Даниель: «ТЕҢТУШТАРЫМ МЕНИ БАБНИК ДЕШЧҮ»

Учурда жаңыдан жылдызы жанып келаткан ырчы жигит Даниель 1990-жылы 20-февралда Ош шаарында төрөлгөн. Үйбүлөдө энесинин эрке уулу. Даниелдин айтымында, ырчылык талант ага Кудайдан берилген. Себеби, кээде гана апасынын отуруштарда ырдап калганын эске албаганда, анын жакындарынын арасында ырчы аттуу эч ким жок.

– Даниель, маегибизди сенин шоу-бизнеске келген күнүңдөн баштасак...
– Мен балачагымдан эле ыр-бийге жакын өстүм. Таенем айтып калат, жаңыдан басып, тилим так чыга электе эле ырдачу экенмин. Кийин бала бакчада, андан кийин мектепте да ырдап жүрдүм. Мектептеги маданий иш-чаралардын, ар кандай ыр боюнча конкурстардын катышучусу гана эмес, уюштуруучусу да болчумун. Анан ырга болгон кызыгуумдун артынан Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшыргам. Ал жакта окуп жүрүп досторум менен бирге ыр жаздырып, чакан чөйрөдө ырдай баштадым. Кээбир айылдарга ошол кезде эле акыга концерт коюп кетчүмүн. Ошондой күн­дөрдүн биринде Ошко Мирбек Атабековдун “Не моя” турне концерти менен Канат байкелер келип калышты. Ошондо Канат байкеден продюсер болуп берүүсүн өтүнгөм.
– Анан сени тез эле кабыл алдыбы?
– Жо-ок, “макул, карап көрөбүз, байланыш, телефондоруңду калтырып кой” деп телефон номеримди алып калган. Арадан бир жарым ай өткөндөн кийин гана чалып, Бишкекке чакырды. Ал учурда Канат байкенин “жаңы ырчы алам” деген ою жок экен. Концерт­те менин өзүмдү сахнада алып жүргө­нүмдү, бийлегенимди “Стар Денс” бийчилер тобунун кыздары жактырып калышып, Канат байкеге: “Даниелди алыңызчы?! Ал бизге жакты, Кудай өзү сүрөткө тартып койгондой сулуу бала экен”,- деп мактап сураныша беришиптир. Жыйынтыгында, продюсерим менен иштеше баштагам. Баса, алар мени бир көрүп эле “Богом обрисованный” деп ат коюп алышыптыр.
– Чындыгында эле эл алдында жүргөн ар бир ырчыга азыр кличка коюп алышат эмеспи? Сенин мындан тышкары дагы кандай кличкаларың бар?
– “Айдагы сулуу” ырымдын клиби чыккандан кийин эле элдин баары мени “Восточный принц” деп алышыптыр. Ал эми Ошто окуп жүргөндө кыздар менен көп сүйлөшкөнүмдүн айынан мени “Бабник” деп да коюшчу.
Ушул учурда жаныбызда отурган Даниелдин продюсери Канат Култаев сөзгө аралашып: «Я тоже» деген кличкаңды айтпайсыңбы»- деп калды.
– Жок, аны айтпай эле койбойлубу... Мейли, анда өзүңүз айтыңыз.
– Ушул сөзгө байланыштуу бир кызык окуя болгон го?
Канат Култаев:
– Дайыма эле биз эмне кылбайлы, “Я тоже” деп артыбыздан ээрчий берет. Бир жакка барсак да, отуруп эс алсак да, уктасак да, айтор, баарын туурайт. Жадакалса шашылышта сахнага чыгаар алдында Мирбектин же Алихандын чачын оңдоп атсак, “мне тоже” деп туруп алат. Ошон үчүн “Я тоже” деген ат коюп алганбыз.
– Эрке окшойсуң, ээ, Даниель? Үйбү­лөң туурасында да айта кетсең, канча биртуугансыңар?
– Ооба, эрке өсүп калгам. Үйбүлөдө эки биртууганбыз. Эжем Жамиля жогорку окуу жайларынын биринде 3-курста окуйт. Ата-энем туурасында айтсам, атам Камил азыр Көлдө турат. Апам Камиля болсо кесиби боюнча стоматолог, Ошто жашайт. Негизинен, өзүм атама окшошмун. Ал эми апама болсо абалга жараша өзгө­рүп турган мүнөзүм окшошуп кетет. Апам мени азыркыга чейин эркелете берет. Бирок, мен азыр мурдагыдай эрке эмесмин, токтолуп калдым.
Канат Култаев: – Эрке элесиң. Башында Даниель мага жаңы келгенде таңкала берчүмүн. Кээде “ай, Даниель” деп колумду тийгизип же түртүп койсом, сөзсүз жооп кайтара мени да так өзүм­дөй кылып чаап, түртүп койчу. Менден таптакыр калып калбайт, тамашалап кайра канча жолу кол тийгизип койсом, ал да мага ошончо жолу жооп кайтарып тура берет. Ошондой эле анын эркелигин далилдеген дагы бир топ кылык-жоруктары бар. Кичинекей балдарга окшоп кээде чай ичип отурсаң, чочутуп ээгине сакал тартып же чалма оронуп, же калпакты баса кийип алып жетип келет.
– Күлкү болсун деп ошентем да.
– Кайдан, бул сага адат болуп калган да. Эркелигиңдин далили го.
– Мен мурда мындан да эрке болчумун да, аны көрбөй калдыңыздар.
– Азыркыга чейин эркелигиң таштай албай жүрсөң, кичинекей кезиңде кандай элең?
– Балалыгымда өтө шок болчумун. Көчөдө өзүм теңдүүлөрдөн бир гана кошунабыздын эгиз балдарына алым жет­чү эмес. Экөө­лөп сабап кетишчү да. Бирок, бир жолу жиним келгенинен бирөөсүнүн башын кирпич менен уруп жарып койгом, өчүмдү алып. Негизи, мен Шабдан баатырдын тукумдарынан болом. Мүмкүн, менин ошол кезде эле эч кимден коркпогон өжөрлүгүмдүн себеби да ошол болсо керек. Айтор, тентек болчумун. Баса, балалык дегенде эле бир окуя эсиме түшөт. 5-6 жашымда болсо керек, бир жолу ата-энем менен конокко барып калдык. Анан ал үйдүн менден бир аз ки­чүүрөөк кызы бар экен. Ал экөөбүз тил табышып ойноп кеттик. Бир маалда ал мага: “Жүрү, уктоочу бөл­­мөгө киребиз”,- деп калды. Кирип алып “давай целоваться” деп атпайбы. Ошондо биринчи жолу кыз менен өбүшүп көргөм. Анан кетээр маалда эле атамдар: “Чолпон сенин жакын карындашың болот”,- деп атышпайбы.
– Ошондо эле кыздарга жакын болгонсуң го. Анда балалык сүйүүнү качан баштан өткөрдүң?
– Балалык сүйүүм бала бакчада эле болгон. Бир орус кызды сүйчүмүн. Мындайча айтканда, ошондо эле биринчи жолу кыз менен жигит катары сүйлөшсөм керек.
– Түшүнүктүү, анда сага мындай суроо берсе болот экен. Ошондон бери канча кыз менен сүй­лөш­түң? Так санын билесиңби?
– Так санын билбейм. Кө-өп эле кыздар менен сүйлөшүп жүрдүм го. Мага негедир көбүнчө орус улутундагы кыздар жакчу. Арасында корей кыздары да болду.
– Алардын ичинде “келечекте ушул кызга үйлөнөм” дегендери болдубу?
– Болду, бирок, ошол эле учурда үй­лө­нө албасымды да билчүмүн. Анткени, биринчиден, ал орус улутунун өкүлү болсо, экинчиден, менден толук 5 жаш улуу болчу. Ал кыз менен бир жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндөн кийин келечегибиз жок экендигин түшүнүп, аны таштап кеткем. Айтмакчы, биринчи ырымды жаздырууга акча берген да ошол кыз болгон.
– Азыр да орус кыздарды жактырып жүрөсүңбү?
– Жо-ок, азыр мага бир гана кыргызымдын татынакай кыздары жагат. Болочок жубайымдын ыймандуу, назик, мени тү­шүн­гөн, ата-энемди сыйлаган, тарбия көргөн адептүү кыргыз кызы болушун каалайм. Бирок, кээде «өзүмө окшогон көп улуттун канынан жаралса деле мейли» деп кетем. Менде атам тараптан казактын, апам тараптан өзбектин каны бар.
– Анан оюңдагы кызды жолуктура алдыңбы?
– Мен шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштап жаткандыктан, кыздар менен олуттуу мамиле түзгөнгө азырынча эрте деп ойлойм. Андай кыздарга убагы келгенде жолуксам керек.
– Туура айтасың. Кел, эми кепти ырчылыктан тышкаркы кызыгууларыңа бурсак, дагы кандай өнөр, таланттарың бар?
– Мектептен бери эле пародия жаатында да бир аз талантым бар. Акаев, Путин, Ельциндерди жакшы туурайм. Андан тышкары, жаныбарлардын үнүн да туурай алам. Мисалы, итти, мышыкты, тоокту жана башкаларды. Ошондой эле кичинекей кезимден бери эле сүрөт тартканга кызыгам. Отуруп алып апамдын, эжемдин сүрөттө­рүн тарта берчү­мүн. Азыр болсо бош убактымда компьютерде “Pho­toshop” программасы аркылуу ар кандай сүрөттөрдү жасалгалаганды жактырам. Дүйнө жылдыздарынын жанына өзүмдү коюп жасап алып суктана берем. Мисалы, Женнифер Лопез экөө­бүздүн сүрө­түбүздү жасагам. Анан Канат, Мирбек, Алихан байкелерди да ар кандай өзгөртүп алып күлүп калабыз. Бир жолу сүрөттөн Канат байкени апарык кылып, Мирбек байкени семиз кылып жасап койсом, баары күлүшкөн.
– Эмнеге өзүңдүн Женнифер менен отурганыңды жасадың?
– Мага дүйнөлүк жылдыздардан Женнифер аябай жагат. Сулуу айымдардын эталону катары баалайм.
– Жакшы экен. Келечекке койгон максаттарыңдан бир аз бөлүшө кетсең...
– Кудайым буюрса, быйыл окууга тапшырсам деп турам. Келечекте бажы кызматкери болуп кыргыз элиме пайда келтирсем деген максатым бар. Бирок, ырчылыкты да таштабайм. Эки кесипти аркалап кетүүгө менин күчүм жетет.
– Ой-тилектериңдин ишке аша беришине тилектешмин. Маек куруп бергениңе чоң рахмат. Ийгилик!

«Акаев, Путин, Ельциндерди жакшы туурайм»

«Биринчи жолу 5 жашымда билбей карындашым менен өбүшүп алгам»

«Өзүмдөн 5 жаш улуу орус кызын сүйгөм»

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан