмөлүк канымда болсо керек деп ойлоп калам. Жаттап, кээде оюмдан да чыгарып алып тамдын аркасына жалгыз барып, күнүгө манас айтаар элем. Бир күнү менин манас айтып жатканымды байкем тыңшап туруптур да, мага: “Сен айткандар китепте жок, оюңдан чыгарып айтып жатасың”,- деп катуу уялткан. Ошондон кийин оюмдан чыгарып айтмак түгүл, жаттап да айтпай калгам. Байкем антпегенде, балким, мен манасчы да болмок белем, ким билет. Андан кийин комузга ооп кеттим. Комуздун коштоосунда ырдаган өнөрүм­дүн тушоосу 6-классымда кесилди. Үч айыл биригип биринчи жолу Нооруз майрамын өткөрдүк. Ошондо алгачкы жолу эл алдында саламдашкам. Менин бул жоругум Тууганбай Абдиевге жетип, анан ал мени шаарга алып кеткен. Ошентип, борборго келгенден кийин төкмө акын катары элге тааныла баштадым. 15 жашымда “Ак таңдай-93” фестивалында Гран-Прини жеңип алдым.
– Ошол учурда бир топ обондоруңуз элдин сүйүк­түү ырына айланды. Актёр катары да көп­төгөн роль жараттыңыз. Эми чыгармачылыгыңыздагы акыркы жаңылыктарга токтолсок, Айтматовду акыркы сапарга узатуудагы жоктооңуз элдин жүрөгүн бир толкутту окшойт...
– Айтматовдун бул жарык менен коштошкондогу жандүйнөмдүн ыйы ырга айланды. Ал ырга айланган ый “Айтыш” фондунун жалпы жамаатынын жардамы менен видеоролик болуп чыкты. Видеоролик менин ак калпак кийип, комуз кармап Чыңгыздын чоң портретинин алдына келип шам жагуум менен башталат. Жарык жазуучунун портретине, ак калпакка жана комузга берилген. Бул – «кыргыз экенибизди тастыктаган калпак менен комузга Чыңгыз деген өчпөс ысым кошулду» деген ойду билдирет.

Жашоодогу бурулуш
– Чыгармачылыгыңыздагы ийгиликтериңизди бүтүндөй жумурай-журт билет. Бирок, жеке турмушуңузда чоң бурулуш болду деген имиштер бар...
– Бул имиш эмес, чындык. Бир кезде сүйүүнүн ысыгына туруштук бере албай баш кошкон жубайлар элек, эми минтип эки тарапты беттеп кеттик. Гүлбүбү менен жашаган 15 жылдык өмүрүмдө менин көзүм ачылды, ал киши менен чогуу жашаганыма да, ажырашканыма да өкүнбөйм. Гүлбүбү менен алгач таанышып, жаңы үйлөнгөн учурумду эстегенимде азыр да жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Биз 1994-жылы таанышканбыз. Анда мен 15те, Гүлбүбү 16да болчу. Мен филармонияда, Гүлбүбү Күрөң­кеев атындагы музыкалык окуу жайында окучу. Сүйлөшүп жүргө­нүбүзгө бир жыл болгондо эле үйлө­нүп алганбыз.
– Жаш турмуш куруп жатканыңарга ата-энеңер каршы болушкан жокпу?
– Алар каршы болгонго жетишпей калышты. Биз үйлөнчү датабызды белгилеп, анан ата-энелерибизге кабарладык. Ошентип, 1995-жылы үй­лөн­дүк. Ошол жылы Айзуура аттуу кыздуу болдук. Ашыраалы Айталиев окуу жайдагы үнү бар улан-кыздарды бөлүп алып, “акын кылам” деп окута баштады. Алардын арасында Гүлбүбү да бар болчу. Ал акындык боюнча экзамен тапшыраарда мен ыр жазып берээр элем. Ошондон улам ага: “Сен акын болуп кетпейсиң, андан көрө вокалдан сабак алып, ырчы бол”,- деп Полотов агайга сүйрөп бардым. Күрөңкеевди бүткөн­дөн кийин “билимин дагы улантсын” деп Искусство институтунан окуттум. “Азыркы шоу-бизнестегилер машина минет экен” деп автомектептен окутуп, машина алып бердим. Баса, Гүлбүбү Искусство институтунда окуп жүр­гөндө кичүү кызым Сезим 1 жашта болчу. “Окуусу үзгүлтүккө учурабасын” деп аны өзүм бактым. Ошол учур менин басып өткөн өмүрүмдөгү сөз менен айтып бере алгыс учур дегим келет. Анын тамак ичкенин, жөрмөлөгөнүн, кыскасы, баарын-баарын күндөлүк кылып кагазга түшүрчүмүн. Ошол күндөрүмдү сагынып, ошол күндөргө кетким келет.

Ажырашууга алып келген жол
– “Казан-аяк кагышат, эрди-катын табышат” дегендей, үйбүлөдө үй­лөн­гөндөн тарта анча-мынча чатактар болуп жүрдү. Бирок, кайра эртеси эле табышып алчубуз. Кыргыздын башка келиндеринин башына түшкөндөй кайнене-кайнатасын багып, кир-когун жуумай дегендер Гүл­бүбүнүн башына түш­көн жок. Анан ал “ырдайм” деп чыкты. Анда да колдодум. Бирок, ошондо эмне максат менен ырдаганы жатканын сураган элем. Гүлбүбү көпкө ойлонуп отуруп: “Сен ырдап жүрө­сүң го, мен деле сени менен тең ырдашым керек”,- деп жооп берген. Мындай жооптон кийин бизде да бир кезде үйбүлөдө келишпестик болоорун сезген элем. Эркек көбүнчө сыртта болуп, үйдүн жок-житигин толуктап турат. Ал эми аял киши бала-бакыраны багып үйдө отуруу керек. Мен барган аш-тойго Гүлбүбү да барса, экөөбүз тең түн ичинде келсек, анан уруш-талаш чыгат да. Анын үстүнө, сүйүүнүн да балалыгы, эс тарткандагысы, картайганы болот окшойт. Биздин сүйүү да картайды го деп ойлойм.
– Акыркы убакта арак көп ичип кеткениңиз туурасында сөздөр айтылып жүрөт. Балким, ажырашууңарга ошол да себеп болгондур?
– Эл ичинде ар кандай сөздөр жүрө берет эмеспи. Арактан башым чыкпай, таптакыр эле кууп кеткен жокмун. Туура, кээде аш-тойлордон ичип келчүмүн .

“Ажырашканыбыз кыздарыма катуу тийди”
– Гүлбүбү эжени эки кызын алып, бир бизнесменге тийип кетиптир деп уктук...
– “Эки кызын алып кетиптир” деген сөз калп. Азыр каникул эмеспи, ошондуктан, экөө тең Токтогулдагы агамдыкына кетишкен, ага чейин үйдө эле жү­рүштү. Албетте, апасы менен тез-тез жолугуп турушат. Айзуура 13тө, Сезим 10 жашта. Экөө тең аркы-беркини түшү­нүп калышты дегендей. Биздин ажырашканыбыз балдарга абдан оор тийди. Мени өзүм­дүн жашоомдон да кыздарымдын тагдыры катуу ойлонтот. Биз жаңыдан ажырашып жүргөндө балдарымдын ошондогу абалын көрүп жан күйгөн­дөн ыр да жазган элем.
«Турмушуң турса ортодо араң курган,
Азабың, шоруң, сүйүүң, арзууң калган.
Балдарың көзү жайнап элеңдешсе,
Башыңа салбагыр, ай, ошол жаман».
Үйбүлө очогубуз урап түшөөр алдында Гүлбүбү: “Мен Замир деген бажыканачы менен жүрөм, анын аялы экинчи аял алышына каршы эмес экен”,- деп өзү айткан. Азыр бизнесменге же бажыканачыга турмушка чыктыбы же чыккан жокпу, билбейт экенмин.
– Аял кишинин “башка менен жүрөм” деген сөзү эркекке катуу тийсе керек?
–Жашырганда эмне, Гүлбүбүнүн оозунан ушундай сөздү уккандан кийин кардиологияга он күн жатып калдым. Бирок, мен ал сөзгө мурунтан эле даяр болчумун десем болот. Анткени, бир аял телефонума бир жылдай чалып: “Аялыңды тый, башка менен жүрөт”,- деп жүрдү. Ал аялга “жолугушуп кенен сүй­лөшпөйлүбү” десем, болчу эмес. “Анда экинчи чалбаңыз, мага мындай ушактарды айткан убактыңызга башка пайдалуу иш кылбайсызбы?!”- деп урушчумун. Мен өзү ушактын негизинде жыйынтык чыгарган жан эмесмин. Жогорудагы сиздин “аракты көп ичип кеткен турбайсызбы?” деген сурооңуз ошол учурга таандык болушу мүмкүн. Турмушумдун мага камдап жаткан бурулушуна туруштук бере албай, ошол учурда күчүмдү арактан чыгарып жибергем.
– Мыйзамдуу түрдө ажыраштыңарбы?
– Мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз. Бирок, эки бөлөк жашап жатканыбызга бир жыл болду. Досторум, тааныштарым деле эми-эми эле биле башташты.
– Өзүңүздүн жогоруда айткан “сүйүү да картаят экен” деген сөзүңүздөн улам суроо туулат экен. Сүйүүлөрүн муздатпай бул дүйнө­дөн чогуу жашап өткөндөр да бар эмеспи...
– Жашоодо кээбирлер жакшы карыса, кээбирлер кыз-келиндерине жаман көрүнүп жаман карышат. Ошонун сыңары, айрым сүйүүлөр жакшы карыса, айрымдар аз убакыттын ичинде эле мурункудай ысык болбой, жаман жакка бурулат. Гүлбүбү экөөбүздүн сүйүү­бүз эрте эле сууп калды деп ойлойм.
– Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Ырларыңыз менен элди сүйүнтүп, эл арасында аман болуңуз.

Жаңы үйлөнгөнүбүздө мен 15те, Гүлбүбү 16да болчу.

Бир аял телефонума «аялыңды тый» деп бир жылдай чалып жүрдү.

... ушундай сөздү уккандан кийин кардиологияда он күн жаттым.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
joni_91
2016-02-05 21:00:01
Таланттуу адам
+6
Seyitira8186
2016-02-29 21:22:23
Тоооба.ишенгин келбейт
-4
askar_myrza
2016-03-06 20:30:00
Мен дагы уккам мурда эле ишенчи эмесмин эми ишендим балка менен келип калганына!
+5
fak
2020-04-21 12:40:53
Аялына сабыр берсин Аллахым 3чиедей наристелери мн жалгыз калыптыр
+3
Shahrizaada
2020-04-22 19:28:35
Ужаасс! Аялдын жургогу жаман. Жер жамандап барбасын.
+2
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан