Нурлан Мотуев: «ЭКИНЧИ ҮЙЛӨНБӨЙМ ДЕП КАЙНАТАМА СӨЗ БЕРГЕМ»

Көптөн бери гезитибиздин WWW.SUPER.KG расмий сайтындагы форумда көпчүлүккө белгилүү коомдук ишмер Нурлан Мотуев форумдун тургундары жана коноктору менен кенен баарлашып, суроолорго жооп берип жаткан эле. Бул кызуу маекти жалпы окурмандарыбыз менен да бөлүшүү максатында гезит бетине жарыялаар алдында Нурлан мырза менен чакан маек курууну туура көрдүк.

ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ
Мотуев Нурлан Аманканович 1970-жылы 10-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Атасы Мотуев Аманкан – кесиби боюнча экономист, апасы Усукеева Алмакүл – врач. Үйбүлөдө Нурлан мырза үч биртуугандын эң улуусу. 1977-жылы Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектепке биринчи класска барган. 1987-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Орусиянын Тюмень Мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. Бул окуусун 1994-жылы аяктап, бир жыл ал жакта жеке бизнес иштери менен алектенген.
1995-жылы АКШга жол тартып, 1996-жылы Вашингтон шаарындагы Дипломаттык тилдерди тейлөө институтуна тапшырган. Институтту 1999-жылы аяктап, АКШнын мамлекеттик департаментинде дипломаттарга кыргыз, орус тилдеринен сабак берип, эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда “Асаба” гезитинин АКШдагы кабарчысы болуп ишке кирген. 1999-жылы 14-июнда бул гезитке анын Акаевди сындаган алгачкы макаласы жарыкка чыккан. Ошол күндөн азыркыга чейин Нурлан Мотуев гезит беттерине кыргыз, орус, англис тилдеринде бардыгы 3 миңге жакын макаласын жарыялоого жетишти.
2001-жылы өз мекенине кайтып келээри менен оппозициячыларга кошулуп, Элдик патриоттук кыймылын түзгөн. Көпчүлүккө Кыргызстандагы радикалдык оппозициянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да жакшы таанылган.
2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин “Каракече” көмүр кениндеги “Ак улак” мамлекеттик акционердик коомунун башкы мүдүрү болуп иштей баштайт.
2006-жылдын май айларынан 2007-жылдын апрелине чейин “мамлекетке материалдык зыян келтирген” деген күнөө менен камалып, СИЗОдо отурган. Муну Нурлан мырза “саясый көз караштарым үчүн куугунтукталдым” деп эсептейт.
2007-жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин ААК “Каракече” мүдүрлөр кеңешинин төрагасы.

Интервью берип кетүүсүн суранганыбызда редакциябызга келген “көмүр королу” форумдагы өзүнүн дарегине түшкөн акыркы суроолорго жооп берүү үчүн интернет-клубга киргенинде катталган ысымы менен сайтка кире албай койгонун айтып күйүп жатты...
– Бул дагы саясат да. Кантип эле мурда кирип жүргөн ысымым менен ошол эле сыр сөзүм бүгүн жарабай калсын?! Керек болсо бул менин кайсы душманымдын колунан келгенин да билем.
Сыр болбосо, кимден көрүп жатасыз?
– Кимден болмок эле. Акаевчилердин же куловчулардын колунан келген иш да. Буга чейин деле менин интернетти жакшы билбегенимди пайдаланып, ар кайсы сайттарда мени жаманатты да кылышкан. Бирок, чындык дайыма жеңет. Алардын жаман ойлору ишке ашкан жок. Ашпайт дагы. Бул тууралуу мен форумда да жазгам, окуган чыгаарсыңар.
Ооба, окуганбыз. Форум демекчи, дегеле биздин расмий сайтыбыз жана форум туурасында оюңуз кандай?
– Мурда сиздердин форумда ырчылардын суроолорго жооп берип жүргөнүн гезиттен окуп турчумун. Эми өзүм катталып, ал дүйнө менен да аралашып көрдүм. Негизинен, форум пикир алышуунун өзгөчө түрү экен. Анан да ал жактагы кээбир жаштардын одоно суроолорун эске албаганда ыйман жөнүндө көп сурагандары жакшы экен. Жалпысынан алганда, форум мага аябай жакты.
Андагы суроо-жооп­торду окуп отуруп, “учурдагы өз күчүнө ишенген белгилүү саясатчыларыбыздын бири Нурлан Мотуев балалыгында кандай бала эле?” деген суроо туулат экен. Балалыгыңыз туурасында сөз болбоптур...
– Эми ал кезди эстесем, башка балдардан өзгөчөлүгүм катары үч жашымда тамга таанып, төрт жашымда гезит окуп, беш жашымда Асанбек Стамовдун “Нөшөрдөн кийин” романын окуп чыкканымды айтсам болот. Ошол кезде жаңы келген бир жеңем бар болчу. Ага айтып берип койсом, азыркыга чейин таңкалат. Ишенбесеңер ал же­ңем­дин өзүнөн сурагыла, телефонун берем.
Сөз ор­то­сунда бир суроо берип алайын. Көп аял алууга кандай карайсыз?
Мен бир эле аял менен жашайм. Анткени, кайнатама “экинчи аял албайм” деп сөз берип койгом.
Баса, форумдагы дагы бир козголгон маселени тактап алалы деген элем. “Жакында бийликтегилер мага кызмат беребиз дешти” дептирсиз. Сыр кылбасаңыз, ошол туурасында айта кетсеңиз...
– Эми аны сыр кылганда эмне?! Ооба, мага “жакында кызмат ордун беребиз” дешкен. Мисалы, М.Садыркулов “сени Ысыккөлдүн бир районуна аким кылабыз го” деген. Ал эми Т.Мамытов президентибиз Бакиевге кирсе, “Нурлан дагы бир аз күтө турсун, кызмат беребиз, жок дегенде бир мамлекеттик агенттиктин мүдүрү кылалы” дептир.
2005-жылдын март айында болуп өткөн саясый бурулушта бир идеяны колдоп чогуу жүрүп, кийин идеялаштарыңыз сизди каматып жиберишти эле. Эми кайра “кызмат ордун беребиз” деп калышса, таңкалбай койбойт экенсиң. Президентибизге эмнеңиз менен жактым деп ойлойсуз?
– Менин прав экенимди, башкача айтканда, 2005-жылы 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш эмес, революция болгонун СИЗОдо жатып эскертпедим беле. Ошого ынанды го.
– Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик.


БЕЛГИЛҮҮ САЯСАТЧЫЛАРДЫН Н.МОТУЕВГЕ БЕРГЕН БААСЫ

Турсунбай Бакир уулу, саясатчы:
– Нурлан Мотуев – бү­гүн­кү күндөгү эң таза кишилердин бири. Өз ишин так аткарган, айткан сөзүнө турган мыкты жигит. Чындыгында, Нурланды алдаган саясатчылар жана укук коргоочулар көп болду. Менимче, эми “бышып” калды го. Мындан кийин алданбайт болуш керек. Эгерде “бүгүнкү күнү түндүк аймактан чыккан мыкты инсандардан бешөөнүн атын ата” десе, сөзсүз Нурланды айтмакмын. “Үчөөнүн атын...” десе да, алардын арасына кошот элем. Эки жүздүүлүгү жок, түз жүргөн инсан. Жакында “үйлөнүптүр” деп уктум. Үйбүлөсү бекем, денсоолугу чың болсун демекмин.

Бегалы Наргозуев, ЖКнын депутаты:
– Эми, негизинен, саясатта ар кандай деңгээл­деги, ар түрдүү темпераменттеги саясатчылар болуш керек да. Мен ойлойм, Мотуев дагы өзүнүн деңгээлине жараша иш алып барган саясатчы. Ага болгон көз карашым түз эле. Бирок, бул киши менен мен жакындан тааныш эмес экенмин. Ал эми аткарган иштери жөнүндө гезиттерден гана окуп калам. Ал жакта “мен муну аткардым, тигини жөнгө салдым” деп эле жүрбөйбү. Анан да, өзүнүн айтуусуна караганда, «Каракечени» тартипке салыптыр. Эгер бул сөз чын болсо, анда жакшы. Эгер куру сөз болсо, анда билбейм.

Азимбек Бекназаров, “Асаба” партиясынын лидери:
– Эми Мотуев жөнүн­дө эмне демек элем?! Биздин замандын таанымал баатырларынын бири. Тактап айтканда, Акаевдин, аны улантып жаткан Бакиевдин заманынын. Башка эч нерсе дей албайм, кыскача менин Нурлан Мотуевге болгон ой-пикирим ушул эле. Жанагы башта айтып кеткен «баатырларынын бири» деген сөздү тырмакчага алып койсоң болот. Айтаарым ушул.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан